PRESSKG.COM



п»ї
Соростун "сормо сазында"
Уикипедия дегенди уккансыңбы?
Жыйырма жылдан бери эгемендигибизге ээ болдук деп сүйүнгөнүбүз менен улуттук көрөңгө, тилдик мурас, байлык жагынан алганда алсыз болгонубуз чын. Азыркы маалымат коомунда интернет ресурстарысыз кыргыз тилинин, илиминин дагы өнүгүшү кыйын. Дүйнөлүк желедеги Википедия энциклопедиялык системасы ар бир улутка өзүнүн тилинде эркин ар кандай багыттагы илимий интеллектуалдык макалаларды жарыялоого абдан жакшы шарт түзүлүп, ал жерге дээрлик бардык улуттар өздөрүнүн эркин же автономдуу өлкө экендигине карабастан өз тилинде макалаларды энциклопедиялык багытта жазып, сунуштай алышат. Бул багытта Кыргыз уикипедиясын түзүү боюнча белгилүү журналист, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин иш-аракеттерди колго алган. Кыргыз уикипедиясынын азыркы абалы тууралуу Тынчтыкбек агабызга кайрылдык.

- Википедия долбоору жана Кыргыз уикипедиясы тууралуу айтсаңыз?
- Англис тилиндеги википедиянын эң алгачкы варианты жаңылык жарчысы 2001-жылдын 15-январында пайда болгон. Андан кийин гана башка дүйнөлүк улуу тилдердин варианттары чыга баштаган. Кыргыз тилиндеги кыргызча уикипедия тууралуу идея англис тилиндегиси качан жаралса, ошондо эле пайда болгон. Бирок, иш жүзүндө 2003-жылдан тартып башталып, алгачкы кыргыз тилиндеги макала ошол жылы жарыяланган. Алгачкы материалдар чачкын түрдө топтолуп, рубрикаларды кандай коёрун билишпей, өздөрү киргизген макалаларды таппай келишкен. Ал эми 2006-жылдан баштап Кыргыз уикипедиясында абал жакшы жакка өзгөргөн. Мисалы, Аидабишкек деген кызыбыз жана Жаныбек Жанызак өз салымдарын кошууда. Бирок, жалпысынан алганда чоң өзгөрүү быйыл болду. Ушул жылдын 28-мартынан 4-апрелине чейин Кыргызстанда уикипедия жумалыгы өткөрүлүп, университеттердин студенттери, интеллектуалдары чогулуп, эми чогуу "ашар" менен иштейли деген пикирлер айтылган. Эгерде салыштырмалуу алып карасак, интернеттеги энциклопедиянын көлөмү андагы макалалардын саны боюнча эгемен мамлекети бар болуп туруп, улуттук мамлекетинин жыты да жок элдерден, этностук топтордон артта калдык. Эркин, бекер жана жалпыга таандык уикипедияны түзүүдө, куйрук улаш келе жаткан элдерден артта калдык. Чынында бул намыска тийгендей болду окшойт. Көп жаштар өздөрүнүн саамалыктары менен чыга башташты. Мисалы алыскы чет өлкөдө жүргөн Максат Матраимов аттуу жигит өзгөчө сүрөттөрдү, материалдарды жана биология боюнча түрмөгүн кыргыз уикипедиясына жайгаштырса, Чоробек Сааданбеков www.bizdin.kg интернет барагын ачып, ал жерге кыргыз элине таандык мурастарды жарыялап жатат. Уикипедия бул кыргыз интеллектуалдарынын бир гана чакан бөлүгү бирок, орчундуусу.
- Бул интернет энциклопедиясынын салттык энциклопедиясынан кандай айырмасы бар?
- Бир кезде, кыргыз уикипедиясын улуттук энциклопедия менен карама-каршы койгон учурлар дагы болгон. Азыр болсо, тескерисинче бардык энциклопедиядагы материалдарды интернетке, уикипедия энциклопедиясына которуу аркылуу алардын өмүрүн узартуу иштери болуп жатат. Элетте, чет жерде жүргөн туугандарыбызга маалымат казынасын бекер тартуулоо үчүн ушундай бир жакшы аракеттер жүрүүдө.
- Кыргыз уикипедиясынын азыркы абалына токтолсоңуз?
- Эң соңку иш-аракеттердин бири 16-18-декабрда көл жээгиндеги "Талисман Виллидж" эс алуу жайында болду. Анда республикадагы ЖОЖдордун студенттери менен интеллектуалдары жолугушуп, жалпы уикипедиянын кантип толтуруу керек, эрежеси кандай, кантип мультимедиялык деңгээлге чыгаруу керектиги жөнүндө кыскача түшүнүк алышты. Мен ойлогом 400дөй макала киргизет болуш керек деп, бирок иш жүзүндө бир жарым күндүн ичинде катышуучулар 500дөн ашык материалдарды киргизишти. Бул күндөрү иш-чаранын катышуучулары ыкмаларды үйрөнүштү. Уикипедиянын активдүү жаштарынын бири сунуштап жатат. Ушул келе жаткан жарым жыл ичинде кыргызча уикипедиялык энциклопедиядагы макалалардын санын 10 миңден ашыралы деп. Көп түкүрсө көл болот дегендей, баарыбыз жапа тырмак киришсек, интеллектуалдык көрөңгөсү бар калк интернеттик энциклопедияны өз деңгээлинде жаш өсүп келе жаткан муундарга сунуш кыла алат.
"Сорос-Кыргызстан" фондунун Маалымат программасы тарабынан уюштурулган 16-18-декабрдагы уикипедиячылардын жыйынынын катышуучусу, аталган фонддун координатору Лира Самыкбаева төмөнкүлөргө токтолду:
-Уикипедиянын кыргыз бөлүмү 2002-жылдын 3-июнунда ачылган. 2011-жылы эки жарым ай ичинде (22-сентябрдан 15-декабрга чейин) макалалардын саны 1700дөн 3,5 миңге чейин өстү. Бул жетишкендик - Сорос-Кыргызстан фондунунун Маалымат программасы тарабынан колдоого алынган уикипедист - студенттердин уюмдарынын мүчөлөрүнүн, Уикипедия күнүндө өткөрүлгөн тренингдин, окуучулардын жана өз ыктыярдуу авторлордун салымы. Жыйындын жүрүшүндө мурда жарыяланган мыкты уикипедиячылардын конкурсунун жыйынтыгы дагы чыгарылды. Ал боюнча эң мыкты студенттик клуб болуп, Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттик клубу табылды жана мыкты уикипедисттер деп КУУнун студенти Мамбетова Мээрим менен Эл аралык университеттин студенти Эстебесов Дастан аттуу жигит болду.

"Биздин мурас" коомунун негиздөөчүсү Чоробек Сооданбеков :
- Уикипедия бул өзгөчө энциклопедия. Ал жер мурдагы илимпоздордун, интеллектуалдардын мурастары бир гана өз тилинде эмес башка тилдерге которулуп, жайылтуучу интернет ресурсу. Уикипедия бул дүйнөдөгү эң көп колдонуучу интернет сайттарынын ичинен 5-орунда турган сайт. Биз өзүбүздүн www.bizdin.kg сайтына жайгаштырылган улуттук мурастарыбыздын энциклопедиялык варианттарын кыргыз уикипедиясына киргизип, өз салымыбызды кошуп жатабыз. Бул эркин энциклопедия болгондуктан, бардык мекендештерибизди тилибиздин өнүгүшүнө салым кошууга чакырмакчымын.
Элизат ТУРСУНОВА




Уикипедия жөнүндө түшүнүк
Уикипедия (http://www.wikipedia.org) (англисче Wikipedia) - дүйнө калктары үчүн акысыз сунушталган интернеттик энциклопедия. Уикипедия барагы 2001-жылы 15-январда Жимми Уэлс (Jimmy Wales) жана Ларри Сэнгер (Larry Sanger) аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн. Сэнгер мырза ойлоп тапкан бул термин гаваййа элинин wiki - "ыкчам" деген сөзүнөн жана "энциклопедия" сөзүнөн куралган. Ушул тапта уикипедиянын казынасында бардык тилдердин кампасын кошкондо 15 миллиондой макала бар. Аны дүйнө жүзүндөгү миллиондогон ыктыярдуу авторлор биргелешип 270тен ашуун тилдерде жарыялап келишет. Бул интернет баракты айына 400 миллиондон ашуун киши окуйт. Уикипедия интернет барагы атайын бир өлкө тарабынан эмес, дүйнө коомчулугунун колдоосу менен түзүлгөн "Уикимедиа Фонду" тарабынан каржыланат.
Уикипедия - эркин энциклопедия, бул жерде ар бир киши энциклопедиялык макала жазып же болгон макалаларга оңдоо киргизе алат. Өз ыктыярдуу иш болгондуктан, эмгек акы төлөнбөйт. Бул жерде жайгаштырылган макала колтийбестикке ээ эмес, ал үлгүлүү, мыкты макала деп добуш аркылуу тастыкталмайынча өзгөрүүгө учурай берет. Кыргыз уикипедиада Башбаракты гана өзгөртүүгө убактылуу тыюу сылынган. Мазмунга, стилге тийиштүү критерийлер жамаат, Кыргыз уикипедиасынын авторлору, редакторлору, тарабынан түзүлүүсү керек. Уикипедиада автордук укуктун объекттери авторлордун уруксаты жок мыйзамдын жоболоруна туура келбесе жайгаштырылбайт. Кыргыз уикипедиясынын дареги -http://ky.wikipedia.org








кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??