Саясаттагы салат

АКШ ФБРи, депутаттар,
наркобарондор, казино жана
оюн автоматтарынын таштандысы
Дүйшөмбү күнү парламент казинолордун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышып, өлкөнүн эң башкы үлкөн мырзасынын жарасына туз сепкендей эле болушту. Бул чечимдин кабыл алынбашы үчүн ар тараптан басым жасалганын айта кетели. Бирок, депутаттар Өкмөттүн жана Өкмөткө ыктаган депутаттардын каршылыгына карабастан, эрдик жасашты. Өзгөчө Өкмөт башчыга карата.

Акыркы убактарда өкмөт адамдарынын наркотрафикке тиешеси бар экендиги, ошондой эле Кыргызстандагы кумар оюндары мекемелери аркылуу героинди ташып жеткирүүдөн түшкөн кирешени мыйзамдаштыруусу жөнүндө ММКларда ар кандай маалыматтар айтылып жүрөт. Мына ушул нерселер боюнча Өкмөт эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, унчукпай келет. Бул иш Отунбаеванын атына расмий түрдө кайрылууга мажбур кылды. Роза Исаковна өзүнүн видеокүндөлүгүндө, Кыргызстандагы кумар оюндары мекемелери криминалдык ишмердүүлүккө тартылышы мүмкүн деп шыр эле билдирүү жасады.
Биздин республикада кумар оюндары бизнесине тыюу салуу жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеште баары бир кабыл алынышын түшүнө баштаган кээ бир адамдардын азыр эми жаны тынбай турган чагы. Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Юруслан Тойчубеков аталган мыйзамды кабыл албоо жөнүндө депутаттарды ынандырууга бир топ аракет кылды. Анын пикири боюнча, алгач Кыргызстанда кумар оюндары мекемелерине карата чектөө чараларын көрүп, андан кийин тыюу салуу керек дейт.
Ал казинолорго тыюу салуу маселелери мыйзамдык деңгээлде 16чы жолу көтөрүлүп жатканын айтты. Ар бир талкууда толгон-токой талаш-тартышты жаратып келет. Чын-чынына келгенде анда талаша турган эч нерсе жок, кумар оюнуна азгырылуу менен күрөшүү керектигин бардыгы эле билишет. Өзүлөрүнүн булганыч акчаларын адалдаган адамдар жана ал жерден өзүнүн үлүшүн алып келген чиновниктер гана казинолордун жок кылынышына каршы болуп келишет. Кудайга шүгүр, депутаттар аны колдобой коюшту. Керек болсо алар, финансылык көзөмөлдөө органы кумар оюндарын жүргүзүү үчүн, тескерисинче, жеңилдетилген шарттарды караган мыйзам долбоорун сунуш кылганын билдиришти. Мында кимдин кызыкчылыгы корголуп жатканы көрүнүп турат.
Жыйынтыгында депутаттар, кумар оюндарына тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Депутат Бакыт Жетигенов, "Оюн автоматтарына жана казинолорго тыюу салууга каршы кээ бир топтор үстөмдүк кылууну улантышууда. Кирешелүү бизнестен ажырап калуу айрымдары үчүн пайдасыз экени түшүнүктүү. Бирок, мен кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууда саясий эркиңиздерди көрсөтүшүңүздөрдү талап кыламын"-деп айтты. Менимче, мамлекеттик финансылык көзөмөлдөө кызматынын башчысы өзүнүн кожоюндарынан алчусун алат го.
Өкмөт өзүнүн кызыкчылыгын коргош үчүн ИИМдин наркотикти мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү боюнча Башкы башкармалыгынын башчысынын атынан басма сөз жыйынын уюштуруп жиберди. Кыргызстан тоолуу өлкө, чек аранын көпчүлүк бөлүгү Тажикстан менен чектешип турат, афган наркотигинин трафиги менен күрөшүү өтө кыйын, - деп башкармалыктын башчысы Адилбек Ботобаев актанып отурду. Өкмөт мындан артык акылдуу актанууну табууну ойлогон жок окшойт. Ал Кыргызстанда ушул жылда 8 айдын ичинде мыйзамсыз ташылган 500 килограмм гашиш, 238 килограммдан ашык героин, 15 тоннага жакын каннибас кармалганын билдирди.
Ушуну менен Өкмөт өзүнүн наркотрафикке, казино аркылуу акчаларды мыйзамдаштырууга карата саясатын бардыгына көрсөттү десек болот. Эми бул "калкалоочулардын" кулагы кайсыл жактан чыгып жатканы түшүнүктүү болуп калды. Премьер-министрдин турак-жайы наркотрафиктен түшкөн акчаларды адалдаган казиного жакын жайгашып, керек болсо, ошол жер казиного тиешелүү экенин айтышат. Таң калыштуу, бирок, факт. Бул казино, Кыргызстан аркылуу наркотрафиктин жолуна ыңгайлана жайгашкан кумар оюндары мекемесинин кожоюну болуп эсептелген "M-Set Group" финансы холдингинин курамына кирет экен. Депутат Акылбек Жапаров Кыргызстанды "оюн автоматтарынын таштандысы" деп атады.
Ошого карабастан, Кыргызстанга афган наркотигин ташып кирүү жылдан жылга көбөйүп баратат. Бул демек, наркотрафиктин ортомчулары ири акчага иштеп жатканын түшүндүрөт. Ошондуктан, Өкмөт казинолордун ишмердүүлүгүн токтотууга тикесинен тик тура каршы болууда.
Афганистандан Россияга наркотикти ташып жеткирүүдө биздин казинолордун байланышы бар экендиги жөнүндө жалкоолор гана кеп кылбай калышты. Ошол эле учурда премьер-министр мындай чечимдин арты эмне болоруна кылдат анализ жүргүзүү үчүн убакыт берүүнү сурап жатат. Казинолор чыныгы акча жүгүртүүсүнөн жарыбаган нерсе чегерип жатканы, ага таптакыр белгисиздей. Ушундан улам, кирешенин негизги бөлүгү көмүскө калып жатат да.
"M-Set Group" финансылык холдингинин шылуундарынын жана Өкмөттөгү наркобизнес менен алек болгондорунун тизмеси АКШнын ФБРи аркылуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине жиберилди. Бул азыркы өкмөттөгүлөрдүн анык жүзүн ачууга карата жасалган биринчи кадам.
Кадырбек ТЕМИР