дабакана

Оорунун булагы -
адам ичиндеги таштанды
Организмди тазалоо - чың ден соолуктун жана узак жашоонун булагы. Көпчүлүк дарыгерлер мындай жыйынтыкты жеке өздөрүнүн тажрыйбасынан соң чыгарышкан. Анткени, организм шлактарга толгон кезде адамдын иммунитети төмөндөп, жумушка болгон кызыгуусу начарлайт. Бул организмдеги шлактардын көбөйүшүнөн кабар берет. Ал эми кимде-ким организмин тазалоого үлгүрө элек болсо, анда төмөндөгү маалыматты сунуштайбыз.


Дары жардамы
убактылуу
Организм шлактарга толуп калгандыктан, ар түрдүү оорулар келип чыгат. Мисалы, боор, бөйрөк, ичеги жана кан тамырларга тиешелүү бардык оорулар организмдеги шлактарга байланыштуу. Кандай гана дары-дармектер менен дарыласаңыз да, ал ооруну түп тамыры менен жоготпойт. Анткени, дары-дармектер ооруну убактылуу гана айыктырат. Ошол себептен улам, дарыгерлер да жарым жыл сайын курстук дарылоону сунушташат. Ал эми мындай оорулардын алдын алуу үчүн биринчи кезекте организмди толук тазалоо сунушталат. Адамдын организми түтүнгө ышталган абадан, алкоголдон, тамекиден, күчтүү тамак-аштан, дарыдан, стресстен ууланат. Мындай учурда ден соолукка кайдыгер карабастан, организмге жардам берип, тазалап туруу керек.
Токсиниң толсо жыттанасың
Организм токсиндерге толгондо адам бат чарчайт, маанайы суз болот. Уйкусу качат, башы ооруп, муздак тер басат. Тиштин бүйлөлөрү канайт, ооздон жаман жыт чыгат. Тамак ооруп, мурун бүтөт, боор, өт ооруп баштайт. Бөйрөктө таш пайда болуп, дайыма оорутат. Организмдин булганышы менен бетке ар кандай ысык менен жаралар чыгат. Жуунгандан кийин да дене жагымсыз жыттанып турат.
Эмнеден баштоо керек?
Дарыгердин көзөмөлүнөн өткөн соң кээ бир тамактардан убактылуу баш тартуу керек. Эгер организмди туура тазалап, кийин ар түрдүү оорулардан алыс болом десеңиз анда тазалоо курсун баштаңыз. Биринчиден, тазалоо үчүн организмди даярдоо керек. Майлуу, эт, сүт, кумшекер, камырдан жасалган тамактарды рациондон азайтуу зарыл. Андан соң табигый элементтерге бай пайдалуу жер-жемиштерди түзгөн тамак ашка басым кылуу шарт.
Тазалоонун ыкмалары
Организмди шлактардан тазалоо үчүн дарыгердин көзөмөлү менен организмди тазалоонун эрежелерин аткаруу зарыл. Биринчиден, ичегини, бөйрөктү андан соң боорду тазалоо шарт. Ичегилер тазалангандан кийин бөйрөк менен боорду тазалоо алда канча оңой болот. Анткени, көпчүлүк шлактардын баары ичегилерде жайгашкан. Андыктан, жоон ичегини тазалоодогу эң сапаттуу жана тез каражат болуп клизма эсептелинет. Ал эми бөйрөктү тазалоодо анда пайда болгон таштарды жеңил чыгаруу үчүн, суусундук кеңири пайдаланылат. Үй шартында ар түрдүү ыкмаларды колдонууга болот. Мисалы, күн сайын уктаар алдында 38-40 градус жылуулуктагы суу толтурулган ваннада 30-40 мүнөт жатуу пайдалуу. Бөйрөктөр активдүү иштеш үчүн дарбыз жардам берет. Ал кумдун бөлүнүп чыгышына шарт түзөт. Ал эми боорду тазалоодо, ага 5 күн мурун даярдануу керек. Ал үчүн эт, балык, жумуртка, бардык сүт азыктарын рационуңуздан алып салып, жашылча шорпосуна, жашылча жана жемиш ширесине өтүңүз. Бирок, боорду тазалоону жоон ичегини акырына чейин тазалап бүткөндөн кийин гана баштоо керек. Боорду үй шартында жалаң сабиз, сабиз-алма же кызылча-сабиз ширелерин аралаштырып ичип, бир жуманын ичинде жыйынтык алууга болот.
Организмге пайдасы
Жыйынтыгында, организмди тазалагандан кийин иммунитет көтөрүлөт, тери тазарат, чачтын абалы жакшырат. Адам энергиялуу болуп, ооз көңдөйүңөн чыккан дем жаңыланат. Кыскасы, адам ичиндеги таштандыдан арылып, өзүн бир кыйла жакшы сезип калат. Боорду тазалоодон кийин кан да тазаланат. Мындан кан тамырлардын абалы жакшырат, эркин айланат. Демек, организмдин клеткалары да шлактардан тазаланат. Боорду тазалоо учурунда өт да шлактардан бошонот. Натыйжада, адамдын эмоционалдык абалы да өзгөрөт. Бөйрөктү тазалоо - организмдеги суюктуктун балансын тартипке салат, ашыкча туздарды алып чыгат. Бөйрөк шлактарга толуп калганда организмде суюктук туруп калат да, шишик пайда болот. Бөйрөктү тазалаган соң көздүн астындагы, колдогу жана буттардагы шишиктер кетет. Кан басым ордуна келет, баш оору токтойт, уйку өз калыбына түшөт.




Анара Жумаева, Бишкек шаардык
эндокринологиялык диспансеринин дарыгери:
"Бардык оорулардын себеби - организмдин булганышы"
- Организмди тазалоо кандай оорулардын алдын алат?
- Кээ бир адамдар организмди тазалоону диета деп ойлошот. Биз мындай түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Адам кандай учурда диета кармайт? Биринчиден ден соолугу чың болушу үчүн, кан айланууну көзөмөлдөп, жүрөктүн өз нормасында иштеши үчүн, кан басымдын көтөрүлбөй өз нормасында болушу үчүн кармашат. Организмди тазалоодон кийин да айрымдар бир нече килограмм салмак ташташат. Албетте, организмдеги толгон шлактардан арылган соң, ашыкча салмактан да арылат. Бирок, организмди ар түрдүү токсиндерден тазалоодон кийин, адам өзүн бир топ жеңил, сергек сезип калат.
- Ар түрдүү токсиндерден арылуу үчүн кандай тамактануу керек?
- Биздин бардык ооруларыбыздын себеби - бул организмибиздин булганышы болуп жатат. Адам бүткүл өмүрүндө тонналаган азыктарды кабыл алат да, анын эсебинен клеткалар, органдар өзүнчө эле таштандыга айланат. Анда шлактар топтолот, а шлактар болсо ар кандай ооруларды чакырат. Албетте, организм деле күрөшөт, бирок, бул күрөш үчүн ал өтө эле көп күч жумшайт. Мындай учурда ар бир адам өз ден соолугуна кайдыгер карабастан, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, организмди тазалоосу шарт. Ал үчүн алгач туура тамактануудан баштоо керек. Кантип? Биз өзгөчө кыргыздар организмди абдан кыйнайбыз. Үч маал тең эт жегенге даярбыз. Мындай учурда организм абдан кыйналат. Тазалоо процессин жүргүзүүдө алгач, майлуу, таттуу, куурулган, ачуу, туздалган тамактардан баш тартуу керек. Эң пайдалуу деп эсептелген бул жер-жемиштердин ширеси жана жеңил тамактар. Организмди тазалоочу чөптөрдөн турган ар кандай сууларды ичиш керек. Аларды ичүү алдында сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүсү шарт.
- Организмди тазалоо үчүн дагы кандай эрежелерди сактоо зарыл?
- Ден соолукту сактоо үчүн биз дайыма бир нече эрежелерди сунуштап келебиз. Мисалы, жагымдуу жумуш жана мээнин активдүү иштеши ден соолукка пайдалуу. Дайыма рационалдуу тамактануу, физикалык машыгууларды жасоо, жөө басуу, 17-18 градуста 6-7 саат уктап эс алуу, дайыма позитивдик энергия таратуу булардын баары билинбегени менен организмге пайдалуу болуп эсептелинет.


даярдаган Нургүл ИБРАЕВА