Барар жери Барктабасовбу?
Ачык асманда күн күркүрөгөндөй, булут жокто чагылган түшкөндөй болуп, редакциябызды такталбаган маалымат аралап өттү. Ал маалыматты укканда, "Бул бийлик талашкандар дале эски оюндарын кылып, элди дүрбөткөндөн башка кыларга иши жокпу?"-дегенден башка ой келбейт экен. Ал такталбаган маалыматтын мазмуну мындайча. Отургучунан оодарылып кеткен Өмүрбек Бабанов жөн жата албай, жуучу катары Азимбек Бекназаровду Балыкчыда дымып, көр тирлик менен алп урушуп жаткан Урмат Барктабасовго жиберет. Азикең барат да, маселени кабыргасынан коюп, "Сенде Алмаз Атамбаев боюнча эч ким билбеген маалымат бар экен. 2010-жылдагы төңкөрүштө сен ага каржылык жактан гана жардам бербестен үч жүздөй спортсмен балдарды даярдап, Байтик айылында эч кимге билгизбей багып берипсиң. Ал эми форумдун астында таратылган "газдалган суунун" "рецебин" билсең сен билерсиң. Эки жылдагы жана ага чейинки апрель окуясындагы, анан андан кийинки кетирген чыгымдарыңдын баарын төлөп берели, ушуну элге "публично" айтып бер"-деп өтүнөт. Саясаттан көңүлү үч көчкөн журттай калган Урмат Барктабасов баарын билерин, бирок, айтпасын айтып, бул саясатчыдан жүзүн үйрүйт. Азикенин "жуучулугу" оңунан чыкпай калганын уккан БӨТ кайрадан ишенимдүү делген бизнесмен досторун ортого салат. Бул ирээт "Казакстандагы бизнестериңди жандантып берели" сунушу менен суранышат. Буга да көнбөйт. Айтор, азыр биригебиз деп жаткан оппозиция Барктабасовдун бир ооз сөзүнө "зар" болуп турушупту-ур...


"Кереге-ПРЕСС"