Бокс легендасы -
Джо Фрезер
Өткөн аптанын дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү бокс дүйнөсү дагы бир легендасынан айрылды. Өзүнүн укмуштай соккулары менен атаандаштарын чекеден терген Джо Фрезер алтымыш жети жаш курагында рак илдетинен каза таап, күйөрмандарын кайгыга салды. Алтургай бокс "королу" аталган Мухаммед Али Фрезердин соккусунан нокаутка түшкөнү али күнгө чейин көрүүчүлөрдүн көз алдында сакталып келет. Башка каршылаштарын чымынчалык көрбөй, ар кандай сөздөр менен жүрөк үшүн алып келген легендарлуу Али, бул кишини сыйлаарын өз учурунда билдирген. Кандай болгон күндө дагы Джо Фрезер бокс дүйнөсүнүн табылгыс мушкери катары бокс тарыхында калып, күйөрмандарынын жүрөгүндө түбөлүккө сактала бермекчи.


Джо Луис болгусу келген
Джо Фрезер
Джо Фрезер 1944-жылдын 12-январында АКШнын Түштүк Каролина штатында жарыкка келген. Үй-бүлөсүндө он бир бир туугандын кенжеси болуп, эрке бала болгон. Анын бала-чагы тууралуу маалыматтар аз. Бала кезиндеги күндөрү тууралуу басылмалардын бирине берген маалыматында Джо Фрезердин минтип айтканы бар: "Бала чакта бокс менен машыгуу сөз болмок турсун, бул тууралуу ойго да келчү эмес. Анткени ал жылдары кара терилүү адамдардын балдарынын мектепке барганынын өзү эле чоң жетишкендик болчу. Өзүңө жаккан нерсе менен машыгуу мүмкүн эмес эле. Үйдө кенжеси болгондуктан бардык туугандарым мага сый мамиле жасашчу. Көп болгондуктан ар бирибизге экиден гана көйнөк берилип, анын бирин мектепке, экинчисин көчөгө, оюнга кийчүмүн. А атам тууралуу айтсам ал биз жашаган аймактын "авторитети" болчу. Коңшу-колоңдор ортосундагы чырларды токтотуп, ар кандай маселерди чечип берчү. Өзү спирт ичимдиктерин жасап, акчаны жакшы тапкандыктан үйгө сыналгы алып келип бизди кубанткан. Кошуналардын баары биздикине келип шаршемби сайын болчу боксту үзбөй көрүшчү. Мен дагы сыналгыдагы мушкерлердин боксташканын көрүп, ошолорду туурай берчүмүн. Бир күнү эле кошуналардын бири атама, "Ушул балаң мыкты боксчу болот. Көрөсүң экинчи Джо Луис аталат"-дегени эсимде. Ал кезде Джо Луисти баары таанычу. Анан мен дагы ошол сыяктуу дүйнө чемпиону болуш үчүн болгон аракетимди баштагам".
Бирок, Джонун бокс менен машыгып кетүүсү кыйынга турган. Алгач гимнастика менен алектенип жүрүп кийинчерээк атактуу спорт менен шугулданууну чечкен. Он беш жашка толгондо Нью-Йоркко барып, спорттук карьерасын баштайт. Алгач үй шартында эле жүгөрүнү капка салып токмоктоп, муштумдарын бышырган. Чоң шаарда жашоо кыйынга тургандыктан, акча табуу үчүн Джо жумуштан жумушка секирүүгө аргасыз болот. Айрым учурларда туруктуу иш табыш үчүн атактуу боксчунун иш берчү адамдарга пара берген күндөрү да болгон. Кыйын күндөрүнүн биринде каражат табуу максатында автоунааларды уурдап, буйуртма берген кишилерден бир унаа үчүн элүү доллар сыйакы алган учурлары да катталган.
Кудайдын буйругу
Кандай болгон учурда да Джо Фрезер үчүн дүйнө чемпиону болуу биринчи орунда турчу. Ошондуктан ал жумуштан кийин спорт залга чуркап, машыгууну үзгүлтүккө учураткан эмес. Бокс сүйүүчүлөрү ортосунда өткөн беттештердин көпчүлүгүндө атаандаштарын өзүнүн сол кол соккусу менен нокаутка түшүргөн. Кийинчерээк мушкердин бул колу анын "чечүүчү соккусуна" айланган. Аз убакыттан соң ал бокс сүйүүчүлөр арасында оор салмактагы алдыңкы спортчулардын катарына кирет. Ушул жерде Джонун спорттук карьерасында чоң бурулуш болгон. Оор салмакта боксташып жүргөн Бастер Матис аттуу мушкер 1964-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алат. Аны абройлуу мелдешке узатуу алдында Американын курама командасы машыгууларды өткөзүп, ага Джо Фрезер да катышып калат. Машыгуу маалында Бастер Метис жараатка кабылып, турнирден баш тартууга мажбур болгон. Америка бокс ассоциациясынын жамааты Метистин ордуна Фрезерди жиберишкен. Дал ошол жерден Джо Фрезер атаандаштарын катарынан нокаутка жыгып, финалда Хубер аттуу немис боксчусу менен туш келген. Эки мушкердин муш алмашуусуна күбө болгон калыстар тобу жеңишти Джого ыйгарышкан. Ошентип 1964-жылкы олимпиада оюндарында бокс боюнча Американын курамасынын ичинен жалгыз алтынды легендарлуу боксчу багынткан. Кийинчерээк бул окуя тууралуу берген маектеринде Джо Фрезер: "Мен олимпиада оюндарына Метистин жараатка кабылганынан улам барган эмесмин. А Кудайдын насиби менен барып калдым. Анткени жараткан алтынга кимибиз татыктуу экенибизди билген. Жана дагы кимибиз бул багытта мыкты болорубузду көргөн. Ошондуктан ал кичинекей себеп менен гана мени ал жакка барышымды буюруп койгон" деген.
Легендалар кармашы
же Мухаммед Алиге
кезелген муштум
Олимпиада оюндарын жеңген соң Джо Фрезер, Янки Дурхама аттуу адамдын жетекчилиги астында кесиптик бокста былчылдаша баштаган. Катарынан он бир беттешин жеңип, он экинчисинде аргентиналык Оскар Бонавен менен кездешкен. Беттеш учурунда Аргентиналык мушкер эки ирет Фрезерди нокдаунга жибергенине карабастан, Джо таймаштын аягына чейин кармашкан. Жыйынтыгында калыстар тобу жеңишти Фрезерге ыроологон. 1967-жылдын аяк ченине Фрезердин беттештер тизмесинде он тогуз беттеште, он тогуз жеңиши жазылган. Бул болсо ошол кездеги боксчулардын тизмелеринин ичинен алдыңкысы болуп, рекорд жараткан. Кийинки жылдары катарынан беттештерди өткөрүп, 1970-жылы Джимми Эллисти жеңген соң дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болот. Бирок, ушул жерден Фрезерди анык легендага айланткан окуя башталат. Бул мезгилге чейин оор салмактын абсолюттук чемпиону болуп жүргөн Мухаммед Али (Али армияга кызмат өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн анын лицензиясын алып салгандыгына байланыштуу төрт жылдан бери бокска чыккан эмес) сыналгыда маек берип отурган Фрезерге чалып, түз эфирде аны беттешке чакырат. Али анык чемпион өзү экендигин айтып, Фрезерди ара жолдо капыстан чыга калган чемпион деп мазактоого өткөн. Мындайга чыдабаган Фрезер Алинин рингге кайтышы үчүн аракет жасаган. Ал ошол кездеги АКШ президенти Ричард Никсонго жолугуп, Мухаммед менен беттешиш үчүн анын лицензиясын кайтарып берүүнү өтүнгөн. Анын кебин уккан президент ошол замат Фрезердин тилегин орундаткан. Натыйжада анык чемпиондорду аныктоочу беттеш уюштурулуп, эки боксчуга тең ошол кездеги эң ири сумма деп табылган 2,5 млн. доллардан акча коюлган. 1971-жылдын 8-мартында он беш раунддук беттеште Джо Фрезер, жеңилбес Алиге биринчи жеңилүү ызасын тартуулап, анык абсолюттук чемпион экендигин далилдеген. Арадан бир жарым жыл өткөн соң Джо Фрезер Ямайкага барып Джордж Форманга титулун жулдуруп ийген.
1975-жылы кайрадан Мухаммед Али менен беттешет. Мында ийгиликтин баары Мухаммед тарапка оогон. Фрезер таймаштын он төртүнчү раундунда беттешти улантуудан баш тартып, Алиге жеңишти ыйгарган. Ал 1976-жылы бокстагы карьерасын жыйынтыктаганын жар салат. Бирок, кайра эле 1981-жылы рингге кайтууга аракет жасаган менен майнап чыккан эмес. Андан кийин ар кандай коомдук иштерге катышып, ырчы катары талантын сынап көргөн. 1994-жылы көркөм тасмалардын биринде башкы каармандын ролун жараткан. Анын бокстагы ийгиликтери даңк залынан орун алып, өчпөс из калтырган.