Алдар Көсө кимибиз?


Өткөн саныбызда атайын кызматтын дасыккан адиси эле эмес, ал тармакты жетектеп, кийин Чек ара кызматынын да башчысы болуп иштеген Токон Мамытовдун маегин жарыялап, анда жаз келгени, жай мезгилинде чек араларды бекемдебесек Афганистандан азыр куулуп жаткан террорист-экстремисттер келип калышы мүмкүндүгүн жазганбыз. Биздин азыркы атайын кызматтагылар менен ИИМдин терроризм менен күрөшүүчү онунчу бөлүмү адаттагысындай душманды сырттан издебей ичтен издеп, Мамытовду эмес гезитти калпка чыгарып койду. Болгондо да бул маалыматты текшерип бергиле маанисинде Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитетинин атынан мурдагы Коргоо министри азыркы депутат Исмаил Исаков мырза кайрылып жатса, "Маалыматты тактайлы"-деп, бир сөз менен кутулуп кетүүнүн ордуна "Жаныш Бакиевдин боевиктери келетат деп маалымат агенттиктери деле жаза берчү, бул катардагы эле калптардын бири"-дешти. Ошентип алар айтуунун ордуна алгач, эл өкүлү УКМКда көп жыл эмгектенген Токон мырзага бир ооз кайрылып, "Маалыматыңызды тактап берсеңиз" өтүнүчү менен куш тилиндей кызматтык кат жазып коюшканда балким мынчалык эл дүрбөлөңгө түшпөйт эле.

"Кереге-ПРЕСС"