Эгемениң кут болсун, Элим!
"Жөжөнү күздө санайбыз"-деп айтып калчубуз. Биз акыркы жылдары күздө жалаң эле премьер-министрлерди санап калдык. Жыйырма бир жылдык эгемендүүлүктө жыйырма төртүнчү өкмөт башчысына кезек жетти. Мындай жүрүш менен кете берсек "буюрса" дагы бир он жылда элүүнчүсүнө этектеп барабыз. Азыр болуп жаткан өкмөт башчысы боюнча коомчулукта түрдүү пикир. Айрымдары бул кишини, "Жеп, ичкич"- дешсе, жакындан билгендер мыктылыгын айтышат. Албетте, ал кишинин кандай экенин жакынкы эле тарых өз таразасына салып коёру турулуу эмеспи. Бабановду да мактап отуруп алып келгенбиз. Азыркы коалициядагылар да аны ал кезде бучкактап жүрүп, "Азамат, ишкер, акчасы мол, тапкыч"- дешкен. Кетеринде дал ошол мактагандар бир ооздон туруп ур-тепкиге алышты. Кошоматтын коюн сойгондор биринчи болуп кол салган душманына айланды. Азыр да кудум ошондой көрүнүш кайталанып жатат. Бийлик сересиндегилер жай турмушта "Өкмөткө жаштар келсин, таза болсун, реформаторлук өнөрүн көргөзүшсүн, бизнеске аралашып колу булгангандар болбосун"-дешет. Ал эми мындай бийликти алмаштыруунун оңтойлуу учуру келгенде, алар дайым унутта калат. Бул да болсо тагдырдын тамашасы, же бийликтегилердин бир короого чогулуп алып, "сыртка чыккылары" келбей жатканы болбосун. Кантсе да, маалында турмуш чындыгы өз далилин чыгарары акыйкат...

"Кереге-ПРЕСС"