Ажо шайлоо алдында...

Сталиндин өлүмү
Советтик радио СССРди башкарып турган Иосиф Сталиндин каза болгондугун маалымадаганда, көпчүлүк жол башчынын өз ажалынан каза тапкандыгына ишенишкен эмес. Ар кимиси ар кандай жоромолдорду айтып, Кремлде кандайдыр бир оюндар болуп жатканын божомолдошкон. Мындай болбогон күндө деле, анын өлүмү тууралуу так маалыматтар ачык айтылган эмес.

Сталин башкарып турган жыйырма жети жыл ичинде отуз миллионго жакын адамдар өкүмзарлык менен дарга асылып, атылып, ачкалыктан улам ажал табышса, дагы бир канчасы ар кандай кыйноолордон улам жарык дүйнө менен коштошкон. Анын адамдарды кантип өлтүргөндүгү тууралуу да маалыматтар айланасындагылардын эсинде көпкө калган. Бир күнү "Лебединое озеро" аттуу балетке келген Сталин, антракт учурунда Лубянкадагы түрмөгө барып, ал жактагы эски тааныштарын чекеге атып, кайра эле балеттин экинчи актына жетип келген. Адам өмүрүн чымынчалык көрбөгөн жол башчы, мындай кордуктардын баарын оппозиция чыга калбасын деген чочулоодон улам жасай берген. 1953-жылы Сталин жетимиш үч жашка толгондо, мүнөзүндөгү катаалдыктар мындан да татаалдашып, чоң держава үчүн коркунуч жарата баштаган. Ошол жылдын январь айында Лаврентий Берияга кызмат кылган жашыруун тыңчы аял, Сталиндин жеке дарыгерин аскер кызматындагы жогорку даражалуу адамдарды дарылоо жолу менен өлтүрүп жаткандыгы үчүн айыптаган. Бул кылмыш "дарыгерлердин иши" деп аталып, Сталиндин гвардиядагы коммунистчи эски аскер башчыларды тазалап, алардын ордуна ишенимдүү адамдарын бекитүү демилгеси экендиги кийинчерээк дайын болгон. Көп өтпөй кылмыш ишине катышкандыгы үчүн еврей улутундагы сегиз дарыгер кармалган. Мында Сталиндин көшөгө артындагы кылык-жоруктары менен алдыга койгон максаттарынан аны тегеректеп жүргөн төрт адам гана кабардар болуп турган. Алар Ички иштер министри Лаврентий Берия, Коргоо министри Николай Булганин, Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары жана Сталиндин мураскору катары ырасмий аталган Георгий Маленков менен Москва шаардык жана облустук күчтүү партиялардын башчысы Никита Хрущев болгон. Эгерде бул төрт адамдын кебине кулак түрсөң, СССРдин жетекчиси инсульттан улам өмүрү менен кош айтышкан.
Сталин өлөргө жакын он жылдан бери анын ар кандай иштеринде кол кабыш кылып келген катчысын куугунтукка алса, 15-февралда анын башкы жан сакчысы каза тапкан. Анын өлүмү тууралуу ырасмий маалыматта "мезгилсиз дүйнөдөн кайтты" деп гана айтылып, иликтөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Декабрь айларынын башынан тарта башкаруучу чөйрөдө, Сталиндин катуу ооруга чалдыкканы тууралуу аңыз-кептер тарай баштаган. 2-март күнү анын мээсине кан кеткендиги айкын болуп, бирок, бул туурасында аны тегеректеген адамдар ооз ачкан эмес. Алтургай анын кызы Светлана да атасынын абалы менен таанышканга кире албай койгон. Хрущевдун айтымында ошол күнү кечке жуук, Советтер Союзунун жетекчиси төрт мураскерин Кунцевадагы дачасына чакырып, ичимдик ичишкен. Таңга маал кече жыйынтыкталып, Сталин бөлмөсүнө барып, уйкуга кетип, ошол бойдон турган эмес. Анын оор абалда экенин уккан төртөө, оорулуу башчыны күнү-түнү кезек менен кароого өтүп, келечек пландарын түзө баштаган.
Жаратканга кайтуу
Хрущев менен башкалар уйку жоктугунан улам, көздөрү кызарып, кыйналышса, Лаврентий Берия жайдары жүргөн. Ал шефинин өлүмүн тилеп андан айрылууну каалаган. 4-март күнү Сталин күтүүсүздөн өзүнө келет. Аны карап жүргөн мээрман айым, ага тамак берип жатканда ал дубалда илинип турган сүрөттү көрсөтүп, күбүрөнгөн. Ошол замат ооруусу башталып, диктатор атка конгон жетекчи өмүрү менен коштошуп, үзүлүп кете берген. 6-март 21:50 дө үналгыдан СССРдин жетекчисинин жүрөгү токтоп, каза болгондугу тууралуу жарыяланган. 9-март күнү Сталинди Ленин мавзолейине алпарып, Владимир Ильичтин жанына коюшкан.
Кайчылаш маалыматтар
Сталиндин оорусу тууралуу айтылган биринчи маалыматта, СССР жетекчиси биринчи соккуга Москвадагы батиринде кабылган деп айтылган. Эгерде мындай болсо, ал борбордон 30 чакырым алыстагы дачасына кантип барып калган деген суроо туулбай койбойт? Ошондой эле ырасмий маалыматта окуя дүйшөмбү күнү таңга жуук деп жазылган болсо, Хрущевдин көрсөтмөсүндө иш жекшемби күндүн таңында болгондугу маалымдалган. Мындан улам анын өлүмү тууралуу шектенүүлөр пайда болгон. Алтургай Хрущев бийликтен кеткенден кийин берген эскерүүлөрүндө, өзү менен кошо үч санаалашы тең ал күнү Сталиндин дачасына барбагандыгы, аны көрбөгөндүгү, эч кандай дарыгерди чакырбагандыгы жөнүндө эскерткен. Анын ордуна бул күнү үйлөрүнө барып, Маленковдун коңгуроосун күтүшкөнүн ачыктаган. Маленков болсо телефон чалып, шериктерине Сталиндин катуу дартка кабылаганын билдиргенин баяндаган. Ошондой эле Сталин бир күнү индиялык дипломат менен сүйлөшүп отуруп, ачуулана "Дыйкандар карышкырларга кандай мамиле жасашты билет, алар аны кырып салат" деп айткан. Мындан улам Сталиндин айланасындагыларга каршы чабуулга өткөнүн баамдоого болот эле. Өзгөчө "дарыгерлердин иши" ачыкталгандан кийин, Сталиндин өзүнө коркунуч жаралган. Ал биринчи кезекте тегерегиндеги карышкырларды жок кылуунун амалын издеп, жинин Берияга көрсөткөн. 1938-жылдан бери Сталиндик режимдин иштешине күчтүү салымын кошкон Лаврентий Берия, жашыруун полицияны жетектеп, шефинин көмүскө буюртмаларын аткарып турган. Жетекчинин бардык буйруктары Берия аркылуу ишке ашып тургандыктан, айланып келип эле өзү балээге каларын түшүнгөн жашыруун полиция жетекчиси да катуу коркунучка кабылган. Сталиндин өлүмү Бериянын сүйүнүчүнө айланганын, аны тегеректеген адамдар жакшы сезишкен. Лаврентийдин бийликти басып алууга жасаган аракетинен майнап чыккан эмес. Июнь айында ал абакка түшүп, ага чыккынчы деген айып тагылган. Сталинден соң бийликке келген Маленков да Бериянын чыккынчылык жасаганын айтып, анын күнөөлөрүн ашкере кылган. Декабрь айында сот, экс-ички иштер министрине атуу тууралуу өкүм чыгарып, жазасын угузган. Лаврентий Берия атылган соң, анын кылык-жоруктары элге акырындан тарай баштаган. Анын тирүү кезинде өспүрүм балдар менен кыздарды зордуктап, ар кандай түшкө кирбеген иштер менен алектенгендиги жөнүндө ушак-кептер Москвага шамал сымал жайылып кеткен.
Сталиндик доордун бүтүшү
1955-жылдын сентябрь айында Хрущев партиялык лидерликти алып, Маленковду жогорку бийликтен аймактык электр станциясынын жетекчиси кылып дайындап койгон. Ошондон тарта Хрущев чылбырды колго алат. СССР башчысын акыркы сапарга узаткандан эки апта өткөн соң, Сталиндик режимди жамандаган маалыматтар маалымдоочу каражаттарда байма-бай чагылдырыла баштайт. Ал эле эмес "Сталиндик башмыйзам" "Советтикке" алмашкан. Алтургай "сталинист" сөзү ырасмий лексикондон жоголгон. "Правда" гезити Сталиндин өлүмүнө байланыштуу дарыгерлер тараптан эч кандай аракеттер болбогондугун жазып чыккан. Ал эми Никита Хрущев болсо доклад окуп, Сталиндин башкаруусу чоң державаны талкалап, жок кылууга алып келишин ачык айтып, 1956-жылы Советтер Союзунун жаңы лидери болуп дайындалган. Ошол күндөн баштап Сталиндик доор аяктаган.
Алмаз
Калназаров