Каттар, Каттар каркыралар...
Редакциябызга каттар келет. Кайдадыр канат жайып учуп бараткан каркыралардай жылуулук издеп. Өзгөчө жандүйнөнүн аялуу да, жаралуу да сезимдерине канат бүткөндөрү... Андыктан, окурмандарыбыздын канаттуу каттарына гезитибизден атайын "бөлмө" (рубрика) ачтык. Мындан ары келген каттар ошол "бөлмөсүндө" жайгашып, окурмандарына жаназык сунуп турсун деп. Эмесе кадырлуу окурман "Керегеге" кеп салып, каттарыңызды каркыралардын сабына кошуп жөнөтүп туруңуз. Сиздин Жандүйнөңүздүн сыры менен ырын, ыйын да жарыялоого "Керегенин" "Каттар, каттар каркыралар" бөлмөсү кызмат кылууга даяр


Мончок жана мен
Кайдыгерлигимден. Эринбестен фотоаппаратымды алып чыгып, керемет көрүнүштү сүрөткө тартып койбоптурмун. Сабы куураган сарымсакты жулганымда ак жиптей, тарам-тарам быжыраган тамырларынын бирөөсүнө илинип, чоктой кызыл мончок кошо чыккан. Ничке тамыры көзөгөнүнө кирип, андан нары да узара баштаптыр. Жаздабы, жайдабы кыздын моюнунан үзүлүп түшкөн мончок топуракка басылып калса керек. Ага карабай мончоктугун далилдептир.
- Махабатсыз өмүр сүрүү сага кызыксыз эмеспи?
- Эч кимди сүйбөгөндөй жүрөсүң…
- Сүйүүсүз кантип жашайсың?
- Жактырганың ким, атын айтчы?
- Көздөгөнүңдү деле билгизбейсиң…- дешип суроо узатышканда жооп бере албай кыйналып-кысталам. Жалбырттаган жаштык өтүптүр, жалтанбай жооп бере берген. Жылдар жылган сайын өзүмдү этиеттечү, коргоочу болуп алдым.
Мончоктуу-сарымсакты сүрөткө тартып (фотокадрга алып) алганымда жайнатып сүрөт кылып чыгарып, жаныма салып жүрмөк экенмин. Жанагинтип суроо салгандардын колуна унчукпастан бирден карматмакмын. Бышып, саптары ийилип куурап бараткан сарымсакты - "Бул менмин" демекмин. Ирибей-чирибей тамырына "тагылган" кызыл мончокту "Бул менин сүйүүм" -деп, эки ооз сөз менен кутулат элем. Бир жолку окуядан улам "Жеке аруу сезимим жөнүндө экинчи эч бирөөнө кеп салбаймын" деп караңгы түндө ант айтып койгон элем.
В.Б.




Күз... Жалгыздык...
Сары күз, сары бактар,
Сапсары жалбырактар…
(Күздүн качан келгенин байкабапмын!)
Таштай каттым,
Маңдайымда бизге тааныш
Зор ак кайың-
Сапсары тал!
…Ал кезде да сары жоолук салынган
Дал ушул маал…
Узатып кыял, максат, үмүтүмдү,
Жападан жалгыз калгам,
Томсоргон ушул талдай,
От болгом, күйүп-жангам…
Күйүттүн жашы тамган…
Узатып сени калгам,
Сүйүүмө канбай…танбай…
Дагы эле нечен жылдап,
Күз менен кошо келчү,
Куса бар, ыза да бар…
Күзүндө жамгыр менен боздой берчү
Жашыруун,
Ырга жөлөк бир муза бар.
Эх, сени, махабатым,
Канткенде сооротомун?
Сары оору илдет экен, сабына ырларымдын оротомун.
Эски дарт эзген жүрөк…көндүмдөй…
Ар күздө сени кайра жоготомун!
Жылдызай Исраилова


Махабаттын оюну
Муздак болбой "дүрт" деп
оттой жаналы,
Жеңе албайбыз табияттын
"амалын".
Магдыроосу дене, бойду
балкыткан,
Махабаттын оюнуна каналы!
***
Нике түнүн тоссо күйөө,
колукту,
Дал ошондой табышууга
жолуктур.
Куру сөздөн ишке өтөлү
аярлап,
Оюндан да ыракаты олуттуу!
***
Көрбөс, укпас ээн жерди
табалы,
Көз тунарып жуурулушуп
калалы…
Келгениңде дене эңсеген
жыргалдын,
Чокусунан түшпөй туруп
алалы!

Мамбеталы
Суранбаев,
Аксы аймагы,
Ак-Суу айылы





Апакем
Апакем менин көмөгүм,
Талыкпас жакын жөлөгүм.
Мээримин чачкан күн сымал,
Көрбөймүн сенден бөлөгүн.

Апакем кымбат турагым,
Алпештеп күйүп жанарым.
Алдыма даңгыр жол салган,
Асылым менин чырагым.

Мекеним
Алыска кетсем көп жылга,
Апамдай эле сагынам.
Көөнүмдөн кетпейт элесиң,
Жаралгандай канымдан.

Мактанам башка өлкөгө,
Алмашпайм алтын дегенге.
Миллиондоп акча берсе да,
Бербеймин сени бөлөккө.

Уулжан
Бейшенбекова,
Балыкчы
шаары,
9 жашта
Жүрөк ыйы
Мен киммин? Кыргыздын жапжаш үлбүрөгөн кызымын. Менде баары жетиштүү, "Сулуусуң, эстүүсүң" деп көп айтышат. Балким ошондойдурмун… Бирок, мен бактысызмын. Качандыр бир кезде бактылуу болормун. Бирок, ага чейин, жүрөгүмдүн жарааты айыкканга чейин кантем? Оо, кудай мен канткенде аны унутам?... Мен сүйгөн адам мени таштап кетти деп кантип кабагым ачык жүрө алам… Уйкусуз таттуу кыялга бөлөнгөн канча кеч текке кетти, кыялымдагы сенин ак жоолукчан келинчегиң боло албадым. Менин ордумда, мен кыялданган жоолукту салынып, сенин көшөгөңө айылдын кадырлуу адамынын кызы кирди. Ансайын жүрөгүм канталады, карапайым айдоочунун кызы болгонума ызаландым. Сага өчөшүп "Менин бир тамчы жашыман айлан" деп чыйралымыш болдум, ансайын көз жашым кургабай койду. Башкага үйлөнсөң да сенден үмүтүмдү али үзө элекмин, бир күнү баарын таштап, мага кайрылып келчүдөй жол карай берүүдөн тажабайм. Сүйөм сени дагы эле, унута алчудай эмесмин… Сенин мага шыбыраган назик сөздөрүң калп беле, неге эч нерсе айтпастан, эч нерсени түшүндүрбөстөн баса бердиң? Айтчы, кайсы жазыгым үчүн?..
Асел, 0555 67 45 ХХ