"Жоо чабарлар" шайма-шай
Кызыкпыз да. Тынчтыкты баарыбыз эңсейбиз. Өзгөчө бийлик имергиси келген саясатчылар. "Бириксек жеңебиз!", "Бүтүндүк үчүн!", "Стабилдүүлүк орнотолу!", "Бөлүнсөк, жеп кетет!", айтор, кооз чакырыктар менен артист сыяпатында колдон келишинче күпүлдөсөк, демибизге коон бышат. А карапайымдарыбыз болсо, андан бешбетер тынчтык эңсеп элеңдейт. Карасаң, найза сунуп качырып келаткан жоо деле жок. Бирок эле, "шугание" болуп турабыз да. Психологиялык жактан аябай жабыркадык. Ошентип, бу шайлоого да "герман согушуна" бараткандай баратабыз. Президенттик шайлоо учурунда Кыргызстанда коомдук тартипти сактоо үчүн алты жарым миң милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиев билдирди. Мындан тышкары, 14 миңден ашуун элдик кошуун өкүлү милицияга жардамда болушат. 25-сентябрдан тарта министрликтин өздүк курамы да толугу бойдон күчөтүлгөн шартка өтүп, шайлоо күнү өзгөчө катуу күчөтүлгөн тартипте иштейт. Эмесе, каңшаарга калдастабай, акыры-ын келип, шайлачуңду шайлап, акыры-ын кете бер...

"Кереге-ПРЕСС"