Азия кубогу биздики
"Стронг" фитнес жана бокс борборунда 16-17-декабрь күндөрү Азия кубогу үчүн таймаш жүрдү. Ага Өзбекстан, Казакстандан чоң муштум эрендер келип, атаандаштык аябагандай курч мүнөздө өттү. Таймаш профессионалдык бокс жана тай бокс боюнча жүрдү. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн курама команданын өкүлдөрү жана бүт аймактардан спорт менен машыккандар жыйналды. Кыргыздын мушкер азаматтары адаттагыдан да күчтүү таймашып алдыга эч кимди өткөргөн жок. Бир гана 80 кг салмактан жогорку категорияда алтын медаль Казакстанга кетпесе, калган 4 категория боюнча алтын медалдар Кыргызстанга калды. 60 кг чейин- Рыспай Төлөгөнов ("Спарта" клубу), 65 кг. чейин-Бектемир Абдыразаков жеңишке жетишти. Ал эми вале-тудо боюнча "курамачы" Жумабек уулу Актилек алтын медаль тагынса, 80 кг. чейинкилер арасында Бакыт Бекбоевге эч ким тең келе албады.


Бажы кызматынын урматына
Кыргыз мамлекеттик бажы кызматынын 20 жылдыгына арналган спорттук турнир өттү. Анда мамлекеттик мекемелер жана министрликтер күч сынашты. Таймашта футзал боюнча ИИМ командасы мөөрөйгө жетишсе, экинчиликти Каржы министрлиги илип кетти. Ал эми бажы кызматынын командасы футзал боюнча 3-орунду ээлеген менен волейбол жаатында кыйындыгын далилдеп, биринчиликти эч кимге алдырышкан жок. Ал эми волейбол боюнча экинчилик Бишкек шаардык ГУВД командасына тийсе, үчүнчү орунду ИИМчилер ээлешти. Бул турнир жакшы жөрөлгө болуп, эми жыл сайын мамкызматкерлердин мындай таймаштары өткөрүлүп турмакчы.


"Шахтер" шоколад чыгарат
Украиналык "Шахтер" футбол командасы өздүк маркасы менен өздүк сүттүү шоколадын чыгара баштады. Атактуу команданын шоколаддары жакында Украинадагы соода түйүндөрүндө пайда болот. Премьер-лига чемпионатынын жаңырышы менен "Донбасс Аренада" команданын үй матчтары өтчү убагында сатыкка коюу да пландалууда. Бул бренддик шоколаддардын алгачкы өнүмү "Шахтердун" колунда жана сатыкка коюлууга даяр. Муну менен "Шахтер" командасы футболдо гана эмес маркетингде да оңой эмес экенин белгилеп коюуга болот.




смсте эл үнү
Урматтуу окурмандар ар кандай маанайдагы пикир, куттуктоо, сунуш, сын-пикир ж.б. билдирүүлөрдү 0773 34 07 62 номуруна жиберсеңиз болот. Оригиналдуу ойлор менен айырмаланган СМС ээлери "Керегенин" атайын сыйлыгына арзыйт.


С3001 - Салам кыргызым! Татаал күнгө туш болгон шордуу кыргызым! Ошентип 2012-жылга кайрадан жеп-ичкич жетекчилер менен кирмей болдук! Же "Жаңы -жылда оңолобуз!"-деп үмүтү үзүлө электер дале барбы?
Касым, 0772 83 29 ХХ

С3002 - Толкун болот деңиздин күчтүү жери/Толкундай бол кыргыздын жигиттери/Сүйүү болот сезимдин күчтүү жери/ Сүйүшкүлө кыргыздын кыз-жигиттери.
Арзыгүл, 0773 68 17 ХХ

С3003 - Кайыргүл эсиңдеби, сени менен жолугушуу үчүн, үнүңдү угуу үчүн сүйгөн кызымы алдаганга барчумун. Мен чынында сени сүйгөн окшойм деп ойлой берем. Бир жолу сага катуу айтканы үчүн кызымды сенден кечирим да сураттым эле, дагы эле сени унута албай азап тартып жүрөм.
Баха, 0772 45 87 ХХ

С3004 -Мухаммед пайгамбар адамга эмес курт-кумурскага да кордук кылууну тыйган. Бирөө мышыкка тамак бербей ачка өлтүргөнү үчүн тозокко кеткенин айткан. Ислам дини мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн, илимдин, акылмандуулуктун, адилеттүүлүктүн дини. Карасанатайларга жол жок. Өзгөчө бийлик үчүн, акча үчүн Алланы бетке кармагандар эсиңерге келгиле!

Молдоке, 0556 95 32 ХХ

С3005 - Кажы-сайлык Наргиза, (86-ж) сенин дарегиңди билгим келет. 2004-жылы экөөбүз кол кармашкан эсте каларлык далай күндөрдү өткөргөнбүз. Бирок, сен Россияга кетип калган соң байланышыбыз үзүлүп калды. Эгер, бул смсти окуп калсаң, дайыныңды билдирип кой!
Ботя, 0777 57 34 ХХ

С3006 - "Ар-намыс" партиясы атына заты жарашпаган партия. Эптеп эле ээрге илээшүүнүн амалын көздөп, бөлүнүп-жарылып, соодалашып бүтө албай тажатышты.
Данчик, 0770 78 95 ХХ

С300 7- Суталинов маладес! "Эмне кыла аласыңар, мен мында"-деп келип берди. Соттор бүжүрөп үйүнө узатып жиберишти. "Издеп жатабыз, кармалса акесин таанытабыз"-деп калп эле догурунгандардын колунан кокон келбеси дагы бир жолу далилденди. Заманыбыз ушунда-ай. Акчаң барбы, бийликте крышаң барбы каалаганча тайрактап, кылмыш кыла берсең болот!
Мээрим, 0773 35 61 ХХ

С3008 - Жантөрө Сатыбалдиев курдурган жаңы үйлөр жыл айланбай жарака кетип жатат. Өзү жоопко тартылмак тургай президенттин аппаратын жетектеп баштады. Деги, бизде адилеттик деген барбы өзү?!
Мээрим, 0773 35 61 ХХ

С3009 - Карындашым Нуризаны 21-декабрь туулган күнү менен куттуктайм! Нуриза сага бардык жакшылыктарды каалайм! Бизди кубандырып акылдуу кыз болуп жүрө бер!
Агасы Азирет, 0555 64 39 ХХ

С3010- "Ата-Журт" партиясы эртедир-кечтир ушундай болмок. Анткени, анда мамлекет үчүн иштейин деген эмес, өз кызыкчылыгы үчүн биргелешүү болгон. Дагы "бригада" деген аталыштары да бар. Булар эч кимге жакшылык кылып кыйратпайт.
Кадича, 0778 94 85 ХХ

С3011 - Атай Өмүрзаковго салам! Сендей талант дүйнөдө жок! Сенин кыргыз болгонуңа бүт кыргыздар сыймыктанабыз! Алга!
Сакен, 0556 87 45 ХХ

С3012 -Салам "Кереге!" "Кандуу Жол" аябай сонун экен! Элдин көзүн ачкан фактыларыңар үчүн ыраазыбыз! Авторуна чоң салам!
Тилек, 0770 76 54 ХХ

С3013 - Салтанат, 24-декабрь туулган күнүң менен куттуктайбыз! 26 жаш курагың кут болсун. Арген менен бактылуу болгула!
Курбуларың Нази, Катя,
0772 56 87 ХХ

С301 4-Бек Борбиев катышкан кинону барып көрүп келдим. Ырчы болуп эл ичинде өзүнүн ордун тапкандан кийин актер болуп эмне кылам? Өзүнүн баркын өзү түшүрөт. Андан көрө сахнада "авторитет" болуп жүрө бербейби…
Айзирек, 0778 23 07 ХХ

С3015 -"Шоола" дүкөнүндө иштеген Мунарага чоң салам. Иштериңе ийгилик, курбуларыңды унутпай кабарлашып тур!
Нагима, 0556 02 15 ХХ

С3016 -Адилет, карызымды качан бересиң? Качанкыга чейин күтөм. Уялсаң боло? Эми сени издеп үйүңө барам, доске таарынба!
Боря, 0778 32 58 ХХ

С3017 -Бизде качан метро курулат? Метро курулса абдан жакшы болот эле… Кыргызстан өнүгүп өскөн убакыт качан келет? Элдин жашоосун ойлогон жан барбы? Болсо кайда?
Света,0558 42 08 ХХ

С3018 -Буюрса менин тилектерим орундалып келе жатат. Биздин көчөдө да майрам болот. Баары алдыда…
Акниет,0772 14 57 ХХ

С3019 -Сессия башталганда, "кол тамга" алыш үчүн атактуу адамдын аркасынан болушунча жүгүрмөй башталат. Биринчи кабаттан төртүнчү кабатка чыгып атып, арыктап кетебиз. Мугалимдер бизди эмне мынча кыйнашат?
Марал, 0773 52 18 ХХ

С3020 -К. Кайкин атындагы мектептин 9-классынын окуучуларына жана класс жетекчим Назира Бердикожоевнага салам жолдойм. Мен силерге кышкы каникулга барганда жолугуп кетем!
Бишкектен, Адилет, 0779 89 19 ХХ

С3021 -№1 төрөт үйүндө жаткан жеңеме ысык салам. Биз сизди жакшы көрөбүз. Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Алина, 0553 66 10 ХХ

С3022 -Курбуларым Жазгүл, Насыйкат, Гүлүмгө чоң салам. Окууларыңарга ийгилик каалайм. Силерди сагындым.
Оштон Алмагүл, 0550 12 45 ХХ

С3023 - Салам "Керегенин" жамааты. "Дабакана" рубрикаңардын бизге аябай пайдасы тийип жатат! Ревматизм оорусу тууралуу да берип койгулачы. Рахмат.
Алия, 0778 75 23 ХХ

С3024 - Парламенттин шиши толду. Таратуу керек буларды базардагы аялдардай ажылдаштырбай. Жаңы-жылда жаңы, жаш кадрлар келсин, алардын ордуна. Булар мамлекетти эч качан оңдобойт. Тескерисинче, башка мамлекеттердин алдында шылдың кылат бүт кыргызды.
Марлен, 0778 56 22 ХХ
С3025 - Сүйүүдө ырахат да бар, арман да бар,/Баарынан да көбүрөөк кайгы-муң ый, зар./Сүйдүм деп айткандын баарына эле ишенбе сен,/Сүйүп сени ара жолго таштап кеткени бар.
Асема, 0556 42 39 ХХ

С3026 - Ош базарында иштеген Меканы сүйүп калдым! Кантип көңүлүн тапсам болот? Жардамдашкыла туугандар.
Оролбек, 0773 84 32 ХХ

С3027 -Асылбек Жээнбеков кандай спикер болот деп ойлойсуңар? "Жооштон жоон чыгат" болуп, парламентти катуу кармап иретке келтирип коет деп күтсөк болор бекен.
Таке, 0555 67 21 ХХ

С3028- Быйыл кыш катуу болуп мага окшогон студенттерге кыйын болду. Чала тоют курсак менен суукка чыдаш кыйын экенин эми билдим. Ысык мештин жанында апамдын ысык каламасын жеп тайраңдаган эсил кайран күндөрүм-ой…
Мирлан, 0772 28 67 ХХ

С3029 - Калык мага таарынбачы, жаным! Кээде сени кызганганымдан өзүмдү колго ала албай кетем, ушинтип. Кечирчи, "мысыгыңды".
Дилбар, 0556 45 01 ХХ

С3030- Бизге Мелис Мырзакматовдой президент керек! Темирдей тартип апкелет. Улут үчүн күйөт жана иштин көзүн билет. Ошондой эле турган турпаты да келишимдүү зыңкыйган, айрым шөлбүрөгөн президенттерден айырмаланып.
Оштук Насип, 0770 60 89 ХХ

С3031 - Кыз ала качкан жигиттер силерге убал жок. Силердин жапайы салтыңардан бактысыз болуп калган мендей байкуш кыздар көп. Жакшынакай сүйгөн жигитим бар эле… Эми ала качып келген капкара бирөөнүн жары болуп калдым, апамдын сөзүн кыя албай. Тиги жаныма келсе эле кой жыттангансып, көңүлүм айланып жаман болуп жүрөм. Кыздар, абайлагыла, ала качкыч акмактардан.
Бактысыз Бактыкан
0555 87 31 ХХ

С3032 - Бабанов алга! Кыргызстанды оңдоо үчүн ушундай жигиттерибиз көп болсо жакшы болмок.
Жылдыз, 0772 65 34 ХХ