Жарнактар жарманкесинде

Куурчактар падышасы, максимус генералдар жана чындык

"Той болор, тойдун эртеси да болор" дейт кыргыз. Ошол сыңары шайлоо да жыйынтыкталды. Шайлоонун жүрүшүнө карата шартталган мыйзамдардан улам, ал учурдагы айрым одоно да, ойлонулбаган да каталар тууралуу ооз ача албадык. Эми минтип БШКнын укуругунан бошонуп алган соң, кеч да болсо шайлоо жүрүшүндөгү алешемдиктердин бетин сыйрып, өз ойлорубузду ортого салууну эп көрүп турубуз.Айрымдар "Жумурткадан кыр издеп", "Кылдан кыйкым таап атышат" дээр. Ким кандай ойлосо өз эрки. Бирок, биз көрүп турган катачылыктарды, же ийине жеткире ойлонулуп бышырылбай эле чампаланган чаржайыттыкты айтпай койо албайбыз. Бу сапар ажо болууну эңсеп ээликкен эрендерибиздин көчө бойлой илген көрнөк-жарнактарын талдап турабыз. Окурман сиз да таразалап көрүңүз. Балким, бул талдоо да түздөнүүгө карай жасалган бир кадам болуп калар.


Куурчактар падышасы
Акыры жүрүп эңсегенине жеткен жаңы ажобуз Алмазбек Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү (пиаршиктери) адегенде эле кыргызстандыктарды куурчак кылып кол кармаштырып, элге, "Силер куурчак экениңерди эсиңерге түйгүлө!" деген мааниде жарнактарын жайнатышты. Бир кезде Максим Бакиев батыштагы досторуна "Менин атам чабан, беш миллион кою бар" деп кыргызстандыктарды койго теңеди эле. Атамбаев болсо элди куурчак катары элестеткендей. Ошентип алдыңкы беш жылдыкта Атамбаев "Куурчактар падышасы" болду да калды. Андан соң жылмайып түшкөн сүрөтүнө "Атамбаев" деген гана жазуу коюп балтайта көчө толо илдирди. Анысы жөн эле "Атамбаев" эмес, "Атам" дегени өзүнчө көк түскө, "Баев" дегени өзүнчө жашыл түскө жазылды. (Муну жогорку сүрөттөн көрсөңөр болот) Бир кезде Бакиев экинчи мөөнөткө баратканда "Бакиев-накта президент" деп жазса, "накта" дегенин тетири которуп чыгышып, "Аткан" дептир, бул элди атат"-дешти эле. Эл оозундагы сөз бекеринен айтылбайт. Тарыхта Бакиев өз элин аткан президент катары калды. Ушуну ойлондубу, айтор аталган "Атам-баев" токтоосуз өзгөртүлүп, "АТАМБАЕВ" эми "Б" тамгасынын ортосунан бөлүндү.(2-сүрөттөн көрсөңөр болот). Ал эми көк, кызыл түстөгү кагаз, чүпүрөк "курактардан" А тамгасын жасагысы келген эмблемасы дээрлик коошпой калган. Биринчиден "А" деген тамганын ортосунда сызыкча бар. Сызыкчасы жок болсо, демек бул "Л" тамгасы болуп калат. Бул эң жөнөкөй мисал. Экинчиден "Атамбаев" дегенди билдирген бул "А" эмблемасы мотор майларын чыгаруучу "Valvoline" компаниясынын эмблемасынын тескери жайгашуусу экенин сүрөттөн көрүп алсаңар болот. Жадагалса бир аз гана айырмачылыгы болбосо түстөрү да бирдей.





Исабеков кыргыздардын итиркейин келтирип...
"Кум-Төр" деген "рак ооруга" чалдыккан Кубанычбек Исабеков деген эргул да Президент болом деп ээлигип чыккан. Тээ мурдараак "Аа ушул адам түзүк киши окшойт, "эл-жер" деп "Кум-Төрдөн" кун кууп атат. Патриот экен" деп жүрчүмүн. Эми мени чаап алса да айтууга сөз удулу келип турат. Патриоттуулуктан айлансын. Мекенчил дегендин "М" тамгасына да жолотпой турган адам экенин далилдеп салды. Башка талапкерлер Россияга таянса да, байма-бай каттаса да жарнама-жарнактарында мынчалык жагымпоздукка жол беришкен жок. Ал эми Исабеков Россияга кандайча бөйпөңдөп, жагалданганын береги жарнактары айгинелеп турат. Бул албетте орус улутундагылардын добушу үчүн жандалбас экени айкын. Бирөөнүн көзүн карап, "Ансыз күнүбүз өтпөйт" деген адам өлкөнү жыргатабы? Өзүнө ишенбеген адам гана өзгөлөргө жагынып турары анык эмеспи.
Ал эми базар деңгээлиндеги "Өпкөсүн үзөм" урааны анын маданий деңгээлинин канчалык пастыгын ачык көрсөттү. Биротоло "Өтүн алам", "Пачагын чыгарам" деген ураандарды да кошсо болмок экен. Ансыз да крим чөйрөсү гүлдөп, бийлик менен чырмооктой чырмалышып калган өлкөбүзгө куп жарашмак. Андан да аскер формасын кийип, бооруна толтура медаль, ордендерди шагырата тизип алганына түк түшүнө албадым. Кийген формасы орус офицериники экен. Ал эми жанагынча орден-медалдарды каякта жүрүп жасаган эрдиги үчүн алган? Же аларды сатып алып туруп деле кийимди кооздоп туруп, сүрөткө түшө берселе эл ишенип, баатыр ойлоп калабы?

Максимустан Штирлицке чейин
Голливуддун "Гладиатор" деген тарыхый жанрдагы киносу бар. Аталган фильмдин баш каарманы генерал Максимус дыйканчылыкты жакшы көргөн, өзгөчө буудай айдап, анан ошол талаада басканды кыялданган адам болот. Ал эми биздин Турсунбай мырзабыз да буудай талаасын өлөрчө жакшы көрөрүн билбептирбиз. Турсунбай мырзанын көчө бойлото илген жарнактарын карап олтуруп "Жаңы замандын Максимусубу?" деген да ойго кетет экенсиң. Болгону "Мен ишенем!" деген ураанына түк түшүнө албай элдин башы кыйла эле маң болду. Айрымдар "Туке ажолукка түбөлүк талапкер экенине эми ишенгенби?" дешсе, айрымдар "Бакир уулу шайлоодо баары бир талаада каларына ишенеби?" деп күмпүңдөп атышты. Кыскасы, Бакир уулунун эмнеге ишенерин эл деле толук түшүнө алышкан жок. Анан да Бакир уулуна кадимки "Штирлицтин ишенгени" бир эсе күлкүнү келтирсе, бир эсе эң арзан ролик таап алган айлакерлигине таң калгандар арбын.





"ОК" кармаган Осмонов жана генералдар армиясы
Ажолукка атсалышкандардын эң аксакалы болгон Курманбек Осмоновдун бул сүрөтүн көрүп келмең оозуңан ыргыйт. Осмонов Курманбектин баш тамгаларын өзүнчө бөлүп алып, "Окей" деген маанини бергиси келгендир. Бирок, бул жер Америка болбогондугунан улам анысы кадимки эле "ОК" дегенди түшүндүрүп калган. Ушуга маани бербеген кайран аксакал. Кичине ойлонуп койсо болмок. Ансыз да кыргыздар ырым-жырымга жакын эл. Ажо болом дегендердин бири "АТАМ" десе, бири "ОК" деп атса жүрөгүң болкулдайт экен.
Талапкерлердин дээрлигинин эки сөзүнүн бири "Өлкөдөгү тынчтык, бөлүнүүчүлүк болуп кетпөөсү, согуш оту тутанып кетпестиги үчүн жан үрөп жаткандыгы" туурасында болгону да калк катмарына анча жага берген жок.
Андан да тагдырды кара. Бу сапар ажолукка атсалышкандардын тең жарымы аскер формаларын кийип, көкүрөк-боорлоруна медаль, ордендерин шагыратып тизип алгандыктары менен айырмаланышты. Береги сүрөттөгү берендерден тышкары генералдар Өмүрбек Субаналиев, Марат Иманкулов, полковник Шамшыбек Медетбековдор да бар. Кыскасы шайлоого эмес, аскердик парадга бараткандай эле болдук.

Жалган менен чындыкка жанчылган Асанбеков
Кыргыз саясатына бурулуш жасагысы келген эки адам бар. Экөө тең качан шайлоонун жытын искешкенде тарп аңдыган таз жоруча калдактап учуп кайдандыр жетип келишет. Алардын бири айтылуу "Ак Баралы, Айт Тике", экинчиси береги сүрөттөгү "чындыкчыл" Темирбек Асанбеков. Экөө тең саркеч кийинип алышат. Сүйлөшсө тилдеринен бал тамат. Бирок, өлкө үчүн колдорунан кокон тыйын пайда чыккан эмес. Ушул экинчи каарманыбыздын да жарнактары, андагы урааны арга жок талкууга алып келди. "Кыргызстанды бир гана чындык сактап калат" деп түтөйт. Бирок, "чындыкчыл" Асанбековдун калпын калпып сузуп көрсөткөндөр күн санап көбөйүп баратат. Ал эми кол жазма менен өзгөчөлөнөм дегени да чийки болуп калган. Каллиграфия беле, айтор кол жазмаңдан мүнөзүңдү аныктаган илим бар. Ошол илимге ишенсек, ойноктотуп жана бир тарабына кыйшайтып жазган адамдан мүнөзү да түз эмес, ойноктогон, туруксуз болот экен. Демек, түшүнүктүү го.

Акылга келбес "Акылдар"
Бул сапаркы шайлоо да "хохмадан" куру калган жок. Шайлоонун "жыты буркурай" баштагандан тарта, борбордун көчөлөрүндөгү жарнактардан табышмактуу көрүнүштөр орун ала баштаган. Алсак, "Бүтөйм!", "Орнотом!", "Тартип!" деген сыяктуу сөздөрдүн катарын толуктаган "Акылга" бай учкул сөздөрдү да бир топ жерден көк түс менен көзгө илинтүүгө болор эле. Айрымдары жарнактарын шайлоого расмий старт берилгенде ачыкташты. Ал эми "Акылга" толгон көк түстүү жарнактардын ээси табылбай, шайлоо шарданында ачыкталбай да калды. Бирок, оголе акыл айткысы келген бул жарнактардын ээсинде бирөөлөрдүн алалбаган өчү барбы, айтор, Ауэзов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишине теңирден тескери мааниде "АКЫЛ" сөзүнө басым жасаган жарнактарды, акчасын да аябай, эринбей туруп илдиртип койгон. Жарнактагы жазуу берегидей, "Акылы бар, эси жок! Акчасы бар, бети жок!" Ишенбегендер аталган жерге барып кайра-кайра окуп келсеңер болот. Анык "хохма" бекен?

"Ар-Намыстан" ар тапкысы келген Анарбек мырза
"Ар-Намыстын" терисинен чыккан Анарбек Калматов биринчиден эң көрксүз жасалгаланган жарнактары менен элдин эсинде калды. Экинчиден, аталган партиясы ажырымга түшүп, эки жаат болуп эрегишип жатканда "Ар-Намысчы" эле, "Ар-Намысчы" деген роликтерин дембе-дем теледен кайталаттырып "Ар-Намыстын" ар-намысын коргоо үчүн жан алакетке түшүп аракет кылганы кызык эле болду. Калматов да жогоруда сүрөт көргөзүп тургандай орустарга жагынуу оорусунан куру калган жок. Баарынан кызыгы Анарбек Баратович "бала" болуп чыга келгендигинде болду. Дегеним, "Жаңы муундун лидери" деген урааны айла жоктон, же ылайыктуу ураан таба албай калгандыктан эле карбаластап койо койгондой таасир калтырды. Болбосо биздин өлкөдө жаңы муун деген жаштарга карата айтылып, ал эми жаштар дегенибиз отуз беш жашка чейинкилер гана экенин эске алсак, анда Анарбек мырзанын бул ураанына кай жериң менен күлөрүңдү сыйпалап таппайсың. Себеби, Анарбек мырза эки жылдан соң туура эр ортону элүүгө чыгат. Анүстүнө лидер деген артынан эл ээрчиткен, ишинде из калтырган гана адам болот. Калматов иштесе кадыресе кадрларча иштегендир. Бирок, артынан бүтүндөй бир агым элди ээрчиткен, мезгилдин кай кырдаалдары болсун ошол ээрчиген элине жол тапкан лидер болгонун мен эзели укпаптырмын.


Даярдаган Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ