"Качпайм" дейби?

Атамбаев антты Кудайга бермей болду!
Кыргызстандын тарыхында төртүнчү президент ант берүү алдында турат. Жаңы президенттин ант берүү аземи 1-декабрда өткөрүлмөй болду. Буга чейин деле Акаев, Бакиевдер бир эмес эки жолудан ант берип, бирок анттагы айтылган сөздөрдү аткарышкан жок. Аларды ант уруп, Кыргызстанга келгис да болуп калышты.

"Ант урсун" деп коёт кыргызда. Бул сөз Кудай урсун деген сөздөр менен теңата айтылып келген. Кыргыз элинде "ант" деген сөз адамдын тулку-боюн титиреткен сөздөрдүн катарына кирген. "Ант берүү", "ант алуу" дегендин өзү ыйык милдет катары эсептелинген. Антты бузган адам - "мындай берене менен жазаланат" деген мыйзам жок болсо да, эл ичинде жазадан дагы оор жаза - адам катарынан чыгаруу болгон. Антты бузуу - бул бүтүндөй бир элдин, бир улуттун намысына шек келтирген нерсе катары кабылданган. Антты бузган адам өзүнө чейинки жети атасына, өзүнөн кийинки жети муунуна чейин каргыш алып, жалпы уруусуна шек келтирген. Андай адамдар киши катарынан чыгып, "ант бузар" аталып, укум-тукумунун кадыры кыркылып, калк арасынан сый көргөн эмес. Мисалы, Манас атабыз: "Эгерде айтканымды аткарбасам, сөзүмө турбасам, анда төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун" деген. "Манастан" кийинки эле руханий мурастарыбызды аңтара берсек, анда ант берүү тууралуу бир нече учурларды кездештирсек болот. Ант берүү бул бир адамдын кызыкчылыгында эмес, бүтүндөй эл-журттун тагдырын чечкен учурда айтылгандыктан жоопкерчилиги абдан жогору. Ант берип жаткан адамдын дагы, ант алып жаткандардын дагы алдында бирдей милдет коюлат. Эгер ант берип жаткан адам сөзүнө турбай, айтканынан артка кайтса анда, анын антын алгандар анттын шарттарын түшүндүрүп, анын ишин көзөмөлгө алыш керек. Азыр ант берүүнүн дагы шарттары өзгөрүлүп, баштапкы маанисин жоготту. Өзгөчө капитализмдин кириши менен адамдардын ортосундагы мамиле акча менен бааланып, адамдык нарк акчанын алдында калды. Көчмөн кыргыз коому отурукташкан жашоого өтүп, 21-кылымда жашап жатып өзүбүздүн каныбызга сиңген адат-нарктан баш тартып, баш тартпасак дагы аларды формалдуу нерсе катары кабыл алып, маңызын жоготтук. Эгерде биздин ата-бабалар тээ байыртан бери ант берип келсе, ал эми ант берүүнүн башаты деп азыркы өнүккөн коом аталган өлкөлөр 18-кылымдын акырында гана киргизип отурушат. "Инаугурация" деген сөздүн сырткы формасы гана башка болбосо, ал биздин "ант" деген сөзүбүздөн эч айырмаланбайт, болгону дүйнөлөшүү шартында ал комплекстүү ант берүү аземин өткөрүү салтанаты катарында кабылданып калды.
Жогоруда айтып өткөндөй, антташкан шартта ант берүүчүдөй эле, ант алган элдин, бийлик чөйрөсүнүн дагы милдеттери аткарылышы шарт. Биздин эки мамлекет башчыбыздын качып кетишин, бир гана өздөрүн күнөөлүү деп, айткан сөздөрүнө турушкан жок деп келебиз. Ошондо (Акаев менен Бакиев ант берип жатканда) алар ант берип жатканда филармония менен Ак үйдүн жыйындар залынын алдыңкы катарында тизилип отурган, аттуу-баштуу аксакалдар менен бийликтеги элитабыз деген адамдар эмне үчүн кийин ант бузулуп жатканда унчукпай олтурушту?! Ошол жерде бардыгы антты угушкан, бирок, тилекке каршы кийин бир сөз айта алышкан жок. Эгер бул тарабынан алганда бакиевдер да, акаевдер да ошол учурдун, ошол чөйрөнүн курмандыгы болушту. Ант берүүнүн мааниси жөн гана бийлик бутактарынын жана 5 миллион элдин алдында чыгып сүйлөп коюшта эмес болуш керек.
Президент буга чейинки ата-бабаларыбыздын арбагынын алдында да, кийинки муундардын алдында дагы антын берет, сөзүн берет. 30-октябрда шайланган кыргыздын жаңы президентинин ант берүүсү мурункуларга караганда шаан-шөкөтсүз өткөрүлөт деп жатышат уюштуруучулар. Ал эми коомчулуктун көңүл чордонунда президент айта турган анттын тексти кызыгууну жаратууда. Буга чейинки президенттердин ант берүүсүндө ал анттын текстине деле анчалык көңүл бурулган эмес эле. Эми минтип, бардыгы анттын текстинен кетип жаткансып, абдан катуу талкууга алдык.
(Уландысы 4-бетте)




  Соболтөр

Атамбаев президенттик анттын текстине "Кудай алдында ант берем" деген өзгөртүү кийирди. Бул багытта сиздин пикириңиз?

Бекен Назаралиев,
журналист:
- Ар бир президент келген сайын антты оңдоп, кошумча-алымча кыла бергени туура эмес. Атамбаевдин "Кудай алдында ант берем" деген өзгөртүүсү эле баарын жолго салып өзгөртүп жиберери күмөн. Алмазбек Атамбаев Кудайды кошуп көп сүйлөйт. Намазга жыгылган учурлары бар. Негизи эле бизде Кудайлап сүйлөгөн молдокелер арбын. Бирок, "Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы табылыптыр" дегендей, алардын кылган-эткендерин угуп эле жүрбөйбүзбү. Азыр антты өзгөртөбүз десе, андан кийин тууну, гимнди өзгөртөбүз деп чыгышат. Учурда алардан маанилүү, алардан зарыл толтура маселе турат. Кандай ант берген күндө да, баары президенттин жасаган ишине байланыштуу болот.


Марс Сариев,
саясат таануучу:
- Алмазбек Атамбаевдин бул кадамы саясий жактан алганда туура эместей көрүнөт. Бирок, бир жагынан тарыхка кылчая кетүүбүз керек. Мурдакы экс-президенттер элди тоотпой, Кудайдан коркпой мамлекетти кандай кыйроого учуратып кетишти. Андыктан, азыркы абалыбыз менен баа берчү болсок "Кудай алдында ант берем" дегени туура эле болчудай. Эгер, бизде Европадагыдай цивилизация өнүгүп кеткен болсо, анда туура эмес көрүнмөк. Бирок, Кыргызстандын азыркы абалында, эл эч кимге ишенбей тынчсызданып турганда "Кудай алдында ант берүү" кадамы эч кимге өөн учурабайт. Тескерисинче, ишеним берет десек болот. Башкысы, өлкө башчысы эл алдында, кудай алдында берген сөзүнө туруп таза иштөөсү кажет.


Эдил Байсалов,
"Айкөл Эл"
партиясынын
жетекчиси:
- Бизде саясатчылар арасында мистикалык көз караш күчтүү. Бул ирет да президент болгонун "эл шайлады" дебей, "Кудай берди" деп жоруп жатышкансыйт. Биз демократиялык өлкө болгон соң, мамлекеттик саясатка динди аралаштыруу туура эмес. Бул маселе мени абдан тынчсыздандырат. Кудай жеке адамдын дилинде, жеке жашоосунда, үй-бүлөсүндө болуусу керек. Мамлекетте болсо башкы нерсе МЫЙЗАМ. Алмаз Шаршенович болобу, же башкасы болобу конституцияны динге аралаштырбоосу керек. Жеке жашоосунда Кудайлап, аянттарда намазга жыгылуусу өз эрки. Бирок, мамлекет башчысы катары саясат менен динди аралаштырбоосу зарыл. Эл шайлаган соң президенттик антын "Эл алдында" элге берүүсү керек.


Рыскелди
Момбеков, мамтил
комиссиясынын
төрагасы:
- Атамбаевдин бул кадамы эң туура болду. Бийликтегилер кудайдан коркпосо болбой калды. Анын айт күндөрдө эл менен чогуу аянтта намазга жыгылганын, Куран окуганын туура көрбөй, ар кандай кептерди чыгарып жатышат. Бирок, менин оюмча анын эч кандай терс тарабы жок. Россия жетекчилери Путин, Медведев деле чиркөөгө барып сыйынып жүрүшөт. Аны эрөөн алган эч ким жок. Учурда, Атамбаевдин "Кудай алдында ант берем" деп өзгөртүү киргизгени туура болду. Андан "диндешип кетти" деп чуу чыгарып саясат жасоонун кереги жок. Тескерисинче, Кудайды оозанып ант берген адам жамандыкка барбайт. Бул таза иштөөгө негиз болуп берет. Президент элден, кудайдан коркуп иштөөсү зарыл.


Катя Урумканова,
КТРКнын
экс-жетекчиси:
- Президенттик антты өзгөртүүнүн зарылчылыгы деле жок болчу. Анда Өкмөттүн "мамлекетти цивилизациялык нукка бурабыз, ушул жол менен өнүгөбүз" деп уран таштап, ага ылайык конституция кабыл алганы кайсы... Кыргызстан башмыйзам боюнча "динден тышкары" мамлекеттик башкарууда. Бирок, акыркы учурларда бийлик башчылары дин менен саясатты чаташтырып жаткандай туюлат. Эгер, президенттик антка өзгөртүү киргизүү ушунчалык эле зарыл болсо, анда алгач конституцияны өзгөртүү кажет. Андан кийин гана кандайдыр бир өзгөртүүлөргө бара алышат. Азыркы президенттик антка өзгөртүү кийирип жатышканын туура көргөн жокмун. Бул "Кыргызстан диний мамлекетке айланып бараткандай таасир калтырууда" дегендери тегин эмес.


Даярдаган Анара ДЫЙКАНОВА