Студентти ким угат?

Суук бөлмө, сынык партада
Азыркы тапта студенттердин билим алуусуна материалдык жактан жакшы шарт түзүлүп берилген эмес. Мына ушундай студенттердин суроо-талабына жооп бербеген окуу бөлмөлөрүндөгү жетишпестиктерди көтөргөн атайын студенттик форум уюшулган. Ушул форумдун негизинде аларга "Абалың кандай студент?" деген суроо менен кайрылып көрдүк.


Нурайым Бакасова, студент (КУУ):
- Бизде көбүнчөсү СССР убагындагы китептер болгондуктан кыргызча китептер жетишсиз. Азыр болсо, орусчадан кыргызчага которулган окуу китептеринин сапаты, мааниси жок. Түшүнүү кыйын. А бизди болсо кыргызча сүйлөгөнгө мажбурлагандын ордуна түшүнүктүү жазылган китептерди даярдашса болмок.

Бурул Белекова, студент (КМКТАУ):
- Бүгүнкү күндө студенттердин билим алуу абалы өтө эле оор. Окуп жаткан аудиторияларыбыздын эскилиги жеткен. Кышкысын тамчы агып, бөлмөлөрдүн сууктугунан ооруга да чалдыгасың. Ал гана эмес биз олтурган стул, парталардын эскилиги да жетип калган. Биз контракт төлөп жаткан соң ушундай көрүнүштөрдү айтууга акыбыз бар да. Манас түрк университетинде баары бюджетте окушат. Ал гана эмес заманбап суроо-талапка жооп берет. Аларда китеп деген көйгөйдү байкабайсың. А бизде болсо, окуюн десең тээ, илгерки эски китеп, анын дагы жарым барагы айрылып жок болгон.

Дилбар Султанкулова, студент (КМКТАУ):
- Менин "Макро кредит" деген китебим бар. Ушул эле китепти кыргызча которуп чыгарышкан. Кыргызчасында биз окуган китеп өз маанисин жоготкон. Мындай орус тилиндеги китептерди которууда профессионал адистер, илимпоздор текшеришип, маанисин оңдосо жакшы болор эле. Биз олтурган окуу бөлмөлөрү суук, отургуч, парталар эскирген. Катуураак кыймылдатсаң сынып, талкаланып кетет. Акча төлөп окуган соң, биздин мындай көйгөйлөрүбүздү университеттен чечип берүүлөрүн өтүнөт элем.

Бахтияр Болгоналиев, студент (КУУ):
- Жатакана маселесин алып карасак, ал жердеги ашканалар, китепканалар иштебейт. Бөлмөлөрдүн абалы начар. Ал эми ажааткананын ичине кирип болбойт, ууланасың. Ал жерге кирген адам ыйлап чыга турган акыбалда. Окуу жайларда болсо китепканалар, аудиториялар заманбап талапка жооп бербейт.
Аталган демилгечи топтун координатору Тимур Саралаев мындай деп билдирип өттү:
- Негизинен бизде ба рдык окуу жайларынын көйгөйлөрү бирдей. Бул жерде негизинен студенттер Американы айткан жок. Булардын негизги маселеси контрактты төмөндөтүү боюнча, жакшы шарттарды түзүп берүүнү талапташууда. Керек болсо, азыр контракттарды 20 пайызга чейин көтөргөн университеттер болот. Алардын атын атабай эле коеюн. Ушул маселе тууралуу адистерге кайрылганыбызда контрактты көтөргөнгө университеттердин эч кандай акысы жок дешкен. Андай университеттер жоопко тартылуусу абзел деген жоопту айтышкан.
Ал эми жатаканада жашаган студенттердин абалын карап көрсөк, санитардык жактан, өрт өчүрүү, жуунучу жайлары жаман абалда. Ал гана эмес, жатаканага тиешеси жок адамдардын жашап жаткандыгы. Ошол себептен студенттер кошумча иштер менен иштешип, окууга көңүл буралбай келишет. Айласыз окуусун акча менен бүтүрүшөт. Билим мыйзамынын 46-беренеси боюнча университеттин акыбалы материалдык, билим берүү таасирине таянып көрсөк, теңинен көбү мыйзамга жооп бербейт экен. Ар бир жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алууда кагаздарга укмуштуудай көркөмдөп рекламалашат. Кийин окуй келгенде анын бирин да көрбөйсүң. Ал эми бул жердеги студенттер суроо талапка жооп бербеген окуу жайдын абалын айтып жатышат. Ушундай форумдун негизинде алты чоң окуу жайларында болуп кайттык. Медициналык академияда, Кыргыз курулуш архитектуралык университинде, Кыргыз улуттук университетте, Кыргыз-Россия славян университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинде студенттердин социалдык көйгөйү тууралуу жыйын өткөрдүк. Жыйынтыгында ЖОЖдордун абалы начар деп далилденди. Биздин форумга кызыккан студенттерди кызматташууга чакырар элем. Биздин максатыбыз - студенттердин жашоо-шартын, көйгөйлөрүн чечүү болуп саналат.
Алмагүл МЫРЗАЕВА




  Жаназык

"Алп Манастын учкунунан тутанган,
жүрөгүмдө кыргыз деген жалын бар"
"...Жамгырдын тамчысынан дайра курган, Алыкул ыр дүйнөнүн падышасы" демекчи, Алыкулдун сабына сабын улап келаткан жаш калемгер Бердибек Төлөгөнов деген жигит бар. "Айтыш" коомдук фондунун алдында түзүлгөн "Калемгер" адабий клубунун мүчөсү, "Түнкү Белес" радиосунун алып баруучусу. Анда, жигиттин жан дүйнөсүнө абай салалы...


- Сиз "акын" деген сөздү кандай чечмелейт элеңиз?
- "Акын" деген төрт тамгадан турган сөз, ай-ааламдан өлбөстүктү курган сөз"- деп айтат элем. Бул төрт тамганын ичинде ай-ааламды батырган зор күч жатат. Ушул "акын" деген төрт тамгага жамынып жүргөндөр көп, мен өзүмдү акынмын деп айтуудан таптакыр алысмын. Болгону акындыкка талапкермин десем болот. Акын - улуу ой менен күрөшкөн, ай-ааламга кыялы менен канат байлап закымдап эркин учкан, көкүрөктүн көйгөйүн айтып, ырлары аркылуу жан дүйнөгө азык берген адам. Акын деген сөздү укканда менин көз алдыма Алыкул, Байдылдадай алптар, Турар, Жолондой дөө-шаалар келет.
- Акындыкка татыктуу болуш үчүн эмне кылуу керек?
- "Издеген табат, буюрган алат" - дейт, тоскоолдуктарга каршы туруп, түнкү саат бирде же экиде мага илхом келет деп күтүп жата бербей, тескерисинче илхомду издешибиз керек. Кудай берген талантты аздектесең үзүрү болот.
- "Жашап", анан "жасап" жазган акындар болот, сизчи?
- Менин ар бир ырымда өзүмдүн тагдырым, өзүмдүн жашоом бар. Турмуштун оң-терс көрүнүштөрү, башымдан өткөн махабат ж.б. Жасалмалуулуктан качам.
- Ырлар жыйнагыңыз барбы?
- "Чийки бышкан эт тишти, чала бышкан сүт ичти оорутат" демекчи, сөз сөөлөтүн сезип, алдын жетишинче жасаган аракеттеримди азыр улуу муундагы Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов жана алардын көчүн улаган жүрөгү курч, сөздөрү мурч акындарыбыз Мирлан Самыйкожо, Алтынбек Исмаилов сындуу агаларыбызга сындатып, чакан китеп чыгарууга аракет кылып жатам.
- "Жакынды сырынан, акынды ырынан тааны" дейт, ырларыңыздан улам сизди мекенчил деп атоого болобу?
- Мекенчилмин деп төш каккандан алысмын. Албетте, кыргыз болуп калганыма, Манас атабыздын жөнөкөй бир урпагы болуп калганыма мен сыймыктанам. Өлкөнүн кайгысына күйүп, жакшылыгына кубанып жүргөндүн өзү мекенчилдик болсо керек.
- Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгына мээси чайкалган жаштарды адабият, маданият айдыңына кантип кайрып келсек болот?
- Экономикалык байлыктан руханий байлык төмөн түшүп кетти. Абийир соту акча менен өлчөнүп турат. Буга баарыбыз айтып эле жүргөндөй, жогорку бийлик төбөлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн мыкты улуттук идеология керек. Маданиятты каалаган, адабиятты баалаган адамдар да жок эмес. Жакшылыктан үмүт үзбөш керек, нечендеген жоону найзанын учу, кылычтын мизи, акыл эстин кеменгерлиги менен жеңген кыргыз, бүгүнкү күндөгү тилсиз, куралсыз каптаган жоону дагы жеңип, түпкүлүгүбүзгө кайтып келерибизге толук ишенем.


Маектешкен Мунара АЛИМЖАНОВА