"Лига защита" келбеди…

О. Лайлиев мектебинин чуусу уланууда
Гезитибиздин №24 санына жарыяланган "Акча көбөйсө, ачка мугалим көбөйөбү?" деген макала чоң резонанс жаратты. Аны окуган окурмандар ар тараптан билдирүү жиберип жатышат. "Ысык-Атадагы окуяны окудум. Талас районундагы билим берүү тармагында да ушундай баш аламан иштер. Атымды атасам жумуштан айдалам" деген смс кат таластыктардын атынан келсе, О. Лайиев мектебинин директору телефон чалып, ачуусу менен "редакцияңарга адвокат жана "Лига защита" жиберем" деди. Биз эки тараптын тең оюн чагылдырууга милдетүү экенибизди, кааласа гезитке өз чындыгын берүүсүн айттым. Анан ал, "Макалада Супиргенова 30 жылдык тажрыйбасы бар деп айтылган. Такыр андай эмес. Ал болгону 18 жыл иштеген" деп ачууланат. Ал эми Лайлиев мектебинин жамааты деген сүрөттү "Ал вообще мектеп жамааты эмес, ал жерде "посторонний" кишилер бар. Сүрөт үчүн Гүлнара жооп берет!"-деп кыйкырды. Андыктан директордун ич күптүсү ичинде калбасын деп жогорку 2 нааразылыгына түшүндүрмө берип коюуну туура көрдүк:
1) Гүлнара Супиргенова 1979-жылдан тартып мугалим болуп иштейм дегенине таянып 2011-1979=32 сумма негизинде 30 жылдан ашуун иштейт деп жазгам. Макул, Г.Супиргенованын ортодогу декреттик ж.б. себептери эске алынбай калыптыр. Андай болсо, эмне экен. 30 жыл эмес, 18 жылдык тажрыйбасы бар мугалимди каалагандай калчай берсе болобу?
2) "О.Лайлиев атындагы мектептин жамааты" деген сүрөткө мындай тактама беребиз: "О. Лайлиев мектебинин мугалимдер жамааты жана директор айткандай, "Мугалим эмес, посторонний киши"-директордун күйөөсү" . Айтмакчы, директор талап кылгандай бул сүрөт үчүн жооп берүүсүн сурасак Гүлнара Супиргенова: "Кайда барса күйөөсү ээрчип алса, бизде эмне күнөө. Жалаң жамаатыбыз сүрөткө түшүп алалы, сен кошулбай тур деп кантип айтмак элек"- деген жообун берди.
Биз, директор Чекиева да өз чындыгын алып келер деп күткөнбүз. Бирок, анын ордуна, мугалимдерди бирден кабинетине чакырып, жабык эшик артында сүйлөшүптүр. Айтмакчы, мугалимдерди "Силерди гезитте маңкурттар дептир, унчукпай отура бересиңерби"-деп көкүтүп жатканын кулагыбыз чалды. Буга тактама берип коюуну чечтик. Биз балдарга билим берип жаткан мугалимдерди маңкурт деп эч качан айтпайбыз. Анын ордуна алардын ролун билген үчүн, алардын азыркы абалына кейигенибиз үчүн жетекчилер "эмгек келишимин"шылтоолоп каалагандай калчап, ооз ачырбай "маңкуртташтырып" жатканына кейигенбиз.
Директор антип атса, анын үстүнөн нааразылыгын билдирген дагы бир эже келди. Өзүн Эсенгулова Рахима Эрсаевна деп тааныштырды. Бу адам да Лайлиев мектебинде 15 жыл иштеп кеткен мугалим экен. Ал ден соолугуна байланыштуу иштебей калганын түшүндүрдү. Протез менен басуу оор болгонуна карабай директор тууралуу пикирин кошууга атайын келиптир. Ал : "Директордун сотко чуркагандан башка жумушу жокпу, анын мектептен тышкары чуусу толтура. Мисалы, менин атам Хилоса Эрсанын атына Западная көчөсүнүн аты ыйгарылганы үчүн нааразы болуп 193 адамдан каршы кол чогултуптур. Аларды тактай келгенде көзү өткөн же ал жерде жашабаган адамдардын колдору бар болуп чыкты. Атам Кең-Булуңда жалаң камыш өскөн жерди айдап, эгин талаасына айлантып, айыл чарбасын алып келген. Бей-бечараларга каралашкан. Аны билген айылдаштар атамды кадырлап атын көчөгө ыйгарууга макул болушкан. Ал эми Чекиева "Кыргыздар ушинтип отура бересиңерби"-деп чуу көтөргөн. Атам дунган болгон менен айылга мурдатан отурукташкан, эмгеги сиңген. Аны кыргыз кошуналары да баалашчу. Ал эми Чекиеванын ызы-чуу чыгарып, ал чакырган коопсуздук кызматтары "этникалык кагылыш чыгат" деп келишти. Чымындан төө жаратып, калп элди дүрбөтө бербей иштебейби" деп кейийт. Дагы бир топ нааразылыктарын айтты, аларга да кезеги келсе орун берербиз…
Анара ДЫЙКАНОВА






  Айлык көбөйдү. Билимчи...

"Тешик чакалар"
Апрель революциясынын жемиши башкаларга жетпесе дагы мектеп мугалимдери менен медициналык кызматкерлерге жеткендиги маалым. Алардын мамлекетке кылган эмгеги бааланып, айлык маяналары көтөрүлдү. Аз да болсо жылыш пайда болду. Бирок, мугалимдерибиз мамлекеттин төлөп жаткан акысын актап жатышабы ал башка маселе.

Муну менен азыркы замандын талабына ылайык мугалимдер үчүн жашоого толук шарт түзүлдү деп айтуудан алыспыз. Бирок, билим берүү системабыздагы иш-аракеттер айлык акыны көбөйтүү менен гана чектелип жаткандай. Айлык акы көбөйгөндө министр мырза айтты эле "Ноябрь айларында мугалимдердин сапаты текшерилип, сынактан өтүшөт" дегендей. Тилекке каршы баарыбыз күбө болуп жаткандай, андай иш-аракеттердин бири болуп, андан кулап калган мугалимдерди эч ким учурата элек. Же биздин мугалимдердин бардыгы талапка ылайык иштеп жатышабы?! Айлык көбөйдү, эми ишиңерде өзгөрүүлөр барбы?-деп тааныш-билиштеримен сураганда: "Мурда жазылбай жүргөн кагаздарды толуктап, толтуруп жатабыз, текшерүү келсе көрсөткөнгө"-деген жоопту алдым. Болгон жаңылануулар азырынча ушул. Биздин Билим берүү министрлигибиз буга чейин "Мектептен кетип калам" деп коркуткан же жөн гана фамилиясы жазылып жүргөн мугалимдердин жазылбай калган пландарын, кагаздарын эми айлык көтөрүлүп жатканда текшерип жаткан окшобойбу. Мектептерде азыркы мугалимдердин иштөө абалы ушундай. Анан дагы өкмөт айлыкты "кагаздарыңарды жыйыштырып алгыла" деп төлөдү беле деген суроо жаралат. Бүгүнкү күндүн көзү менен алганда көбөйгөн айлык акы дагы бир жолу өзүн актабай жатканын көрүп жатабыз. Мектеп, билим кризиси жылдан жылга тереңдеп барат. Анын далили катары учурда Кыргызстанда 30 миңге жакын баланын мектепке барбай көчөдө жүргөнү эле эмнени көрсөтүп турат. Эгер ушул темп менен бара берсек, Афганистандан эмне айырмабыз бар? Бул цифраны Отунбаева өзү атайын билдирүү менен айтып чыккан эле. Тилекке каршы президенттин сөзү билим министрине же башка тиешелүү органдарга деле таасирин бербегендей.
Илим-билим өнүгүп жатат деген коомдо мектеп, билим дегендин кадыр-баркы жок. Биз, заманыбыздан жана башка элдерден абдан чоң кадамдар менен артта калуудабыз. Бүгүн заман акчаны талап кылган күндө да, эртең акылдын, билим менен иштешүүнүн да учуру келерин унутпашыбыз керек. Анүстүнө коомдо жеке менчик мамилеси өкүм сүрүп турганда кайрадан эле сапаттуу кадрлар талап кылынат. Мектептин жалпы деңгээли түштү. Кейиштүүсү айрым ата-энелердин балдарын мектепке эмес, медреселерге берип жаткандыгы жанды кейитет. Медреселердин окуу программасы биздин жана эл аралык билим берүүнүн стандарттарына жооп береби-жокпу аны эч ким билбейт. Араб өлкөлөрү каржылап жаткан акысыз медреселерге берип коюп, ата-энелер дагы окутуу деген милдетинен кутулуп жатышат бирок, анын түбүндө эмне саясат жатканын түшүнө беришпейт. Бир айда арабча кат таанып, Куран окуп калса, балам жакшы жолго түшүп бара жаткан турбайбы дешет. Бирок мунун бардыгы улутту жок кылууга багытталган идеология экенин аңдашпайт. Башка бирөөлөрдү тагыраак айтканда башка улутту идеал кылып чоңойгон баланы кантип патриот кыласың? Алар толугу менен космополит болуп чыгып жатпайбы. Адам туулган жерисиз же мамлекети жок деле эптеп тирүүлүктү өткөрсө болот. Бирок, эң жөнөкөй мисал, улуту жок кандай адам жашайт!?
Башкасын айтпаганда да мектептин ичинде кадрдык саясат мамлекеттин башкаруу чөйрөсүндө болуп жаткан саясаттан эч айырмаланбаганы жанды кейитет. Саясаттын сасык энергиясы мектепке чейин жетип, анда профессионалдар эмес, "бывший гастарбайтерлер" менен "заочниктер" толуп алган учурлар көп. Буга чейин мугалимдерге таңсык болуп келген Кыргызстан эми миңдеген мугалимдерге кантип жумушчу орунун түзүп берет деген суроого баш оорута баштайт. Анткени кайсы мугалим Россия менен Казакстандын суугунда жүргөндү кааласын? Дагы бир себеп, акыркы 20 жыл ичинде биздин өлкөдө жер титиреп, же эскилиги жетип урап калганда гана жаңы мектеп салынып калды. Акаев заманындагы "Билим", "Жеткинчек" деген мамлекеттик билим берүү программалары акыркы кезде таптакыр жоюлду.
Коррупциянын коркунучтуу тамыры мектепте өсүп жаткандыгына маани бербей жатабыз. Ошол эле "Баламды начар окутуп жатат"-деген ата-энелер белек-бечкегин көтөрүп алып, мектепке өздөрү биринчи барышат. Чындап келгенде бала мугалимге керекпи же ата-энегеби? Коомубуздун кандай бузулганын жаш муундан көрүп жатабыз. Балдар биздин кайдыгерлигибиздин курмандыгы болууда. Бир жагынан билимге жарды болуп чыгып жатса, экинчиден тарбия, этика деген түшүнүктөн таптакыр алыс. Мектеп жашындагы балдардан кылмышкерлер көбөйүүдө, өзүн-өзү өлтүргөндөр андан көп. Мунун баары руханий жардылыктын кесепети. Жалпы эле билим системабыз абдан аксап, туташ кризиске баттык. Мен университетти бүтүп жатканда профессор эже бизди "Тешик чакалар"-деп айтчу. Анткени мектептен тешик чакадай болуп, билимибиз тайкы келет. ЖОЖго келгенде, окутуучулардын айтканын мээбиз көтөрө албай, жок болот. Ошентип, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштар ЖОЖдон дагы жарытылуу билим ала албай кайра мектепке барат. Муну кантип жок кылуу керек? Бизде советтик системадан калган жакшы нерсе бар. Ага ылайык бардык мектептерде "ата-энелер" комитети түзүлөт. Ал комитет мектеп жамааты менен бирге ошол мектептин чарбалык, окуу маселелерин башкача айтканда саясатын аныктайт. Бүгүнкү күндө сапатсыз мугалимдерди кетирүү толугу менен алардын колунан келет. Кандай гана маселе болбосун, мектептин мугалимдери ошол комитет менен иш алып барышы керек. Бирок, угушубузга караганда кээ бир мектептерде мындай комитеттер жок болсо, айрымдарында алар деле "дүжүргө" айланып кеткен. Мектеп системасын Кыргызстанда кайра оңдоп, түзүп чыгыш керек. Антпесе, мектеп деген бардык идеологиянын башатында туруп, коомго толук кандуу адамдарды чыгарып туруучу функциясынан ажырап баратат. Мамлекет тез арада чара көрбөсө, бүтүндөй бир муун маңкурттарды тарбиялап чыгышыбыз толук мүмкүн.
Элизат ТУРСУНОВА