"Локомотивдериң" эми кылчайбайт го…

Баатырбек Исмаилов:
"Атамбаевди кыйшайса түзөп турчу жалгыз гана Улуу Курултай"
- Батырбек мырза, ишемби күнү өткөн Улуу Курултай канчанчы болуп эсепке кирет?
- Бул Бакиевдер өткөргөн курултайга эч тиешеси жок. 9-10-сентябрда Улуу Курултайдын биринчиси болуп анын уландысы катары кечээки курултайды белгилесек болот. Дубандарда өтүп, андан соң Ош-Бишкек шаарларында өткөрүлүп, жыйынтыгын ишемби күнү Спорт ордосунда чыгардык. Бийлик бутактарынын бардык өкүлдөрүнө чакыруу бергенбиз, тилекке каршы Өкмөттүн аппарат башчысынан башка өкүл келбеди. Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да колдоп, ал тургай спикер Ахматбек Келдибеков уюштуруу иштерине деп эки жүз миң сом каражат берди.
- Сиздердин негизги максат Курултайды баш мыйзамга киргизүү да. Биринчи Курултайга Өкмөт тарабынан эч кандай көңүл бурулбады. Ал эми экинчи Курултайга канчалык деңгээлде ишеним артасыңар?
- Туура, биздин түпкү максатыбыз Улуу Курултайды баш мыйзамга киргизип, бийлик үстүнөн жүргүзүлүп жаткан алешемдиктерге жол бербөө. Болбосо ар бир бийлик бутагы кайдагы бир коомдук байкоо кеңеши дегенди түзүп алып, ал жерге өз адамдарын алып келүү менен жең ичинен кайрадан эле коррупцияга жол берип жаткан фактылар бар.
- Улуу Курултайдын классикалык формасында парламент тургандан кийин бул институттун канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар?
Биз чынында Батыштын баш мыйзамын көчүрүп алып эле элдин башын айлантып жатышкандарын көрдүк да. Ал эмес парламент бүгүнкү күнү элдин кызыкчылыгы үчүн же бийлик бутактарын толук көзөмөлдөгөнгө кудуретсиз экенин баарыбыз эле байкап жатпайбызбы. Партиялык система деп коюп, өлкөнүн маанилүү тармактарын, жада калса массалык маалымат каражаттарына чейин устукан бөлгөнсүп бөлүп алышпадыбы. Анан кантип булар бири бирин көзөмөлдөйт? Эч кимисинде жоопкерчилик болбой жатат.
- Улуу Курултай коомдук уюм катары эле бийликке өз сунуш максаттарын бере турган уюм катары калып, башмыйзамга киргизбей койсо эмне болот?
- Азыркы Текебаев жазган баш мыйзамдын 52-беренесинде "Курултайлар өтөт, сунуштарын берет"-деп так жазылып турат. Бирок, бүдөмүк маселенин башы бул болуп, курултай өтө берсин, сунушун, максатын жазсын, биз аны карайбызбы карабайбызбы өзүбүз билебиз дегенде болуп жатпайбы.
- Бийликтин мындай тоң моюндугуна караганда балким курултайлар өз деңгээлине жетпей калып жатса керек?
- Азыр жаш балага деле белгилүү. Мына Атамбаев бийликке келери менен элди сөз менен жыргата баштады. "Оңдойм, жыргатам"-деп жатат. Кудай тилегин берсин, бирок азыркы командасы менен мындай аруу тилектин ишке ашышы кыйын. Анткени биз басып өткөн тарыхыбыздан улам көрдүк. Бир эмес эки ажо качты. Аны качыргандар болсо эми Атамбаевдин тегерегинде. Алар буга чейин кылгандарын Атамбаевге кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан Атамбаевди кыйшайса түзөп, жаза басса таяп, ишинин ийгилигин айтып, туура эмесин бетине чаап турчу бул жалгыз гана Улуу Курултай. Болбосо, азыр анын командасыбыз дегендердин көбү коррупцияга чалдыгып, соттордо, бийликте көз будамайламай мурдагыдан да күчөп кетти. Мен эл менен бийлик ортосундагы балансты жалгыз гана ушу курултайдан көрүп, элдин муң зарын бийликке жеткире турган орган дегим келет.
- Делегаттар кандай критерий менен тандалат?
- Мурдагыдай бийликтин көзүн карагандар эмес жалаң карапайым калктын ичинен тандалган өкүлдөр Айылдык Кеңеш депутаттарынын катышуусу менен тандалып шайланат. Кошумчалап кетчү нерсе эсиңиздерде болсо, Бакиев да ушу Курултайды баш мыйзамга киргизем деп элди алдап отуруп бийликке келген.
- Азыркыларчы?
- Эгерде Атамбаев Улуу Курултайды баш мыйзамга киргизсе анда тарыхта жакшы ат менен калчу ажо боло алат. Топчубек Тургуналиев, Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаевдер бир эмес эки революциянын тең локомотиви болуп, баштарын канжыгага байлоо менен чындык үчүн күрөшкөн адамдар. Булардын эмгегин унутпашыбыз керек. Бирок, булар да бийликке Курултай өткөрүп жүрүп келишкен. Ошондуктан менин терең ишенимимде бул адамдар Курултайдын маани маңызын терең түшүнүп аны баш мыйзамга киргизет деген ойдомун.
Нургүл ИБРАЕВА




  Ак үй артында

Ак терек, көк терек башталды…
Ушундай болмок. Коалицияны таратуу үчүн эң биринчи спикерлик орунду улак тартышка айлантмак. Парламенттин азыркы ара бөк абалы акыры барып көп чырдын башын чыгаруусу турулуу болчу. Төрага Ахматбек Келдибековго болгон ар тараптуу асылуулар акыры келип анын ордуна кудалангандардын оюнуна айланышы коомчулуктун кулагын түрдүрүп, саясат бутасына айланып отурат.

"Чыр эмнеден чыкты, атаңдын башынан чыкты" демекчи, ызы-чуунун башы анчалык деле республикалык мааниге ээ эмес, өзгөчө экономикалык мааниси жок "kg" номерлерин берүүдөн чыгышы Келдибековго өзгөчө компрамат таппай калышынын негизи болду көрүнөт. Туура, буга чейин аталган атайын номурлар ар бир спикердин тушунда берилип келген. Ал тургай үй-бүлөсүн атайын ташуу үчүн бир машине бөлүнүп, ага ылайык Жогорку Кеңештин токтомунда каралган атайын номер берилчү. Бул жагында маселе жок. Болбосо ошол эле ЖКнын автопаркындагы нөөмөттөгү машинелердин да ошондой номерлери болгон. Коомдук кеңешчилерге жана төрага жардамчыларына гана берилип кеткен номерлер күдүк туудурбаса калганы анчалык деле мааниге ээ эмес эле. Ушу жерден төрага Ахматбек Келдибеков эң туура айтты. "Келгиле анда баарыбыз бул номерлерден баш тартып "аа" дейли же машинелерибизге Ашматтыкы же Ташматтыкы деген номерлерге өтөлү" дейт. Туура сөз. Бул көтөрүлгөн маселеге эң биринчи эле ошол сайрап жаткандардын каршы турары да белгилүү. Анткени депутаттын атрибуту сыяктуу эле номер да алар үчүн символ. Ошол эле учурда депутаттар менен гана министрлер, өкмөт башы, конституциялык палата башчысы, президент гана мындай номерге ээ болсун дегендер да саясий оюндун аркасы менен ары жакты көрө албай жатышат. Анткени президенттик аппараттын жетектөөчү адистери, Коргоо кеңешинин төрагасы, жана башка ушу сыяктуу конституцияда көргөзүлгөн чиновниктер менен министрлер бирдей эле кызмат аткарат жана ошондой эле укукка ээ.
Ал эми ЖКнын бюджетин ашыкча колдонуп көп коротуп жатасың деп айрым депутаттардын айтып чыгышы бул бери дегенде күлкү келерлик окуя. Анткени өз бюджеттерин депутаттар өздөрү бекитишет, жана ал акчаны жалгыз төрага эмес жалпылап коротушат. Чет өлкөгө командировкалар, шайлоочулар менен жолугушууларга баары тең ЖКы казынасынан каржыланат. Ал эми ар бир депутатка корогон концеляриялык иш кагаздар же телефондук сүйлөшүүлөр баарына тегиз. Ал тургай жардамчыларын да өздөрү токтом токуп кызматка алышып алардын айлыгын да жалпы депутаттар бекитишкен. Эми эстерине келгенсип бир жылдан соң кыйкырып жатышкандары апенди бактын башына чыгып араа менен астын таарыгандай эле айласыз жылмаюуну жаратат.
Маселе башкада. Жогоруда айтып өткөндөй спикерлик орун башкага шайлоо алдында устуканга тартылып кетип, ал коалиция кулаар астында саясий жаңжалдын башаты болгонунда. Болгондо да "жоо сырттан келбей, ичтен чыгып" "Ата Журт" ич ара ыркырашып фракция башчысы менен спикердин ортосундагы шайлоо алдындагы жарака ачыкталып, бүгүн апогейине жетип турганы. Алар эки жаат болуп Келдибековчулар спикерди колдоп, Ташиевчи, Түлеевчилер "Бул жерде эч кандай кара пиар жок, болгону эле спикердин мыйзам бузууларын айтып жатабыз"-деп коомчулук менен ачакей-жумакей ойноп жаткандарын башка саясий күчтөр канагаттануу менен пайдаланышып, ага өз командаларын кошуп жатышат. АША президент болуп келген соң ага жакын болуу үчүн таасир талашып, Ташиев менен Келдибековдун коомчулукка белгисиз оюндарынын азыр чети чыга баштады. Маселен спикерлик орунда калыш үчүн Келдибеков биринчи болуп шайлоону таанып, калган кандидаттарды элештирүүгө өтө жан үрөсө, Ташиев "Ата-журтчулардын" атынан барып жогорку кызматты ээлегенге ашыгууда. Анткени ал да шайлоону таанып, митингге чыккан тарапташтарын таратып, бүгүн болсо "Биз коалицияга киргенге даярбыз"-ырын ырдай баштады. Кечээ эле "Өкмөт кетсин, коалициядан чыгам"-деп саат сайын жер тепкилеген фракция лидеринин бүгүн эки жээкте ийгиликтүү ойноп, бир кездеги досу, азыр саламдашпай калган спикерди кызматынан четтетүү үчүн бута болуп бериши бери жактагы төрт фракцияга майдай жагып, Келдибековдон төө матек алып жатышат. Өзгөчө буга чейин сүйлөбөгөн башка фракция депутаттарынын булбул болуп чыга келиши мындан башка логикага түртпөйт. Мындай учур келбеспи деп күтүп жүргөн айрым телеканалдарга кудай берип салганын ушундан билиңиз, бир берген кабарын күн алыс кайталашууда. Саясат деген ушу экен деп баарына баш чайкап кетип калчу Келдибеков эмес экенин далилдегенге өзүнчө топ түзүлүп, "үч коргондон" көрүшөрбүз дегендер азыр коргонууга өтүп жатышат. Демек оюн алдыда.
Айдар САРМАТОВ