Эстүүлөр эстен кетпейт
Жылдыздуу болчусуз... Жарык адам дечүбүз баарыбыз... Кыска мезгил тааныш болсок дагы, ага инидей элек. Бирок сиз баатырларча, элдин эгемендиги, көз карандысыздыгы, бейпилдиги, келечеги үчүн окко учуп, шейит кеттиңиз. Сиздин эрдигиңизди азыр мен студенттерге өрнөк келтирем.
Жолдош агай менен алгач 2000-жылы тааныштым, ошол убакта мен студент элем. Ал бизге "Улуттук коопсуздук" предмети боюнча сабак өтчү. Ал лекцияларды, семинардык сабакты өтө кызык өтөр эле, эч кандай текстти карабастан эле, "Жан дүйнөсү" менен берилип айтып берчү, биз менен мекенчилдик, өлкөнүн чек арасы тууралуу пикир алышканда кадимкидей көздөрү жалындап кетчү эле. Сабактан чыгып алып дагы, группалаштар менен өлкө тууралуу узун талкууга түшчүбүз. Андан көп узабай, мен Жолдош агай менен кесиптеш болуп, Улуттук университеттин студенттерине сабак бере баштадым.
Спортко кызыгып, ар аптада футбол, волейбол да чогуу ойноп жүрдүк. Командалык духту мыкты кармап, спортто да "жан дүйнөсү" менен берилип ойночу. Жолдош агай эмнеге гана киришпесин чын ыкластан берилип, анын алдында койгон ишинен жыйынтык чыгарчу. Комузда кол ойнотуп, кадимки ырчылардан кем эмес ырдачу. Аны мен "Өнөр таймаш" кароо сынагына бирге катышканда билгем.
Кесиби "Саясат таануу" болгондуктан Бакиев саясатына каршы турду. Ошол күнү, студенттер, мугалимдер, жаштар баарыбыз эле бушайманданып, бир орунга тура албай калдык. Борбордук аянтта, жөнөкөй акыйкаттыкты каалаган адамдарга канкорлор тарабынан ок атылып жатыптыр деген маалымат жетти. Ошол мезгилде студенттердин коопсуздугуна кам көрө турган өтө оор сааттар болгон биз үчүн. Кесиптешим, агам, устатым Жолдош агайдан ушул апаатта айрылуу дендароо абалга кептеп, кабыргабызды кайыштырды. Жолдош Кудайбергенов окко учпаганда, дагы канча студенттерге билим берип, канчалаган жаштарды Мекенди сүйүүгө, Эл-жерди барктоого үндөмөк. Дагы уул-кыздуу болуп, татыктуу тарбия бермек. Сүйүктүү жар, камкор ата, бычакка сап өз элинин жигити болмок. Балким Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мыкты мыйзамдарды жазмак. Балким журт башкарган өкмөт башчы, ажо болмок. Ушул тилектер менен кыялдар бырчаланды. Ага өлкөнү кыянатчылык менен пайдалангандар күнөөлүү.
Жолдош аз жашаса да өмүрү жаштарга өрнөк болду. Агайым менин элесимде, дайым тыкан кийинип, так жүргөн, илбериңки, жөнөкөй, мекенчил, таланттуу, түйшүкчүл Адам катары түбөлүккө калат. Анын эмгегин жана жашоосун студенттерге айтып берип турам.
Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Агай...
У. Шаршеналиев,
Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин "Дин таануу" кафедрасынын ага окутуучусу
Уланбек Мамыразаков, "Бирик" жаштарды колдоо коомдук бирикмесинин төрагасы:
Учурда саясатка аралашкысы келген жаштар бир канча "элдик кошуундарды", "жаштар уюмдарын", "коомдук бирикмелерди" түзө коюшуп, "кресло" кучактап калууну жакшы өздөштүрүүдө. Бул иш өзүнүн жемишин жакшы берип, учурдагы парламентте "депутат" деген ардактуу кесипти аркалап отурган жаштарыбыз да жок эмес. Жакынкы күндөрдө "БИРИК" деген аталыштагы коомдук бирикме каттоодон өттү.
- Улан мырза, билишибизче жаштарды колдоо коомдук бирикмесин түзүптүрсүз...
- Ооба, жакында эле "Бирик" деген аталышта жаштарды колдоо коомдук бирикмесин түзүп чыктык. Учурда эмне көп? Жаштар уюмдары көп. Бирок, биздин бирикменин максаты ошолордун сүрмө тобу менен өйдө-төмөн сүрүлүп жүрө бербей же болбосо кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгына иштебей, өзүбүздүн так, даана иштелип чыккан программа, концепцияларыбыздын негизинде конкреттүү иш алып баруу. Эл арасын да кыдырып көрдүм. Мени ойго салып, бул бирикмени түзүүмдүн бирден бир себеби, акыркы күндөрү билинбей, ичтен түтөп жаткан түндүк-түштүк маселеси. Буга ким күнөөлүү? Саясатчылар! Жеке кызыкчылыгы үчүн ойго келбеген иштерди жасап, элди бөлүп-жарууга чейин барышууда. Жеке мен аны колдобойм. Жана бизди колдогон жаштар да ушул пикирге кошулат деп терең ишенем. Баарыбыз бир атанын балдарыбыз. Анан да, Кыргызстанда пикет-митингсиз таң атып, күн батпай калды. Башка кыларга жумуш жокпу? Бийликти шайлаган өзүбүз. Кайра эки күндөн кийин каршы чыккан да өзүбүз. Анан кантип өнүгөбүз? Андыктан "өз колуң менен кылганды өз мойнуң менен тартып", жакшы болсо да, жаман болсо да чыдашың керек.
- Демек, түз эле саясатка киришет экенсиздер да?
- Биз каалайбызбы, каалабайбызбы саясатка таасир этебиз жана саясат да бизге таасирин тийгизет. Андыктан бийлик менен дагы, оппозиция менен дагы бирдей алакада болуп, нейтралдуу позицияны карманып, башкы максатыбыз болгон жаштарды колдоо боюнча иш-аракеттерибизди аткара беребиз. Жакында эле туулуп өскөн айылыма барып, бир сакалдуу адам менен баарлашып отурсам айтат. "Байысаңар эле келип мечит курдуруп жатасыңар. Тигил көчө деле мечит. Бул көчө деле мечит. Жок дегенде бир спорт зал салбайсыңарбы. Жаштарды көрүп атасыңбы? Ичип кетип жатат. Уурулукка барышууда"-деп. Мечит куруп, жаштарды ыйман багытына үндөө да албетте, жакшы көрүнүш. Бирок, жаштар жеке эле моралдык тарбия менен чектелбестен, дене тарбияга да көңүл бурушу керек. Ошондой эле, көмүскөдөгү патриот мекендеш ага-инилерибиз элдин намысы, кызыкчылыгы деп жүрүп, акырында оорукчан, майып болуп калган учурлары кездешет. Андай учурлар биздин мамлекетте такыр эске алынбайт. Башка өлкөлөрдө аларга стипендия, пенсия чегерип, өзүнүн карамагына алат. Биз ошондой көрүнүштөргө чекит коюп, аларды да өзүбүздүн мойнубузга алууну чечтик жана жети дубандын жаштарынын башын бириктирип, бир атанын балдары, кыргыз экенибизди түшүндүрүп, уруу-уруу, жек-жаат болуп бөлүнүүдөн сактоо максатында "Бирик" деген атты тандап алдык. Андан сырткары буюрса жакын арада ушул эле "Бирик" коомдук бирикмесинин алкагында "Бирик" аталыштагы жаш спортчуларды өнүктүрүү фондун түзүүгө белсенип турабыз. Фонддун негизги максаттары жаш спортчуларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.
- Коомдук уюмдан көп эч нерсе жок деп айттыңыз. Сиз да бирикмени түптөп атып, ошолордун бири болуп калам деп коркподуңузбу?
- Жаштар уюмдарынын жетекчилеринен, кызматта жүргөн досторумдан кеңеш алдым. Алар, "Биз шайлоо же бир иш-чаралар болуп калганда эле бийликке керек болуп калат экенбиз. Биз сунуштарды айтабыз. Алар "Жаштар силерди көтөрөбүз"-дешет. Бирок, саясатчылар креслого, өз максаттарына жеткенден кийин, биз унутулуп калып жатабыз"-дейт. Эки ортодо биздин жаштарды пайдаланып кетип жатышат. Буга өздөрү да күнөөлүү. Мурунтан, жаштар уюмдары неге өзүнүн так максаттарын аныктай алган эмес? Алар, жеке амбицияларына ээ боло албай, эңсегендери тээ бийикте болчу. Басымдуу бөлүгүнүн так максаты жок, уюмду түзүп алышып эмне иш аткарарын өздөрү да так аныктай албай келишкен. Анан алар бийликке жетпей жаткан бирөөнүн курмандыгына айланып жатышат да. Биздин максат бийликке эптеп жетүү эмес. Бир чоңдун чачпагын көтөрүп, ырын ырдап, күүсүн чертпейбиз. Бизде конкреттүү программа бар. Биз ошонун негизинде гана иш алып барабыз.
- Айтканга оңой болгону менен, бул иштерди аткара келгенде көп кыйынчылыктар туулат. Колдоо керек. Сизди кимдер колдоп жатышат?
- Мени колдогон жети дубандагы досторум, пикирлештерим, теңтуштарым бар. Ал эми ишенгеним жаштар. Акырындык менен мамлекеттик структуралар, атап айтсам жаштар иштери боюнча министрлик менен аткара турган чоң-чоң долбоорлорубуз бар. Андай иштерге келгенде туура түшүнүү менен иш алып барабыз деп терең ишенем.
- Парламентте депутат катары сүйлөө сиздин да оюңузда бардыр...
- Өткөндө мамлекет башчы Түркияга барганда айтты: "Кийинки парламент, бийлик бутактары бүт жаштардан куралат"-деп. Бул жаштарга чоң стимул болду. Чынында бул кептин канчалык деңгээлде чын-бышыгын убакыт көрсөтөт. Башта белгилегендей, биз, бийлик үчүн иш жасабайбыз. Креслосу жок, депутат болбой эле, элге кызмат кылып, элдин алкышын депутаттан көп алсаң болот. Бирок, сунуштар болсо, каршы эмеспиз. Баарын мезгил көрсөтөт.
- Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
- Мен 1982-жылы Лейлек районунун Миң-Жыгач айылында төрөлгөм. Исфана шаарындагы №1 гимназияны бүтүрүп, И.Арабаев атындагы Тил жана маданият институтунун филология факультетине тапшырып, ал жерди эң жакшы деген баа менен аяктадым. Ошол жылдары айлык аз болгондуктан, өз кесибим менен иштеп жан багуу кыйын эле. Акырындык менен ишкерликке өтүп кеттим. Кудай буюрса, эми коомдук иштерге активдүү аралашууга киришип жатам. Үй-бүлөлүүмүн. Жубайым, эки уул, эки кызга татыктуу тарбия берип жатам.
Маектешкен
Анарбек АБАЗБЕКОВ
Апрель келди. сиз жоксуз, агай…

"Депутат болбой эле элге кызмат кылып, алкышын алсаң болот"