ЫЙЫКТЫК
же Абды Сариев менен Бүбү Мариам Жайсаңдын "Манасы" жөнүндө
Алмустактан бери адам баласы Жараткан Улуу Күч жөнүндө бир пикирге келе албай коюшту. Тоголок жердин булуң-бурчунда жашаган пенделер Ааламды - дегеле бардык көзгө көрүнгөндү жасаган, башкарган бир Улуу Күчтүн бар экенин каңкуулашат. Ал күчкө ар кимиси ар башкача сыйынышат. Ар ким өзүнүкүн чындык деп эсептейт да, бир дин экинчисинен артыкчылыгын көрсөткүсү келет. Дин өкүлдөрү андан бетер бирин-бири жактыра беришпейт. Дал ушунун айыбын тартып жатышканын дал ошол дин өкүлдөрү да билишпейт.


Кудайга ишенгендерге караганда ишенбегендердин саны арбын. Айрым адамдар өздөрүн ошол Жаратуучуга (Кудайга) теңеп койгон учурлар болот. Мына ошентип, адам баласы эзелтен эле ак менен каранын, чындык менен калптын, бар менен жоктун ортосунда жашап келе жатканын түшүнүшө элек. Тагыраак айтканда адам баласы табияттын мыйзамын бузуп, табияттын бир бүчүрү экенин тааныбай, (өзүн Олуя сезип) адашып, адамдагы эң ыйык делинген кандын ажырымын унутуп, "башы кара, буту айрылардын" бири-биринен айырмасы жок делинип, улут өзгөчөлүгү, дилдин тазалыгы таанылбай, жөн гана көңүл көтөрүп өмүр сүрүүнү көздөп келишет. Жашоо күнү бүтүп, көзү өткөндөн кийин жаны кандай абалда калары жөнүндө капарына алып коюшпайт. Өлгөндөн кийинки жандын жашоосуна ишеним деле жок.
Айрым учурда динге ишенгендердин жасаган иш аракети динге ишенбегендерден ашып түшүп, ыплас иштерге барган учурларынан улам Кудайга болгон ишеним солгундаганын угуп да, көрүп да жүрөбүз. Демек, Улуу жаратуучу күчкө болгон мамиле, ишеним, сезим, топтошкон дин уюмдарынын таасирине караганда, жеке туюмга, сезимге, кабылдоого карап мамиле жасоо үзүрүн берет жана чындыкка жакын турат.
Мен дагы адашкан пенденин бири элем. Эгерде мындан он төрт кылым мурун көзү өткөн Жайсаң Үмөт уулунун ыйык саптары колума тийбегенде, мен ошол адашкан абалымда өтүп кетмекмин. Азыр мен Улуу Кудайдын бардыгына, анын таасирине кынтыксыз ишенем.
Ишеничимдин себеби: Жайсаңдын тирүү арбагы айткан ыйык саптар менин жан дүйнөмө азык болуп, кубат берип, ден соолугумду оңдоп, жогумду бар кылып, канымды тазартып турганын сезем. Мындай ыйык саптарды тирүү пенде жаза албай турганына толук ишенем. Аны мен же Бүбү Мариам дагы жазган жок, Улуу Кудай тарабынан кыргыз элине кут кылып, келечекке шам чырак катарында берип отурган ыйык белек. Аны элге жеткирүү милдети эки пенде, бир арбакка жүктөлгөн. Эл аны ыйык тутуп, кармана билүү парзы болчу. Бирок… дагы жаңылдык… адаштык… анын себептери көп…
Жайсаңдын мен жазган 6 китебинде ошондой ыйык делинген буюмдар, сөздөр, сырлар өтө арбын. Ушул азыр ошол чыккан китептерден эки эпизодду окуучуларга кайрадан айтып койгум келди:
1998-Жылдын 6-августунда, Манас атабыздын жарык дүйнөгө келгенине 1328 жыл толгонуна карата, Ай толгон бейшембиде жолго чыгып, көптөгөн кыйынчылыктар менен "Жылаңач-Бугу" мазарына барып келдик…
Арадан эки күн өткөн. Түшкө жуук Бүбү Мариамга барсам, колуна "Жайсаңдын" үчүнчү китебин кармап, буркурап ыйлап отуруптур. Коркконумдан оозума сөз кирбей, алая тиктедим.
- Керемет болду агай! Бир керемет көрдүм!-деп буркурады Бүбү Мариам.
- Айтканыңыз келсин. Ага эмне үчүн ыйлайсыз? - дедим, бир аз санаам тынып.
- Кубанганымдан ыйымды токтото албай отурам… Таңга маал уктап кетсем керек. Түшүмдө кечөөкү медитациям кайра кайталанды. Үч китепти колума кармап, көк жалтыр муз каптаган үңкүрдүн ичинде жаткан Манас атанын аяк жагында турупмун. Үңкүрдүн оозу күн чыгыш жагында көрүнөт. "Мынакей үч китебиңизди чыгардык. Агай экөөбүз ушуну сизге көрсөтүп, көрүндүгүн алалы дегенбиз. Ал бизге аябай керек эле"-дейм. Манас атанын ачык турган жансыз көзү ирмелип, башын сол жагына кыйшайтты эле, жалтыраган муз кетилип, эки элидей сыныгын мага берет. Аны үчүнчү китептеги өзүнүн сүрөтүнүн жанына салам. Анан үңкүрдүн ичине жакшылап карадым: атабыз жоо кийимчен жатат. Баш жагында кылыч, найза, этек жагында ээри турат. Буларды медитация учурунда көргөмүн, бирок эсимде калбаптыр.
Аңгыча тарсылдаган аттын дүбүртү угулду. Көзүмдү ачсам бөлмөмдө жатыпмын. Үйдүн төбөсүндөгү дабыш күчөп угулду. Ордумдан ыргып туруп, үчүнчү китепти алып, биринчи бетин ачсам, сууланган апаппак аттын жалы жатыптыр.
(Уландысы эмки санда)
Шарыпкул ЭСЕНГУЛОВ, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу