Жооп кайрык
Үлкөндөр калкка үн катты
Мелис Турганбаев, Ички иштер министринин орун басары:
"Конгантиев көрсөтмө берди, Мадумаровго да кезек келет"

"Кереге kg" гезитинин №30 санында (21.12.2012) "эл сурак" рубрикасында Ысык-Көл облусунун тургуну Эсен Токтогулов ИИМдин орун басары Мелис Турганбаевге "МАИ болуш үчүн 3000 миң доллар керекпи" деген суроо жолдоп, андан сырткары дагы бир катар суроолор менен кайрылган. Бул суроолорго жооп катарында Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев төмөнкүдөй жообун билдирет:

Урматтуу
Эсен Токтогулов
мырза
Cиздин мага берген суроолоруңузду орундуу жана туура деп эсептөө менен бирге төмөндөгүлөрдү билдиремин.
Биринчиден, МАИ тармагы боюнча сурооңузга жооп. Мына ошол Бишкек шаардык жол көзөмөлдөө кызматынын (эскиче МАИ) баштагы жетекчиси Токтосун Сатаров МАИ тармагындагы коррупция же ар бир орунду министр же анын орун басары тарабынан 3000 доллардан 5000 долларга чейин сатышчу деп айтса, анда анын өз абийиринде.
Эгерде ал ошол өзү иштеп турган мезгилдеги коррупцияны бүгүн кеч болуп калганына карабай айтып газетага интервью берсе, милициянын ардагери катары эч нерседен тайманбай ачык айтса туура болмок. Себеби, ошол министр ким болгон, же ошол министрдин орун басары ким экенин так айтса болмок. Бүдөмүк ойлор менен окурмандарга кошумча суроо жаратпайт. Мен айтып эстерине салып койойун, Т. Сатаров Бишкек МАИсин башкарып турганда ИИМде министр М.Конгантиев деген болгон жана МАИ тармагын көзөмөлдөгөн орун басары болгон, кеңешчилери болгон. МАИдеги маселелердин баардыгын алар республикалык МАИ башчысы болушуп өздөрү чечишкен.
Экинчиден, мен министрдин орун басары катары эч качан МАИ тармагын көзөмөлдөгөн эмесмин жана эч кимди ал кызматка орноштурган эмесмин.
Ал эми чындыгында МАИ кызматын реформалоо керек экендиги талашсыз нерсе. Бирок аны акылгөй чечимдердин негизинде жүргүзүү керек. Ал эми сиздин уулуңуздун МАИ тармагына кызыгып турганы болсо, ал Ички иштер органдарынын кадрлык кызматтарына кайрылуусу керек. Бирок, эмне үчүн жалгыз гана МАИге кызыгат, милицияда андан башка да кызыктуу жана жоопкерчиликтүү кызматтардын багыттары бар эмеспи. Ал эми МАИде болсо эртеби, кечпи жаңылануу реформасын жүргүзөбүз, алардын катарын тазалайбыз, акыркы технологиялык табылгаларды, жетишкендиктерди колдонобуз жана аларды абдан катуу көзөмөлгө алабыз. Жоопкерчилигин абдан күчөтөбүз. Ошондо көрөбүз МАИге барабыз дегендерди. Анткени, мекендештерибиз тарабынан МАИ кызматына сын-пикирлер абдан көп. Биз бул маселеге олуттуу карап, жакын арада ал мүмкүнчүлүктөрдү кароонун үстүндөбүз.
Үчүнчүдөн, мен Ички иштер органдарындагы кызматымда дайыма оперативдик кызматтарда: кылмыш иликтөө жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү багытында иштеп келемин. Албетте, бир жылдары уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү чындап колго алганымда, мени ал иштен четтетип чарба жана окуу кызматтарын көзөмөлдөө багытын берип коюшкан.
Ал эми сурооңуздун экинчи бөлүгү боюнча айтарым, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү Башкы Башкармалыгынын кызматкерлери 2011-жылдын 12-сентябрында баштагы президенттик администрациясынын экс-жетекчиси М.Садыркуловдун, "Консорциум - Инициатива" фирмасынын аналитиги Сергей Слепченко менен айдоочу Кубанычбек Сулаймановдун өлүмүнө байланыштуу кылмыштын бетин ачып, шектүү жарандарды биринен сала, бирин кармоо иш-чараларын жүргүзө баштаган болчу. Өз кезегинде бул маалыматтар жалпы коомчулукка ММКлар аркылуу жарыяланган эле.
Биз бул багытта тынымсыз тергөө иштерин жүргүзүп келүүдөбүз. Чындыгында бул кылмыш ишин биз декабрдын аягында сотко жиберүүнү пландаштырганбыз. Бул кылмыш иши башка кылмыш иштеринен абдан эле айырмаланып турат. Ошол себептүү биз ИИМ менен Генералдык прокуратуранын мыкты кызматкерлеринен турган тергөө бригадасын түзгөнбүз. Учурда бул бригада үзүрлүү иштеп жатат.
Мамлекеттик эң жогорку кызматтарды ээлеген адамдардын көзүн тазалоо да абдан жогорку деңгээлде даярдалган. Учурдагы тергелип жаткан кылмыш иши абдан көлөмдүү. Ошол себептен биз бардык керектүү жагдайларды дыкаттык менен жүргүзүп келүүдөбүз. Анткени, тергөө процесстеринин жүрүшүндө жаңы жагдайлар да кошумча ачылып олтурат. Аталган кылмышка тиешеси бар шектүү жарандар К. Досонов, С.Борбуев жана Ч. Жумагуловдар Тажикстандан кармалып Бишкекке алынып келди.
Жакында ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиев да тергөөгө алгачкы көрсөтмөсүн берди. Тергөөнүн жүрүшүндө, Садыркулов киши колдуу болгон түнү М. Конгантиев адегенде алар чек-арадан өткөндө Бакиевдин уулу Максим менен жана таңкы саат бештер чамасында иниси Жаныш Бакиев менен телефондон сүйлөшкөндүгү ж.б. жагдайлар аныкталды. Мына ушул сыяктуу жаңы ачылган жагдайлардан улам, алардын бизге берген жаңы көрсөтмөлөрүнө ылайык тергөө процесси тынымсыз иш-аракеттерди көрүүдө. Бирок баса белгилеп айтып коюшум керек, эң негизги багыттар боюнча иш жыйынтыкталган.
Учурда, Садыркуловдун өлүмү боюнча түзүлгөн топ ошол кездеги бул ишти "кадимки эле жол кырсыгы" деп башка нукка бурууга түздөн түз көмөктөшкөн, тергеп-иликтеген, күч органдарын жетектеген адамдарды, милициянын жана прокуратуранын тергөө кызматындагы "Бакиев кызматына, М.Конгантиевге ак кызмат өтөгөн" офицерлерди, сотторду, эксперттерди суракка алып жатабыз. Себеби, биз алардын бардыгына юридикалык жактан баа беришибиз керек. Садыркуловдун өлүмү боюнча ондогон шектүү адамдар камакка алынды, дагы жетөөнө издөө жарыяланды, бир катарлары үй камагында да экендиги белгилүү. Тергөө иштери улантылууда. Суракка тиешеси бар адамдардын бардыгы суралат. Сиз айткан А.Мадумаровго да кезек келет. Биз бул ишти аягына чыгарып, кудай буюрса жакынкы аралыктарда сотко жөнөтөбүз.





Чубак ажы ЖАЛИЛОВ, Муфтий:
"Эч кимди бөлбөйбүз"
"Кереге kg" гезитинин №30 (21.12.2011) санында "Эл сурак" рубрикасында муфтий Чубак Жалиловдун дарегине Ноокаттан А. Мамазаитов суроо жолдогон. Суроо "Ажылык сапардагы алешемдиктер жана сизди башка багыттагы көз карашты тутунган диний агымдарды колдойт деген бейнааме сөздөрдү эшитебиз. Калкыбыздын сексен пайызы момун мусулман болгондон кийин мындай жалаалар дарексизби же даректүүбү?" деп берилген. Буга муфтий өз жообун билдирди:

- Азрети Муфтий макамында туруп элдерди агымдарга, улуттарга, бай-кедейине бөлүү мага жарашпайт. Муфтий катары мен Кыргызстандын бардык мусулмандарынын башын бириктирип, адашканын оңдоп, туура басканын колдоону көздөйм. Эч бирөөнү сен жамансың деп камабайбыз, соттобойбуз. Камакка алуу милициянын иши, ал эми соттоо прокуратуранын иши. Ар бирине таалим жана тарбия бергенге умтулабыз. Керек болсо ошол мусулман эмес баптисттерди да динге чакырып аларга да жакшылык каалайбыз. Ислам дини мээримдүүлүктүн дини эмеспи.
Куранда Аллах Таала айтат: "(Эй, Мухаммед!) Биз сени ааламдарга рахмат (мээримдүүлүк) гана кылып жибердик". Биздин максат адамзатка ошол мээримдүүлүктү жеткизүү.




Жакыпбаевди неге мынча
жаап жашырышат, ыя?
"Кереге kg" гезитинин №29 санындагы (14.12.2011)"Эл сурак" рубрикасында Каржы полиция кызматынын төрагасы Мурат Жакыпбаевге Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургуну А. Айтбаева суроо жолдогон эле. Анда 304-берене. 1,2-бөлүк менен май айында кылмыш иши козголгон Сансызбаеванын ишин Ысык-Көлдүн Каржы көзөмөлүнүн жетекчиси Токтомамбетов экөөлөп жаап жаткандарынын себебин сураган. Тилекке каршы, бул суроонун жообун бир жумадан ашуун чуркап ала албай келебиз. Адегенде Мурат Жакыпбаевдин кабылдамасына байланыштык. Ал жерден бизди "Мындай маселелерди жеткирчү басма сөз кызматы бар"-деп ал жагына жолдошуп, 0(312) 54 79 30 номурун беришти. Биз басма сөз кызматчысы Диля Сабитова менен байланышып, 19-декабрда аталган соболдун бир эмес эки ирет электрондук вариантын жибердик. Диля "Териштирип жатабыз"-бул саныңарда жообун беребиз деген бойдон дымы чыкпай калды. Ошо бойдон өткөн саныбызда убада кылган жоопту дагы эле бербей кууратып жатышат. Диляны сурап баягы 54 79 30 номерине чалсак ал жерде "Диляны 0 (312) 54 79 06 менен табасыңар"-деп жолго салышты. Бул номерде "Сүйлөсөмбү, сүйлөбөсөмбү"-деп ыргалган бийкечтин үнү "Диля чыгып кетти, Диля анан келет"-менен бизди суй жыгылтты. Акыры басма сөз кызматынын мындай жоопкерчиликсиздигинен чарчап 0 (312) 54 79 00 номуру менен кабылдамасына чыгып "Мурат Жакыпбаевдин өзү менен байланыштыргылачы, бай болгурлар"-деп жалдырасак чогулушка шылташты. Андан кийинки телефон чалууларыбыздын баары бошко кетти. Эч ким трубканы жылдырып койбогонунан улам "Булар иш ордунда жокпу, же укса да укмаксан болуп жооп берүүдөн эринип жатышабы"-деген ойго келдик. Балким, Мурат Жакыпбаев чын эле бул кылмышты жабууга кызыкдарбы? Андыктан жооп берүүдөн качып жатабы? Урматтуу Асылбүбү, сиздин бул сурооңуз жоопсуз калбайт, Мурат мырза акыры үн катат деп күтө туралы.