Кеп кезекТаалай Эсеналиев,
"Жаңы күч" элдик кыймылынын лидери:
"Кыргызстанга
Кытайдын 550 миң
аскери кириши мүмкүн"
Күн санап ар кандай уюм, коом, кыймылдар түзүлүп жатканы жаңылык деле болбой калды. Алардын көпчүлүгү жеке кызыкчылык, же убактылуу пиар менен гана чектелишет. Бирок, араларында олутту маселе көтөрүп чыккандары да бар. "Жаңы муун" деген элдик кыймылдын түзүүчүлөрү кыргыз саясатына бурулуш жасап, элдин эртеңи үчүн күрөшөбүз деген ураанын салып чыкты. Аталган кыймылдын лидери Таалай мырзаны кепке тарттык.
- Таалай Дүйшөнович, "Жаңы күч" кыймылын эмне максат менен, кандай негизде түздүңүз?
- 2005-жылы революцияга катышкандан кийин Бакиев башында турган жаңы бийлик келгенден соң "Элдик кеңеш" кыймылы ачылган. Элге жардам берели деген максатта бул кыймылга кошулганбыз. Ошондо бийликке "Эгерде уруксат берсеңер чет мамлекеттерден Кыргызстанга инвесторлорду алып келебиз, Кыргызстандын өнөр жай, айыл чарбасы жана башка тармактары өнүгө баштайт, элдер жумуш орду менен камсыз болот. Менде жаңы долбоор бар"-деген сунушумду айткам. Бийликтегилер макулдугун беришкен, ошонун ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу да бар болчу.
Ошол учурда Кытай тараптын адамдары аңдып, ар кандай элчилерди ортого салып жүргөндүгүн уккам. Тилекке каршы ал жерде кыргыздар да бар болчу. Ошондо абдан кооптонгом. Бүгүн да ушул темир жол маселеси кайра көтөрүлүп жатат. Ошондуктан биз "Жаңы күч" элдик кыймылын түздүк. Бул кыймылга топтолгондор элдин эртеңи үчүн эч нерседен тайбагандар. Биздин негизги максат азыркы бийликтин алешемдигин элге жарыялап, темир жолду Кытай тараптын курушуна каршы туруу.
- Сиз маектериңизде "Эки миллиард долларга чейин инвестиция алып келүүгө макулдаштым" деген элеңиз?
- 2007-жылы Америкага, Европага барып көптөгөн компаниялар менен сүйлөшүп келдим. Алардын арасында Австриянын, Германиянын чоң компаниялары бар болчу. Ал пландардын ичинде көмүрдү кайра иштеп чыгаруу боюнча максаттар бар эле. Менин каалаганым үч завод курулса (Кара-Кече, Таш-Көмүр, Сүлүктү) бир жылда Өзбекстандын келүүчү газ көз карандысыздыгына жетмекпиз. Бул абдан чоң маселе. Темир жолго 3,5 миллиард доллар кетмек. Аны Америкалык, Европалык инвесторлор курса, ал жерде 350 миң кыргыздар иштеп, темир жол түздөн түз Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөмөк. Кийин алар куруп берип, кандайдыр бир бөлүгүн алышмак да, темир жол биздики болуп калмак. Мамлекет казынасына жылына 550 миллион евро түшмөк.
- Бийлик тарап сиздин демилгени колдодубу?
- Ал учурдагы премьер-министр Атамбаевге, Коргоо министрлигине, жана ИИМге кат жазып, тилекке каршы, жообун ала албай койдум. Инвесторлорго "Мен өзүм революцияга катышкам, кепилдик бере алам, коррупция деген жок болот, азыркы бийлик элге иштейт"-деген убада бергем. Баарын даярдап, америкалык Миллер аттуу миллиардерди жана Сюн де Хан деген америкада жашаган улуту корей, АКШнын конгрессмендердин финансылык кеңешчисин бул жерге алып келип, алар банктык преференцияга 25 миллиард доллар салышканга макул болушкан. Алардын баарын мен ал кездеги ажо Бакиевге алып кирип көрсөттүм. Бакиев министрлерге буйрук берди.
- Министрлер кандай кабыл алышты?
- Башында жакшы эле башталган. Мен министрлер менен иштеше баштадым. Ошондо "Шаардын ичиндеги шаар"-деген проект ишке кирип, 30 миң квартиралуу турак-жайлар курулмак. Алар жергиликтүү жашоочуларга 15 жылга 3,5%дан ипотекалык негизде берилмек болгон. Анда, Данияр Үсөнов мэр болчу. Ал "социалдык жардам" деп беш миллион доллар "шапке" сураса, кийин Жаныш Бакиев куда түшө баштады.
Анан ич ара конфликттер башталды. Инвесторлор болсо кетип калышты. Мен карама-каршы маектерди бере баштасам, жумушума да зыяны тийди. Акыры оппозициянын катарын толуктадым. Жаным кашайгандан кийин 2009-жылы катуу иштедик. Элдик кеңеш кыймылы түзүлгөндө, балдар менен каражат издедик. Региондор менен бирге таза революция уюштуралы деген пикирде элек. 2010-жылы 2-апрелде "Достук" мейманканасында форум болуп, ал жерде "СДПК", "Ата-Мекен", "Ак-Шумкардын" өкүлдөрү катышып, "Элдик кеңеш кыймылы учурда бир топ күчкө ээ. Силер чыккыла, биз силерди колдойбуз"-дешти. Ошондо "7-апрелде чогуу чыгабыз"-деп макулдашканбыз.
-Демек, 7-апрелде силер да чыккан турбайсыңарбы?
- Элдик кеңеш кыймылы жана "Асаба" партиясы менен бирге саат бир-экилерде машина менен "Ала-Тоо" аянтына келип, желектерди көтөрүп баштаганыбызда эле үч киши каза болгон. Азыркы бийликте отургандар бизди алдыга салып коюшту. Көрсө, "Кыңыр иш кырк жылда билинет"-дегендей биз Бакиевдик бийлик менен күрөшүп атканда тигилер өздөрүнүн иштерин жасап, кызмат бөлүшүп атышкан экен. Азыр да иш кылбай эле кызмат, кресло бөлүшүү, талап-тоноо менен алектенип атышат.
- Азыркы өкмөт темир жол куруп элди "жыргатканы" жатпайбы?
- Жыргатпайт, тескерисинче кызылдай кууратканы жатат. Азыр элге билгизбей жашыруун түрдө өкмөт башчы Бабанов Максим Бакиевдин буйругу менен мурдагы программасын ишке ашырам деп жатат. Бул билген кишиге Кыргызстанды жок кылуу дегендик. Эгер, келишим боюнча темир жолду Кытай тарап кура турган болсо, анда аны Кытай аскердик армиясы курат. Анткени темир жол мыйзам боюнча аскердик маанилүү обьект болуп эсептелинет. Аларды атайын кызмат көзөмөлгө алат. Мындайча айтканда, Кытайдын көзөмөлүнө өтөт. Биздин маалыматыбызга караганда азыр иштей турган аскерлер 300 миң деп атышат. Келечекте болжол менен 550 миң аскер кириши мүмкүн. Ошондо алакандай Кыргызстан эмне болот? Анан да алар курган темир жол дүйнөлүк стандартка жатпайт. Биз ошон үчүн биринчи маселеде темир-жолду Кытай тарап курушуна караманча каршыбыз.
- Темир жолдун курулушуна карата каршы пикирлериңерди бийликке кандай жол менен жеткиресиңер?
- Азыр ММК аркылуу элге жайып, элдин көзүн ачыш керек болуп жатат. Элге түшүндүрүш керек. Эл кайдыгер болсо, бир күнү кытайлыктар бизди басып кетет. "Ойлонгуча ойрон болот"-деген сөз бар. Кайдыгер болуп отура берсек, булар бизнести кыла беришет. Батыраак ойлонуш керек. Качанкыга чейин эле башкаларга биз кул болуп жүрө беребиз? Качан намыс ойгонот?
- Талабыңыздардын конкреттешип бүтөр жерин айтсаңыз. Азыркы бийлик отставкага кетиш керекпи же кетпей туруп эле ишти жайына келтириш керекпи?
- Азыр бул маселени элге салып жатабыз. Эл чечсин. Бизди жаман көрүшөт да, революцияга тойбогон адамдар экен деп. Биз кылмыштуу бийликтен арылууга аракет кылдык. Андыктан биз койгон талап элдин кызыкчылыгы үчүн болгон соң эл чечиши керек. Эл эмне деп чечсе, биз ошондой кадамдарга барабыз.
- Элге салганда кандай негизде саласыңар. Элдин өкүлдөрүн чакырып курултай өткөрөсүңөрбү же өзүңүз айтып өткөндөй ММК аркылуу элге кайрылып, "Силер чечкиле"-деп отуруп каласыңарбы?
- Жок, биз олтуруп калбайбыз. Маалымат булактары аркылуу үзгүлтүксүз кайрылуу кылабыз. Ар бир региондон аттуу-баштуу адамдар тандалып, ошол топ атайын жыйын куруп, чечим кабыл алат. Андыктан алдыда "Чогулуш кылабызбы же сьезд өткөрөбүзбү?"-деген маселе турат.
- Убакыт, ченем деген бар эмеспи. Жыйынтыкка келе турган адамдарды чогултуп, бир тыянакка келип, бийликке "Мындай кылгыла!"-деген сөзүңөрдү кайсы убакытка негиздеп атасыңар?
- Азыр ар бир региондо балдар иштеп жатат. Андыктан, региондордун даярдыгына карайбыз. Эл даяр болгондо маселени ортого салып, чечим кабыл алганга да өз убакыт, сааты күтүлөт.
- Ташиев менен Мадумаровдун биригүүсү элди көчөгө чыгарып, өкмөткө карата митингдерди уюштуруп атат. Алардын талаптарына силер коюп жаткан талаптар да үндөшүп кетет экен. Алар менен биригишиңер мүмкүнбү?
- Мадумаров, Ташиев экөө тең ошол эле Бакиевдик бийликте иштешкен. Булар дале ошол эле көз карашта, ошол эле максатта. Биз негизги эски системанын өкүлдөрүнө каршы күрөшкөнбүз. Булардын ал системадан эч кандай айырмасы жок. Биринчи бийликке келейин анан ойлонобуз деген принциптери бар. Андыктан биз буларга кошулбайбыз.
- Бийликти "Туура эмес иштөөдө" деп жатасыңар, анда "Мына, мындай кылсаңар болот"-деген альтернативдик планыңар даярбы?
- Даяр, 7-апрелден кийин сунуш кылып кайрылгам. Бирок, болбойт экен. Булардын ар бири өзүнүн кызыкчылыгын ойлошот. Мен биринчи кабаттан жетинчи кабатка чыккычакты чачым агарып кеткен. Анткени, ар бир чиновник өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, пайда көрмөй аракети менен эч кимге эркин иш кылдырбай калышыптыр.
- Алдыңарга чоң максатты коюп жатыпсыңар, бирок ошол ишти башташ үчүн сөзсүз каражат талап кылынат. Акчаңыз барбы?
- Негизги маселе акчада эмес. Намыста болушу керек. Менин жоро-жолдошторум бар, элим бар. Баарыбыз эптеп-септеп акча чогултсак дагы пресс-конференция берип жатабыз. Мен башка мамлекеттерге сабак берип барып калсам, "Силерде президент болом дегендер 80 ден ашты, 150 дөн ашык партияларыңар бар. Америкада 300 млн. элинде эки эле партия иштейт. Ар бир экинчи кыргыз президент болом дейт. Бул оору болуп калды муну тарбиялашыңар керек"-деп айтышат. Бизде 5 миллион элге 150 партиябыз бар экен. Бул эмне деген шумдук? Анан да адегенде идея биринчи орунга коюлбай акча алдыга чыгып кетти. Акчага жутунгандан алысыраак болушубуз керек. Адегенде намыс ойгонсо акча өзү табылат.
- Демек, сиз парламенттик өлкө болгонго, партиялык системага каршы экенсиз да?
- Карап көргүлө партиялар бизге эмне кылып берип атат? Партияга жамынып алып кимдер гана депутат болуп олтурушат? Элге эркин тандоо бербей атышат. Бизди партиялык парламент жыргатып жибербейт.
- Сиздин пикир боюнча бир мандаттуу парламентке кайтып барсак, мамлекеттик башкаруу кандай негизге өтүш керек?
- Бизде курултай деген бар. Кээ бир акмактар курултайды оюнчукка алмаштырып алышты. Курултай деген эмне? Курултай деген бул элдик бийлик. Элдин эркиндигин, элдин ыктыярын эркин билдирген күч. Ошондой курултайды конституцияга киргизиш керек. Курултай ар бир президенттен жыл сайын отчет алып туруш керек. Эгер курултайга жакпай калса оңдоп, көзөмөлдөп туруш керек. Курултайдын өкүлдөрү бизмесмендер же коммерсанттар эмес, карапайым элден чыккан аттуу-баштуу инсандар болуш керек. Ар бир айылдын делегаты болуш керек. Биздин талап элдик курултайды конституцияга киргизүү. Парламент башка маселе. Бюджетке ашыкча зыян келтирип, чет өлкөлөргө саякаттап, жыйындарда уктап олтургандардын кимге кереги бар?
Маектешкен
Нургүл ИБРАЕВА
