Бейнең бейиш төрүндө

Императордун белегине айланган "Бүркүтчөн кыргыз"
Кыргызстан дүйнө боюнча эң көп эстеликтерди тургузган өлкөлөрдүн катарына кирет болушу керек. Бир жагынан алганда тарыхый инсандарыбызга таазим иретинде эстеликтердин орнотулушу кийинки муундарга таалим-тарбиядыр. Быйылкы эстелик тургузуу иштери шайлоого дал келип, ал эстеликтер үгүт-чара мүнөзгө айланып кеткенсиди. Эстелик демекчи, ата-бабабыздын айкели тээ, батышта да тургузулуп, бүгүнкү күнгө чейин бар.

Советтик идеологияны таратуунун бир белгиси - бул бардык союздук өлкөлөрдө коммунизмди куруучулардын эстелигин тургузуу болгон. Анын илебин бүгүнкү күндө да мурдагы башка союздук өлкөлөр сыяктуу Кыргызстандан көрсөк болот. Ал эми ата-бабаларыбыздын тарыхына кайрылсак, азыркыдай батыш тибиндеги эстеликтер тургузулбаса да, көчмөн коомго таандык таш эстеликтердин болгондугун билебиз. Жалпысынан алганда, Кыргызстандагы тургузулган эстеликтер батыш ыкмасы менен совет доорунан тартып жасала баштаган. Ал эми кыргыздардын башка жактагы эстеликтерин санай турган болсок, алардын саны бештен ашпайт. Алардын ичинен эң белгилүүсү Түркиянын Изнек шаарындагы белгисиз кыргыз баатырынын айкели. Ошондой эле кыргыздын дагы бир белгисиз баатырына арналган эстеликтин Францияда тургузулганын көпчүлүк биле бербесе керек. Франциянын Ментон шаарындагы ботаникалык бакчага тургузулган бул скульптура көптөгөн кызыгууну жаратып келет. Бул айкелдин автору Евгений Александрович Лансер 1848-1886-жылдары жашап өткөн. Е.Лансер наполеондук солдаттын небереси, теги француз. Анын атасы 1812-жылы Наполеон менен Россияны басып киргендеги согушта Россияда калып калган. Евгений Лансер Россиядагы белгилүү скульптор болгон. Ал ошол кездеги орус аристократтары менен чиновниктеринин кабинеттерин, сарайларын кооздогон адам катары таанылып, кийин бүтүндөй Европага аты чыккан өзгөчө талант аталган. Лансердин тубаса талантын анын жасаган эмгектеринен байкоого болот. Алсак, 38 жылдык кыска өмүрүндө 400 скульптуралык чыгарманы ийнине жеткире жасаган. Жараткандын буйругу менен ушундай зор талант кыргыздын дагы бейнесин чагылдырууга жетишкендигин өзгөчө белгилөө керек. Таланттуу адам чыгарманы изденүү менен жаратат эмеспи. Лансер дагы өзү жашаган зор империяны кыдырып, өзүнө керектүү каармандарды, фондду издеген. Бир жагынан жер кыдырып саякат кылуу үчүн, экинчиден чыгармачылык эргүү алуу үчүн империянын түштүк аймактарын, Түндүк Кавказды, Орто Азия элдерин кыдырып чыккан. Анын эң мыкты зор көлөмдөгү эки эмгегинин бири "Бүркүтчөн кыргыз" аттуу скульптуралык чыгармасы. Бул скульптуралык эмгек айкелдик шедевр катары таанылып, орус императору Александр III-тарабынан Францияга берилген белек болгон. Бул скульптураны жасоодо автор кыргыздар менен канчалык тааныш болгондугу белгисиз бирок ошентсе да автор кыргыздын жан дүйнөсүн, кыргыздын табиятын түшүнгөн адам болгондугунда шек жок. Скульптурада атка минген белгисиз кыргыз бир колуна бүркүттү кондуруп, алдыга умтулуп бара жатканы жана анын образына алдыга карай жүткүнгөн аргымактын дагы бейнеси кошулуп, өзгөчө таасир калтырат. Эстелик бир караган адамга жөн гана көчмөн коомдогу колуна бүркүт кармаган адамдай көрүнөт. Бирок, анын ички табиятына үңүлсөк, өтө терең. Анткени бул образ жалпы адамдар көксөгөн эркиндиктин белгиси, ошондой эле эрктүүлүк менен баатырдык, шамдагайлык, адам менен табияттын шайкештигин чагылдырган образ. Бекеринен скульптор бул эмгекти жаратпагандыр, бекеринен император белекке бербегендир жана тегин жерден француздар кыргыздын бул монументин бүгүнкү күнгө чейин бузбай сактап келбеген чыгар.
Чыныгы чеберлер карапайым адамдын бейнеси аркылуу бүтүндөй адамдар көксөгөн баалуулукту бере алышат. Ал эми биздин айталы дегенибиз, дүйнөгө белгилүү Манас атабызга тургузулган акыркы кездеги айкелдерди карасак, эң эле элементардык геометриялык жана анатомиялык мыйзамдар сакталган эмес. Бул искусство изилдөөчүгө эмес, жөнөкөй адамдардын көзүнө илинип жатканы өкүнүчтүү...

Элизат ТУРСУНОВА




  Жерден жерден жер улук

Санжар Мочоев, Кипр студенти:
"Кипрге кыргыз диаспорасы керек"
Бул рубрика аркылуу чет жерде жүргөн кыргыздарды кепке тартып, башка мамлекет, улуттардын өзгөчөлүгүнө, жашоо-шарттарына, ошондой эле, ал жактагы кыргыздардын абалына сереп салып келебиз. Бул ирет коногубуз Кипр мамлекетинде окуп келген Санжар Мочоев.

- Санжар, Кипр тууралуу айтсаңыз, бул арал алгач барганыңызда сизге кандай таасир калтырды?
- 2006-жылы Кипрдеги Америка Университетине өттүк. Кыргызстандан 4 бала (экөө Бишкектен, бирөө Караколдон, бирөө Оштон) барганбыз. Кипрге конорубуз менен кооз табияты көзгө урунду. Деңиз менен курчалган анчалык чоң эмес арал. Туризм менен өнүккөндүктөн баары туристтерди тартууга ылайык кооз курулган. Бизди жергиликтүү эл абдан жылуу кабыл алышты. Кипр дегенде Греция, грек эли эске келет эмеспи. Түштүк тарабын Грецияга, түндүк тарабын Турцияга кошуп жүргөндөр бар. Жергиликтүү эл көбүнчө кипр түрктөрү, гректер. Түндүк Кипрдин калкы 200 миңден ашуун, б.а. көп эмес. Ал эми аскердик базасында 50 миңдей аскери жана 10 миңдей офицери бар.
- Айыл-чарбасы кандай, малчылык, дыйканчылык менен алектенгендери барбы?
- Кипр туризм жолу менен өнүгөт. Казинолору көп. Мейманкана, туркызматтары абдан өнүккөн. Бирок, мал чарбачылыгы өнүккөн эмес. Мен канча жыл жүрсөм да Кипрден бирин-серин жылкы көрүп калганым болбосо, башка мал-жандыкты байкай албадым. Ал жылкыларды да туристтерди сейилдетүү, оюн куруу максатында пайдаланышат. Мал чарбачылыгына анчалык шарт жок. Андыктан, эт азыктары өтө кымбат. Дыйканчылык деле анчалык өнүкпөгөн. Негизинен цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт.
- Кипрде кыргыздар көппү, алар кандай шартта иштешет?
- Кыргыздардын саны жыл сайын өсүп жатат. Окуп жүргөндөрү бар, иштөө үчүн баргандар көп. Негизинен, казинолордо, туристтик борборлордо иштешет. Айлык акысы 1200 доллардан жогору болот. Ал эми студенттер күнүнө 40-50 долардай иштеп таап алса болот. Бул акча 2-3 күндүк тамак-ашка жетет. Андыктан каржы кыйынчылыгын көп тартышпайт. Кыргыздардын негизги эле көйгөйү - Кипрде Кыргызстандын кандайдыр өкүлчүлүгү, диаспорасы жоктугунда. Документтерге байланыштуу маселелер чыгып калса, биз Кыргызстанга туугандар аркылуу кайрылып, бул маселелерди чечүүгө мажбур болобуз. Жалгыз эле документке байланыштуу эмес, кыргыздардын укуктук ж.б. маселелерин коргоп берчү, чечип берчү кыргыз уюму ачылса жакшы болмок. Бирок, кыргыздардын башын бириктирип, уюштуруп турган атайын диаспора болбосо да, бардык кыргыздар өз алдыбызча байланыш куруп, ынтымактабыз. Кипрдеги кыргыздар чогулуп Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн майрамдап турабыз.
- Бизде казино десе эле криминалдар кошо эске келет эмеспи, казинолордо иштеген кыргыздардын коопсуздугу тууралуу биле алдыңбы?
- Кипрде казино канчалык көп болгон менен криминал анчалык баш көтөргөн эмес. Казинолор үчүн атайын мыйзам кабыл алышкан. Ал жакка жергиликтүү карапайым элдин жана студенттердин ойноосуна тыюу салынган. Эгер, иштейм десең жол ачык, бирок, кумар оюндарына катыштырышпайт. Буга жол берген казинолорду жаап же чоң айып төлөтүүгө чейин барышат. Ал эми коопсуздук тууралуу айтсак… мындан тынчсызданбай койсо деле болот.
- Россияда жүргөн мекендештерибизди "черныйлар" деп теңине албай мамиле жасагандарын угуп калабыз. Кипрдеги кыргыздарды кандай тергейт?
- Кипр эли бой көтөрүп, бизди өгөйлөгөнүн байкай албадым. Жылуу кабыл алышат, жакшы мамиле жасашат. Ал эми жумушка кабыл алууда албетте кыйынчылыктар жаралбай койбойт. Жалгыз кыргыздар эмес, башка улуттар, атүгүл жергиликтүү элдин өзү үчүн да ишке орношуу кыйын. Алгач келгенде бүт эле кыргыздар бир топ эле түйшүк тартат. Кыргызстандан Кипрге түз эле учуп жетүү мүмкүн эмес. Стамбулга конуп, ал жерде эң аз 2 саат же андан көп убакыт күтүп отуруп анан гана Кипрге учушат. Келген соң 90 күн ичинде же окууга, же жумушка орношуп алууга үлгүрүү керек. Визаны ошого жараша (окуган, иштеген жер тастыкталган соң) бир жылга узартып беришет. Андан кийин кыргыздар өз жеринде жүргөндөй эле эркин жүрө алышат. Полициялары да баса калып текшерүүгө ала беришпейт. Баары урмат менен мамиле кылышат.
Анара ДЫЙКАНОВА