Келерки жылда кезигишкенче
Бүгүн жаңы Өкмөт тутуму Ак үйдөн эл астына ант берет. Жыйырма министрлик жоюлуп азыр он беши калды. Демек азыркы он беш министрдин эл алдына чыгып, "Алдабайм, жебейм, ичпейм, сатпайм, ак иштейм"-деген сөздөрүн угабыз. Канчасы даяр, канчасы кагаз тиктеп ант берет, бүгүн билебиз. Бирок, ушу жылдын акырында бекиген кайыш папкечендер эл алдына жарык жүзү менен чыгып, кийин качандыр бир мезгилде кетип баратканда да баштарын өйдө көтөрүп кетишсе деген гана тилек. Анткени, келерки жыл булардын ишмердүүлүгүнө жараша болот. Эгер азыркы министрлер жакшы иштеп, элге жарыгын чача алса баарыбызга пайда, балким тескерисинче болуп калса…
Эзелтеден жаңы жыл жакшы үмүттөрдү жандандырып келген. Мындан ары да жандандыра берет. Себеби адам үмүт менен жашап, тобокел менен күн кечирет эмеспи. Элибизге жаңы жыл босогосунда келечекке карата үмүт-тилек тилейли. Үмүтсүз бир гана шайтан эмеспи. Башыбыз аман, чек арабыз бек болсун деген тилекти максаттайлы. Эл чайпалбасын, ырыскы төгүлбөсүн деп бири-бирибизге каалоо айтчу мезгил бышты. Өткөндөн сабак алып, келечекке жол чабалы деген эр азаматтарыбыздын саны арбысын. Бөлүнүп эч муратка жетпедик, ошондуктан алакандай элибиз биримдиктүү бололу деген ураанды тутуналы. "Тамыры тереңде, тарыхы бийикте эл экенибизди келечек муун унутпаса"-деп, карыбыз нарктуу, жашыбыз намыстуу болгон жыл болсун. Биз Кыргызбыз, биз Кыргызстандыкпыз! Демек биз КЫРГЫЗСТАНыбыз үчүн өмүрүбүздү, күчүбүздү бергенге аракеттенели. Анткени, КЫРГЫЗСТАН биздин ЭЛ, биздин ЖЕР. "Кереге" гезити сиздер менен муңдаш, сырдаш, талапташ, болуп келген, жана мындан ары да боло берет. Жаңы жыл жалаң гана жакшылыктарды ыроолосун деп келерки ажыдаар жылы январь айында жолукканга чейин убактылуу коштошо туралы.