Жолдошеванын "арзуусуна" айланган Текебаев
Жогорку Кеңеште жоон үндүү Жылдыз Жолдошева аттуу "Ата-Журттан" келген депутат айым бар. Анча мынча эркектердин сазайын берип, айрым учурларда баары эле айта албаган чындыкты безге сайып көргөзөт. 2007-жылкы парламенттик шайлоо алдында андагы КСДП лидери Алмазбек Атамбаевди туздап "Ата-Мекен" партиясынын чачпагын көтөргөн "Лица" гезитине маек берди эле аны Текебаевчилер кайра-кайра бастырган. Эми болсо бул айым Өмүрбек Чиркешовичтин тамагына сайылган кылкан болуп, ЖКда активдүү депутатка айланды. Анын бир мисалын айтсак, жаңы Өкмөттү бекитүү процедурасында азыркы парламентти "жылаандардын уюгу"-деп "ала кушту" атынан айтып салды. Ал гана эмес клуарда кандай оюндар болуп жатканын эскертип, Бабанов өкмөтүнүн өмүрү анчалык деле алыс барбашын кыйытты. Азыр Текебаев парламент трибунасынын микрофонуна жуткунган Жолдошеванын кабелтең караанын көргөндө кулагын жапырганды адатка айлантты. Айтмакчы, бул депутат айым жай саратанында түштүктү түрө кыдырып Курманжан Датка энебиздин эки жүз жылдыгын утурлай эл кыдырган маданият кызматкерлерине кечээ атайын диплом жана беш миң сомдон колдоруна карматып, акын-жазуучу, ырчы-чоорчулардын шапкесин көккө ыргыттырды.


Жаңы "кошолек Малабаевби?"
Акыркы эки жылда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы ызы-чуунун казанына айланса, аны чечүү бутасы Ак үйдүн асты болду. Эки күндөн бери бул мекеменин төрт кызматкери калчылдаган кыш чилдеде Ак үй астында ачкачылык кармап, "Малабаев кетмейинче кесээрип турганыбыз турган" деп көшөрүп, ызгаарда тиши тишине тийбей турса да анда-санда тилдерин Малабаевди көздөй сунуп коюп турушат. Иштин чоо жайын сурагандарга айткандарына караганда азыркы темир жол жетекчиси мурдагы кошелек Малабаевден өтүп, арткы күн менен ар кандай шектүү кагаздарга кол коюп, бир эле операция менен алтымыш миллион сомду "ап" этип койгондорун, ал тургай ал кагаздар документ түрүндө да бар экенин айтышууда. Ал эми "Кыргыз темир жолунун" жетекчиси Аргынбек Малабаев болсо бул ачкачылыкка чыккандар жөн гана догурунуп, ал тургай телефондон "Эгер ордубузга кайра койсоң ачкачылыктарды токтотобуз"-дегенге чейин барып жатышат деп актанууда. Чындык кай тарапта экенин биле албадык. Бирок, чындап эле бир кол коюу менен бир жарым миллион долларды бир сугунса анда бул Малабаев берки кошолектен ашып түшкөн жетекчи го деп айрым эксперттердин эстери эки.


"Үлгүлүүлөр" гүл ачты…
Илгери-илгери өткөн бир замандарда, ташпишин тактап айтканда мындан үч жыл мурун жалаң үлгүлүү жоокер кыз-жигиттерден куралган арбагы унутулгус "Ак-Жол" деген команда бар эле. Үкү келсе "үп" деп, сопу келсе "сүф" деген бул команда жоокерлери аны партияга айлантып, "мен "Ак-Жолдун" солдатымын"-дегендер Ак үйдү карап түздөнүп, кеч жатаарда келмеси Максим, түштөрүндө чочутчу Жаныш, кошоматы Курманбек болуп кыбыланы эмес Бакиевдерди карап намаз окуп калгандардын доору жүргөн. Ал бийлик аңтарылгандан кийин көбү кумга сиңген суудай жоголуп кетишти эле азыр четинен Айгүл гүлүндөй бажырайып биринин артынан бири пайда боло баштады. Ошол замандарда үлгүлүү окуучудай тыкан кийинген, сүйлөгөн сөзү орусчасы так, кыргызчасы келегей болгон чыканактай бир кыз бар эле. Аты жөнү Динара Молдошева. Тамыры Таластан, Айдаркенде бой жеткен. Апрель окуяларынан кийин "Республика" партиясын шынаарлап жүрүп, аз өтпөй эле Өкмөт алдындагы антимонополдук агенттиктин бакыйган орун басары болуп чыга келген. Өкмөт алмашып, Өмүрбек Бабановго оомат келгени бул кыздын да саясий жылдызы кайра жанып азыр Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалып, далай жылдан бери жогорку кызматтарда иштеп келген тажырыйбалуу адис Эсенгул Өмүралиевдин ордун баса отурду. Отурганында эч кусаматыбыз жок. Балким чындап эле Динара Автандиловна көз мончоктой табылгыс кадрдыр. Бирок, бийликке келээрден мурда "морал-абийир" деген улуу сөздү эстеп койсо болмок…


"Кетсин Абдраимов" дешти
Кечээ Борбордук Шайлоо Комиссиясынын имаратынын астына чыккан "Пайщиктердин укугун коргоо жана керектөөчү кооператорлор" аттуу тилди сындырган коомдук бирикменин бир ууч тобу аталган мекеменин жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовдун отставкасын талап кылып пикет өткөрүштү. Кычыраган кыш чилдеде, анын үстүнө кар жаап, бурганактап турганда Туйгунаалы мырзага тиштерин кайраган кимдер экенине кызыксак, көрсө алардын каалаганы башка болуп чыкты. КСД партиясынын депутаты Мамат Орозбаевди БШК мыйзамсыз каттап койгон дешет. Ошол негизде пикетке чыктык дешти. Ал эми эл өкүлүнүн өзүнө кайрылсак буларды айтты. "Учурунда Бакиев тарапташтарынын көргөзмөсү менен мага жети иш козголуп, бирок бири да далилденген эмес. Аны БШК мүчөсү Жеңиш Акматов да айтып жатат. Мени ар кайсы аймактардагы менчиктештирүүгө катышы бар дегендерге айтып коёрум: мен "Кыргыз керек жарак коомунда" иштеген жылдары бир да мекеме менчикке кеткен эмес. Ал кызматтан мен 1994-жылы кетсем кан таламайдай жекеликке өткөрүү процессии 1996-1997-жылдары башталган. Бул боюнча бардык документтер бар. Ал эми мени депутат катары каттаган БШКга учурунда эч кандай соттолгон эмес деген маалымдамалар келген"-дейт эл өкүлү. Тоңуп пикетке чыккандар мындай жоопту угуп алып томпойуп тарап кетишти.


Ач жүзүңдү Министр
Парламенттеги айрым депутаттар энергетикалык каатчылыктын себептерин иликтеп, тиешелүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу демилгесин көтөрүп чыгарын жарыялады. Депутаттардын айтымында мурдагы бийлик режимдеринин тушунан бери келе жаткан энергетика тутумундагы коррупциялык схемалар каатчылыктын орун алышына себеп болууда деп жаңыдан көзү ачылган баланын сөзүн айтып чыгышса, энергетиктер катуу сууктун айынан электр кубаттуулугу көп пайдаланылып, жабдуулар туруштук бере албай жаткандыгы менен суудан кургак чыгышууда. Бирок бул депутаттардын айтканын колдош керек дегендер да бар. Анткени азыркы министр Аскар Шадиев кышкысын жарык өчпөсүн, тарифтер жогорулабасын бир эмес бир нече ирээт бакылдап, ал тургай арзандатса болорун да божомолдогон.


"Абысындар акыйнеги"
Парламентте эки "абысын" пайда болду. Бири мурунку спикер Ахматбек Келдибеков, экинчиси "Ата-Мекен" фракция башчысы Өмүрбек Текебаев. Азыр экөөнүн комузу жок айтышканын көргөн коомчулукка Кыргызстанда бул экөөнөн өткөн "артист" жок калды. Баягы Өмүкенин кан досу Турсунбек Акун менен кесиптеши Турсунбай Бакир уулунун төкмө-сөкмө айтыштары бул жакта эле калып айрым учурларда "эротикалык эпизоддор" пайда боло калып жатат. Кантсе да берки экөө ажыга барып келген динчилдер эмеспи, Тукелердин көрөңгөсүндө мындай белден ылдый чалышмай жок эле, бул экөө түз эле бири-бирин "курдан" алып, аны моюнга чейин сүйрөп жатышат. "Бабановду ууру дедиң эле, эми кантип бир коалицияда биригип жатасың?"-деп суроо узаткан "Ата-Журтчуларга" Текебаев адатынча тумандап барып, ай-талааны аралаган сөздөр менен жооп берип келип, акыры "Мажбур болсок силер менен да иштешебиз"-деген ойду кыйытты эле, жарыла албай турган Келдибеков "Принциби жок, ар кимге кыйшаңдагандар менен иштешпейбиз. Ар кимге кур салгандын ордуна Ошко, Жалал Абадка барып элден кечирим сура"-деди. Бул эки "абысындын акыйнегине" күбө болгондор күлбөгөн жери менен күлүп жатса, ортодо жаңы спикер экөөнү ажырата албай дембе-дем танапис жарыялай берип чарчады. Асылбек Шарипович экөөнү парламенттен кууп чыкмайынча же элдештирмейинче жаны жай албайт сыягы.


"Кереге-ПРЕСС"