Жүк салмагын көтөргөн билет

Алмазбек Атамбаев:
"Карапайым адамдар стабилдүүлүк менен биримдикти терең түшүнөт"
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасын көтөрүү менен бир нече ай алектенди. Бүтө элек дүйнөлүк кризистин жана былтыр республикабыз башынан кечирген бир канча оор кырдаалдардын шартында бул милдетти аткаруу оңойго турган жок. Алдыңкы батыш эксперттеринин баасында бул мүмкүн эмес эле. Ошентсе да, бир катар багытта, атап айтканда инвесторлордун ишенимин калыбына келтирүү, улуттар аралык мамилелерди турукташтыруу, боордош мамлекеттер менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана мамлекеттин коопсуздугун бекемдөө багытында алдыга жылыштар болду. Ушул убакыт аралыгындагы жетишкендиктер тууралуу жана ал аткарылган иштердин негизги багыттары боюнча Алмазбек Шаршенович төмөнкүлөрдү айтып берди:
БЮДЖЕТ ТУУРАЛУУ…
oБюджет боюнча милдеттенмелердин дээрлик бардыгын өкмөт коррупцияга каршы натыйжалуу күрөштүн негизинде аткара алды. Биз бюджеттин киреше бөлүгүн 30 пайыздан ашык көбөйтө алдык. Бажы жана салык кирешелери да ушунча көлөмгө көбөйдү. Мурда "кара схемалар" менен сол чөнтөккө кетип жаткан акча каражаты азыр бюджетке түшүүдө. Эмки жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн алда канча көбөйтөрүбүздү айтып коеюн. Акыркы 20 жылда биздин өлкөдө коррупция мамлекеттик бийликтин дээрлик бардык катмарын чырмаган. Бул коомдук илдет менен күрөшүү оңой эмес, бирок биз анын тамырына балта чабуу чараларын уланта бермекчибиз. Биздин бул багыттагы аракетибиздин натыйжасы катары эмки жылы мамлекеттик казынага кошумча каражаттар тартылат деп ишенем.
ЭМГЕК
МИГРАНТТАРЫНЫН ЖАШОО-ТУРМУШУ ТУУРАЛУУ…
oБул багытта далилдүү жылыштар бар. Мисалы, биздин мекендештерибиздин Россиянын аймагында каттоосуз жүрүү убактысы 3 айдан 7 айга узартылды. Бирок бул маселени кардиналдуу чечүү жолу бирөө эле - бул Бажы союзуна кирүү. Бирдиктүү экономика аймагына бириксек Россиядагы жана Казакстандагы биздин жарандардын укуктары жергиликтүү калктын укугуна тең болот. Демек, Россияда, Казакстанда эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын абалы алда канча жеңилдейт. Бул уюмга кирүү чечимин кабыл алдык, буюрса, бул маселе толугу менен чечилет. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундарын түзүү программасын иштеп жатабыз. Өлкөдөгү абал турукташса, инвесторлордун бизге болгон ишеними калыбына келсе, Россиянын жардамы менен ондогон, мүмкүн жүздөгөн жумушчу орундары ачылат. Мекенине кайтып келүүнү каалаган мекендештерибиз бул оюн ишке ашыра алышат. Негизи, туура, анык стратегиялык чечимдер кабыл алынган, алардын турмушка ашуусуна убакыт гана керек.
КООПСУЗДУК
ТУУРАЛУУ…
oАфганистанда коалициялык күчтөрдүн жайгашканына карабай биздин региондогу мамлекеттердин чек араларын бандиттик түзүлүштөрдүн кол салуу коркунучунан коргоо дале актуалдуу. Ошондуктан, эмки жылы Чек ара кызматыбызды бекемдөө, андагы аскер санын көбөйтүү, аны каржылоону күчөтүүгө мажбурбуз. Бирок, бул чаралар менен эле чектелип калуу жетишсиз. Бажы союзуна кирүү чечиминин дагы бир себеби - өзүбүздүн мамлекеттик коопсуздугубузду бекемдөө. Россия, Казакстан жана Беларусия менен биздин сырткы чек арабыз бирдиктүү болору менен бул мамлекеттер ал чек аралардын коопсуздугунун бекемделишине кызыкдар болушат эмеспи. Биримдикте эмгектенүү да, коргонуу да жеңил экени баарыбызга маалым. Коопсуздукту бекемдөө боюнча бирдиктүү чечимдер кабыл алынып, сырткы коркунучтарды жоюу механизмдери иштелип чыгат деп ишенем.
БАЖЫ СОЮЗУ
ТУУРАЛУУ...
oБиз мындай кадамдын жакшы-жаманын, саясий дагы, экономикалык дагы мамилелер жагынан эсептеп көрдүк. Биз аны каалайбызбы же каалабайбызбы, турмуш чындыгы - Бажы союзуна кирбөөдөн башка жол жок. Кайсыл гана жагынан албайлы, союзга кирүүнүн жакшы жактары арбын. Демек, ага кошулбай калуунун терс жактары болуп калары түшүнүктүү. Бул бирикмеге кошулуп, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке чыгуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына туура келет. Бизди кабыл алуу, албоону Бажы союзунун атайын комиссиясы чечет. Расмий кат жөнөттүк, биз тараптан тиешелүү иштер жасалып жатат. Биз Бажы союзуна кирсек, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө бойдон калабыз деген негизги маселе Союздун катчылыгы менен макулдашылган. Бул дагы Кыргызстан үчүн принципиалдуу жана өтө маанилүү маселе.
ӨЛКӨНҮН БӨЛҮНҮП-ЖАРЫЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨГҮ БОЖОМОЛДОР ТУУРАЛУУ...
oБул божомол гана эмес. Бул багытта Кыргызстанды алсыратууну максат кылган күчтөр тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер бар. Алар үчүн ар кандай карама-каршылыктардан, айрыкча регионалдык каршылашуудан алсыраган Кыргызстан керек. Тилекке каршы, аңдап-билбей эле, ушул күчтөргө жетеленип калган саясатчылар бар. Ушул сыяктуу оюндар менен иштер алар тарабынан жасала берет. Бирок, алардын пландары ишке ашпайт деген ойдомун. Анткени, күн өткөн сайын, ай өткөн сайын карапайым адамдардын басымдуу бөлүгү өлкөгө стабилдүүлүк менен биримдик керек экенин терең түшүнүп башташты. Өлкөнүн улуттук же регионалдык негизде бөлүнүп-жарылуусу эң алды карапайым адамдардын башына түшкөн чоң мүшкүл болорун бардыгы эле аңдап турат. Айрым бир саясатчылар менен күчтөр бул багытта кандай гана аракеттерди кылышпасын, алардын үмүтү ишке ашпайт. Деген менен, тилекке каршы, мындай оюндар жүрүп жатканын моюнга алышыбыз керек. Бир катар саясатчылар ушул улуттук жана регионалдык картага басым жасап жатышат, себеби андан башканы ойлоп табууга алардын дарамети деле жетпейт.
МУНАЙЗАТ ЖАНА ГАЗ ТУУРАЛУУ…
oБүгүн биз мунайзаттардын сырткы рыногуна толугу менен көз карандыбыз. Кимдир бирөө бизге келген мунайзаттардын жолун бууп койгусу келсе эле, биздин коопсуздугубузга, көз карандысыздыгыбызга коркунуч туулат. Май куюу станцияларында бензин тартыш болгондо, эл аны кандай гана баада болбосун сатып алууга даяр болгондугу, демек анын биздин рынокто болушу негизги маселе экендигин көрдүк. Ошондуктан, "Газпромдун" жардамы менен биз энергетикалык, күйүүчү-майлоочу материалдар жана жаратылыш газы боюнча коопсуздугубузду камсыздай алабыз деп ишенем. Айтмакчы, Россиянын жана "Газпромдун" жеңилдетилген баа саясатына ылайык бүгүнкү күндө биздин өлкөдө коңшулаш мамлекеттерге салыштырмалуу бензин төмөн баада сатылууда.
РОССИЯ ТУУРАЛУУ...
oРоссия менен биргелешкен долбоорлордун "ордунан жылбаганы", биринчи кезекте, кыргыз тараптын күнөөсү болуп келгенин моюнга алышыбыз керек. Анткени, тилекке каршы, мурдагы бийлик өзүн туура эмес жагынан көрсөткөн фактылар болгон. Жөн гана берген убадалары менен жетишилген макулдашууларды аткарбай койгон. Азыр россиялык тарап менен экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча реалдуу макулдашуулар даярдалып, пландар түзүлүп жатат. Ачык эле айтайын, алар 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоолордун жыйынтыгы чыккандан кийин гана ишке ашырыла баштайт. Анткени, ал долбоорлордун бардыгында инвесторлордун, анын ичинде россиялык инвесторлордун катышуусу каралган. А инвесторлор болсо, өзүңөр билгендей, стабилдүүлүк менен тынчтыкты каалашат. Ошондуктан бардыгы шайлоолордун жыйынтыгын күтүшөт. Бирок бул шартта деле Россия менен келечектүү долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча аракет дайыма жүрүп жатат. Андай багыттар канчалык көп экенин бардыгы эле биле беришпейт. Азыр россиялык инвесторлор менен республикада бир катар кийим тигүү ишканаларын түзүүнүн долбоорлорун иштеп жатабыз. Бизде жогору квалификациялуу кадрлар, чыныгы "алтын кол" адистерибиз көп. Келечекте Кыргызстан бүткүл ЕврАзЭСтин кийим тигүүчү фабрикасы болуп калышы да ыктымал. Дагы бир абдан келечектүү багыт - бул туризм. Буга чейин Россиянын Урал, Сибиринин жашоочулары жапырт биздин берметибиз - Ысык-Көлдө эс алышчу эмес беле. Ушул сыяктуу биргелешип иш алып барчу багыттар, мүмкүнчүлүктөр абдан эле көп. Жаңы бир нерсени ойлоп табуунун деле кереги жок, жакынкы эле биз чогуу, бир мамлекет болгон убакытты эстесек жетиштүү. Бул - ошол эле машина куруу, айыл чарба тармактары. Биргелешип иштөөнүн келечеги кең, жемиши мол. Кыргызстан жана Россия бирин бири толуктап, дагы далай ийгиликтерге жете алышат. Негизгиси - бул максатты ишке ашырыш үчүн эки тараптын тең саясий эрки жетишерлик.
Анвар Туратов