Тилдин азабы жама-ан…


Бир убактарда, тээ Бакиев доорунун добулбасын согуп, "асмандагы айды тээп", алчактап турчу кезинде "Кыргыз гезиттерине маек бербейм"-деп жүрчү Адахан Мадумаров, азыр туш келди гезитке сүйлөп, сөздүн түз маанисинде "дөөрүй" баштады. "Бакиев менен иштешкен эмесмин"-деди эле, Жалал-Абаддан аялдар "тытып" жеп кое жаздашты. Митингге барган айрым адамдарга "Менин Текеникиндей байлыгым болсо, эмдигиче президент болмокмун. Мен андай болуп БНКны басып алган эмесмин, курулуш иштерим жок, айлык менен жашап жатам"-деп дагы бир жомогун жобурай салып, кутулбас балээге калды. Кыскасы тилинен чаң чыккан Адахан мырза тилинен өлгүдөй чалынып жаткан убагы. "Колунан келбеген киши тилин деле сайратпай койсо болмок"-дегендердин үшкүрүгү үйдү көңтөрүп жатат.


Карамушкина "карара" баштады


"Калпак", "Кыргыз тили" дегенде итиркейи келип, итатайы тутулуп кетмейи бар, анан да өзүн өлкөнүн патриоту санаган Ирина айым журналисттерди сотко берди. Догу төмөндөгүчө: Айдоочусу киши канына забын болуп, бир эмес үч кишини койдуруп кеткенин журналисттер жазып жибергенинде. Ирина Карамушкина, "Кырсык болгон жерде жок болчумун"-деп кызылдай танып жатканы менен анын кызматтык автоунаасы кармалганы кашайып факт болуп жатпайбы. Мына сага кызматтык этика. Ирина айым журналисттерди сотко сүйрөп, кызматтык этикадан "сабак" бергенче, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында иштеп жүргөндө, Социалдык жана ишкерликти өнүктүрүү институтунда каражатсыз бир тууган сиңдисин окутуп жүргөндө "кызматтык этиканы" айтса болмок. Бир кезде өзүңөр сайрап жүрчү демократия, сөз эркиндиги деген ыйык түшүнүктү өлтүрүп салдыңар го, улуу урматтуу КСДПчылар…


Ташиев тамашалабайт


Кечээ Жалал-Абад шаарында өткөн митингде Камчыбек Ташиев "Учурда миллиондогон адам мамлекеттик башкарууга нааразы болуп жатса да, бийлик башчылары буга көңүл бурбай жатышат. Ушундай жол менен барсак, мамлекет бүлүнүүгө учурайт"-деди. Анын айтымында, Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2012-жылы үч айда экономика 30%га артка кетиптир. "Бул - экономика токтоду дегенди билдирет. Быйылкы кышта кар калың жаап, бир топ көйгөйлөр жаралды. Өкмөт ыкчам иштебегендиктен, бир канча жарандар каза болду. Бул боюнча тиешелүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылыш керек"- деп опурулган Камчы мырза бийликке келчү күнүнүн алыс эмес экендигине элди ишендиргиси келип, дембе-дем оозунан "Бийлик" деген сөздү түшүрбөй атты. Тоб-боо, бийлик кумары нени гана кылбайт, ыя? Ташиевде учурда деле түзүк бийлик бар го. Килейген партиясы парламентте олтурат.


Атың ким эле үлүл?


Эркинбек Алымбеков "Ата-Мекен" партиясынын өтө эле ишенимине кирип алганбы, айтор ар тарапка катуу чабыла баштады. Адегенде эле, Башкы прокурор Аида Салянованын ишмердүүлүгүнө киришип, үй-бүлөсү, жеке иштеринен кеп козгоду эле, азыркынын "темир айымы" Аида Жеңишбековна "Далили жок болсо Жогорку Кеңештин трибунасынан кечирим сурасын"-деген катын жолдоп, Алымбековдун Алласын оозунан түшүргөн. Көрсө, Эркин мырза, "Салянованын ордун алып беребиз"-деп кимдир бирөөгө убада берип койгону бар экен. Кызыгы, Алымбеков жөнүндө маалыматтарды башкалар эмес, партиялаштары таратып, Ысык-Көл областында шаардык кеңешке бир да добуш албай калганын, "Ата-Мекен" партиясынын саясий абройу Көл тарапта жоктугун далилдеди дешти. Сары-Жаздагы алтын кенин талашып таяк жегенинен бери коллегалары казып да киришти. Анан да, Алымбековдун келишкен каймана аты да бар экен. Ал атын көлдүктөр, анан саясий чөйрө гана билет. "А"дан башталчу беле?...




Байзаков кетти.

Бирок, криминалга каршы согуш токтобойт...


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин карачечекей иниси Акматбек Бакиевдин чаламандын чак түшүндө "көздөн кайым" болушу коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Буга байланыштуу өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жыйын өткөрүп, бул окуяга тиешеси бар жетекчилер кызматтан четтетилерин айткан эле. Ал убадасына туруп, өткөн жумада Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (МЖАК) төрагасы Шейшенбек Байзаковду креслодон жылмыштырып, ордуна Аликбек Мамыркуловду дайындады.
Балким, А.Бакиев качпаганда Байзаков өз ордунда кала бермектир. Себеби, МЖАК саясий кызмат болгондуктан, мындай чуулгандуу окуяда мекеменин жетекчиси катары төрага мыйзам чегинде жооп бериши керек. Мындан улам, Өмүрбек Токтогулович кабыргасы кайышканына карабастан, Шейшенбек мырзаны МЖАК башчылыгынан кетирди. Ал мындай кадамга барууга аргасыз болгонун: "Мен сизди, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчиси катары өлкөнүн пенитенциардык системасын жөнгө салуу аракетиңизди ар дайым колдоп келгем. А.Бакиевдин качып кетүүсү бул системаны оңдоо үчүн дагы көп нерселерди аткарыш керек экендигин көрсөттү. Ал окуя боюнча азыр акыркы чекит коюла элек. Бирок, ошентсе да, чыныгы адис катары бул окуядан кийин сизге кызматта иштөө ыңгайсыз болот деп эсептейм"-деди, Бабанов.
Премьердин бул чечимин Байзаков ириде чыныгы генерал катары туура кабыл алды. Ал төрагалыктан кеткенине тескерисинче, криминалга каршы ачылган "согушту" улантууда Аликбек Мамыркуловго колдоо көрсөтөрүн убада кылды.

Ысак КАРАЧЕВ




about | A Free CSS Template by RamblingSoul
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!