Өлүм, карыз, саясат…


Айтылуу жазуучу Мурза Гапаровдун "Өлгүм келет, спонсор керек" аттуу ширелүү чыгармасы бар эле. Сюжети аты айтып тургандай, "Өлгөнгө спонсор тапсаң анан гана өл, болбосо тирүү жүрө бергин" маанисинде… Алайдын Курманжан Датка айылынын алтымыш беш жаштагы тургуну Каныбек Сейитбеков Ош шаарынын борбордук аянтына келип өзүнө өрт коюп жиберип, жан таслим болду. Өрт коер алдында "Пикет, митингден тажадым, токтоткула, ишенимим Атамбаев-Бабанов-Мадумаровдо гана. Ынтымакка келгилечи. Анан мен өлгөндөн кийин үй-бүлөмө жардам берип койгула, жубайым оорукчан"-деп кат калтырыптыр. Маркумдун сөзү эки болгон жок. Алай акимиаты өлүк зыйнатын көтөрүп, жесир аялды дарылатканга каражат бөлүштү. Маселе мында эмес. Кечээ алайлык депутат Ахматбек Келдибеков кызык нерсе айтты. Анын айтканына караганда "Маркум азыркы абалга нааразы болуп жан кыйды, булар өлүмдөн саясат жасап, өздөрүн көкөлөтүп жатышат. Мен ал кишини билем. Мал чарбасына кредит алып, ошону төлөй албай ушуга барды"- дейт. Эгерде бул жан кыюунун түбөлүгүн карай турган болсок, азыр ар бир экинчи кыргыз турмушуна нааразы жана кредиттик компанияларга карыз. Карыздан качып, үйүнөн безип кеткендери канча? Анан калса карызы бар карапайым калк минтип өз жанын өзү кыя берсе, Бабанов кимге премьер-министр болот да, Ахматбекти ким шайлайт?...


"Кереге-ПРЕСС"