Миң жыл жашаган адам


Өмүр бою компартия менен кармашып, улут үчүн, тил үчүн тикеси менен тик туруп берди. Кыргыздын көөнө тилин ачыкка алып чыгып, келечек муундарга таберик калтырды. Эгемендиктин алгачкы жылы эң биринчи болуп, "Эл Баатыры" болду. Ошону менен унутулуп бараткан… Азыр аз да болсо интеллигенциябыз ойгонуп калганбы, же шакирттери эми эстерине келдиби, айтор, бийликке улам-улам кулак кагыш кылып жатып, белгилүү жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбековдун жүз жылдык мааракесин өткөртүштү. Адаттагыдай Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылышпаса да, салабаттуу маараке болду. Казакстандан конок катары келген айтылуу Мухтар Шаханов өз кезегинде Түгөлбай атабыздын залкарлыгын даңазалап, тилибизге болгон камкордугун баса белгилеп келип, азыр Казактарда да өз тилин чанган маңкурттар көбөйгөнүн, бул илдет кыргыздарга да тишелүү экенин айтып, каргадай тизилип отурган депутаттарыбызды осол кылды. "Тил үчүн күйгүлө, тилден ажырасаңар тамырыңардан ажырап каласыңар"-деди. Биздин чоңдорго канчалык сиңимдүү болду белгисиз, бирок, тилчилерибиздин анык тилегин айтты. Ким билет, Түгөлбай атабыздай элинин келечегине кам көргөн, улуту үчүн күйүп жанган инсан кайсы доордо чыгарын?.. Балким элин сүйгөнү үчүн Түгөлбай атабыз миң жыл жашаса керек.

"Кереге-ПРЕСС"