Отпуске бүттү, окурман!
Жайдын мээ кайнаткан аптабынын акыркы күндөрү да жакындап келди. Мындай аптапта саясатта да тыным болобу десек, сыягы, андай болбоду көрүнөт. "Бир чети ысыктан, бир чети саясаттагы "акыр-чикирден" арылып, мээ чөйчөгүбүздү тазалап, айылдын салкынында, кереметтүү көлүбүздүн жээгинде алтын кумуна оонап келели"-деген ниетте "отпускелеп" кеткенбиз. Бир жарым ай тыныгуу алдык. Бир чети саясаттан алыстап, карапайым калк менен баарлаштык, маалыматты азайтып, элдин көйгөйүн уктук, борбордон алыстап элеттин турмушун элегибизден өткөрдүк, бул да болсо гезит тегирменинде тегеренип жүргөндөр үчүн "чыгармачылык багаж" экен. Алты жумалык тыныгуудан кийин кайрадан бүгүн колуңуздарга тийип, окурман журтчулугубузга жайылып отурабыз. Мындан ары тыным албай чыгабыз, Кудай буюруп, Теңир жалгаса. Ушакты, же укканыбызды эмес, көзүбүз менен көргөндү жеткиребиз. Жалганды эмес, адилдикти жазабыз. Жокту эмес, барды айталы деп шымаланып келдик. Элди бөлбөйлү, жерибизди жектебейличи. Ызы-чууну эмес, ынтымакты сүйлөйлү. Ошентип, мындан ары азиз окурман, адаттагыдай эле ар шаршембинин таңы кездешип турабыз...
"Кереге-ПРЕСС"





Алтынбек Амракулов билген, бирок Бакиевдерден корккон

Кечээ Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунда Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кезектеги сот процесси болуп өттү. Бу жолу Жаныш Бакиевдин айдоочусу Алтынбек Амракулов көрсөтмө берди.
Анын айтымында, 2009-жылы 13-мартта аны түнкү саат эки жарымдарда аны Жаныш Бакиев мамлекеттик коргоо кызматынын кызматкерлери А.Жапаров, А.Кожошев менен барып алып кеткен. Саат үчтөрдө алар Көк-Жар жаңы конушунун Коңур-Осмон көчөсүндөгү №80 үйгө барышып, Ж.Бакиев кайтаруучулары менен ал үйгө кирип кеткен. "Түнкү саат төрткө чукул ал чыгып машинеге отурганда үйдүн короосунан "Лексус", кара-кочкул түстөгү БМВ жана "Ауди" чыкты. Бакиевдин көрсөтмөсү менен биз алардын аркасынан Кой-Ташка чейин узатып бардык. "Градиент" мейманканасына келгенде машинени Бишкекти каратып токтоттурду. Анан ал бизди сыртка чыгып тургула деп бирөө менен он мүнөттөй сүйлөштү. Андан соң мен Жапаровду үйүнө таштадым да, Ж.Бакиев менен Кожошевди Максим Бакиевдин үйүнө жеткирдим" дейт Амракулов. Буга улай күбө үч адамдын жол кырсыгынан өлгөнүн теледен угуп, алардын киши колдуу болгонун түшүнүп, бирок Бакиевдерден коркконунан унчукпаганын кошумчалады.