Өнөр-секи

Күздөгү джаз…
Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк музыка маданияттарынын биригүүсүнөн жаңы агымдар пайда болгону баарыбызга маалым. Ошол агымдардын катарын толуктаган джаз музыкасы Кыргызстанга да келди. Саксофон, бамбула, банджо, гонг, вибрафон ж.б аспаптарысыз джаз музыкасын элестетүү мүмкүн эмес. Джаз музыкасы биздин өлкөдө кеңири таралбаса дагы, саксафондо ойногон профессионалдуу музыканттар жок эмес. Дал джаз музыкасы аркылуу кыргыздын этно-ырларын чагылдырган "Соленые орешки" тобу америкадан келген "Paul Beaudry and Pathways" тобу менен биргеликте, "Күздөгү джаз-2011" аттуу концертин борбор калаабызда опера жана балет театрында өткөрүштү.


"Соленые орешки"
"Соленые орешки" деп аталган Кыргызстандагы джаз музыкаларынын сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген топ 2002-жылы түзүлгөн. Бул топ төрт музыканттан турат. Алар: Талант Абдылдаев - вокал, Кубан Кыдыкбаев - саксофон, Айзар Касымов баскычтар, Эркин Кыдыкбаев - контрабас, бас-гитар. Алар ар түрдүү багыттагы музыкаларды аткарышат. Мисалы, джаз-рок, фри-джаз, классикалык джаз, этно-джаз жана башка стилдеги музкаларды аткарышат. Бул топ этно-джазды аткарууда "Манастын" үзүндүлөрүнөн алынган чыгармаларды жаңы агым менен джаз стилинде аткарышат. Бул чыныгы кыргыз жанры болуп эсептелинет. Топтун жетекчиси Бакыт Кадыкбаев искусство тармагында уникалдуу долбоорлорду уюштуруп келет. Мисалы, "Саякбай Каралаевди эскерүү", "Көчмөндөр" жана ушул сыяктуу долбоорлор. "Тилекке каршы биздин өлкөдө джаз музыкасын өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк жок. Мыкты музыканттар жокко эсе. Джаз-музыканты болуш үчүн билимдүү болуш керек. Биз ушул жагынан аксап келебиз. Бирок, бизди кубандырган бир нерсе бар, джаз музыкасына кызыгып уккандар жылдан жылга көбөйүп келе жатат. Өзгөчө кыргыздын салттуу музыкасын джаз стилинде ырдаганыбызды элдер жылуу кабыл алышууда" -дейт топтун жетекчиси Бакыт Кадыкбаев.


Төкмөлүк менен айкалышып...
Бул топтун азыркы курамында ондон ашуун музыканттар иштешет. "Джаз Бенд" Дүйнөгө кеңири тараган джаз музыкаларынын түрлөрүн аткарып келишет. Мисалы, "Свинг" оркестрлер арасында аткарылуучу джаз музыка. Ал жан дүйнөдө катылган сырларды ыр аркылуу сыртка чыгарууга өбөлгө түзөт. "Бибоп" аз сандагы адамдан турган топ, түтүкчө, саксофон, барабан, ж.б аспаптарды колдонуп, өзүнчө бир үндү жаратышат. Ал эми "Хард-боп" болсо, экспрессивдүүлүгү менен айырмаланган джаз ар түрдүү оюндардын аралашуусу аркылуу башкалардан ырдалат. "Кул-джаз" жай темпте аткарылат. Негизги өзгөчөлүгү: эскирип бараткан ырларды жаңылантууга аракет кылып, оригиналдуу ыр саптарын заманбап нукка салып элге тартуулашат. "Криэйтив" көбүнчө "эркин джаз" деп аталып келет. Ырдоо манералары өзгөчө, ырлар ээн эркин айтылып, төкмөлүктүн коштоосунда ырдалат. Бул топ кыргыздын музыкаларын төкмөлүк менен биргеликте классикалык джаз музыкасына ыктап аткарып келишет.


"Издейм сенинин" илеби
Борбор калаада өткөн "Күздөгү джаз 2011" концертинде америкалык "Paul Beaudry and Pathways" тобу көрүүчүлөргө оригиналдуу композицияларды аткарып беришти. Алардын ар бир музыкасы өзүнүн стили, эмоциясы, ритми, үнү менен айырмаланып турат. Ар түрдүү улуттун элдик музыкасы джаз стилинде аткарылды. Өзгөчө барабан, жана тенор-саксафондо ойногон музыканттардын ар бир композициясын көрүүчүлөр жагымдуу кабыл алышты. Америкалык джаз музыканттардын кыргыздын "Издейм сени" аттуу ырын саксафон менен аткаргандарын өзгөчө кабыл алышты. Мекендештерибиздин кубангандыктарын алардын туруп кол чаап бергендери айтып турду. Джаз музыкасы абдан уникалдуу, ал адамды терең ойлонууга алып барарын, терең ойлуулугу менен айырмаланарын, музыка аткарууну элдин алдына чыгып сүрөт тарткан сүрөтчүгө салыштырууга болорун, сахнада ойноп жатканда ар бир кыймыл чоң мааниге ээ экенин джазчылар баяндашты.


Джаз тарыхынан
Джаз - эң орчундуу, таасирдүү, көп функционалдуу новатордук музыка катары биринчилерден болуп АКШ-да пайда болгон. Мекени Лузиана штаты. Африка жерин жердеген кара терилүү музыканттар банджо баскычтары менен жеңил ойноп, ошол эле учурда буттардын жардамы менен үн чыгарып турууну жеңил өздөштүрүшкөн. Алгач "джаз" сөзү америкалык окумуштуулар аркылуу 1927-жылы 6-октябрда сөздүктөн орун алып, "Jazz" англис тилинен которгондо -"музыка искусствосу" дегенди түшүндүрөт. Ошентип, эки улут (африкалык жана америкалык) джаз музыкасын жаратып, ал дүйнө жүзүнө кеңири тараган.

Нургүл ИБРАЕВА