Тарых тактасында

Уркуя Салиева
Дүйнө коомчулугунда, турмушта, өзгөчө саясатта "аял менен эркектин укугун теңейбиз жана экөөнө тең бирдей мүмкүнчүлүк бериш керек" деген канча адамдар чыккан. Бүгүнкү күндүн мисалында алып караганда деле кээ бир адамдар бул боюнча ар кандай уюмдардан, жеке адамдардан колдоо алып иштеп, күн көрүп келе жаткандай. Мындай иш аракеттерди өзгөчө батыш дүйнөсүнүн чыгышка жасаган кадамдарынан байкоого болот. Бирок, аялдардын насилинде андай нерсе жок болсо анда, "мойнунан байланган иттей" болот эмеспи. Эгер аял өзүнүн укугуна карата жасалган аракеттердин башында өзү турбаса анда коомдо эч качан аял менен эркектин укугун жана ордун теңдөөгө болбойт. Анткени аялзаты аң-сезимдүү түрдө коомдун кыймылдаткычы болорун өзү сезиши керек жана ага жараша аракет кылуусу зарыл.

Көчмөн коомдо аялдардын укугу жана орду кандай болгон деген суроого көпчүлүк социологдор, адистер "теңсиз, аялдардын укугу тепселенген" деп айтышат. Тилекке каршы канча кылым карытып жашаган элибиздин тарыхында бир дагы жолу аялдар теңчилик сурап, көтөрүлүшкө же күрөшкө чыккандыгы тууралуу маалымат жок. Бардык жашоонун мыйзамына баш ийген көчмөн элдин тагдырында аял менен эркектин орду бирдей болгон жана керек учурда душманына кылычын сууруп баш алган аялзаттары дагы чыккан. Алысты айтпаганда да мындан эки кылым мурун жашап өткөн Курманжандын жашоосу эле эмнени айтып турат. Ал эми 20-кылымдын башында кыргыз эли өтө чоң өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатканда, өнүгүүгө карай багытты туура колдоп, ага жанын үрөп аракет кылган Уркуя Салиева - Азиянын анын ичинде кыргыз аялдары кулчулук түшүнүктө эмес экендигин далилдеген өзгөчө инсан. Уркуя Салиеванын өмүр жолун карап отуруп ушунча кыска өмүрүндө эмне деген гана иштерди жасаганга үлгүргөнүнө таң бересиң. Ооба, ал жашап жаткан доор жөнөкөй эмес болчу. Бир жагынан социализмге, советтик идеологияга каршы турган коомдук ой-пикирлер, экинчи жагынан диний-регионалдык өзгөчөлүктөр коомдо абдан чоң баш аламан ойлорду жаратып, карапайым эл кайсы тарапты колдоорун билбей турган. Жогоруда кыргыз элинин тарыхындагы аялдардын эркиндиги тууралуу айтып өттүк. Бирок, Түштүк Кыргызстанда 18-кылымдын башында жашоосун баштаган Кокон хандыгы диний идеологиянын кара чаңында калган мамлекет болгон жана бул өз кезегинде ал жерде жашаган кыргыздарга да таасирин тийгизген. Колониалдык доордо орустардын келиши менен жергиликтүү диний-башкаруучу чөйрөлөрдүн дагы аракеттери күчтөнүп жүрүп отурган. Бул 1917-жылдагы Октябрь революциясында жаңы советтик коомду куруу, коллективдүү, жалпы чарбалык турмушка өтүү процессинде тескери идея катары кызмат кылган. Октябрь революциясынан кийин кыргыз аялдарынын ичинен келечекке ишенимдүү кадам шилтеген Уркуя Салиева 24 жылдык жашоосунда дагы бир жолу кыргыздын аялдары ким экенин, эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөттү.
Уркуя Салиева Ош областына караштуу Ноокат районундагы Мүркүт кыштагында 1910-жылы төрөлгөн. Кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомол уюмунуна, кийин партиянын катарына өткөндөрдүн бири. Анын негизги ишмердүүлүгү ошол кездеги совет бийлигине каршы турган эзүүчү таптарга каршы күрөшүү жана аялдарды азаттыкка чыгаруу болгон. Тескери идеологияга сугарылган адамдарга айрыкча аялдар үчүн анын жасаган кадамдары ошол коомдун рычагы болгон деп айтсак болот. Анткени, коммунисттик идеология деген карапайым элге түшүнүксүз терминди эл арасына жайылтуу жана анын милдеттерин аткаруу оңой-олтоң иш эмес болгон. Уркуя Салиева кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп, 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. Ал эми 1929-жылы райондогу алгачкы "Кызыл-Аскер" колхозун уюштурган. Союздун башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанда дагы коллективдештирүү саясаты өтө курч мүнөздө ишке ашкан. Коомдо коллективизмге каршы маанайдын курч экенине карабастан, талбай күрөшүп жатып, кыйынчылыктарды жеңүүгө аракет кылган. 1934-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин мүчөсү болгон. Анын совет бийлигин чыңдоого, эркиндик, теңдик үчүн күрөшкөн аракети тап душмандары тарабынан өлтүрүү менен токтотулду.
Бүгүнкү күндө Уркуянын өмүр жолун, анын ишмердүүлүгүн, эмне үчүн канкордук менен өлтүрүлгөнүн айрым замандаштарыбыз аңдап түшүнө бербегендей. Анткени мындан бир кылым мурдагы кыргыз эли, өзгөчө түштүктө жашаган кыргыз аялзаты башынан паранжаны канчалаган кыйноолорго, коркутууларга карабай чечишкендиги маалым. Анын тайбас күрөшчүсү, жактоочусу Уркуя Салиева эле. Канчалаган аялзаты паранжасын чечүү менен, коомдук турмушка активдүү катышып, өздөрүн толук кандуу жаран катары сезип, укуктары теңелген. Кечээ гана феодализмдин сазына баткан кыргыз коомун илим-билимдүү жаштар менен толуктаган, жаңыча көз караштагы кадрларды даярдоого, республикабыздын чарбалык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө зор салым кошкон - ошол 20-30-жылдардагы биздин ага-эжелерибиздин эмгеги чоң. Канчалаган аялдын көз жашы төгүлүп, курман болуп, паранжаны алышса, эми минтип аял менен эркекке бирдей шарт түзүлүп жаткан заманда баштарына кайрадан тескери идеология менен паранжа жамынышкан аялзаттары көбөйүүдө. Паранжа жамынуу менен алар абийири, ар-намысы таза экенин көрсөткүлөрү келгендей. Бирок адамдын абийири менен намысы чүпүрөктө болсо, анда байыркы доордон бери оронуп чулганып келген элдерде уят, бузукулук болмок эмес. Азыркы күндөгү саясатка баш-оту менен кирип, бири трибунада, бири көчөдө кыйкырып "ОБОНчу" атка конгондор же абийир менен намысты чүпүрөккө байлаган аялдар бир кездеги каарман Уркуяны дагы эстеп коюшса жакшы болмок.
Уркуя Салиеванын каарман кыргыздын аялзаты экендигин даңазалаган бир катар эмгектер жаралган. Алардын катарында белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун "Революциянын баатырлары" аттуу мемориалдык эстелигин айтууга болот. Кыргыз улуттук адабиятында Уркуя Салиеванын совет доорунун алдыңкы аялдарынын бири катары даңазалаган жазуучу Насирдин Байтемировдун "Тарых эстелиги" аттуу романы Уркуянын образын жеткиликтүү чагылдырып, калк арасына анын ишмердүүлүгүн жайылткан бирден-бир чыгарма катары калды. Ушул эле чыгарманын негизинде тартылган таланттуу режиссер Т.Океевдин "Отко таазим" тасмасы кыргыз фильминдеги реалдуулукту ийнине жеткирип көрсөткөн кинотасма.
Өткөн жылы түштүктөгү окуялардан улам 100 жылдыгы өткөрүлбөй калган Уркуя Салиеванын юбилейи быйыл өткөрүлүп жатат. Жакшылыктын эрте кечи жок дегендей, бул маарекенин тарыхый мааниси чоң. Мен муну менен бир нерсени гана айткым келет. Кайсы заман, кандай күн болбосун, элди алга сүрөп, жаңы жашоого жол салган адамдар, мекенине күйгөн патриоттор топтошкон эл-башылардан, же чириген байлардан гана чыккан эмес, андай адамдар карапайым калктын ичинен суурулуп чыгып, элдин күчү бардык нерсени өзгөртө аларын көрсөткөн.
Элизат ТУРСУНОВА