Ийне жоготуп темене табышты
Тээ апрель окуяларынан кийин Ак үйдүн көзгө илээшпеген өтө чоң чиновнигин биздин атайын кызмат өкүлдөрү ийне жоготконсуп ит менен да "издеп таба аллышпай" суй жыгылгандары аз келгенсип, "Курманбек Темирбаев" аттуу адам алардын түштөрүнө да кире баштаган. УКМК кызматкерлери ал адамды көрдүңөрбү маанисинде элден сурап кайрылуу кылды эле ТИМдин дагы бир үлкөн чиновниги менен жетелешип Турциядан келгенин биз көрдүк деп дагы бир гезит жазып жиберген. Ошондон көп өтпөй эле баягы "ийне" кайра жоголуп кетип, кайра ала жайда спорт костюмчан болуп аялын жетелеп кайын агасы аксылык А. Мавляновдордун дагы бир батасына барганын кайындары күбүрөп жүргөн. Анан жакында эле ыраматы болгур Садыркуловдун өлүмүнө шеги бар деп баягы "ийнеден" теменедей күнөө таап, "кармасак эле камайбыз" деп УКМК билектерин жеңине чейин түрүп жүрүштү эле кечээ кечинде кармады деп эшиттик. Калпы-чынын сурасак, эч кимиси жооп бербей телефондорунун шыңгырагынан жаа бою качышат. Деги эле биздикилердин кармаганынан кармайбызы, камаганынан бошоткону чоң концерт эле, айтор күтө туралычы.


"Түндүк-Түштүк" десең эле тишиң күбүлөт!
Жакшы жөрөлгө дейбизби, Жалал-Абад шаарында "Мен өлкөмдү бөлбөйм" аттуу 1-республикалык жаштар форуму өттү. 100гө жакын делегат катышып, алар Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында "түндүк-түштүк" деген сөз колдонулбасын деген резолюция кабыл алышты. Атүгүл "КР Кылмыш жаза кодексине трайбализмге каршы жоопкерчиликти караган беренени киргизүү, Президенттик шайлоо учурунда үгүт иштеринде элди-журтту бөлө турган сөздөрдү колдонбоо, түндүк-түштүк деген сөздү таптакыр лексикондон алып салуу, шайлоо бүткөндөн кийин, эгер саясий акциялар боло турган болсо, шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон талапкерлер тарабынан регионалдык бөлүнүү факторлору колдонулбасын" деген үн - "Замандаш-Современник", БЭК, "Бүтүн Кыргызстан", "Республика", НДПК, "Ар-Намыс", "Жашылдар", "Ак-Шумкар", "Ата-Журт", ЭрК, "Улуу Барчын" саясий партияларынын жаштар канаттары менен "Биримдик", "Ынтымак", "Эр жүрөк", "Жаңы кадам", "Ак-Тилек", "Алаш ордо", "Элдик сакчы" жаштар кыймылдарынын оозунан угулду.


Казактар катуу жибип…
Кыргызстан кышты утурлаганда пайда боло калчу газ көйгөйүнөн арылат. Анткени, мындан ары көгүлтүр отту Өзбекстандан эмес, Казакстандан сатып ала баштайбыз. Бул казак премьери Карим Масимовдун Бишкекке келген иш сапарында айтылды. Өзбекстан эле өндүргөн газды казак өкмөтү бизге үзгүлтүксуз түрдө пулдай баштайт экен. Карим Масимов ошондой эле Казакстан мындан ары Кыргызстандан 3 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып ала баштаарын айтып, бул маселеде эки тараптын сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү болгондугуна Кыргызстандын биринчи вице-премьери Бабановдун жеке аракети чоң болгондугун кошумчалады. Атургай, Казак премьери Масимов быйылкы кышта Бишкек ТЭЦин жетиштүү көлөмдө көмүр менен камсыз кылууга да макулдугун берип жиберди. Казактардын катуу жибигени жакшы, а кыш кары кандай болоор экен. Айтылган сөзгө ишенип жата бербей биз тарап кыймылдаар бекен?


Мачактар машак тербейт
17-сентябрь күнү кадимки Кетмен-Төбөдөгү Керимбай болуштун жайлоосуна жакын жайгашкан азыркы "современный" бизнесмен ырчы Сыймык Бейшекеевдин "Каныкей" кафесинде саруу уруусунан чыккан мачак уругунун чогулушу болуп "Ала-Көлдөй чык, Ала-Тоодой эт" тартылды. Сыймык ырчы карагер жылкысын союп, ары жагы Аксы, Ала-Бука, бери жагы Таластан чыккан мачактарды чакырып "бир бололу, бар бололу, анан бай бололу" деп өзүн сарууларга карыш-карыш, сөөм-сөөм жакындатып, түз эле Кетмен-Төбөдөн Ак үйдүн жетинчи кабатындагы көз айнеги агыш тарткан бир айымды көздөй "воздушный поцелуйун" жөнөттү. Анысы уктубу уккан жокпу белгисиз болуп океандын ары жагына БУУдан сүйлөшөм деп кетип калды. Ошентип күтүрөгөн күздө эл талаада "машак терип" курсагынын айласын кылып, оозу бошосо саясат саймедиреп жүрсө, Сыймык жигит мачактардын башын кошуп октябрдын отузун Токтогулдан тозуп турган чагы.


Бакиевдер келатыр...
Өткөн жумада эркин гезиттердин бири экс-президенттин уулу Марат Бакиев президенттикке аттанган үлкөн талапкерлерди Казакстанда жыйнап, "мини курултай" өткөргөнүн жарыялаган. Ошол "курултайда" так талашта бирдиктүү талапкерди сүрөө, анүчүн, атайын бириккен топ түзүү демилгеси көтөрүлүптүр. Айтып оозду жыйгычакты Мараттын акеси Жаныш Бакиев дагы мындай демилгени колдоп, өзү шайлоодо финансылоочу талапкерлерге: "Биригип блок түзгүлө. Антпесе шайлоодо жеңилип каласыңар" деген батыл буйрук бергени туурасында кеп кетти.
Бул маалыматка ишенсек, жакын арада мурдагы замандын "карт бөрүлөрүнүн" башын кошкон уюм куралып, алар конкреттүү бир талапкердин астында шайлоого аттанарын расмий жар салышат экен. Алардын мындай кадамга барбаска айласы дагы жок дешет. Себеби, акча маселесин Жаныш акең чечип аткан соң, анын буйругун аткаргандан бөлөк арга жок эмеспи. Ошон үчүн, жалаң эскирген "карталардан" куралган команданын карааны ажо жарышта калдайып чыкса таңкалбай эле койгонубуз оң. Мындан дагы кызык көрүнүш алдыда. Дал ушу Жаныш Бакиев "саяпкерлик" кылат делген бирдиктүү талапкердин катарына азыркы Конституциянын жаратуучуларынын бири, эл сыйлап, урматтаган генерал жана экономиканы чемичкедей чаккан мырза кошулганы атыптыр. Айтор, мунун аныгына жакынкы күндөрү жетебиз. Кыскасы, президенттик шайлоо элге далай "сүйрүприздерди" тартуулайт окшоп калды. Бийлик дегенде эт-бетинен кеткен берендер Жаныш акесине таянып "оюндан от чыгарып" жиберишпесе болгону.


"Свет Аке"+"Марьям"
Өткөн жума соңунда Чүйдүн Москва районунда "Марьям" деген аталыштагы чакан ГЭС ачылды. ГЭСтин кожоюну жеке ишкер Нурлан Кадыркулов. ГЭСтин курулушу мындан 2 жыл мурда башталып, эми минтип ишке киргизилип турат. Аны курууга 4 млн. 500 миң сом кеткенин ишкер Нурлан Кадыркулов айтты. 500 кВт саат электр энергиясын өндүрө алат. Бул кубаттуулук бир нече өндүрүш обьектилерин иштетүүгө жарамдуу.
"Марьям" чакан ГЭСинин ачылышына катышкан биринчи вице-премьер министр да өндүрүш обьектилеринин өнүгүүсү үчүн чакан ГЭСтер чоң кызмат кылып бере аларына токтолуп, аймактардагы бизнестин, ишкерликтин өнүгүүсүн шарттай тургандыгын айтты. Энергетика министрлиги Кыргызстанга 50дөн ашык чакан ГЭСтерди курууга мүмкүн экендигин билдирген. Бирок, билдирүү билдирилген бойдон калып келет. Болгону Кыргыздын "Свет акесине" "Марьям" гана кошулду.

"Кереге-ПРЕСС"




  Картөшкөң канча?

Ажо шайланганча, айыл-чарба жайланды го...
Кыргызстан өзүнүн тарыхында 20-кылымда агрардык-индустриалдык өлкө болуп жашаса, 21-кылымда кайра артка чегинип, экономикабызда агрардык сектор гана калды. Бирок, айыл чарбасы дагы бир кылка өнүгүү жолунда эмес. "Жөжөнү күздө сана" деген макал азыркы күндө өзүнүн маанисин саясий өңүткө бурду. Биз күз айларын чарбага эмес акыркы кездери шайлоо, референдумдарга арнайбыз. Ал эми айыл чарба көйгөйлөрү арткы орунга сүрүлүп калууда. Муну менен дагы деле экономиканы артка тартуудабыз. Экинчи жагынан бизде базар экономикасы болгону менен монополия күчтүү. Эң жөнөкөй мисал, өзүбүздөгү кант заводун атайын жаап, анан Кыргызстанга шекер алып келүүнү бир депутаттын баласына "ыйгарып" койдук. Мындай учурлар ондоп саналат.

Бир кездери эт менен СССРдеги эң чоң шаарларды камсыз кылып турган Кыргызстан бүгүн өзүн эт менен камсыздай албай, кытайдын химикаты менен чоңойгон балапан тоокторуна көз каранды болуп калган. Эттен баштап, шекер, пахта кездемелери, өсүмдүк майы деги эле бүгүн баасы асманга чыккан азык-түлүк менен буюм-тайымдар өзүбүздөн өндүрүлчү. Союз тараары менен мурдагы пландуу экономика системасы жоюлуп, менчиктештирүү жүрүп, андан жапайы капитализмге өтүп, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстандын экономикасы өзгөчө талкалануу жолуна түштү. Айыл-чарбабыздагы он миллиондон ашкан койду жапайы жырткычтан дагы тез жоготтук, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү өнөр жайларын жиликтеп туруп бөлүп алдык. Кыскасы, бүтүндү бүлдүрдүк. Салыштырмалуу Казакстан менен Өзбекстанда саясий өңүттө реформалар жүргөнү менен экономикасында олуттуу өзгөрүү болгон жок. Алар экономиканын өзөгүн сактап, сыртын гана шартка ылайыктап, рыноктук жолго салды. Анын үстүнө башчылары өзгөрбөгөн соң көп нерсе өзгөрүүгө дуушар болгон жок жана ордунда калды. Бизде айыл-чарбада бүлгүнгө учуроонун башаты, колхоз, совхоздорду таратуу менен башталган. Алсак, 1990-жылдардын башында 576 колхоз-совхоздор жоюлуп, алардын ордуна жеке менчиктин негизинде фермердик чарбалар уюшулду. Бирок, фермердик чарбалардын баары эле жашап кете алган жок. Өлкө базар экономикасына өтүп, бир жагынан инфляция болуп, улуттук валюта кирип, фермерлер малын жана сүт, эт-азыктарын эч кайда өткөрө алышкан жок.
(Уландысы 4-бетте)