13-белет кимики...

Экзаменден өтүү - өлкөнү сүйүүбү?
Калкка кылдай пайдасы тийбеген шылуунунан баштап куудулуна чейин ажолукка көз кызартканына тырчып жатканбыз. Бактыбызга жараша шагыраган 80 ден ашуун талапкерлер иргелип 30 га чукулу калды. Алардын арасында да "бычакка сап болору жок" деп наалыган менен пайда жок. Колубузда болгон талапкерлерге каниет кылып шайлоону өткөрүүгө тийишпиз. Бул деле акыркы көрсөткүч эмес. 23-сентябрдагы мамлекеттик тил сынагынын акыркы жыйналышына чейин дагы канча талапкер "көк желкеге жээри" али белгисиз.

Анткени, мамлекеттик тил сынагынан кулап калып, ажолукка ат салышуу укугунан ажырап жаткандар бар. Анын айынан нааразылык, соттошмой жараяндары да башталды. Сынактан өтпөй калгандар "тил боюнча комиссия мүчөлөрүнөн мыкты болсо мыкты, бирок начар эмес" кыргызчасы менен кулап калгандарына нааразы. Маселен 11-сентябрда сынактан кулатылганы үчүн Тил комиссиясын сотко берген талапкерлер Замирбек Парманкулов, Мамбетжунус Абылов "Айылда төрөлүп-өскөнүн, кыргыз тили менен чоңойгонун" айтып, эне тилин билбейт деп бүтүм чыгарып койгон комиссияга айран-таң. Алар ушул жерде да саясий буйуртмалар аткарылып жатат деген ойдо. Толук мүмкүн. Административдик ресурстарды мыкчып турган кимдир бирөөгө тоскоол болгон талапкерлердин (5 пайыздан көп кол чогултуп, 100 000 сомду төгүп салган соң) тизгинин тартуу тил сынагы аркылуу жүзөгө ашырылуусу ыктымал. Бул эми албетте, божомол. Ал эми башка суроо - талапкерлерди мамлекеттик тил сынагынан өткөрүү ушунчалык эле зарылбы? Албетте, Кыргызстандын ажосу кыргыз тилин сөзсүз билүүгө тийиш. Башка маселе - мамлекетти азыркы саздан сууруп чыга алган, иш билги, дүйнөлүк мамлекеттер менен теңата сүйлөшө алчу деңгээлдеги ажону кайсы критерийлердин негизинде тандайбыз? Биз учурда мамлекеттик тилге көбүрөк басым жасап жатабыз. Бирок, бул талап бизге калк каалагандай ажону али бере элек. Маселен, тунгуч ажобуз Аскар Акаев кыргыз тилин баарынан кыйын билген, кыргыз сөздөрүнүн гүлүн терип сүйлөгөн жан эле. Анын бул сапаты улутту өстүрүүгө, мамлекетти гүлдөтүп-өнүктүрүүгө түрткү болдубу? Тескерисинче, Кыргызстанды "общий домго" айлантып, жер сатуу, кен сатуу, менчиктештирүү жөрөлгөлөрүн баштап, 15 жыл бою жыйнаганын бөктөрүп качып кетти.
Мамлекеттик тил сынагынан мыкты баа менен өткөн, кыргызча сайраган Курманбек Бакиев кыргыз элин кандай күнгө туш кылганы маалым. Анын кесиринен дале түзөлө албай келебиз. Мындан улам Кыргызстанга татыктуу ажо тандоодо мамлекеттик тил сынагынын зарылчылыгы деле жоктур деген ой жаралат. Балким, биз талапкерлерден кыргызча ыр айттырып, көркөм окутуп отуруу ордуна иш билги көсөмдүктү, жол баштай алар лидерликти, улут үчүн чындап күйгөн мекенчилдикти, дүйнөлүк аренада теңтайлаша алчу билимди, эл акысын жебеген адилеттүүлүктү талап кылып сынактан өткөрсөк кантет? Ал эми Кыргызстанды оор абалдан чыгарып кете алчу, канчалаган иш билги азаматтар кыргызча көркөм сүйлөй албагандыктын айынан ажолукка аттана албайт. Аларды калк керегине жарачу бардык сапаттары болсо да тил билбегени үчүн жазалайбызбы?
Менимче, мамлекеттик тилге президенттикке өтөрдө гана баш ийбей, президент болгондон кийин баш ийүү ылайык го. Бир күндүк экзамен үчүн даярданып, жаттап алуу менен чын дилинен жүрөгү аркылуу сүйүү таптакыр эки башка нерсе да. Айтты-койду дээрсиңер, азыркы талапкерлер Тил экзаменден "беш" алганы менен өз мөөнөтүн орусча өтөйт. Чыныгы турмушта орусча ойлонуп көнгөн немелерди сынак үчүн кыргызча жасалма кыйноонун кажети канча? Мекенин чындап сүйгөн, өлкөнү оңдоого көзү жеткен, бирок, кыргыз тилинен кичине грамматикалык ката кетирип алган атуул артыкпы же улут үчүн күйбөгөн, акчаны гана ойлогон бизнесмен болуп, бирок, кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн адам артыкпы?!

Анара ДЫЙКАНОВА




  Соболтөр

Талапкерлерди мамлекеттик тил сынагынан өткөрүү тууралуу пикириңиз?
Турат Акимов,
саясий серепчи:
- Талапкерлерди тил сынагынан өткөрүү болбогон нерсе. Мисалы Акаев да, Бакиев да кыргызча сонун сүйлөшчү. Анан ошолор кандай ажо болгонун көрбөдүкпү. Ал эми Роза Отунбаеваны сынактан өткөрүп отурбай эле президенттик такка отургузуп коюшту. Мамлекеттик тил сынагынан өткөрүү- саясий курал. Аны 2000-жылы Акаев ойлоп тапкан. Себеби, ошол убакта күчтүү атаандашы Феликс Куловду кантип болсо да президенттик шайлоого катыштырбоо керек болгон. Анын жолун жолдоп мамлекеттик тилди билбейт деп эле колунан иш келгендерди да ооздуктоо жарабайт. Учурда кыргыз тилин билбеген кыргыз жок. Албетте, сынакта талап кылынгандай майда-чүйдөсүнө чейин баарын билүү кыйын. Филолог болсо бир жөн. Кыргыз тилин аки-чүкүсүнө чейин билген менен колунан эч нерсе келбеген ажонун не кереги бар? Андан көрө, чулдур болсо да, чунак болсо да иштин майын чыгарган, мамлекетти оңдой алган көсөм адамды тандаганыбыз туура эмеспи…


Жолдошбек
ЖАНЖИГИТ уулу, актер:
- Мамлекеттик тил сынагын өткөрүү сөзсүз керек. Анткени, өз улутунун тилин билбеген, баркына жетпеген адам калк кадырына жете албайт. Кыргыз тилин билбей туруп Кыргызстанга мамлекет башчы болуу, улуттун дөөлөттөрүн кастарлап өнүктүрүү кыйын. Анткени, "эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт" деген кеп бар. Буга чейин совет доорунун таасиринен улам жалаң орус тилинде сүйлөп, эне тилин билбей калган кыргыздар болгон. Эгемендүү мамлекет болгон соң, эми өз тилибизди көтөрүүгө милдеттүүбүз. Президент улуттук тилди жакшы билип, кадырлоо жагынан баарыбызга үлгү болушу абзел. Ал эми Кыргызстанда жашаган бардык улуттар мамлекеттик тилди үйрөнүүсү зарыл. Башка мамлекеттердин баарында эле ушундай - иш кагаздарына чейин өз тилинде жүргүзүшөт. Биз да эне тилибизди көтөрүүгө тийишпиз. Ал эми мамлекеттик тилди билбегендердин мамлекет башчы болууга калк алдында укугу жок.


Зулпукаар
Сапанов,
журналист:
- Азыркы биздин кырдаалда тил сынагынан өткөрүү эң туура. Албетте, бөлөктөр туура эместей, акылсыз кадамдай сезишер. Бирок, орустардын 70 жылдан ашуун убакыттагы колонизаторлук саясатынан саркындысында туулган интелигенцияны кайда катабыз. Далай чыгаан кыргыздын уулдары орусташып, өз эне тилин билбей, дили бузулганын ким танат. Алардан аң-сезими, дүйнө таанымы, ой жүгүртүүсү кыргыздын менталитетине жатпай калды. Эне тилден өксүп турабыз. Жоголуп кетүүчү калктардын катарына кошушту. Дал мына ушундай кырдаалда мамлекет башкарам деген адамдардан эне тилинин билер -билбесин сурап жатканы туура. Бирок, терең ойлонуп, ой жүгүртүп көрсөк, бул - өтө уят нерсе. Шермендечилик. Эне тилиңди билбегениңден кийин - эмнең адам?




Сыртбай Мусаев,
филология
илимдеринин
доктору:
- Талапкерлер үчүн тил сынагы сөзсүз өткөрүлүүгө тийиш. Президенттикке талапкерлерди гана эмес, премьер-министр, депутаттарга чейин бул сынактан өткөрүү зарыл. Кыргызстандын президенти кыргыз тилин башкаларга үлгү болгондой мыкты билүү керек. Мисалы, азыркы талапкерлердин кантип сынак тапшырып жатканын көрүп жатабыз. Айрымдары эки сөздүн башын туура кошо албай тантырап жатышат. Анан ушундай адамдарды кантип ажо шайлайбыз. Анүстүнө улуттук мамлекет болгон соң, улуттун тилин, баркын сөзсүз билүү керек. Улуттук тилибизди өзүбүз көтөрсөк гана келгиндер кыргыз тилин үйрөнүүгө мажбур болушат. Шаардагы киргиздер, нигилисттер жоголот.


Анаш
Сейтказиев,
экс-депутат:
- Президенттикке аттангандарды мамлекеттик тил сынагынан өткөрүү биздин өлкөдө гана бар. Дүйнө жүзүндө, башка мамлекеттерде жок. Бул нерсени Акаев президент убагында атаандашы Феликс Куловго тоскоолдук кылуу үчүн чыгарган. Тилекке каршы азыркыга чейин саясий курал катары пайдаланылып келет. Маселен, учурда талапкерлерден сынак алып жаткан тил комиссиясы бийликтин айтканын аткарбай, акыйкат өтүп жатканына ким кепил боло алат? Сынактан өтпөй калган Мамбетжунус Абыловду мен жакшы тааныйм. Ал тууралуу Тил комиссиясынын мүчөсү орус аял ММКларга "көп ката кетирди" дегендей билдириптир. Абылов көп кызматтарды майын чыгара иштеген, министр болуп жүргөн сабаттуу киши. Ал өз эне тилинен сынактан кулап калчудай ката кетирүүсү мүмкүн эмес. Тил комиссиясы күчтүү, бийликтеги талапкерлерге тартып, калгандарын буттан чалып жаткандай таасир калтырууда.


Даярдаган Анара Дыйканова