Улутуңду угасыңбы?

Назгүл Айдаралиева,
"Санжыра" радиосунун жетекчиси:
"Кыргызстанга кыргызча кызмат кылабыз"
Радио тармагында жаңы багыт менен "Мекени Кыргызстан" деген чакырык алдында "Санжыра" радиосу иш баштады. Кыргыздын жан дүйнөсүн, нарк насилин, тарых таржымалын, салт-санаасын даңазалап, патриоттук сезим ойготкон уктуруулары менен айырмаланат экен.


- "Санжыра" радиосунун негизги максаты, багыты кандай?
- Биздин максатыбыз кыргыздын көрөңгөлүү, уюткулуу, улуу мурастарын кийинки муундарга бурмалабай, унуткарбай сактап заманбап үлгүдө жеткирип берүү. Кыргыз тилинин келечегин ойлогон ар бир кыргызга, кыргызстандыктарга жардам берүү. Ошон үчүн нукура кыргызча багыттагы радио. Максатыбыз - Кыргызстанга кыргызча кызмат кылуу.
- Кандай тематикадагы программалар берилет?
- А дегенде эле кыргыздын жүзү болгон "Манас" эпосу, манасчылар тууралуу "Манасчылар ааламы" аттуу уктуруубуз эфирге чыккан. Салт-санаага бай, үрп-адат, каада-салттын очогу, кыргыздын жүзүн чагылдырган "Көрөңгө" уктуруусу иш күндөрү эфирге чыгып турат. Андан сырткары, коомдогу орчундуу көйгөйлөр, обу жоктук, мыйзамга сыйбаган иштер, карапайым калктын талабын көздөгөн, көңүл чордонундагы суроолорго жооп издеген "Жооп издейбиз" деген социалдык программабыз бар. Чет элде жүргөн кыргыздын кыйындары тууралуу "Улутташтар" уктуруусу жана таңкы "Шашкеге шашпай" маалыматтык-шоу программасы иш күндөрү ар кандай коомдогу орчундуу маселелерди талкууга алышат. Айта кетчү нерсе, биздин радиодо жеңил-желпи ырларга, программаларга орун жок.
- Радиого кайталанбагандай кандай жаны идеяларды киргизүүгө болот?
- Биз киргизип жаткан идеялардын баары жаңы деп ойлойм. Пландарыбыз жаңы, ойлорубуз көп. Анын баарын, ишке ашкандан соң айталы. Мындан сырткары Эл артисти Саламат Садыкова баштаган маданияттын каймактары Чынгыз Айтматов, Бексултан Жакиевдин чыгармаларын окуп "радио китеп" жасоого жардам берерин айтышууда. Алдыда, "Санжыра" радиосу кызматкерлердин курамын толуктап, нукура кыргыздын көрөңгөсү катары уюткулуу кыргыз элиме кызмат кылат.
- Ди-джей болом дегендер көп кездешет. Кантип тандап аласыздар?
- Ди-джей деген да өзүнчө кызыктуу кесип. Ал жөнөкөй адамдан эки секунд мурдараак ойлонушу керек. Демек, ал адамдын ой жүгүртүүсү, эске тутуусу, үнү, сүйлөө чеберчилиги сөз байлыгы жакшы болушу керек. Азыр бизде ди-джей деген түшүнүк жок. Алып баруучу жана редакторлор. Эгер ди-джейлер зарыл болсо, анда белгилүү бир талаптар менен тандап алабыз.
- Кийинки радиолор угармандын табити менен эсептешпей, алсыз уктурууларды таңуулап келатканы белгилүү. Жоопкерчиликке кандай карайсыз?
- Аты айтып тургандай эле, "Санжыра" радиосу өтө чоң жоопкерчиликти моюнуна алган радио. Ар бир сүйлөгөн сөз, берген жаңылыктарыбыз кылдаттык менен эфирге чыгууда. Демек, биз кыргыз элинин алдында чоң жүктү моюнубузга алдык. Чындык менен чыныгы кыргыздын жүзүн чагылдырган радио болуу оңой эмес. Ушунун баарын эске алганда пландарыбыз көп жана ага катар, албетте, жоопкерчилик ошончолук жогору болот.
Нургүл ИБРАЕВА




 60 жаштын ашуусунда

Түгөлбай түк карыбайт!
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда19-20-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Түгөлбай Казаковдун 60 жылдыгына арналган чоң концерт өтөт. Концерт менен бирге Түгөлбай Казаковдун чыгармаларын аткаруу боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгат. Ага кошо Түкөбүз алтымыштын ашуусунда туруп, "жыйырманчы жазын" эстеп, "жамгырдай төгүлүп", "шумкардай сабалап", "шуулдаган теректерин" аралап, "элегиясын" эстейт. Эмесе, бул кечеге келген да арманда, келбеген да арманда!