Жакында...

Кандуу жол 2
"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынган Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган.
Жакында "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн "Кандуу жол 2" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Кандуу жол 2" китебинде 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар туурасында ошол окуялардын дээрлигине катышкан инсандын айтып берүүсү чагылдырылат. Андыктан "Кереге kg" гезитинин келерки сандарын күтүңүз. Сиз жана биз билбеген бир топ окуялардын учугу табылат.




  Күныргак

300 баланы үшүткөн ВИЧ
"Кудай алдында кокобузга дейре күнөөгө баттык"-деп, коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков айтмакчы, бүгүнкү күндүн акчадан бөлөктү көрбөй калган көрпенделери жетчү жерине жетип калды бейм. Ашмалтай доктурдун айынан азапка түшкөн 300 баланын тагдыры улуттун бетине анык көө сүйкөдү. 22-ноябрда ЖоКеде Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитети кезектеги жыйынында жабык эшик артында ВИЧ-инфекцияга чалдыккандар боюнча маселени жабык эшик артында талкуулады. Депутат Ташболот Балтабаев: "ВИЧ-инфекцияга чалдыккан балдардын энелери бетин жаап, митингдерге чыгып жатышат. Мени билип калбасын, аты-жөнүм ачыкка чыгып калбасын деп пособиелерден дагы баш тартып жатышат. Ошондуктан, бул маселени ачык талкуулаган болбойт. Биз аларды ыңгайсыз жагдайга алып келебиз"-десе, коллегасы Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңеш бөлүп берген 1,5 млн сом акчаны даректүү бөлүштүрүп берүү маселесин гана жабык эшик артында талкуулоону, ал эми калган ВИЧ-инфекциясы маселеси тууралуу ачык эле сүйлөшүүнү айтып, "Биз азыр акча маселесин эле жабык талкууласак, ал эми калган маселени ачык эле сүйлөшөлү, себеби жылдан жылга ВИЧ-инфекцияга чалдыккан адамдар көбөйүүдө, бул жугуштуу оорулар менен ооруган адамдарга жардам көрсөтүлбөй жатат. Азыр 300дөй бала ВИЧ-инфекциясы менен ооруп жатышат" деп чырылдады. Мына тозоктун кыл арканы. Эми кантип өттүк?

"Кереге-ПРЕСС"