Эл сурак!

Эсепсиз суроо элде бар
Урматтуу калайык-калк! Көйгөйгө көмүлгөн замана улам татаалдашпаса, оңолгон жери жок. Анткени бийликке ким келсе да элди экинчи орунга калтырып, өз арбайын гана согууда. Элди чындап аралап, карапайым адамдардын арманын уккан эч ким жок. Арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондору жашыруун эмес. Андыктан элдин арыз-арманын гезит аркылуу болсо да дарегине жеткирүүгө белсендик. Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз же нааразылыгыңыз болсо "Эл сурак" рубрикасына кайрылыңыз. Байланыш номуру 0773 34 07 62. Ал эми собол жолдонгон тарап эл тарабынан берилген суроолорго чычалабай чындык жообун берип коюуга чакырабыз.


Жогорку Кеңештин төрагасы
Ахматбек Келдибековго
Көп кабат үйлөр сиздикиби?
- Учурда элдин эң актуалдуу көйгөйү турак-жай экени баарына маалым. Өзүнүн үй жайы жок, бала-бакырасы менен батирден батирге көчүп эптеп жашап жүргөндөрдүн саны улам артпаса, азайган жери жок. Үйлөрдүн баасы асман чапчыгандыктан сатып алуу ар кимдин колунан келе бербейт. Ал эми жеңилдетилген ипотекалык шарттар, же башка жолдор менен жарандарын үй менен камсыздоону мамлекет толук кандуу жүзөгө ашыра албай жатат. Ошол эле учурда кабат-кабат кооз үйлөрдү салып, сатыкка коюп жаткан байлардын да саны арбыды. Албетте, шаарды көркүнө чыгарган бул курулуштар жаман эмес жана аны сатып алууну каалагандар да көбөйүүдө. Ушундай кооз, көп кабат үйлөрдүн айрымдары (Совет-Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу, сары түстөгү 2 үй) Ахматбек Келдибековго таандык дешет. Муну үй сатып алууну каалагандардан уктук. Урматуу Ахматбек Келдибекович, бул чындыкка жатабы, ал үйлөрдүн ээси сизсизби? Бул суроого кайдыгер карабай жооп бересиз деп ишенебиз!
Ахунбай Кошоев, Бишкек шаары




КРнын Билим берүү министринин орун басары Гүлжигит Сооронкуловго
Теледе калп сүйлөйсүзбү?
Жаңы өкмөт мугалимдердин маянасын арттырганы чоң секирик болду. Жетекчилер элге тик карап, бак-бак сүйлөп "Биз маянаңарды көтөрүп койдук"-деп сөзү өтүмдүү болуп калды. Анын катарында Билим берүү министрлигинин да аброю көтөрүлдү. Бирок, ошо маянасын эле көтөрүп койгондоруна корстон болуп мугалимдердин биротоло "башына чыгып" алгандай көрүнүштөр байкалууда. Албетте, бул кадамдар көшөгө артында калып, эл алдында болсо "Мугалимдерди жыргатып жатабыз"-деп эле жар салынып жатат. Ага бир мисал, урматтуу Гүлжигит мырза сиздин теледе "Биз жаш мугалимдерди тартып жатабыз. Аларды жумушка тартуу үчүн бардык шарттарды түзүүдөбүз" деп мугалимдерди кантип "эркелетип" жатканыңарды айткансыз. Ага, миңдеген көрүүчүлөр күбө. Бирок, угушумча, андан көп өтпөй "жетекчисинин жосунсуз жоруктарына каршы чыгып жумуштан айдалган" жаш мугалим келсе "мен шашып жаттым эле" деп укпай коюптурсуз. "Биз буга кийлигише албайбыз " дегендей кыйытып кеткенче шашыптырсыз. Анда, теледе айткан сөзүңөр чындык менен дал келбейби? Мугалимдерди каалагандай калчаган баш аламандыктарга сиздер кийлигише албасаңыздар, анда бул маселени ким чечүүсү керек? Бул тууралуу так түшүндүрмө берип коюңузчу, урматтуу Гүлжигит Сооронкулович?

Гүлдана Абдыкеримова, Нарын облусу




КРнын президенти
Алмазбек Атамбаевге
Форумга кантип ээ болдуңуз эле?
Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиз Өкмөттү жетектеп турган кыска мезгилде эл оозуна алынарлык иштерди жасадыңыз. Эми, мамлекет башчысы катары чоң жоопкерчиликти алып отурасыз. Сизди элге берген антынан тайбай, мамлекет үчүн иштеп берет, мурдакы ажолордой өз чөнтөгүн гана көздөбөйт деп үмүттөнөбүз. Сиз экономика, бизнести жакшы өздөштүргөн ишкер экениңизди билебиз. Бул саясатта чоң олжо эмеспи. "Эми иш билгилиги менен экономикасы сазга баткан Кыргызстанды өнүктүрүп кетер" деп эл чоң үмүт артып отурат. Ошентсе да, "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп, мурдакы ажолордон жүрөксүп калган калк сизге да толук ишеним артарын билбей жүрөксүп тургансыйт. Ага бир себеп "Форум" ишканасы. 5 заводдон куралган бул ишканаңызды кандай жол менен менчиктештирип алганыңыз тууралуу кайчы көз караштар бар. Ошондуктан, урматтуу Алмазбек Шаршенович, элди арасат пикирде калтырбай түшүндүрмө берип койсоңуз жакшы болмок. Сиз "Форум" деп аталган 5 заводду кандай жол менен өзүңүзгө алгансыз? Муну декларация жолу менен түшүндүрүп бере аласызбы?

Ахунбай Кошоев, Бишкек шаары




  Жооп кайрык

Үлкөндөр калкка үн катты
Ала-Тоо жана Ак-Ордо конушу үчүн 110 кВ подстанциясынын курулушунун долбоору даярдалууда.
Гезитибиздин №27 (30.11.11)санында "Эл сурак" рубрикасында КРнын энергетика министри Аскарбек Шадиевдин дарегине суроо жолдонгон. Ал суроо менен кайрылган Нагима Молдоева эмне үчүн өзүбүздө электр өндүрүп, бирок андан чекебиз жылыбаганына кызыккан. Ошондой эле күн сайын жарык өчүрүүлөр, жаңы конуштарда электр түркүгү да орнотулуп берилбеген көйгөйлөрдү эскерте кеткен. Бул суроого Аскарбек Шадиевден төмөнкүдөй жооп келди.


- Урматтуу Нагима, Энергетика министрлигине келип түшкөн сиздин кайрылууңузду карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Сиздин койгон суроолоруңуздун негизи бар, айта кетсек Бишкек шаарынын тегерегинде 50гө жакын жаңы конуштар орун алды, ошол конуштарда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аркылуу алардын бюджетинен, электр линиялары жана подстанциялары курулуп жатат жана курулуш керек. Бирок, көп эле жаңы конуштарда ошол тартип, схемалар менен аныкталган электр линиялары жана подстанциялары финансылык каражаттын жетишпегендигинен жартылай эле, курулуп калууда. Ошондуктан электр энергиясынынын чыңалуусу төмөн, көпчүлүк авариялык өчүрүүлөр ошол жаңы конуштарда болууда.
Энергомин. айтып жатат, электр энергиясынын өндүрүлүшү боюнча кубаттулук жеткиликтүү деп, ушул убакта биздин электр станцияларыбыз суткасына 60 млн.кВт.саат электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар, бүгүнкү күнгө республикабыздын эли жана экономикалык тармактары 54 млн.кВт.саат электр энергиясын суткасына колдонууда, ооба адрестүү өчүрүүлөр бар, алар карыздары бар абоненттерди өчүрүү жана локалдык авариялык өчүрүүлөр. Жалпы атайын өчүрүүлөр жок, мындай өчүрүүлөрдү мыйзам чегинде КР Өкмөтү гана өзгөчө кырдаал учурунда кабыл алууга укуктуу.
Коңшу мамлекеттерге электр энергиясын саткан себебибиз төмөнкүлөргө байланыштуу;
- Нарын дарыясында суунун мол болгондугу;
- электр энергиясын биз сатууга мажбурбуз, себеби биз жылытуу станцияларына көмүр, газ сатып алышыбыз керек.
Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында, Энергомин бир нече багытта иш алып барууда:
* ушул жылдын октябрь айынан бери 600 даана трансформатор алып жатабыз, бирок бул сан азыркы акыбалды оңдоого аздык кылат, ошондо да ушул жылытуу мезгилинде алар оң таасирин берет;
*Бишкек шаарындагы, Чүй өрөөнүндөгү орто жана төмөнкү чыңалуудагы кабелдик, аба линиялары жана подстанциялары немецтик Банкынан кредит алынып, аларды оңдоого жумшалууда;
* жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен чогуу иштер алып барылууда, ушул багытта Ак-Ордо, Ала-Тоо жаңы конуштарын электр энергиясы менен сапаттуу, үзгүлтүксүз жабдуу максатында, жогорку чыңалуудагы 110 кВ подстанциясынын курулушунун долбоору даярдалууда.