| Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ![]() | түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Бекмырза РАХМАН уулу Министрдин кызынын махабаты I бөлүм Онунчу классты бүтүргөн соң, аттестатты чөнтөккө салдым да, көптөн көп көрсөм деп эңсеген Бишкекти көздөй сапар алдым... - Жоробек, Жора ким? - деп чебелектеп, модалуу көз айнек тагынган, мини юбка кийген шумдуктуудай сулуу кыз автобекетке токтогон автобустун эшигинде турду. "Тосуп алабыз, коркпой келе берсин" - деп апамды ынандырган бир тууган таежемдин тоолуу Нарынды көргүсү келбеген эрке кызы Мадина ушул экенин байкадым. Таежездем - министр. Аты - Эмил. Мени тандаган окуума жөн эле өткөрүп коймок... - Мен... - Түш, кеттик! Эрке кыз мага тигиле да, таңдана да, сынай да караган жок. Кара, шиш такалуу туфлисин тарсылдата астыма түшүп, ылдам кетип баратты. Апам байкуш жесирлигине карабай "куру кол барганың уят" деп, курут, бир карын май салып берген. Азык-түлүк, кийим-кечелерим салынган ошол асынма сумка, окуу китептери шыкалган эски, кара дипломат салмагын салып, ылдам басышыма жолтоо болуп жатты. Жайкы аптаптуу күндүн ысыгынан улам денемден тер куюлат. - Бол, кыбырабай. Бизди кочкул күрөң түстөгү иномарка жол жээгинде күтүп туруптур. Рульдагы мени менен теңчамалаш аппак жүздүү, кырдач мурун сулуу жигит кабинадан элпек чыга калды да, машинасынын багажын ачты. Мадина: - Сал жүктөрүңдү, - деди буюра сүйлөп. Бак-дарактуу, көп кабат үйлөрү көп шаар ой-санаамды бийлеп алды. Жол бойлорундагы кооз дүкөндөр, катар тизилген түркүн түстөгү комоктор, базарлар, кымгууттанган ар түрдүү машиналар көздү азгырып, аларга кызыга карап бараттым. Мына, мен эңсеген, ак эткенден так эткен шаар! Жарашыктуу кийинишкен, келишимдүү бой-келбетине азгырган шаардыктарды көрүп, абдан суктандым. Буюрса, мен да шаардык болом! Алдыңкы орундукта отурган Мадина сигарет тутандырды. Кызгылт күрөң лак менен боөлгон узун тырмактуу манжаларына кыстарылган тамекиге чочулай көз жүгүрттүм. Тоодо кыздар тургай аялдардын тамеки тартканын көргөн эмес элем... "Таежем кандай турат? Жолдо кыйналган жоксуңбу?" - деп сурайт го деген үмүтүм ташкапты. Шаардык кызды апасынын туугандарынын жашоо-тиричилиги, аман-эсендиги, дегеле тоо тарапта да жашоо бар экендиги кыпындай да кызыктырбагандай көрүндү. Зыпылдап учкан иномарка беш кабат үйдүн алдына келип токтоду. - Тиги подьездден кирип, 3-кабатка көтөрүл, 12-квартира. Апам күтүп жатат, түш. Эрик, багажды ачып бер! - деди Мадина "бычокту" машиненин күлтүшүргүчүнө салып жатып... Мончого түшкөн таздай тердегенимди көргөн таежем чочуп кетти: - Ап-пей, Жоробексиңби? Мадина кана? - Бир жактарга кетти окшойт. - Кайда барарын айтпадыбы? - Жок, айтпады. - А өлүк-тиригиңди көрөйүн, жанагыл шыпааналарына дагы кетти окшойт! Кир, кирегой ичкери! Эжем кандай жүрөт? Ден-соолугу жакшыбы?.. ...Тири укмуштуу жасалгаланган беш-алты бөлмөлүү үйдүн ичин көрүп, оозум ачылып калды. Бары-жоктун бардыгы турат. Бардыгы орду-ордунда, таза, жаңы. Таежем мага даярдаган бөлмөсүн, андан соң ашкананы, ажааткананы көрсөттү да, бир аз эс алган соң, чайга келишимди өтүндү. ххх ...Министр таежезде өтө кеч келди. Эки-үч солидный кишилер узатып алган. Абдан кызуу. Тигил жандоочулары жолуна түшөрү менен таежем мени жетелеп кирди. - Эжемдин баласы Жоробек келди, сага учурашам деп турат. - Жоробек?! Аа, чо-оң жигит болгон турбайсыңбы! Аз-замат! Келчи бери? Мени билектен апчый кармап, өзү отурган жумшак, кооз диванды карай тартты. Күтүлбөгөн булкуудан улам ал кишинин чоң курсагын таяна отуруп калдым. Бетимден калың эриндери менен балжырата-балжырата өптү. - Сатыкем алтын киши болчу! Азамат киши эле, ээ, Алма? Ошол кишинин чоң жардамы менен киши болгомун. Болбосо бир гөржаман болот элем! Сенин атаң менен апаң эт, май, курут ташып жүрүп Алма экөөбүздү окуткан, туурабы, Алмаханум? Мен эми сени окутам. Алтын киши, алтын киши, кайран гана алтын бажам! Сени юрфакка өткөрөм. Уулум болуп жүрөсүң! Менин доорумда дуулдап жашайсың! Бир-рөө-ө мышыгыңды "пыш" дебейт, уктуңбу? Бир-рөө-ө!.. А менин уулум жок. Мына бул таежең, энеңди урайын, "уул төрөйм, ана төрөйм, мына төрөйм" - деп жүрүп тажатты. Быйыл у-уул төрөп бербесе, токол алам! Жамишти алам!.. Жамиши ким экенин түшүнбөдүм. Таежем гана: - Ачууланганда көтөрүлүп кетет, көңүл бурба, мас боло баштаган тура. Эмике, Эмике, жүрү эс алчы! - деп таежездеме үйрүлө калды. Мен жылып чыгып кеттим. ххх Шаарга келгениме бир жума болуп, көз көнүшүп, көңүл тынчтанып калды. Күндө түстүү телевизор аркылуу видиктен ар түрдүү детективдерди, боевиктерди көрүп жыргайм. Үйгө жакын жерде орто мектептин имараты жайгашыптыр. Эртең менен спорттук аянтчасына барып машыгам. Келип душка түшөм. Кыскасы, жыргал замандын бир четин көргөнсүгөнүм менен бирге тамактанып, бир үйдө жашасак да таежемдин кызы менен мамилем жылыбай койду... Бир күнү: - Жора, бас бери, - деди чукчуңдап. Кооптоно жанына басып бардым. Он, он беш мүнөт мурда үйгө түндө адаттагысындай кеч келгендиги үчүн таежем катуу жемелеген болучу. Ошол үтүрөйгөн калыбынан жазбай туруп: - Бул эмне? - деди. Жуунгандан кийинки көбүктүү самын суу ваннанын капортосунан болуп, көлкүлдөп туруптур. Карабасып, агызып жиберем деп жатып, эсимден чыгыптыр. - Унутуп калыптырмын, азыр... Ал мени жаман көзү менен жактырбай карап турду да, мурдун чүйүргөн бойдон басып кетти... Диванда окуу китептерин чачып алып, даярданып жатсам, бөлмөмө таежем кирди. - Жоробек, алтыным, Мадина Улуттук китепканага барчуумун деп жатат. Сен кошо барчы. Чогуу даярдангыла. Башка жактарга дейди басып кетип, кечээгиндей кеч келип жатат. - Барайын, таеже. Эрке кыз бир топ кармалып жатып, бөлмөсүнөн араң чыкты. Чыкты да мени табы сүйө бербей карап турду. - Жайкы жынсың жокпу? - Жок... - Жеңи чолок көйнөгүң барбы? - Ж-жок эле. - Ушул айылдык кебетең менен китепканага барасыңбы? Эң жаңы, жакшы деп эсептеген эки көйнөгүмдүн бирин кийген элем. Эмне кыларымды билбей мукактанып туруп бердим. - Мама, Жора менен барбайм! - Дагы эмне болуп кетти? - деп таежем ашканадан чыкты. - Современный кийинбейби, карачы кебетесин? - Көп жинге тийбе! "Бөйрөктөн шыйрак" чыгарганыңды токтот! Чыкыйып, сопсонун болуп турбайбы! Жөнө, жөнөгүлө! Министрдин эрке кызы канткен менен эпке көндү. Экөөбүз бийик карт дарактуу көчө менен китепкананы карай бараттык. Бишкек бак-дарактуу, күнөстүү, кооз шаар экен... Мадинанын жанагыл орой мамилеси гана көңүлдү оорутканы болбосо... Ал мени тоготмоксонго салып, эки-үч кадам алдыда... Мунусу кайра мага майдай жагып, өзүмдү эркин сезип бараттым... Куйругун араң жапкан мини юбкасы, узун, түз буттары, далысына түшкөн тармал чачтары өзүнө абдан жарашат экен. Кайкалай, ишенимдүү басышы канткен менен мени суктандырды. Кызыктыра басканды үйрөнүп алыптыр. Ал чочугандай шарт токтоду да, мага бурулду: - Акчаң барбы? Апам: "Алмага бекем каттырып коюп, четинен үнөмдөп пайдалан" - деп берген 3000 сомду таежеме берип, 100 сомун алып калдым эле. - Балмуздак жейсиңби? - Жок, таксиге жетсе болот. - Такси канча алат? - 30 же 40 сом. - 100 сомум бар. - Давай, Эриктикине барабыз. Классташтар бүгүн анын үйүндө чогулмакпыз. Бийлейбиз, көңүл ачып отурабыз? - Таежем урушат. Экзамендерге да даярданышыбыз керек... - Таежең дүрбү салып, карап отурат дейсиңби? Кеттик... Ал менин жообумду күтүп отурбай, чоң жолго жүгүрүп чыгып, такси тосо баштады. - Папам экзаменсиз эле өткөрүп коөт. Такси, такси!.. Көп өтпөй каалгасы лакталган рейкалар менен кооздолгон эшиктин коңгуроосун басып турдук. Эмнегедир кооз эшиктин ачылышы тозок болду. Шарак-турак болуп жатты. Катары менен төрт-беш каалга ачылып жаткандай сезилгени менен, болгону экөө гана экен. Ичкеркиси - брондолгон. Чамасы кулпунун бири бузук сыяктанат. Мадинанын айтканына караганда үйдү ата-энеси Эрикке туулган күнү үчүн белек кылыптыр... Чачтары үрпөйгөн Эрик көрүнүп, мени сүйө бербей карады. Мадина экөө ооздорунан эки ирет өбүшкөн соң, аны өткөрүп жиберген ал саламдашыш үчүн сунган колумду жоопсуз калтырып, алдымды тороду: - Сен кайда? - Мадина менен келдим. - Келсең, анда ал чыккыча сыртта күтүп тур. Ал эшикти жапмакчы болду эле, нары жактан Мадина үн салды: - Эй, киргиз, киргиз аны. - Болбойт. - Мамам кошуп берди. Ошондо гана мисирейген суук көздүү, текебер шаардык жигит, ооздон кийин боло берди. Жасалгасы Эмил таежездемкинен кем калбаган үч бөлмөлүү үйгө кирдим. Жумшак, кайыш дивандарда мен курактуу жети-сегиз балдар-кыздар отурушуптур. Бардыгынын колдорунда тамеки. Батыш өлкөлөрүнүн жаштарына окшоп кийинишкен. Тикие караган шаардыктардан өзүмдүн жупуну кийимим менен сүрдөп тургансыдым. Салам айтсам эптеп алик алымыш болушту. Ортодогу жапыз чоң столдо кыя кесилген колбасанын түрү, ар кандай консервалар, банкалар батпайт. Светомузыкалуу магнитофондо чоочун тилдеги обон акырын сыбызгыйт. Мени чоочунсунта тоготпой кабыл алган бул компаниянын ичинде көзүмө ысык көрүнгөнү күрөң түстөгү жапжаңы гитара болду... Шаардын ысыгына көнбөй көл-шал тердеп, утур-утур бетаарчы менен сүртүнгөн мени капарларына да алышпай, өз ара аркы-берки сөздөрдү сүйлөшүп отурушту. Кимдин эмне жеп, эмне коюп жатканы менен эч кимдин иши да болбоду. "Портвейн" деген жаңы чыккан винону мактап, ошодон татып коюп отурушту. Менин тоонун шар суусунан башканы ичип көрбөгөн айылдык классташтарым чекмек турсун эмдигиче ичимдиктин даамын татып көрүшө элек. Ичпей отурганымды Зина деген сулуу кыз байкап калды көрүнөт: - Сен эмнеге ичпей отурасың? - деп сурап калды. Кайсы бир математик "чукча" деген кличкалуу эжекенин жоруктарын жыргап айтып отурган классташтардын уу-дуусу тып басылды. - Ичип көргөн эмесмин... Отургандар бири-бирин таңкалыштуу карап коюшту. Эмнегедир "ич" деп кысташкан жок. Мага мунусу жакты. - Жораны жайына койгула, андан көрө, Тампо, бир ырдап койчу! - деди Мадина күтүүсүз сунуш киргизип. Эриктин колтугуна ыктай отурган анын бактысы тоодой эле. Мен дагы анын сунушун ичимден колдодум, анткени, качан ырга көңүл бурушар экен деп отургамын. Тампо тамекисинин калганын маалката соруп, бир мүнөтчө отурду да, жакын турган гитарага кол созду. Ийнине боосун асынмагы тозок болду. Эмнегедир бары жайында турса дагы, ийнин күйшөгүлөп, кайра-кайра оңдонуп, мени бушайманга салды. Ошентип жатып, маалкаткан Тампо чала күүлөнгөн гитараны ургулап, мага тааныш эмес орусча бир ырды мыңкылдап ырдап кирди... Сөзүн так айтпай ушинтип ырдагандарды Сагын аке: "Мыңкылдабай сөздөрүн так, даана айтып ырдабайсыңбы!" - деп зекип калчу. Сагын аке демекчи... Сагын аке атамдын бир тууган агасынын эң улуу баласы. Аскер-Деңиз флотунда үч жыл кызмат өтөп келген соң, областтык спорт комитетинде каратэ боюнча тренер болуп иштеп туруп, анан биздин мектепке дене-тарбия мугалими болуп келди. Эмгекчил, чарчоо дегенди билбеген өжөр, өтө универсалдуу жигит. Сагын акедей болобуз деп эмнелерди гана жасабадык. Спортту, музыканы, мергенчиликти жанындай көрөт. Айылдык төрт жигитке, айрыкча мага гитара ойногонду, каратэни, аңчылыкты үйрөтүп, төрт-беш жыл тер төктү... Тампо акыры мыңкылдаган жагымсыз ырын эптеп бүтүрдү. Чындап жактыбы же калп болсо да көңүлүн көтөрүп коөлу дештиби, айтор: - Азамат! - дешип жапырт бир ооздон мактап калышты. Мадина ордунан тура калып, бешенесинен өптү. Тынчтыкты Зина бузду. - Жора, айылда силер да ырдачу белеңер? - Албетте. - Анда ырдап бербейсиңби бизге? Бирибиз да кыргызча ырдай албайбыз. Мен гитарага кол создум. Тампо берер бермексен болуп, мыскылдуу карап турду. - Бер... - Бер, берчи... Гитараны эң биринчи жакшылап күүлөп алдым да, Болот Токтобаевдин "Коштошуу" деген ырын баштадым. Алгач үнүм бир аз кысылып барып, анан кайра ачылып кетти... Бизди кошчу жолдор алыс Ал жолдордой айрылабыз. Өмүрдө жок колдон алып Ал күндөрдү кайрып алыш. Шаардыктар кызыгуу менен карап турушту. Эргип ырдап жатып мага суктанган, таңданган, эриген көз караштарды учураттым. Айылдыктар Бельгиянын сырын, япондуктардын кара икрасын жебегени менен көп нерсеге шыктуу келерин мыкчыгерлердин көпкөн балдар-кыздарына туюндуруп койгум келип, өтө берилүү менен үн созуп жаттым. Ыр жагып турду окшойт, пейилдери, жүрүш-турушу орус болгону менен дили, түпкүлүгү кыргыз шаардыктар ийип, ынтаа коө угуп турушту. Өкүнүчтүү сүйүү, качандыр бир көңүлдө калган элестер, кайрылып бир бирикпеген айрылыш жолдор сыяктуу тагдыр барын ойго батырды да, түнкү токойдой тунжуратты... Обонду жеткире ырдай алдым көрүнөт, ыр бүткөн соң бир канча секунд аралык кыймылдабай каткан бойдон турушту да, шатырата кол чаап жиберишти... Жүдөгөн, салаа-салаа тер куюлуп сүрдөгөн, өзүн камсоо сезген айылдык тартынчаак жигитти сүйө карап турушту. - Чудо?!.. Келчи, мен сени келиштире бир өөп коөюн! Жымжырттыкты ордунан "селтең" этип тура калган Зина бузду. Ал вино буркураган назик, ысык эриндери менен өөп-өөп алды. Өмүрүмдө мындай компанияда отуруп, өптүрмөк турсун өөп көрбөгөн жаным, сүрдөп, андан бетер терге чыланып жатып калдым... - Дагы, - дешти кыздар. Эрик, Тампо баш болгон эркектер унчуккан жок. Чамада кыздардын баарынын мага ыкыс берип, менин алардын заматта көңүл буруусуна арзышым жакпай калды көрүнөт... Көпкө чейин ырдашка туура келди... Зина эмнегедир жанымда отурган бойдон кетпей койду. Ырдан соң, бийледик, андан соң видиктен "Таңкалыштуу Азия" деген документалдуу фильм көрдүк. Кыскасы, көңүлдүү кече аяктап, кете турган да мезгил келип жетти. - Мадина, жүргүн? Ал кызуу болуучу, дивандын кырына жөлөгөн башын буруп, мени көңүлсүз бир карап койду да, үндөбөй көзүн жумду. - Кечигип калдык, тур, таежем тилдеп жүрбөсүн? - Кете бер. Мен кийин барам... Балдар-кыздар күзгүлөрдү короолоп, чач-пачтарын таранып, оңдонуп-түзөнүп жаткан. - Үч күндөн соң - меникине! Жора, сен сөзсүз келгин. Келбесең милиция менен издетем! - деди Зина астейдил. - Барам. Бардыгы кетишти. Үчөөбүз гана калдык. - Сен кете бер... - Мадинасыз карыш да жылбайм. - Мен машина менен жеткирип коөм. - Сен массың, рулда отурууга болбойт. - Сен эмнени билет экенсиң? - Өзүмө жараша... Мадина жүргүн? Таежем күтүп калды. - Эй, сөздү уккун да, жолуңа түшкүн. Биздин ишибизге аралашпа! Башка кыздарга салыштырмалуу анын эмнеге көп ичкенин, акыры эмне үчүн тез мас болгонун түшүнгөн жокмун. Мен ага эңкейип, эки колунан тартып тургузмак болгондо Эрик түртүп жиберди. - Жоголгун. - Жоголбойм. - Былжырабай жолуңа түш! Буга чейин деле калып жүргөн! - Бүгүн калбайт! Эрик мени эки каруумдан кармап, түртүп чыгаргысы келди, бирок айылдын кара жумушуна бышып, Сагын акенин катаал тренировкасынан өткөн мени кыймылдата да албады. Аппак жүздүү, модалуу прическалуу, моюнуна алтын чынжырча салынган бул жигит алсыз, күчсүз колдору, борпоң дене түзүлүшү менен заматта көзүмө бечера, байкуш көрүнүп кетти. Ал дагы менде кандай гана уюган күч жатканын сезди окшойт, тайсалдап калды... Таежемдин чыйпылыктап, кызынын баскан-турганына чейин кирише бергенинин төркүнүн эми түшүндүм. Көрсө, жалгыз кызы үйгө келбей, келсе да ичип келип, оюн онго, санаасын санга бөлүп жүрүптүр. ххх Эртең мененки чайга отурдук. Буурул чачтарын артка тараган олбурлуу таежезде жуунуп-таранып болгон соң, столго жай басып келди. Мени менен баш ийкешип учурашты да, таежем бүлдүркөндүн вареньесин кошуп берген ысык чайдан шурулдата ууртап кирди... - Жоробек менен Мадина кечээ кечке чейин китепканада даярданышты, -деди таежем биздин арыгыбызды чаап. Бетим чымырай түштү да, башымды өйдө көтөралбай калдым. Мадина англисче атасына бир нерселерди көпкө чулдурады эле, ал киши кыска гана: - Жок, - деп койду. Бизди англис тилинен 5-класста чала-моңол окутушкан. Эжекебизди экинчи айылга бирөө ала качкан соң, жөн калганбыз. Ошон үчүн эч нерсе түшүнгөн жокмун. - Эрик-америкага, Нуржан-Германияга окууга кеткени жатат. Мен жок дегенде Москвада окушум керек! Эрди-катын бири-бирин үнсүз карап коюшту. - Кызым, атаң экөбүздүн караган тиктегенибиз, көзгө басарыбыз жалгыз -сенсиң. Сен алыс кетсең, биз кантебиз? Акча аяган деле жерибиз жок... - Күйөөгө тийсем, эмне, кошо кетесиңерби? Мадина ордунан тура калды да, колундагы бырышкан салфетка менен стол үстүн бир урду. - Жалгыз менин көзүмдү карабай, көп төрөсөң эмне болот эле!? Ачууланган бойдон чыгып кетти. - Же жөнөтөлүбү? Чет тилин да жакшы бүттү, - деди таежем бир топтон соң. - Кыз кишиге ал жакта суутуп коюптурбу, эркек болсо бир жөн. Бишкекте окуйт, - деген таежезде мага бурулду, - Жоробек, сен кайсыга тапшырайын дейсиң? -Филфакка. - Журналистика бөлүмү жарайбы? - Жакшы болот эле... Министр таежезде башка сүйлөгөн жок. Качан гана чай ичип бүткөн соң: - Бир жерге барабыз, кийин, - деди. - Чочкоканагабы? - деди таежем элейе, - Экзамендерге аз калды даярданбайбы? - Жоробек даярданып койгон... ххх Шаар четиндеги дачага кара "Вольво" көз ачып-жумганча жеткирди. Бизди сакал-муруту сапсайган Андрей деген кары орус тосуп чыкты. Муруну помидордой кызарат. Өтө көп ичет көрүнөт... Дача дегени подвалы, үч-төрт бөлмөсү, сарайы бар, бак-дарактуу үй экен. Короого кирдик. Сасык жыт "бур" дей түштү. Сарайды төрткө бөлүп, төртөөнө тең ботала болгон кертмек мурун чочколорду камап коюптур. Атын угуп жүргөнүм менен, өздөрүн биринчи көрүшүм. Жытына жан чыдап болбойт. Андрей чочколорду багып, аларды төлдөтүп, кээде союп, базарга алып чыгып сатып турат экен. Бир тууганда жети-сегизди, кээде андан көп торомпой тууган чочколор министр таежездемдин чөнтөгүн толтуруп турат окшойт. Бир жашик вино көтөрүп кирген шоопурду көргөн Андрей кубанганын жашырган жок. Чамасы, өмүрүнүн калганын ушул чочкоканада өткөрүүнү ойлогон ага винодон өткөн жыргал жок сыяктуу. Мени тааныштырды. - Мындан кийин ар ишемби сайын эртең менен ушул жигит келип турат. Базарга чогуу чыгып, сооданы бирге жасайсыңар. Акчаны ушул жигитке берип, кем-карчы болсо айтып турасың, түшүндүңбү? - Баары түшүнүктүү, шеф. Кайра артты карай жөнөдүк. - Ар жумада ондон торомпой сатылат. Ар бири орто эсеп менен 500 сомдон сатылса 5000 сом болот. Аны мага тапшырып турасың. Дежурный машинаны жума сайын жиберем, сенин карамагыңда болот. Барган сайын канчоо тууду, канча болду так эсебин алып тур. Дагы, ичкен-жегениңе, кийимиңе мен акча берем, эжемден бир тыйын алчуу болбо! - деди таежезде. ххх Зинанын атасы ички иштер министринин замы экен. Өткөндө, "Жора, сен сөзсүз келгин, келбесең милиция менен издетем" дегенинин жөнү бар болуп чыкты. Зина да бешенелүү кыз экен. Өзүнө таандык үч бөлмөлүү үйдүн ичи чет өлкөлүк мебелдерге толуптур. Килемдер жерде төшөлөт. Классташтар гимназияны он бир жыл чогуу окуп ажырашаарда, ар бири бирден үйлөрүнө чакырып, сыйлоону эп көрүшкөн окшойт. Вино ичишти, бийлешти, Тампо экөбүздү ырдатышты... Эмнегедир бул күнү Мадина маанайы чөгүңкү отурду. Адатынча Эрикке алчаңдап, обу жок эркелеген жок. Колтуктан ийе тарткан анын колдорун: "Жөн отур" - деп эки-үч жолу түртүп койду. А Зина бий учурунда мени ээрчитип алып, өзү жаткан бөлмө, үй-бүлөөлүк альбому менен тааныштырды. Экөбүз диванда катар олтуруп калдык. Мындай учурларда көңүлү жакындар бири-бири менен өбүшүп койсо өрөөн көрүшпөйт экен. Зина болсо абдан ачык, тартынбас, шар сүйлөгөн кыз болуп чыкты. Винонун таасириби же чындап жагып калдымбы, айтор, ал ийниме баш жөлөдү да, уйкуга кеткендей түр көрсөттү. Мен ысыктан улам күндөгүдөй пайда болгон мойнумдагы терди аарчып алуудан чочулап, кыймылдабай отурдум. Бакыраң көз кыздын ысык мамилесине ичим жылыды. Чын эле, сүйүп калдымбы? Сүйүү ушундай болобу?.. - Зина, - деди Мадина бир аз орой үн менен, - Жораны жайына кой... - Эмне деп жатасың? - деди Зина ийнимден шарт башын көтөрүп. - Эрмекти таштадыңбы? - Сенин ишиң канча?! - Башын айландырба... - Өзүңдү бил... Жүр, Жора, менин бөлмөмө! Колумдан алып, жанагыл мага тааныштырган күзгүлүү бөлмөсүнө баштап жөнөдү, кирдик. Зина мага тигиле карап калды да, көкүрөгүмө колдорун койду. - Сүйгөн кызың барбы? - Ж... жок. - Өбүшүп көрдүң беле? - Жок... Ал көздөрүн жумуп, эриндерин мага жакындатып келатты... Ошол учурда эшик ачылды да, Мадина кирип келди. - Жораны жайына кой дебедим беле? Зина сүйкүмдөнө карап турду да, шарт бөлмөсүнөн чыгып кетти. - Жигити бар. Хулиган неме. Билсе алдагы мойнуңду бурап таштайт... Жүр, үйгө кетебиз. Ал менин жакамды оңдогулап койду. Чыгып бараткан бизди Эрик менен Тампо токтотту. - Мадина, кайда жөнөдүң? - Кетебиз. - Ансыз деле туш-тарапка тарап кетип жатабыз. Акыркы жумаларда классташтар чогуу бололу дебедик беле? - Бүгүн боло албайм. - Эмне үчүн? - Маанай жок... Биз жөнөй бергенде Эрик мени билектен кармап токтотту. - Сен аралашканы биздин компаниянын ыркы кете баштады, экинчи келбегин! - Мисалы, мен эмне кылдым? - Ыркты буздуң! - Кантип? - Ошентип! Сөзгө Мадина аралашты. - Эрик, кекетпей сүйлөгүн! Келтирип келтирбешти мен чечем. А сен кийлигишпегин! - Ушул тоолук менен кошо жогол анда! Эрик мени ичке сөөмөйү менен көкүрөкө түртө сайып-сайып алды. Каным кызып кетип, анын колун толгой кармадым да, артын каратып туруп күч менен түртүп жибердим эле, дубалды катуу сүзүп, отуруп калды. Ошол учурда оң көзүмдөн от чагылыша түштү. Тампо муштап жибериптир. Аны салып жиберет деп күткөн эмесмин. Жазгап келип ээктен ары бир тептим эле, учуп түштү. Тап берип келе жаткан Эрик тайсалдап калды. - Кир үйүңө, аман кезиңде! Видик көрүп отурган классташтары ортого түшүп, бизди ажыратып калышты. Көзүм көгөрүп, канталап кетиптир... ... Таежем ашканадан чыга калды да: - Коку-уй, ботом, көзүң эмне болду? - деп үйрүлүп түшүп калды. - Автобустун кармагычын уруп алды. - Кантип?.. Ушу сенин жанагыл шыпааналарыңдын колунан келди, дейм, ыя? - Качан болсо күнөөкөр- мен. - Бирөө түртүп жибердиби? - Жок, чалынып кеттим... - Этият болбойсуңбу, балам-ай, эптүү эмес көгөрсөчү! Акыры таежем да тынчтанып, ашканасын карай басты... ххх ... Түн бир оокумда бөлмөмдүн каалгасы акырын ачылып, Мадина кирди. Ич көйнөкчөн. Терезеден айдын нуру түшүп турган. - Жора?.. А Жора? Башымды көтөрдүм. - Уктай элексиңби? - Жок... Ал жанымдагы жөлөнгүчү бар стулга чалкалай отура кетти. Ак көйнөктөн булайган аппак буттары ай нуруна чайканат. - Уйкум келбей койду... - Менин да. - Эмнеге? - Билбейм... Эрик экөөңөрдүн мамилеңерди бузуп койдум окшойт. - Аа-й, койчу ошону, өпкөсүнөн башка эч нерсеси жок. Бара-бара көзүмө жек көрүнүп баратат... Унчукканым жок. Кыйлага чейин унчукпай турдук. - Айылга эмне үчүн барбай жүрдүң? - Жакпайт... - Эмнеси? - Чаңы... - Биринчи классты бүткөн жылы баргансың. Жайлоодо болчубуз. Бир колотто сары, биринде көк, да биринде ак майда гүлдөр бар эле. Керели кечке гүл терчүүсүң, колуңдан бир букет гүл түшчүү эмес... - Анча-мынчасы гана эсимде калыптыр: чаң уюлгуган жолдор, жаман тамдар... - Айылдан алыс калдың, жакшы нерселер ошол жакта: таза аба, таза суу, эли аккөңүл, адамгерчиликтүү... Сен биздин көкбукадан коркуп ыйлаганың эсиңдеби? - Эсимде... - Экөөбүз көпөлөк кубалап жүргөнбүз. Алдыбыздан уйлар жолукту. Биздин көкбукабыз "үү-үв" деп уйларга өкүрсө, бул жакта туруп сен коркуп, мага далдоолонуп алып ыйлагансың. Көкбуканы таш менен урам, же анымды тиги тоготуп койсочу... - Көрсө, жанымдагы тоголок кара бала сен турбайсыңбы? - Ошол мен болчумун. Кыпкызыл көйнөк, жоолук салынып баргансың. Бетиң толмоч, аппак кыз элең... Дагы бир далайга чейин унчукпай калдык. - Көзүң оорубай калдыбы? - Жок... - Тамподон балдардын баары коркчуу. Сен кыйын мушташат турбайсыңбы? - Машыккамын. - Айылдабы? - Албетте... Андан көрө Зина жөнүндө сүйлөп берчи? - Э, койчу ошол Зинаны... Жеңил неме. Сага жагып калдыбы? - Эмне десем, жароокер кыз экен... - Ал эркектин баарына жароокер... Мен кеттим, жакшы жат. - Өзүң дагы. Мадина дабышсыз чыгып кетти. Кулк-мүнөзү кескин өзгөргөн ага ичимден таңкалдым. Зинаны эмне үчүн жаман көрөрүн бир аз түшүнгөнсүдүм окшойт... ххх Ак үйдүн ар бир кабаты мрамор таштар менен ар түрдүү , улуттук орнаменттер түшүрүлүп кооздолуптур. Полдоруна килем төшөлгөн. Тепкичтери жалтылдайт, этияттап баспасаң бутуң тайып жыгылчудай сезилет... Министр таежездемдин кенен, жарык, кымбат баалуу, өтө кооз мебелдерге толгон кабинетине кирдим. Ал киши мени четирээктеги диванга отургузду да, өзү столуна өттү. Адам жүзүн өзгөртсө тез эле башка адамга айланып калат тура. Үйдө кызуу кезинде барбалаңдап, жаш баладай убадаларды берген таежездем столуна отураары менен тез эле жүзүн тик карап турууга болбой турган сүрдүү адамга айланды да калды... - Сансызбай Кебекбекович келди, - деди аппараттан секретарь кыз. Таежезде ордунан козголбой туруп бир нерсени колу менен басты да: - Кирсин, - деп бурк этти. Ошол замат эшиктен элеңдеген, бир нерседен чочулаган, көзайнекчен арык, кашка баш киши пайда болду. Университеттин мугалими экен. Кары мугалим ордунан турумуш болгон министр менен жүгүрүп барып эңиле-эңиле учурашты... - Ушул келишимдүү жигитпи иниңиз? - Ооба... - Жакшы, жакшы, абдан жакшы... - Журналист болом дейт. Аты - Жоробек, фамилиясы- Сатылганов. Профессор блокнотуна бир нерселерди шыпылдата жазып алып жатты. - Ал эми декандык орунду уулуңузга ыйгаруу тууралуу ректор менен сүйлөшүп койдум. Менимче сиз менен макулдаштык го дейм, Сансызбай Кебекбекович? - Макулдашпай анан! Жоробек дедиңиз, э? Жоробек, бул менин визитный карточкам. Эртең экзамен деген күнү мага телефон чалып койгун, макулбу? Профессор эңиле-эңиле коштошту да, арты менен жылып барып чыгып кетти. - Иш бүттү. Жакында студент болосуң, буюрса, Сен эми кете бер. Сергейге барсаң, үйгө жеткирип коөт. Ишемби күнү аны менен дачага барышты унутпа. Ошентип, ичи кереметтей кооз Ак үйдөн чыктым. ххх Кыскасы, окууга да өттүм. Студентмин! Кубанычтан жер баспай калдым. Бутум жерде болгону менен төбөм көктө. Апама: "Окууга өттүм, сүйүнчү, апа!" деген кубанычтуу телеграмма жөнөттүм... Бир күнү кечкурун таежем: - Жоробек, сени бир кыз телефонго чакырып жатат, - деп калды. Трубканы алсам Зина чалып жатыптыр. - Жора, саат сегизде филармониянын алдында күтүп тур. "Фламингого" киребиз. - Ал эмне? - Түнкү диско-клуб. Сенин окууга өтүшүңдү белгилеп коөлу! Айтмакчы, Мадина бул тууралуу билбесин! - Болуптур. Трубка шак коюлду. Дендароо болуп туруп калдым. Таежемден кантип уруксат сурайм. Мадинасыз мени эч жака жибербейт. Башым катты. Акыры бир барак алдым да: "Таеже, мен бүгүн кеч кайтам. Издебегиле. Жоробек" деп жазып, кийинип болгон соң, аны керебетимдин үстүнө калтырдым... "Фламинго" филармониянын подвалында экен. Дүкө-дүк болуп музыка жаңырып жатат. Зина көп күттүргөн жок. Жалтылдаган жапжаңы мерседес жеткирип келди. Жылтылдак кайыштан тигилген модный мини юбка кийип алган. Үстүндө эти көрүнгөн аппак кофта. Тармалдата таштап койгон чачтары көркүн ачып таштаптыр. Анын жанында тырышкан кең көйнөк кийген тоолук жигит мен, коошпой калдым... - Куттуктайм, Жора! Ал шарт мойнума асыла түштү да, бетимден чоп эттире өөп алды. - А сен эмне үчүн өппөйсүң? - Аа, кечир... Эптеп өбүмүш болдум. Сүрдөгөндүктөн эрдим бетине тийген-тийбегенин билбей деле калдым. - Мени да куттуктап койбойсуңбу? - Ии-ии, юрфактын студенти болушуң менен куттуктаймын! Ал кылыктана бетин тосту... Түнкү диско-клубдун оозунда чоң-чоң жигиттер тосуп туруптур. Кирүү акысы киши башына 100 сомдон экен. Зина чөнтөгүмдү шашкалактай оодарым жаткан мени акырын колдон басып токтотту да: - Сен менин - мейманымсың! - деди да кичинекей кара сумкасын "чык" эттире ачып, жүз сомдуктарды сууруп чыкты. Кызыл-тазыл жарк-журк эте өчүп-жанган жарык кооздогон, мээге ургулагансыган ударниктин катуу үнү жаңырган залда жалаң эле жаштар эмес орто жаштагылар да жүрөт. Ортодогу аянтчада түрдүү бийлеген балдар-кыздар. Зина экөөбүз шам жагылган бош столго келип олтурдук. Зина вино, балмуздак, кока-кола заказ берди. Ошентип түнкү саат экиге чейин тынбай бийледик. Көз алдымда үрүл-бүрүл өчүп-жанган жарык, ойсоңдой бийлеген Зина, анан мээни чарчаткан музыканын дүңкүлдөгү гана калды. Экөөбүз сыртка чыксак, баягыл мерседес күтүп туруптур. Көрсө, Зина телефон чалып, чакырган экен. - Меникине барабыз, - деди бүгүнкү кубанычка эреркеген Зина мага ыктай түшүп. Түнкү караңгылыкты как жарган кара мерседес бизден узап кетип, көп өтпөй үнү да угулбай калды. Зина менин оң колумдан аярлай кармады да, түнкү подьездди көздөй тартты. Тааныш подьезд. Мындан бир топ күн мурун Мадина экөөбүз келип кеткен элек. Көп кабат үйдүн терезелеринин бирин-серининен гана жарык чыгып турганы болбосо, тиричиликтин шарпаалары тынымга тынчып, бардыгы уйкуга тегиз баш койгон. Зина экөөбүз гана жашоонун акырын тарткан демин туюп, тынч түндө ээн калгандай туюлабыз. Кадамдарыбыз подьезд ичиндеги тепкичтерден жаңырып баратты. Бөтөнчө Зинанын шиш такасынын үнү канчалык аярлаганына карабай өктөм дагы, бийик дагы чыгып жатты. - Тамак ичесиңби? - деди Зина үйгө кирген соң. - Жок. Курсагым ток. - Анда ваннага кир, тердеген чыгарсың, душка түшүп ал. Сенден кийин мен кирем, - деди колума жумшак полотенце карматып жатып. Душка түшүп чыккан соң денем сергип, өзүмдү жеңил сезип калдым. Кызыл-тазыл гүлдүү халат кийген Зина төркү үйдөн чыгып келди да, адатынча жылмая карап, колумдан тартты. - Жүрү, жатып эс ал. Дубалынын төрт тарабы, үстүнөн бери күзгү кадалган өткөндөгү кооз бөлмөгө жетелеп келди. Ортодо диван керебет. Түстүү телевизор, видеомагнитофон, музыкалык центр жана башка буюм-теримдер орду-орду менен жайгаштырылыптыр. Мага анча тааныш эмес цыгандардын гитара күүсү акырын сыбызгыйт. Кызгылтым жарык берген эки лампага диван керебеттин шейшептери өңдөшүп, чакан бөлмө кооз да, таза да көрүнүп турду. - Жатып эс ал... Зина мага сырдуу карады да, жыла басып чыгып кетти. Түн ортосуна ооп баратса да эмнегедир уйкум келген жок. Диван керебеттин четине коомай көчүк бастым. Мындай ыңгайлуу бөлмөнү менин айылдык классташтарым көрсө, жүрөктөрү жарылмак. Жумшагын айт, тазасын айт... Жаткан керебетим менен кошо туш тараптан элесим чагылышып турду. Бир кезде каалга дабышсыз ачылды да, Зинанын башы көрүндү. - Жатпайсыңбы, Жоробек? - Азыр. Ал ичкери кирди да мага жалжылдай караган калыбында жумшак басып келатты. Ордумдан турдум. Тулку-бою туш тараптагы күзгүлөрдөн чагылышып, мени көздөй бир эмес, бир канча Зина басып келаткандай туюлуп турду. Анын чачтары суу бойдон болчу, ошентсе да кайсы бир чет өлкөлүк шампундун жыты "бур" этти. Эмнегедир бул жолу эрк бүтүп, аны кучагыма карай ыктата тарттым. Кара көздөрүнүн түбү шоолаланып, жүзү албырып, жакындап келаткан жука эриндери дирилдеп кетти. Эриндерибиз сүр, кумар аралаш чарпыша түштү. Ысык эриндери элжиретип жиберди. Узакка өбүштүк... Андан ары эмне кылыш керектиги суроо бойдон акыл-эсимди бууп, анын жумшак алкымдарынан, жылмакай беттеринен өпкөндү уланта бердим... Бир кезде Зинанын аппак колдору акырын көтөрүлдү да көйнөгүмдүн үстүңкү, анан астыңкы топчуларын чече баштады. Мындай эпизод кинодо гана болот деп ойлоп жүргөн жаным, кинонун өзүбүздүн эле ушундай турмушубуздан алынып жараларын таптакыр ойлобоптурмун. Мен анын гүлдүү халатынын белбуугучун чечип, аны акырын ийиндеринен ашыра шыпырдым эле, Зинанын жумуру аппак ийиндери, тирсийген мамактары каректериме уруна түштү. Жумшак денесин денеме ыктаттым. Кучагы жагымдуу, жылуу, жумшак келип, кумар отун алоолонтуп турду... ...Мойнума колдорун ороп жаткан Зина көпкө уктады. Тармал чачы менин көкүрөктөрүмө чейин жаба төгүлүп, аппак жүзүнө, жука эриндерине кырдач мурунуна ого бетер көрк берип турду. Бирок, Зина канчалык ажайып сезилип, ага жан отум менен тартылып, чын ыкласым менен берилип турсам да, бир ой менин мээмди мыжыгып жатты. Мен кучагыма кыскан биринчи кыз Зина болгону менен, ал үчүн мен алгачкысы эмес экемин... Түш ооп баратты. Акырын турдум да душка кирдим. Жуунуп чыккан соң, кайда жүрөт деп кабатыр болбосун үчүн таежеме телефон чалып коймок болдум. Трубканы Мадина алды. - Кайда жүрөсүң, Жора? - К... Классташтарым менен. - Шаарда бир да классташым жок дебедиң беле? Кайсыл классташтарың менен жүрөсүң? - С... Сен тааныбайсың. - Токточу, бул Зинанын телефону го? Кашайган жаным, алардын үйүндө кайсы телефондон чалып жатканды аныктоочу аппарат бар экенин түк эсимден чыгарып салыптырмын! - Азыр барам. - Тез келгин, апам сарсанаа болуп олтурат... Трубканы койгон соң, эсим ооп далайга туруп калдым. Тез жөнөшүм керек. Стол үстүнө: "Зина кечки сыйың үчүн ырахмат! Көрүшкөнчө" деп жазып калтырдым да, сыртка бет аларым менен эшиктин коңгуроосу чырылдап калды. Көзөнөкчөдөн сыртты карадым. Чачтары желкесине жеткен арык жигит туруптур. Ачтым. Ал кыйлага чейин мени мостоө карап турду да, эки көзүн тең жымың-жымың эттире кысып, жерге "чыйт" түкүрүнүп алды. Ошондой өнөкөтү бар окшойт. - Ким керек эле? Ал маалката карап турду да, кайра мага суроо узатты: - Сен ким болосуң? - Т...таанышы... - Кандай таанышы? - деди да, көздөрүн жымың-жымың кысып, жерге түкүрүнүп койду. Мен ойлонуп жооп бергиче ичкериге жөөлөй кирип келди. - Давай, кет. Куйрукту кыпчыгын да, көзүмө көрүнбөй жогол! Менин баш-аягыма шылдыңдуу көз жүгүртүп алды да, демите туруп калды. Аңгыча, чачтарын үрпөйткөн, халатын кымтыланган Зина чыга келди. - Эрмек, келбегин дебедим беле, эмнеге келдиң? - Сага, алтыным. Сагындым! - Кеткин тез! Болбосо атама телефон чалам! - Чал, кана чал! Айыбымды ачамын десең чал! Же... Кучагын жая жакындаган Эрмекти Зина түртүп жиберди. Демек, Мадина айткан Зинанын хулиган жигити ушул экен. - Тигини, тигини! Сенсиз жашоо жок мага деп жалынчу эмес белең? Же тиги каранегир башыңды айландырып алдыбы? Тоонун суугуна тотуккан мен ага негр көрүнүп турсам керек. - Эй, чыгып кетпейсизби? - дедим акырын, токтоо сүйлөп. - Эмне, эмне-е, кайталачы! Жакындап келатты. Муштай түрган түрү бар. Өткөндө кечигип калып, Тамподон көзгө жегенден бери сак болуп калыптырмын. Этияттанып турдум. - Чыгып кетиңиз, чатактын кереги эмне? - Уу, сапляк, жогол дебедим беле, а?! - Сиз жоголуңуз! Ал күтүлбөгөн жерден оң колун шилтеп калды. Отура калдым да ич талаштыра берип калдым. Жыгылган Эрмек түйүлгөн курсагын баса бүкчүйүп аз отурду да, кайра акырын ордунан туруп келатты. - Чыгып кетиңиз аке, мындан да жаман болосуз? Тиги күтүлбөгөн жерден жүгүрүп келди да, мени ичке сүзмөй болду эле, буйтай берсем артымдагы дубалга жабыша түштү. Эки колу менен таяна калбаганда мээси чачырай түшмөк. Бирок, кантсе да мушташып жүргөн неме окшойт, ошол турган калыбында мени бөйрөк тушка тээп калды. Чала тосуп калдым. Көз ирмем убакыттын ичинде экөөбүз кармаша түштүк. Эрикке караганда бул тарамыш экен. Ошентсе да Сагын аке үйрөткөн күрөштүн ыгын пайдаланып, аны ийинден ашырып келип, эсин оодара чаптым. - Кетип калыңыз, - дедим энтиккенимди баса албай. Мойнунан бутум менен ныгыра басып турдум. Эрмек жерден адатынча акырын турду да, эшикти көздөй жылып жөнөдү. - Сени... С... сенин өтүңдү алам энеңди урайын! Шашпа!.. Кекенген бойдон чыгып кетти. Зинанын тилин алганда, балким, бул кырсык болбойт беле... Ал: "Мерседес менен сени жеткиртип коөюн" - деп жакшы эле чебелектеди. Бирок анын Эрмек менен болгон мурдагы мамилесин сезип, ага ичим сыздап тургандыктан, макул болбой койдум эле... Эрмектин артымдан акмалап келатканын темир жолдон өтө бергенде гана туйдум. Качып кетишке болбой калды. Анткени үчөө мага өтө чукул келип калышыптыр. Мен Зинанын жанында дагы бир сааттай кармалып, аны тынчтандырып коюп чыкканча Эрмек керектүү досторун таап келүүгө үлгүргөн экен. - Токто! Мен токтоордон мурда жерде жаткан кыска жыгачты илип алдым. Мындай жыгач колдо турганда үч эмес беш жигит менен коркпой мушташууга болот. Ошентсе да эл ары-бери каттаган ачык жерге ыктай токтодум. Үчөөнүн бири күрсүйгөн неме экен. Жүрөк "шуу" дей түштү. Бирок Сагын акенин: "Эч убакта мушташ учурунда коркпош керек. Маселе адамдын чоң-кичине, күчтүү-алсызында эмес, кеп токтоолукта, акылда" - деген сөздөрүн эстеп, өзүмдү токтоо кармап турдум. Тигилер да сүйлөшпөдү. Үчөө үч жагымдан кысып келатышты, мостоюшат. Мен арт жагыма өткөрбөш үчүн кетенчиктей бердим. Сол жагымдагы чачын тысырайта кырдырган орус жигит тап берери менен оң тизесин кучактап отура калды. Анткени, колумдагы ойноп турган жыгачтын тап берери менен "чак" деп тизесине орной түшкөнүн аңдабай калган эле. Экинчи ирет кол салганга жетишпей калдым. Себеби күрсүгүй атакага өтүп, сол буту менен секирип туруп тээп калды. Араң буйтаганга үлгүрдүм. Чегинишке туура келди. Эрмектин өңү купкуу. Колундагы чычайган бычак экенин эми гана байкадым. Бирок, мага батынып кол сала албай турду. Бир кезде күрсүгүй тартынбай чабуулга өттү. Кетенчиктей берип шилтеген таягым бир учурда анын билегине урунду. Ал кетенчиктей берери менен айлана берип, жакын кирип келген Эрмекти ээктен ары аңтара тээп өттүм. Колунан ыргыган бычагы лысый баштын жанына түштү. Аны жыга муштаарымда күрсүгүй мени бел талаштыра тээп калууга үлгүрдү. Жерди таяна жөрмөлөп барып туруп кеттим. Колумдагы жыгач түшүп калды. Ошол учурда лысый баш бычак шилтеп калды, буйтай берип, билектен алдым да колун кайрып жибердим. "Ай-й" дээри менен бычагы бошой түштү. Буйдала калганымдан пайдаланып, бошой калган күрсүгүй бул ирет мени тоголото тепти. Тоголонуп барып, тура калдым. Лысый баштын бычагы бул жолу колумда калыптыр. Жабыла берген үчөөнө бычакты шилтей бердим эле күрсүгүй ичин басып калды. Мага курч бычактын бир нерсеге тийгени билинген эмес. Качан гана ак футболкасына кызыл кан сызыла берген күрсүгүйдү көргөндө гана эсиме келе түштүм. Ошол учурда катар турган кабат үйлөрдөн бирөө чалганбы, же кокусунан чыгып калдыбы, айтор, милициянын увазиги өтө жакын келип "кыйч-ч" этип токтоду... ххх ...Шаар ичиндеги РИИБдин ным, кир жыттанган, светтин сезимди мокоткон күңгүрт жарыгы түшкөн, терезесине мык менен майда көзөнөкчөлөр түшүрүлгөн темир кадалган бөлмөсүнө түртүп киргизишти. Артымдан КПЗынын темир каалгасы "шарак" этип жабылды. "Шар-рак" эткен дабыш менен кошо эркин турмуштун, келечегимдин эшиги бекигендей сезилип кетти. Буугучтарын чечип алышкандыктан, кадам шилтеген сайын сүйрөлгөн ботинкам оордук кылып, "талп-талп" этет. "Бүттү - деген муздак ой көөдөндү тепчип өттү, - Окуу калды... Киши өлтүрдүм, калган өмүр эми түрмөдө өтөт"... Камерада үч киши отуруптур. Сакал-муруттары саксайган кыргыз чал узун жалгыз столдун жарымын ээлеп уктап жатат. Аракеч сыяктанат. Алтымыштарга таяп калган сабыры суз уйгур киши учурашып деле жарытпады. Ал да ичин курттай жеген сарсаң сезимден арыла албай жаткандай. Мени көңүлү чак кабыл алганы мага курбалдаш Марат деген жигит болду. - Братва, эмне болду? - Мушташтым... - Өзү тийиштиби? - И-и, өздөрү... Жолумдан тосушту. - Акча сурашкан го? - Жок, биринчи бирөөсүн уруп койгом, кийин экөөнү ээрчитип келиптир... - Анан? - Бири бычак көтөрүп жүргөн, тартып алып, коргонуш үчүн шилтеп жиберсем курсагын жарып кетти, чамасы өлөт го... - Мокрушник болот экенсиң! - Эмне деген сөз ал? - Түрмөдө киши өлтүргөндөрдү "мокрушник" деп атап коюшат. Тамекиң барбы? - Жок эле. Чекпейм. Тамеки чексең боло береби? - Бул жер эми - ашканаң, жатаканаң, ажатканаң... Марат ордунан турду да: - Эй, старик, тур! Орун бошот, - деп, аракечти түрткүлөй баштады. Тигил козголуп да койгон жок. Ачууланган Марат араккечтин буттарын жерге түртүп түшүрдү эле мага ылайык орун бошой түштү. - Кел, отур... Ишиң чатак, братва. Демек, коргонгон турбайсыңбы! - Ошондой го... - "Ошондой го" деп сөз ээрчитпей, "кол салышты - коргондум" - дегин. "Акча талап кылышты, бербесем кол салышты, коргонууга мажбур болдум" -дегин. Бир айтканыңдан жаңылба. Тоодон түшкөнүң билинип турбайбы, сага ишенишет. Алдашат, ар түрдүү айла-амалдарга салып көрүшөт. Эң башкысы адвокат жалда! - Кантип жалдайм? - Талап кыл. Үч күндөн кийин адвокат керек дегин. Бирок, ага акча төлөшүң керек. - Канча? - 3000ден 5000ге чейин. - Анча акча табалбайм, Марат. - Табылат, бул жерде туугандарың барбы? - Бар, бирок... - Кедейби? Анда мен бүгүн-эртең чыксам, ата-энеңе телеграмма жөнөтөм. Жетип келишет. "Апам билсе, анда иштин бүткөнү, ыйлайт, айылдагы тууган-туушкандардан бери көтөрөт, аңыз кепке айланам. Анан окуя таежездеге жетет. Алардын бетин кантип карайм? Адвокаттын кереги жок... Акыркы мал-салды сатсак, ини-карындаштарым аш-катыктан кыйналат. Андан көрө түрмөгө жатып чыкканым жакшы... Же Зинага кабар берип көрсөм бекен?" - деген ойлордон улам тунжурай түшүптүрмүн. - Эй, угуп жатасыңбы? - Ооба... - Көп ойлонбо, баары жакшы бүтөт. Мыкты адвокат таап берем. - Ага эми акча жок да... - Ата-энең жардамдашпайбы? - Атам жок... Апам жесирликтин азабын көп тартты, дагы түйшүккө салгым келбейт. Андан көрө соттолуп кеткеним жакшы... - Муну карап кой, түрмөнү бейиш менен алмаштырып алгансың го, братва?! Түрмөгө түшкөнүң - өлгөнүң, түгөнгөнүң. Азыркы зоонанын турмушун желкеңдин чуңкуру көрсүн! Же жинди, же нашоокор, же кургак учук, эч нерсеге жарабай жарымжан болуп чыгасың. "Зек" деген сөз мойнуңа иттин каргысындай илинет да калат. Тигил балдардын тааныштары болсо, сени оңой гана каматтырып жиберишет. Ушул кезде тамырың менен таанышың, анан акчаң сүйлөп калган. Ошон үчүн ойлон, братва! Тааныштарың бардыр, ойлонуп көр! Жүрөгүмдү бирөө мыжыга кармалап жаткансып, сыздап ооруй баштады. "Таежездеге билдирсемби? Окууга да өткөрсөм, түрмөдөн да чыгарсам, деги кандай баласың? Уят деген барбы? Бет деген барбы? - деп опурулсачы? Демек, ал кишинин азырынча билбей турганы оң. Оордоп баратса кабар берермин". - Зина деген кыз бар... - Кыз?! Койчу, эй, кызыңдын колунан эмне келет? Хе-хе... Акыбалың мышык ыйлагыдай экен. Жетим болсоң, тааныштарың, же акчаң болбосо, зоонага ыйлап гана кирип барат турбайсыңбы! Оту өчкөн көздөрү менен мени кээде үмүт үзө карап коюп отурган уйгур киши ордунан туруп, ары-бери баса баштады. - Мына, бул байкени да "киши өлтүргөнсүң" деп күнөө коюп жатышат. Болгону эртең менен бедесин сугарганы барса, каракушка кетмен менен бирди жеген жаш жигит беденин арасында өлүп жатыптыр. Милицияга кабар берет. Алар барып текшерип көрүшөт да "Кан болгон кетмен сеники, демек, сен өлтүргөнсүң" - деп эки күндөн бери камап отурушат. - Өзүң эмненин үстүнөн чыктың? - Рэкетмин... Камаздар менен оптом жашылча, жер-жемиш алып келгендерге рэкеттик кылчуубуз. Алма алып келген бир бизнесмен "взнос" төлөөдөн баш тартканынан, "намазын" окутуп койсок, арызданып коюптур. Дагы жакшы ошол күнү мен жалгыз бардым эле. - Сени да камайт турбайбы? - Көрөбүз, "кырышабыз" бар, чыгып кетем го деген үмүт чоң. - Кырышаң ким? - Атам. Юрист. Азыр пенсияда. Бул жердегилердин 80%ы атамдын кол алдында иштешкен. Марат "ушундай, братва" дегенсип бир көзүн кысып койду. Көрсө, чечекейи чеч, көөнү куунак отурганынын себеби бар экен. - Мен мурда дагы отургамын. СИЗОнун баландасын 8 ай жедим, "чөп" чегип көрдүм. - "Чөбүң" эмне? - Нашаа... жүрөгүңдү ооруткан сезимдерди унутуп, каалгып учуп, жыргап каласың... Чефир ичтим. Кадимки чайды кайра-кайра кайната беришип, качан кыпкызыл болгондо гана ичишет... КПЗынын эшиги калдырттап барып ачылды да, бир милиционер менен кошо мурутчан, чаар костюм шым кийген жигит көрүндү. - Мага келишти, - деп Марат чыканагы менен мени нукуп койду. - Сабитахунов Мусажан? - Мен. - Чыгыңыз бери. Уйгур киши чыгып кетери менен темир эшик кайра "карс" жабылды. Коңурукту кош тартып жаткан сакалдары сапсайган аракеч акырын кыймылдап, ордунан турду. Чоң, кызыл мурундары, самтыраган эски, кир кийимдери тигинин үй-жайы жок, тентиген бомж экенин далилдеп турду. Башына жазданып жаткан чапанынын ичинде бир бөлкө нан бар экен, чоң сындырып алды да, ачкөздүк менен аптыга жей баштады. Нандын күкүмдөрү булганган цемент-полго кырмандагыдай күбүлүп түшүп жатканына бомж кыпындай да көңүл буруп койгон жок. "Нанды ысырап кылбай, жерге түшүрбөй жегиле, биринчиден - убал болот, экинчиден ырыс-кешигиңерди кошо чачып жибересиңер" - дечү апам. Чамасы, нанды кор тутканы үчүн бул киши да, дүр-дүнүйөдөн, бала-бакырасынан кол жууп, тентип калса керек... Марат болсо түрмө жөнүндө тынбай сүйлөп жатты. Кийинки күндөрүм менен жылдарым өтө турган, аты небактан бери тааныш, бирок сүрдүү, сестентээрлик угулган "түрмө" тууралуу кызыгуу менен угуп отурдум. Зектердин жашоосу, жеген тамактары, жасаган иштери жөнүндө билүү мага керек, анткени "бүттү баары, калган өмүрүм эми түрмөдө өтөт" -деген ой жан дүйнөмдү жабыркатып, башымды биротоло ээлеп алган эле. ...Көп өтпөй темир эшик кайрадан тарактап калды. - Точно мага келишти эми... Ордунан обдулуп бараткан Мараттын бул жолку үмүтү да таш капты. Үңкүйгөн, бул дүйнөнүн жарыгы менен шаңына түкүрүп таштаган Сабитахуновду түртүп киргизишти. Сурактын жыйынтыгы, анын кар жааган кабагынан эле билинип турду. "Шуу-у" үшкүрүнүп алган бечара, өз ордуна отурду да ийнин солкулдатып, ыйлап кирди. Экөбүз бири-бирибизди карап, эмне кыларыбызды, кантип соороторубузду билбей, селейдик да калдык. - Сво-олуч-чтар, акмактар, алдамчылар-р... - Байке?.. Байке, эмне болду? Маратка жооп бермек турсун, карап да койбой үңүлдөгөнүн күчөттү... Кыйын болгон окшойт. Ар кимибиз өз башыбызга түшкөн санааны унутуп, аяй тиктеп калдык. Албетте, жаңылып, жазып тергөөчүнүн тузагына илинсе, андан кайра чыгышы кыйын... Эми талаанын шамалына маңдай сылатып, беденин аңкыган жытына маашырлана кетмен чаап, арык суусундай шылдыр аккан күндөрүнө суктана кыял агытып жүргөн карапайым дыйкандын калган жашоосу төрт тарабы тосулган, күн нуру жетпеген, сыз, тажатма камерада өтө турган болду. Мынчалык тереңдеп кетерин билген эмес окшойт... - Эмне үчүн, балдар? Айткылачы?! Мен адам өлтүрмөк тургай, муштап да көргөн эмесмин, - жаштуу көздөрүн экөөбүзгө кадады, - Аялым оорулуу, жарымжан, эми беш баламды ким багат? - 10 жылдан 15 жылга чейин кесилет, - деди Марат кулагыма шыбырап. Бомж бейкапар нан жеп жатты. Кайгы менен кубанычты унуткан анын жүз граммдан башкага табити жок шекилдүү... ххх Туюкка түшкөн эчкидей туйлап отуруп, эптеп таңды атырдым. Отургучта отуруп уктап көрбөгөндүктөн бир аз чырым этип алыш тозок болду. Мусажандын ыйы, бомж-аракечтин дарылдата тарткан коңуругу ого бетер заманамды кууруп, кең дүйнөмдү таарытып жиберди. Өлүү тынчтык өкүм сүргөн, канталаа, жөргөмүштөрү оюн салган камерада бир күн эмес, миң күн өмүр сүргөнсүп отурдум. "Зинага азгырылбаганда, бул балекет болбойт болчу" - деген өкүнүчтүү ой көңүлдө турду. КПЗынын каалгасы адаттагысындай тарактап жатып ачылды. - Айбашов Марат? - Мен... СИЗОдогу общяктардын турмушун, пахандын бийлигин, сырткы дүйнөгө белгисиз закондорун, дубактардын кысымын айтып берип отуруп, дубалга жөлөнгөн бойдон эми гана уйкуга ык койгон Марат "селт" этип ордунан тура калды. - Бери чык. Сен Кемелбек Айбашевичтин баласы болосуңбу? - Баласымын... - Э, мурдуңду урайын, эмне бейбаштык кылып жүрөсүң? Эркелете жонунан таптаган мурутчан, солидный кийинген тергөөчүнүн суроосун жоопсуз калтырган Марат мага кайрылды. - Кантип чечтиң? - Зинага телефон чалып кой. - Жакшы калгыла. - Жакшы бар. Камеранын каалгасы ыйлап барып жабылды... Мараттын кетиши менен камерада кайрадан өлүү тынчтык өкүм сүрүп калды. Кечээтен бери наар албагандыктан, өзөгүм үзө тарта баштады. Бомждун бөлкө наны эске түштү да шилекейимди кулк жуттум... Бул жерде, КПЗда отургандарга эмнегедир тамак берилбейт экен. Сырттан тууган-туушкандарың, дос-жарларың гана бир нерселерди киргизип, кичине өзөк жалгабасаң, кезерип отура бергидейсиң... Бомж-аракеч кайрадан уйкуда. Уйгур киши көз жашы небак кургап, жүрөгүн кыжаалат кылган ойлордун кучагында. Ал да уктабады. Мүмкүн күнөөлүдүр, болбосо тергөөчүлөр деле жөн эле күнөөлөй беришпейт болчу... Ой, ой, ой артынан ойлор, убакытты ойго тунуп кыялга берилип гана өткөрбөсөң, буту-колуңду тушаган мындай "жаналгыч" камерада айлап-жылдап кандай эрки бек адамдар чыдап отурат болду экен? Менин чыдамым түгөнүп, ары-бери басып, буулугуп бараттым... Ошентип, түш оой бергенден кийин (убакыт түш болгонун камерадан чыккандан кийин гана билдим), чачтары жыдып түшкөн Аскар деген тергөөчүнүн бет маңдайында отурдум. Бөлмө өтө чакан экен. Стол үстүндө телефон, кичинекей машинка турат. Тергөөчү машинканы чакылдата басып, менин өмүр баянымды жазып алды. - Ишиң чатак, Жоробек. Бирөөнүн курсагын жаргансың, ажыраткандардын биринин ээгин талкалап, экинчисинин көзүн чыгара муштагансың. "Холодный оружие" колдонгонсуң, коомдук жайда тартип бузгансың. Бир топ статья мойнуңа илинет. - Коргондум, жолдош тергөөчү. Марат үйрөткөн "акча сурашты" деген сөздү эмнегедир айта албадым. - Кимиси баштады? - Узун чачтуусу. - Мурда тааныйт белең? - Жок... Узун чачтуусун бир аз мурун Зина деген кыздын үйүнөн жолуктурган элем. Ошол жерден мушташа кеткенбиз... - Эмне үчүн? - Мени "кетип кал" деп, жаман сөздөр менен сөктү. - Демек, кыз талашкан турбайсыңарбы? - Ошондой десе да болот. - Бычакты жаныңа дайым салып жүрөсүңбү? - Бычакты тартып алдым. - Кимден? - Узун чачтан. Мага шилтегенде тосо калып, колун кайрып туруп тартып алдым. Анан көптөп кетишкенде аларды жазгаш үчүн шилтегилеп жиберсем, ак футболкачандын курсагын чийип кетти. - Көрүп тургандар бар беле? - Байкаганым жок... - Зина деген кыздын дареги кандай? Ошол учурда стол үстүндөгү телефон шыңгырап калды. - Угуп жатам, жолдош полковник. N 715-делобу?.. Ооба, менде... Отурат... Жакшы болот. Тергөөчү мени сынай бир карап алды да: - Жүргүн мени менен, - деп документтерин жыйнаштырып кирди. "Кабылдама" деген жазуусу бар бөлмөдө бир топ киши кезек күтүп отурушуптур. Секретарша тергөөчүгө: - Силерди күтүп жатат, - деди. Ичкери кирдик. Биринчи көзүмө Зина урунду. Төрдө отурган акчач, жашы эр ортону элүүлөргө барып калган полковниктен тартынбай туруп, шарт мойнума асыла кетти. Өзүмдү ыңгайсыз сезген мага бир сыйра көз жүгүртүп алган соң, жеңил дем алып: - Ооруган жериң жокпу? - деди камкордоно. - Сопсоомун. - Жора, Жоробек... Көрсө, келишкен жигит турбайсыңбы. Биздин Зина алтын кыз, капа кылбай жүр, - деген полковник ордунан турду, - Кана, улук лейтенант, тигилер кимдер экен, тактап бүттүңбү? - Тактадык, жолдош полковник, экөө мурда да соттолуп, азыр кезектеги кылмыш иштери боюнча издөөдө жүргөн. Үчөө тең кылмыштарын моюндарына алышты: 6 уурулук, 3 талоончулук кылышкан. - Токто, улук лейтенант, демек бул жигит шайканы колго түшүргөн турбайбы! Азамат! Тигилердин делолорун толукта, прокурордун токтому чыгары менен иштери сотко өтөт. - Аяшата, биз кете берсек болобу? - деди Зина мени колтуктай берип. Полковник Зинанын бешенесинен өптү: - Баргыла, баргыла. Апаңа менден салам айтып кой, айтмакчы, баш оорусу кантти? - Жакындан бери жакшы. Сизге ырахмат! - Жакшы баргыла! ххх ...Көбүктүү суу толтурулган ваннага түшкөн мени халатынын жеңдерин түрүнгөн, чачын артына "хвостик" кылып байлап койгон Зина жумшак, кичинекей алакандары менен жаш баладай эркелетип жуундура баштады. - Өф-ф, түрмө, кир, дагы бир нерселер жыттанасың... - Зина, - дедим көзүмдү жумган калыбымда жыргап отуруп, - Шаарда туулсаң дагы эмне үчүн кыргыз тилинде түш жоруйсуң? Башкалар мурдуң кайсы десе оозун көрсөтөт го? - Үч жыл чоң энемдин колунда жүргөмүн. - Кайда? - Жети-Өгүздө. - Тоолуу айылбы? - Ананчы! Зина кызыл, сары, көк, чоң, кичине кооз гүлдөр, бийик тоолор, көл жөнүндө берилүү менен сүйлөп жатты... Күнү кечинде жаштыгым менен, Зина, Мадина сыяктуу шаардык татынакай кыздар менен, апам, бир туугандарым, классташтарым менен, кенедейимден тилек кылып жүргөн ой-максаттарым менен коштошуп, оюм онго, санаам санга бөлүнүп, уйкум качып отурган менин денеме жан киргенсип, күлкүм, сөзүм чыгып, өчкөн шамым кайра тутангандай сезилип отурдум. Жылуу алакандар бирде башымдан, бирде мойнумдан сылап, качандыр бир тентек кезде таштекке салып алып кумардана жуундурган апамды эсиме салды... Майда жандыктар бирде таманымда, бирде мойнумда жөрмөлөп, этимди жыйрып, кирпик какпай таң атырган КПЗдагы азаптуу түн эстен шарт чыкты. Ушул жылуу колдор эки күндүк оор санаадан таптаза арылтып таштагансыды... ...Өткөндөгү күзгүлүү бөлмөдө жатабыз. Так төбөбүздөгү күзгүдөн аппак колдорун орой, мойнума мурдун такап, мага чырмалып алган Зинага назар бурдум. Келишимдүүлүгүнө аккөңүлдүгү, жароокерлиги шай келишкен, атасынын мансабын, байлыгын бетине карманбаган, сезгичтиги жанда жок айперинин айылдын маңыроо, тоонун шамалы менен күнү тотуктурган, кийиништи да билбеген, орус тилинде эптеп сүйлөгөн менин жагып калганыма айраң таңмын. Жашоосу жомоктогудай шаардык эрке кыздын максаты эмне? Мага жасаган мамилеси жасалма эмеспи?.. - Зина? - Тынч... - Зина, бир нерсе сурайынбы? - Чүш-ш, демиңди, жытыңды сезип, магдырап баратам... Ох-өх, мынча жагымдуусуң... - Мага эмне үчүн жан тартып жүрөсүң? - Өзүм да түшүнбөйм. Сени эстейм да, турам... Башкачасың... Өзгөчөсүң... - Кандайча? Эмнем башкача? - Сулуусуң... - Хе-хе, калп мунуң. - Чыпачын, мурдуң кырдач, кашы-көзүң кара, бой-келбетиң -Ван-Дамдыкындай... Болгону причөсканы оңдо. Денең чымыр, - ал чың көкүрөк булчуңдарымды чымчылап, сылап жатты, - Демек, чачты короткий, кыска тегиздетип жүрүшүң керек... Кара, жеңи жок футболка, корейский очки, жынсы же багелеги тар вельвет шым гана жетишпейт... Анан, митаамдыкты, алдамчылыкты билбейсиң. Адамгерчиликтүүсүң. - Дагы... - Таланттуусуң. Ырдаган укмуш жарашат. Ырың менен арбадың мени... Жандүйнөңдү, дилиңди берип ырдайсың... Жылмайып ырдап жатсаң эки бетиң албырып тириукмуш сулуу болуп кетесиң. Кызганып кетем... - Ашыра мактадың, ырахмат... - Чүш-ш, токто, мен эң негизгисин айта элекмин... Эң башкысы сен - тоо, кымыз, айыл жыттанасың. Мунун баары көздөрүңдө көөлгүп, турпатыңдан буруксуп турат. Сен таза, нукура кыргызсың. Ошол касиеттер мени арбайт да, азгырат да турат. - Мактаганга уста турбайсыңбы. Бирок, чөйрөңдөгүлөрдү көрүп, сени мынчалык деп ойлобоптурмун... - Мындан кийин ойлоп жүргүн. А чөйрөмдөгүлөрдүбү? Койчу, ошолорду! Баштары - көңдөй, татынакай гана причөскалары бар. Элиң тарап, тентип, куруп кетсе да тоготуп же күйүп койбойт. Анткени алар тоолор менен киндиктеш өскөн эмес, кыргыздардын чыныгы жашоосунан атчабым алыста калышкан... Ошондуктан, шаардыктарды сенин бучкагыңа да теңебейм... - Эрмекти дагыбы? Ал менин чачтарымды уйпалап жиберди. - Экинчи айтпачы! Эстегенге татыксыз неме! - Эмнени "атаңа айтам" - деп коркутуп жүрөт? - Видеокасета... - Анда эмне бар эле? - Баары... Жаштык кылгамын... Көпкөнмүн... Келчи, башка темага өтөлү?.. Өөп-өөп койчу мени? - Ачыгын айтсаң өбөм... - Кийин... Сөзсүз айтам. Азыр көңүл оорутпайлычы, макулбу? - Макул. - Өбөсүңбү эми?.. ххх Таежемдин кымбат дермантин капталган эшигинде кире албай жүрөксүп, далайга турдум. Эмне дейт, урушабы, тилдейби, же жолуңа түш дейби? Каалганы ачкан таежем оозун араандай ачып туруп калды. - Ботом, сен - Жоробексиңби? - Мен... Зинанын "Спутник" аттуу элитный дүкөнгө алып кирип, ал жерден тандап жатып сатып берген кийимдери, "Айпери" салонунан жасаткан кыска прическасы мени таптакыр өзгөртүп койгон. - Мына эмесе, келишкен жигит болуп калыптырсың!.. Карачы, Мадина, Жоробекти, жездем да ушундай шыңга бойлуу киши эле, ыраматылык! Ичкерки бөлмөдөн чыга калган Мадина мага кызыга көз салып турду. - Кечинде телефон чалбаганыңда милицияга билдирет элем. Ээн-эркин кете бергидей бул жер айыл эмес, Жоробек, мындан кийин карыш бассаң да мага кабарлап тур. Макулбу? - Кечирип коюңуз, таеже. - Классташыңдын атасынын шаарда үйү барбы? - Б-бар... - Жора, жалган айтат, мама. Сөзгө Мадина аралаша кетти. Таежемдин оозунан сөзү түшүп, кызарып кеткен мени таңкалып карап калбаспы. - Эмне дейт, ботом? Анда кимдикинде болдуң? - Зина шуркуянын үйүндө... - Ок, катыгүн, - таежем кызын кагып жиберди, - Ошентип да сүйлөйбү, какшаал десе, өзүңдүн классташың кантип жамандасын! - Жораны азгырып жүрөт. Жайына кой, айылдык жоош баланын башын айландырба деп айтсам, ал укпай койду. - Э, кокуй, эмитен эле кыздар менен сүйлөшө баштадыңбы? Жакшы эме-ес, балам? Окууну таштап салып жүрбө? - Зина жакшы кыз, таеже. Жаман ойлобоңуз. - Үч күн эмес, үч саат жоголсом ыйлап жибересиңер, эмне үчүн Жораны урушпайсыңар? - Басыл, сен нары бар. Жоробек, кухняга кир, тамак ич. - Ырахмат, курсагым ток эле... - Зина гамбургер сатып берсе керек. - Кирчи нары саксаңдабай, ботом! Эмне болгон буга?.. ... Чечинип, жумшак диванга сунала жатып "Чыгыштын мушташ өнөрү" деген китепти окуп отурсам каалга акырын чертилди да, менин жообумду күтпөстөн Мадина кирип келди. - Милицияга эмнеге түштүң? - Ким айтты? - Зина... Телефон чалгамын. - ... - Кимдер менен мушташтың? - Эч ким менен... Адашып кармашыптыр. Чамасы, бирөө менен окшоштуруп алышкан окшойт. - Үч күн себепсиз камагандыгы үчүн сотко бериш керек. - Жөн кой. - Жөн койбойм, папам иштен келсин, аларга көргүлүктү көрсөтпөсөмбү! - Мадина, менин иштериме киришпей, жайыма койчу, суранам... Үндөбөй калды. Оң колу менен кыска чачын тарап-тарап алды да: - Таарынып калдыңбы? - деди кунт коө карап. - Билбейм, зиркилдеп эле калыптырсың го... - Ал эмне деген сөз? - Ачууланып дегеним... Чындыгында анын мага эмне үчүн касын тигип, таежеме ар кайсыны айтып жатканына ичим чыкпай калган. - Зина бузулган кыз, сенин башыңды айландырып, эптеп тийип алгысы келип жүрөт. Сен аны билбейсиң, анын жоруктарын мен өз көзүм менен көргөмүн... - Эмне болгон жоруктар? - Түңкү барда "стриптизге" түшкөн... - А эмне, жаман нерсеби? - Ой, бли-ин, - Мадина айласы түгөнө үшкүрүнүп алды, - Ох-х, тупой немесиң го? Жылаңачтанып алып бийлейт! Толгон эркектердин көзүнчө... Ичим муздай баштады. - Эрмек деген хулиган жигити бар, эгер Зинаны шынаарлаганыңды билсе, башыңды алат. Анын криминалдуу чөйрө менен аралашкан достору бар. Сага кайталап айтып коөюн, Зинадан алыс жүр! Балдар ошон үчүн ага жологондон коркот. Эмнегедир Мадинанын сөздөрү ич тардыктан улам чыгып жаткандай сезилди. Зина жөнүндө башка жаман нерселерди угууну каалабадым. - Болуптур Мадина, баары эсте болот. Мадина бир топко чейин үнсүз отурду да, үндөбөй чыгып кетти. Таежемдин өзүн менден жогору сезген, кыйынсынып жүргөн кызынын мүнөзү, мага жасаган мамилеси кийинки күндөрү ачык эле кескин өзгөрө баштады. Мүмкүн туугандык сезими ойгонгондур, мүмкүн айылдык мени алданып калбасын деп аяп жаткандыр деген ой менен алдымдагы китепке үңүлдүм. ххх Жаңы окуу жылы башталып, КМУУнун журналистика факультетинин элүүдөн ашык 1-курсунун студенттери университеттин чоң залында отурдук. Факультеттин деканы Ороз Кудайбергенов ар бир группанын кураторлору менен тааныштырды. Биздин "Б" группаныкы Айгүл Сейдалиева деген эже экен. Тааныштыруу аяктап, кезек жогорку курстун студенттеринин өздүк көркөм чыгармачылыгынын катышуучуларына келгенде декан: - Урматтуу, студенттер, биз үчүн өтө жагымдуу кабарды угузуу үчүн келген райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын полковнику Казыбеков Мурадилге сөз берилет, - деди. Жанатан бери мугалимдердин катарында отурган семиз полковник ордунан турду. - Жолдош студенттер, биринчи иретте силердин университеттин студенти болушуңар менен куттуктайм! Мен атайын тапшырма менен келдим. Араңарда көптөн бери колго түшпөй жүргөн кылмыштуу топту жалгыз колго түшүргөн мыкты, эр жүрөк курсташыңар отурат... Студенттер элеңдеп, бири-бирин "сен эмессиңби!" дешип шектүү карап жатышты. - Тоноо үчүн капысынан кол салып, бычак кезеген үч бандиттин эсин оодарган ал жигитибиздин аты - Жоробек Сатылганов! Денем сенейип катып калды. Мындайды күтпөгөн жаным эмне кыларымды билбей турдум. Студенттер шатырата кол чаап жатышты. - Кана, Жоробек, бери чык, - деди декан студенттердин арасын тинте карап. Мен ордумдан араң көтөрүлдүм. Кол чабуу ого бетер күчөдү. Жайнаган кубанычтуу, суктанган, таңгалган көздөрдүн коштоосу менен полковникдун жанына барып туруп калдым. Полковник сөзүн улады. - Жоробекке кол салган кылмыштуу бул топ, буга чейин 6 жолу уурулук, 3 жолу талоончулук кылып, 3 кишинин денесине олуттуу залал келтирген. Азыр жасаган иштерин моюндарына алып, СИЗОдо отурушат. Дагы башка кылмыштуу иштерге аралашкан аралашпагандарын текшерип жатабыз. Мага биздин ички иштер бөлүмүн тарабынан Жоробекке берилген мактоо баракчасын жана 100 сом акчалай сыйлыкты тапшырып коюуга уруксат этиңиздер! Полковник менин колумду бек кысып, Грамота менен кошо конверт тапшырды. Студенттер эми орундарынан туруп кол чаап жатты. Мен залга көз чаптырып, тээ кире бериште турган Зинаны көрдүм. Күлүмсүрөп койду. Декан баш болгон агай-эжекелер кезек менен келип, колумду кысып, куттуктап жатышты. Бир аздан соң, кайра көз жиберип Зинаны ордунан таппай алдым... Ошентип, бир заматта факультеттин мугалимдерине, 1-курстун студенттерине таанылып калдым. ххх Жаштыктын жагымдуу маанай тартуулаган студенттик күндөрү өтүп жатты. Студенттик жатаканада жашоо бешенеме буюрбаптыр. Таежем таптакыр мойноп: "Ата-энелери алыста калган ээнбаш балдарга кошулуп, бузулуп, тентек болуп кетесиң, анда эжемдин бетин кантип карайм? Үйүбүз кенен, каалаган бөлмөңдө жаша, каалашыңча ичип-же да, кечкисин кашымда отур" - деп каршы чыкты. Ойлонуп көрсөм таежемдин айткандары туура экен. Апама да жеңил болчудай. Ал эми университеттин жатаканаларына түштө, же сабактан соң группалаштарга кошулуп барып жүрдүм... Бир жуманын ишемби, жекшемби күндөрү таежезденин иномаркасына түшүп, чочкоканага каттайм. Дядя Андрейди вино менен жабдыган соң, сасык баткакка ботала болгон тандалган торомпойлорду шлангадагы суу менен жууп туруп, базарга алып барып сатып жүрдүм. Чочкокананын жанында үч темир ящик бар, үчөөндө тең тамак аштын калдыктары дайыма толтура куюлуп турат. Чамасы таежездеге кошомат кылган ашкананын же ресторандын бир шефи өтүлүн алса керек. Тамак-аш кенен болгондуктан биздин чочколор көп-көптөн тууп жатты. Торомпойлору да тез торолуп, чоң, семиз болгондуктан, соодабыз бат бүтүп жүрдү... Акырындык менен шаардыктардын кийингенин, ичкен-жегенине жана жүрүм-турумдарына чейин үйрөнө баштадым. Баягыл тоонун суугу менен күнүнө туурулган өңүм кадимкидей агарып, бетимдин кызылы азайып, таза, тыкан кийинип жүргөндүктөн басканым да шайдоот тартып, ошого жараша кулк-мүнөзүм өзгөрүп бараткансыды. Группадагы балдар-кыздардын баары менен мамилем жакшы. Ошондой болсо да Нурбек аттуу бала менен абдан жакын болуп кеттим. Экөөбүздү спорт жакындаштырды. Сабактан чыгып "Балбан" аттуу спорт клубда кикбоксинг менен машыгып жүрдүк. ххх "Балбандагы" машыгуу жумасына үч жолу кечинде болгондуктан, үйгө жатаарда кайтып жүрдүм. Арам териң чыкканча машыккан соң, душка түшүп, таптаза чайканып, көчө менен серүүндөп басып көр! Жеңилдикти, тазалыкты сезесиң... Сагын аке башкача тарбиялоочу. Алгач кыштакка эң жакын Таш-Дөбө деген жайлоого чейин жүгүрүп барчуубуз. Ат минип барган Сагын аке колуна топ кармап күтүп турат. Чогуу футбол ойночубуз, алсыраган соң гана, машыгуу башталчу. Татаал каталарды үйрөнүп, чарчап-чаалыккандан кийин, кайра кыштак четиндеги өзөнгө чейин жүгүрүп барчубуз... Ошол үч-төрт жылдык үзгүлтүксүз машыгуу менин дене түзүлүшүмдү өзгөрткөн. Атам жок болгондуктан, үйдүн кара жумушун жасоо да оңойго турган жок... Бардыгыбыз Окинавалыктардын эрдигине суктанаар элек. Сагын аке кичинекей аралдын баатырларын бекер жерден сөз кылып, жөнү жок даңазалабаптыр. 1592-1598-жылдары Кытай королдугуна формалдуу баш ийген Окинава аралын 3 миңге жакын япон самурайлары жүзгө жакын согуштук кемелери менен келип, басып алат. Ырайымсыздык, талоончулук менен бийлик жүргүзүлө баштайт. Кыйналган дыйкандар салык жыйнагандарды, конвойлорду өлтүрүшөт. Ошондо түштүк япон князы Тоөтоми Хидэөси аларга курал алып жүрүүгө, пайдаланууга катуу тыюу салат, баш ийбегендер өлүм жазасына тартыларын жарыялайт. Айыл-айылдардан темир-тезектер, темир буюмдар чогултулуп, устаканалар жабылат. Эркин жашап, иштеп көнгөн окинавалыктардын ички нааразычылыктары күчөгөндөн-күчөгөн. Бирок, жакшы куралданган армияга куру кол каршы чыгуу пайдасыз болуп, кырылууга алып келмек. Акыры алар өтө жашыруун коом түзүп, каратэдо менен жапырт машыга башташат. Машыгуу абдан көмүскө сакталып, оозу ачыктарды, чыккынчыларды акулаларга салып берип, катуу жазалашкан. Көп жылдар бою тынымсыз машыккан аралдыктар тири укмуш кыйраткыч күчкө жетишкен. Колу менен самурайдын темир тулгаларын талкалай уруучу соккуга ээ болушкан. Алар жыгач челекке салынган куурулган буурчакты күнүнө миңдеген ирет ургулап колдорун, буттарын бышырышкан экен. Натыйжада сезгичтигин жоготкон колдор мүйүздөй катуу болуп чыга келген. Колдун соккусу - 700 килограммга, буттуку 1 тонналык салмакка жетет. Мындан сырткары узундугу 182 сантиметр болгон катуу таяктар, нунтяктар менен салгылашуунун не бир татаал техникасын ойлоп табышкан. Нунтяк - узундугу 20-30 сантиметр болгон эки бекем жыгач, ортосу бышык кытай жибеги, же майда чынжыр менен туташтырылган курал. Самурайлардын өткүр кылычтарынан коргонууга, чабуул коюуга, душманды муунтуп өлтүрүүгө, талылуу жерлерге урууга ыңгайлуу болгон. Сагын аке нантяку менен ката жасап, түрдүү ыкмаларды көрсөткөндө, качан, кантип, кандайча мишенге уруп жатканын ажыратуу кыйын болчу. Себеби, нантяку оң колдон сол колго тез-тез өтүп, абдан татаал ыкмалар менен пайдаланылчу. Натыйжада, окинавалыктар тишине чейин куралданган самурайлардын ташын талкан кылып, көздөгөн талаптарын орундатууга жетишет. Аларды пир тутуп, чыдамдуу болууга дилгирленген жыйырма баладан акыры - төртөөбүз гана калдык... Бизден коңшу айылдын балдары да сестенип турчу. "Каратэ менен машыгат" - деген сөз аларга жетсе керек. Балдардын өтүнүчү менен айрым көнүгүүлөрдү, ыкмаларды, каталарды көрсөтүп, ооздорун ачырганыбыз менен, бирөөгө тийишчү эмеспиз. Дердеңдегендерди, чоң сүйлөгөндөрдү, сынагысы келгендерди, албетте, аяганыбыз жок. Күчүбүздү сынап, жашы чоң, аскерден келип, көчөгө батпаган бойдоктор менен өтө көп мушташтык... Сагын аке: "Силерди элге кызмат кылсын, алсыздарды коргосун, кыз-кыркындарыбызды кордотпосун деп тарбияладым, эгер силерден кесек кеткенин билсем, таарынбагыла!" - дей турган. Тренерибиз Анатолий Ким алгачкы жумалардан баштап, мага өзгөчө мамиле кыла баштады. Үч жыл машыккан группага кошту. Чынын айтсам, машыккан балдар шпагатка жакшы отурушуп, колу-буттары узун болгону менен, алсыз, кыймылдары начар экен. Күч да жок. Туруп берсең да уруп жыга алышпайт. Ошондуктан, алардын биринен да жеңилгеним жок. Төрт жолу спорттук клубдардын ортосунда кикбоксинг боюнча жолдоштук беттешүү болуп, төртөөндө тең финалда нокдаун менен жеңишке жетиштим... Эки жумадан кийин шаардын биринчилигин жеңип, өз салмагым боюнча шаардык чемпиону аталдым. Тренерим: "Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт, буюрса үмүтүбүз сенде!" - деп далымдан таптап жүрдү. Катар-катар келген ийгиликтер ого бетер шыктандырды. Окуум экинчи планда калып, бар убактымды, күчүмдү спортко корото баштадым... Бир күнү "Балбандан" келсем, Мадина чыдамсыздана күтүп туруптур. - Сени бир жигит эки сааттан бери издеп жатат. - Эмне дейт? - Жолугат элем дейт. - Эч кимге силердин телефонду берген эмесмин. Кызык... - Буларды бер, жууп берейин? - деди спорттук кийимдерим салынган сумкама ээк жаңсап. - Өзүм жууп алам, ырахмат... "Ким издеди экен?" - деген ойго алаксый чечинип жатсам, эшикти тыкылдатып Мадина кирди. Колунда жалтылдаган, күрөң түстүү - гитара. Көрөрүм менен делебем козголо түштү. Көптөн бери үн созбогонго ырдан алыстап бараткамын. Көңүлүм ачыла түштү. - Кимдики? - Сеники... Сатып алдым. Мамам ырдаганыңды уккусу келип жүрөт. Гитаранын кол тие элек катуу кулактарын кычырата бурап жатып, Тампону эстедим. - Ырахмат, айтмакчы классташтарың кандай жүрөт? - Кимдер? - Эрик, Тампо... - Ээ-й, - ачуулана кол шилтеди, - Ит билеби? Жүрүшкөндүр... Эрик -Америкада, кабар жок. - Кат жазбадыбы? - Жалкоо. Эки ооз сөз жазганга мойну жар бербейт. Ачуулана баштаганын көрүп, башка суроо узатпадым. Экөөнүн мамилеси Зинанын үйүндөгү отуруштан кийин солгундаган. - Экөөңдү мен алыстаттым окшойт. - Күнөө жок сенде... Акыры алыстамакбыз... Мамамы чакырам азыр! Гитаранын аккорддуу кооз үнү чакан бөлмөгө көөлгүй тарала баштады... Көз алдыма ак мөңгүлүү аскалары көктү тиреген, жашыл көйнөк кийинген, түркүн түстөгү гүлдөрдүн жыты аңкыган туулган жер тартылды, түтүн жыттанган, иттеринин үнү басылбаган уюткулуу кыштагым түштү эсиме... Туулган жерди сагыныптырмын. Мынчалык дегдетээрин, саматып санаа тарттыраарын ойлобоптурмун. Киндик кан тамган жердин баа-баркын туюнуп отурдум... Белгилүү обондун ыр саптары оозума кире калды... ...Апалар таңдан туруп уй сааганда, Желге ойноп жыты келет саалган сүттүн... II бөлүм Күздүн сары жалбырактарын көчө бойлото кой сыяктуу айдактаган шамал, ары-бери өткөн адамдардын "токто" дегенсип этек-жеңдерин жулмалайт. Чуру-чуу түшкөн балдар дуулдаган шамалга да карабай төрт кабат мектептин тегерегинде куушуп-ойноп жүрүштү. Ушул мектептин жанынан өткөндү жакшы көрөм. Үйгө өтө жакын. Айланасына түрдүү бак-дарактар отургузулгандыктан ичинде кооздук да, тынчтык да бар... Артымдан жете келген балдардын бири чыканагымдан булка тартып токтотту. Мен курактуу шаардык балдар: биринин ийнине түшкөн чачы ансамблдин солисттериникиндей саксаят, өңү купкуу, көздөрү бүтүк, экинчиси кайыш шапке кийген, көздөрү бакыракай, толугураак. - Жоробек деген сенсиңби? - Мен... Эмне болду? - Сени менен Шоха жолуксам дейт. - Шохаңар ким? Эки бейтааныш бири-бирин табышмактуу карап коюшту. - Эртең кечки саат жетиде "Ми- на" ресторанынан күтөт, - деди шапкачени оозундагы ширеңкенин талын өйдө-ылдый жылдырып. - Коркпо, кеңеше турган кеп бар, - деп кошумчалады узун чач, - Бирок, бул тууралуу бир да бирөө билбесин, түшүндүң го дейм? Экөө шарт бурулушту да, капыстан кандай пайда болсо, кайра ошондой бакка сиңип жок болуп кетишти. "Шоха" - жигулинин эң мыкты маркасы. Ал эми булар "Шоха" деп адамды атап жатышат. Кличка окшойт. Ким болду экен? Эмне үчүн мага жолуккусу келип жатат? Максаты эмне?" - деген суроолорго жооп табалбай ордумда кыйлага чейин катып турдум. Капысынан эсиме Эрмек түшөрү менен жүрөк бир булкуп алды... "Зинадан алыс жүр!" - деген Мадинанын сөзү кулагымда кайра-кайра кайталанып жатты. Башка бирөө-жарымы менен жаңжалдашып, кекенишип-кектешкен эмесмин. Демек, булар Эрмек менен байланышы бар балдар. Буга чейин СИЗОдон жакшы байланыша алышпай, качан гана түрмөгө түшүшкөн соң гана алардан менин дарек-дайынымды билишкен окшойт. Болду-болбоду Зинанын үйүн карамалап, аңдып жүрүшүп, менин кайда жашаарымды билип алышкан сыяктуу. Зина жанына ар дайым сотовой телефон алып жүрө турган. Мен таежемдикине кирип, ага телефон чалдым... Гүлдүү халат кийген ал үйүндө кооптоно күтүп отуруптур. Канткен менен адатынча эркелей кучактап, моюндарымдан "шуу-шуу" жыттап алган соң гана: - Гроза Алексеевнанын лекциясына кирбей, телефон чалаарың менен үйдү көздөй "зуу" койбодумбу! Тынчылыкпы? - деди жалжылдай мени менен кошо жумшак диванга көчүк басып жатып. - Кандай десем... Кыскасы, сырдашым, ишенгеним жалгыз сен болуп калбадыңбы, ошондуктан бир ишти кеңешпесем болбойт... Ал ыраазы боло мойнума оролду. Анын мындай эркелиги мага майдай жага турган. Бир топко чейин өбүштүк. Алдыма жумшак отура калды да: - "Акылкарачачтан" кандай акыл-кеңеш сурайын дедиң эле? - деп назик манжаларын кыбыратып эриндерим менен ойной баштады. - "Шоха" деген атты уктуң беле? Ал бардык кыймылын тык токтотту. Көзүмө алая карап калды. - Шоха? - Ооба. - Ал сага кайдан жолугуп жүрөт? - Эки жигитин жибериптир, эртең кечки саат жетиде "Ми-на" ресторанынан күтөт экен. Зина алайган көздөрү менен чочулай карап туруп, алдымдан шарт тура калды да, терезеге барып ойлуу сүйөнүп калды. Эмнегедир эмирээктеги жароокер мүнөзү жоголуп, түнөрө түшкөн ага акырын басып бардым. Эки каруусунан кармадым. Былк этпеди. Табышмактуу тунжуроосу мени ойго салып, тынчсыздандырбай койгон жок. - Зина? Таңдана ийнинен тарттым, болбоду. Байкасам ичкерип ыйлап кириптир. Эмне үчүн? Капалантып алдымбы? - Кой, кызыксың го, "жылан чакпай, жылкы теппей" туруп? Өзүнө өлчөгөндөй тегизделип, куп жарашкан тармал чачтарынан сыладым. Ал ушуну гана күтүп тургансып бурулду да, кучагыма боюн таштап, өксүп ыйлап кирди... Чамасы, ишим "куржун" көрүнөт, болбосо Зина жөндөн-жөн мынчалык санаага батмак эмес. Ичимден тигилер менен жолугушууну өзүм деле каалабай тургамын. Шаң-шөкөттөрү, кабат-кабат кооз үйлөрү, күнү-түнү өчпөгөн чоң-чоң түркүн-түстөгү рекламалары жакканы менен криминалдуу дүйнөсү жүрөктү өйүгөн, бири-бирине бейтааныш, чоочун, мерез, кайдыгер сыяктанган адамдары менен көңүлгө тийген шаар турмушунун кезектеги сюрпризине кабылгым келбей жаткан... - Корком, - деди Зина жаш толгон көздөрү менен тигиле карап. - Эмнеден? Сага жүрөгү тоо, же өлүмгө башын байлаган келесоо гана тийишпесе... - Мен жерге кирейин. Сенден корком... Абдан корком... Бардыгына мен бейбак күнөөлүүмүн... Азгырдым. Боө дүйнөңдөн бөлүп, баш-аламан турмушка азгырдым. Азыткымын... Шайтанмын. "Аял - шайтан, акыл-дос" дешкени чын, чын сөз... - Мынчалык эмне болду? - Шоха шаардагы "авторитеттердин" бири. Эрмек ошол Шоханын группасындамын дегенсиген. Ал тургай аны мени менен тааныштырам деп көп аракеттенди, бирок андай сунушка макул болгон жокмун. Атам үчүн чоң минус болмок. Менимче, ал идея Шохадан чыккан болуш керек... Экөбүз тең унчукпай турдук. Демек, Шоха менен тамашалашууга болбойт экен. Эрмек менен мамилелеш, "шыралгалаш" экени анык болсо, анда мени менен сүйлөшө турган "сөзү" бар экени чын, же акча талап кылат, же оорураак иш тапшырат. Эгер бирди көрсөтө турган болсо, же көзүмдү тазалагысы келсе, "Ми-на" сыяктуу зоболосу бийик ресторанга чакырбайт болучу. Кыскасы, маанилүү бир иш бар... - Эми өтө сак жүрүшүң керек. - Коркпо, - анын көңүлүн көтөрүп, жылмайтып коюуну ойлодум, - коөндой - сак, бөкөндөй - күлүк, ташбакадай - бекем болом. - Же, - Зина тамашамды этибарга албады, - Атама айтып телохранитель кошуп берейинби? - Хе-хе, ашыкча кетпе. Мен эмне президенттин, же атактуу бизнесмендин баласы белем? - Мен кайтартам, законго таяп иш кылабыз. - Коркпогун, Зина, эч коркпо, эгер менде өчтөрү болсо, небак алышмак. Ресторанга жолугушууга чакыргандарына караганда кеңеше турган кептери бар көрүнөт, түшүндүңбү? - Мисалы? - Азырынча эмне, кандай нерсе, же иш сунуш кыларына башым жетпей турат. - Сөзүңдүн чындыгы бар сыяктанат... Токто, токточу... Менде бир идея пайда болду. Бул ишти акырына чыгарам. Көңүл тынч болот... Зина үмүт учкундарын көздөрүнөн чачырата карап калды. ххх Өткөндөгү жашы элүүлөргө барып калган акчач полковник менен кайрадан жүз көрүшүшкө туура келди. Менин алдымда кирген Зина аяш атасына чо-жайды толук түшүндүргөн өңдөнөт, адатынча жайдары учурашкан соң, кимдир бирөөгө телефон чалды. - Сен мага кирчи? Көп өтпөй гражданча кийинген, отуз жаш курактагы, чап жаак өткүр көздөрү теше тиктеген кубакай жүздүү жигит турду босогодо. Полковник "сиз" деп кайрылганынан улам, жашы өткөн бирөө кирет го деп боолгологомун. - Лейтенант Обозканов, - деди полковник аны биз менен тааныштырып, - Отур, лейтенант. Баягыл изин сууткан Шоха деген неме суудагы чамындыдай кайрадан калкып чыкты. - Азыр шаарда бекен? - Шаарга кайрылып келиптир. Жем жеген акырын сагынган көрүнөт. Шоханын өткөндө ишин сотко өткөргөн "Чөнтөкчүлөр" менен байланышы бар өңдөнөт... - Кантип, жолдош полковник? Ал андай майда иштерге аралашпай калсын. - Мүмкүн, жердештир, "чөп тамырынан, эл тамыры көп" деген, мүмкүн тууган болушар. - Андай деп да ойлосо болот, ак ит, кара ит - баары бир ит. - Та-ак, Шоханын тобу тарабынан жасалган иш деп, Коммунист көчөсүндөгү ломбард менен, кытайлык бизнесмендердин тонолгон үйүн шектенип жүргөнбүз, туурабы? - Туура, бардыгы биригип 150 миң долларлык буюм-теримдерди тоноп кетишкен. - Күбөлөр менен дале байланышып жатасыңарбы? - Ооба, жолдош полковник. - Та-ак, тиги "Чөнтөкчүлөрдү" колго түшүргөн жигит ушул, - Полковник мага сөөмөйүн кезей сүйлөдү, - Аты - Жоробек. Эртең кечки саат жетиде Шоха "Ми-на" ресторанынан күтмөк болуптур. "Чөнтөкчүлөрдүн" бири - Эрмек деген жигит, ал убагында Шоха менен байланышып жүргөнүн Зина кызым ырастап отурат. Жоробекте тигилердин өтө олуттуу сөзү болбосо, тигиндей абройлуу жерге чакырбайт эле. - Туура айтасыз, жолдош полковник. - Та-ак, сен эми өз группаңды даярда, жолугушууну баштан аяк видеокамерага тартып алышың керек. Ресторан ичиндеги ар бир киши унутулбасын. Касетаны жанагыл күбөлөргө көрсөтөбүз. Бирөө жарымын тааныган болсо, анда ишибиздин оңолуп, "итибиздин чөп жегени". Шоха жалгыз келбейт, демек күбөлөр бирөө жарымын таанып калышы мүмкүн. Жоробектин өмүрү үчүн керт башың менен жооп бересиң. Коопсуздугун камсыз кыл. Дагы, Шоханын артынан аңдуу уюштур. Утур-утур орун алмаштыргыдай болушсун. Анын кайсыл жерде жашарын билишибиз керек. Сен, Жоробек, алардын сунуштарын угуп көрүп, "ойлонуп көрөйүн" - деп айткын. Эмне кылышты чогуу кеңешебиз. ххх Ресторандын эшигинде түрдүү иномаркалар тизилип турат, бирок ары-бери баскан бирөө-жарым көзгө чалдыккан жок. Негедир кайсы бир туштан мага кимдир бирөө көз салып, байкалбай тиктеп тургандай сезилип жатты. Мүмкүн ресторандын катарындагы кабат үйлөрдө, же кызыл, көк, ак айнектери күңгүрт иномаркалардын ичинде жашырынып отуруп алып, караңгылатылган терезеси аркылуу үзүлө карап тургандыр... Өткөндөгү шапкечен жигит төрдөгү аппак скатерть жабылган столду ээлеп жалгыз отуруптур. Калган столдор да бош эмес. Ал "кел бери" дегенсип колун көтөрүп койду. Залдын ичи абдан келишимдүү жасалгаланыптыр. Шапкечендин аты Ганы экен. Колума менюну карматты. - Танда. Эзели жеп көрмөк турсун, атын укпаган тамактардын тизмесине көңүлсүз көз жүгүрттүм. - Манту, анан чай. - Болдубу? - Жетет ошол. Бизди татынакай орус кыз тейлеп жатты. - Шоха келет дебедиң беле? - ... - Келбейби? - Курсакты тойгуз - деди Ганы тоңдоосун, - Анан сүйлөшөбүз. Тегерегимдегилерди байкатпай бир сыйра карап өттүм. Кимиси ички кызматтын балдары экенин ажыратып билип болбойт. Калжыңдаган масы отурат, кашка баш тазы отурат, байлыгына чиренген байы отурат, меңине чейин боөнгон кыз-келиндери да бар. Бирок, өзгөчө бир кооптондурган жагдайды байкаганым жок... Бардыгынын көңүлдөрү көтөрүңкү, шаңдуу. Музыканттар кайдагы бир классикалык романсты сыздатып жатышты. Чамасы, дардаңдаган, тастаңдаган бийчилердин доорону жүрө турган саат жакындай элек окшойт. Бийдин кызыгы ичке эки жүз грамм киргенден кийин башталат эмеспи. Арадан жарым сааттай убакыт өтүп, алды-алдыбыздагы тамактар желип бүтүп калган соң, арык, чачтарын ак аралаган кичинекей киши салам айтып басып келди. Таңдоосун, чалпоо сезилген Ганы илбериңки тура калып, ал кишиге жанындагы столду жылдырды. - Мен Шохадан келдим... Их... Чөнтөгүнөн кочкул күрөң түстөгү мүштөк алып чыкты да, үйлөп-үйлөп ичин тазалаган соң, көзөнөгүнө филтирсиз "Полет" киргизип, ырахаттана чегип кирди. Кыймыл-аракети, жүрүш-турушу, жасаган иши тыкан киши көрүнөт. Оң жагында моюн ылдый кеткен узун тырык бар экен. Ичине жоон зым салып, атайылап бөлтөйтө тиктирип койгондой... - Хасан байке десең боло берет. Кана, Ганыпаңсат, эмне тамак жедиңер? - Манту... - Хе,хе... Белинде күчү, билегинде каруусу бар силердей жигиттер бешбармак жеш керек, же казактардын гүлчөтайын жейлиби? Кайра заказ бер! - Ырахмат, Хасан аке, мен тойдум. - Студент ток болбойт, бүгүн каалаганыңа заказ бер, "студенттин бир тойгону орто байыганы". Анын үстүнө сен биздин мейманыбызсың. "Конок койдон жоош" - дечү беле кыргыздар? Тынч отура бер, иним. Официант! -Ганыга кайрылды, - Кызбы, жигитпи? - Кыз. - Официантка! Столубуз заматта түркүн даамга толуп кетти. Алма, жүзүм, икра, грузин виносу... Балтилдүү Хасан байке бешбармакты мактап жатып түгөттүргөнү менен манаттай кызарган грузин виносун кыстабады. - Туура кыласың. Спортсмендин ичкенин жактыра бербейм... Чак Норрис француз виносунан татып коөт имиш... Белгилүү спортсмен болгондон көрө, бай спортсмен болгон жакшы. Чак - белгилүү да, бай да спортсмен. Каратэ боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиондугун жеңип алган... Ганы экөөбүз кока-кола ичип отурдук. - Акча таба турган заман келди. Жарыбагандардын баары - жалкоолор. Мына сен, Жоробек, бир заматта 3 же 5 миң доллар тапкың келеби? - Келет... Кантип? - Ак эмгегиң, маңдай териң менен. Уурулук кылбайсың, бирөө жарымын тонобойсуң. - Бизнес жасаш керекпи? - Албетте, бирок анын түрү көп. Ошонун ичинен өзүңө жакканын, колуңдан келгенин ылгап алышың керек. Хасан байке алдындагы сабы узун бокалдагы винодон татып коюп, мени сырдуу карап турду. - Спорттук мелдештердин артында чоң суммада акча болот. "Кантип?" - деген суроону ооз учумдан араң карманып калдым. - Ганг-Конг, Тайиланд, Америкадагы жашыруун өткөрүлүүчү жапайы ринг Орто Азияга да ооп келди. Өз эрежеси бар. Мушташуунун бардык ыкмасы пайдаланылат. Курал да колдонууга болот, ал үчүн мелдешкен эки тараптын макулдашуусу гана керек. Бул жолку беттешүү Алма-Атада болот. - Кимдер беттешет? - Кореец - Жи Шан менен сен... - Менби? - чочуп кеттим. - Эмнеге коркосуң? Ал сендей эле мушташат. Сенден бою-10 сантиметр кыска, салмагы - 13 килограмм жеңил. Айырмасы 4 жапайы рингте беттешип, акыркы 3 оюнун жеңген Жи Шандын рингдеги оюну тартылган видео тасманы көрдүм. Тхэквандо менен машыгыптыр. Буту менен жакшы иштейт. Өтө шамдагай. Өжөр. Угушубузга караганда сол көзү начар көрөт. Трамва алган... Биздин тренерлер сенин кандидатураңды сунуш кылышты. - Мени али эч ким билбейт. - Ошон үчүн тандадык. Сен тууралуу аларда маалымат жок. Атагы чыкпаган бирөө турбайбы дешет да ортого көп акча сайышат. Андан дагы - сен качырганынан кайра тартпаган тоонун бүркүтүсүң. Коркуп, зака жеп, жүрөгүң өлүп көргөн эмес. Бизге ушул жагы өтө маанилүү. - Жеңилсемчи? - Жеңилбейсиң! Рингдеги мушташыңды көргөмүн... - Кы-зы-ык. - Азыркы тренериң Анатолий Ким - менин эзелтен берки досум. Оңойлук менен спортсмен жакчу эмес... Айтмакчы, Эрмектер дагы көчө мушташына бышкан балдар эле, сен аларды кошоктоп сабабадыңбы, хе, хе... Чектен чыгып кетишкен... Бир жагынан аларга туура болду. Унчукпай отуруп калдык. Жи Шан менен беттешким келип турду. Жеңсем -үй, машина, акча болот. Апама акча жөнөтөм... - У-шу, каратэ, жиу-житсу сыяктуу Азия тургай дүйнө жүзүн таңдандырган мушташ өнөрүнүн башаты - Индия. Бул тууралуу көптөрү биле беришпейт. Индиялык миссионер Бодхидхарма Кытайга буддизм менен кошо кармашуу өнөрүнүн жашыруун ыкмаларын тараткан... Сырттан каратору, чоң көздөрү өткүр жигит кирип, Хасан байкени карап калды. Хасан байке шарт сөзүн токтотуп: - Анда, Жоробек мырза, үч күн убакыт беребиз, ойлон. Келишимди өтө жашыруун түзөбүз. Эч ким билбесин, - деди да, ордунан кошо турган Ганыга, - Ганы? Ал стол үстүнө 100 доллар калтырды. - Сага... Жакшы машыгып, күчтүү тамактарды жеп, мыкты спорттук кийимдерди сатып ал, стол үчүн - төлөнгөн. Сен шашпай чыккын... Алар чыгып кетери менен, сырттан Зина кирип келди. - Чыдабадым... Бир жарым саат жоголбодуңбу? - Бекер келиптирсиң. Сөзүбүз толук бүтпөй калды... - Коркот экен киши. Булар менен ал жетсе байланышпаш керек. Сөзсүз ыңгайсыз акыбалда калтырышат. Баары бир коркунучтуу. Сен коркподуңбу? - Эч нерсе сезгеним жок. Кел эми, отур. Жаныбызга официантка басып келди да, стол үстүн жыйыштырып жатып: - Сен эмнеге келдиң, бийкеч?.. Шектенип калышты. Артыңардан аңдышат, ошон үчүн шашпай чыккыла. Биз байланышка өзүбүз чыгабыз... Мүмкүн, коко-кола ичерсиңер? - деп аңкайып калган мага суроосун кайра кайталады. - Коко-колабы же чайбы? - Сулуу кызга бешбармак алып келиңизчи, - деп стол үстүндөгү долларды жылдырдым. - Шоха бердиби? - Хасан. - Бүттү, сени тузактарына илишиптир, - деди кабатырлана. - Корко турган эч нерсеси жок. Болгону бирөө менен мушташып бер дешти. - Мушташпы?! - Ооба, рингде... Зина элейген бойдон туруп калды... ххх Эртеси лекцияга жөнөп жатсам Обозканов телефон чалды. - Жоробек, корккон жоксуңбу? - Эмнеге коркмок элем... - Жакшы, абдан жакшы. Сен эми Хасан байкеңдин сунушуна макул бол. Анткени, криминалдуу бир топ чоң иштин бети ачылганы турат... Ойлонуп көр. Биз сени кыстап, мажбурлай албайбыз. Бирок, коопсуздугуңду сөзсүз камсыз кылабыз... - Кийин мага өчөшүп калышпайбы? - Алардан баарын күтүүгө болот, ошон үчүн Шоханын изине сен аркылуу чыкканыбызды билбегендей кылышыбыз керек. - Ошондой болсо жакшы болот эле... - Биринчи, Зина менен болгон мамилеңди үз, жолугушууну токтот. - Кантип? - Убактылуу. Телефон чалып турасың. Эгер Зина кимдин кызы экенин билишсе, алар сага караанын да көрсөтпөйт, түшүндүңбү? Экинчи, студенттик жатаканада жаша, байланышууга жеңил болот. - Таежем көнбөйт го? - Көндүр, башка чарабыз жок... Кандай дейсиң? - Макул анда. - Коркпо, биздин жигиттер ар дайым кабар алып турат. Курсташтарың филфактын кайсыл жатаканасында. - Тогузунчу. - Түштөн кийин N 9-жатакананын комендантына жолуккун. Комната даярдатып коөбуз. Ошентип, айдан-айга секирген таежемди эпке келтирген соң, күлкү менен ыр-чоор басылбаган түн ортосуна чейин шарак-шурагы тынчыбаган студенттик жатаканада жашап калдым. ххх Кезектеги машыгуудан соң, "Балбандан" чыгып, Нурбек, Буркан үчөөбүз жатаканага жетип алыш үчүн аялдаманы көздөй бастык. Бир кара түстөгү жалтыраган мерседес бизден өтүп барып токтоду да, шоопуру сыртка чыкты. - Хасан байке силерди жеткирип коөлу дейт. Балдар мени карап калышты. - Кеттик. Хасан байке арткы орундукта чалкалай отуруптур. Колунда өткөндөгү күрөң мүштөгү. - Жоробек мырза, бу жигиттер досторуң болобу? - Бирге окуйбуз, чогуу машыгабыз. - Дурус, дурус... Жатаканага жетип, Нурбектерди түшүргөн соң, шаардын кызыл-тазыл жазууларга толгон көчөсүндө зуулдап бараткан мерседес Сокулукту көздөй, андан өткөн соң, тоо тарапка бет алды. Хасандын өткөндөгү жансакчыларысыз келгенине караганда, көңүлү ток, жүгүрүп жаткан иши дурус көрүнөт. Жансакчыларын да тез-тез алмаштырып турганына караганда, бирөөлөргө көп ишене бербейт шекилдүү. Төө-Ашуунун чокулары көрүндү. - Жоробек мырза, ортодо төрт күн өтүп кетти... Алма-Атадан кеч кайтып калдык. Кана, чечкиндүү жигит көрүндүң эле, кандай чечим кабыл алдың? - Мен даярмын, Хасан аке. - Мунуң анык мырза жигиттин сөзү болду. Биз да ушундай болот го деп күттүк эле... Быйыл жыл жаан-чачындуу болбойт, - деди муштегин канааттана соруп. - Кайдан билдиңиз? - Синоптиктерден... Биздин иште ийне-жибине чейин эсепке алууга туура келет. Машинаны токтот, тиги чоң таштан өтүп... Ылдый каратып буруп кой, - деди шоопурга. Сыртка чыктык. - Бардачокту карасаң "Фанта", колбаса, булочка бар... Көтөрүнүп алып, корум таштарды аралаганча өр таяна бастык. - Бул жерде балачагым өткөн, Жоробек мырза. Тиги кырдын ары-ы жагында колхоздун сарайы боло турган. Атам кой бакчуу. Апам - казак кызы. "Төркүнүмө барчумун" - деп кетип үч-төрт айда араң келер эле... Караңгы тамда үңкүйүп атам экөөбүз калчубуз. Жетинбеген турмушта өстүм. Атам инфарктан өлдү, апам төркүнү жактан тез эле бирөөнүн этегин кармап кетти. Анан интернаттык турмуш башталды. Сенин атаң барбы? - Жок... Үч жыл болду көзү өткөнүнө... - Апаңчы? - Иним менен карындашымды багып, үйдө. - Азамат аял экен. Менин апам ошондой болгондо барбы! Этегине намаз окубайт белем. Ач "Фантаны"... Бул жерге көп келем... Тынч. Ойлонууга да, сүйлөшүүгө да ыңгайлуу... Хасан ташка көчүк басты. Биз келген булуңдан шарт чыга калган жеңил машиненин кош жарыгы борчук таштуу беттерди бир сыйра сыйпап өттү да, ылдамдыгын акырындатып, ылдый бурулуп жаткан биздин мерседести "та-та-та..." - дедире татыратып автомат менен атып өттү. Тоо-таштын баары жаңырып жатып калды. - Жат! Селтең этип тура калган мени этектен жыга тарткан Хасан таштын түбүнө ыктады. Өтө түшүп барып "кый-ч-ч" эттире катуу тормоз баскан ак иномарка чукул бурулду да, кайра мерседеске жакындады. Жанымдагы Хасан керилип туруп бир нерсе ыргытты да, делдейген мени далдоологончо жыгылды. "Тар-рак" эткен жарылуу жерди "солк" эттиргенсиди. Граната ыргытыптыр. Башымды көтөрсөм жалбырттап күйгөн иномарка кыйгачтап барып, кургуйга кулап түштү... Биз биринчи мерседести көздөй жүгүрдүк. Автоматтын огу күңгүрттөнгөн эшиктердин айнектерин калбыр кылып таштаптыр. Лобовойдун үч-төрт жерин ок тешкен. Хасан алдыңкы эшикти ачаары менен шоопур "шалак" этип жерге кулап түштү. Небак жанбериптир. Ошол замат күйүп жаткан иномарканы карай чуркадык. Хасандын колунда сороюп пистолет жүрөт. Кургуйга кулаган машинанын арткы эшигинен бирөө сүйрөлө жылып чыгып келе жатыптыр. Тигини ийинден ныгыра баскан Хасан ызаалуу барк этти. - Ким жиберди? - Оо-ой, оо-ов... - Акбарбы? - Оо-оо... Онтоо аралаш кыңкылдаган тиги бир сөз сүйлөөгө жарабады. - Акбар жибердиби? - О-ооба... оо-о... - Сен тигиндей барып тургун! - деди жинденген Хасан оттуу көздөрү менен жалт карап. Кабинада дагы бирөөнүн денеси отко чулганып, кыймылсыз жатты. Күтүлбөгөн окуядан улам денемди нестик каптап, "жүр" деген жакка жүрүп, "бар" деген жакка бара бердим. Артымдан эки жолу "тып-тып" этип атылган глушителдүү пистолеттин алсыз доошу угулду... Жолдун кырына чыга бергенимде: - Эй, эмне болуп кетти? - деп чоочун жигит турат. Капысынан пайда болгон немеге кандай жооп айтаарымды билбей калдым. - Авария. - Көрүп турам авари...и... - деген жигит сөзүн бүтпөй кетенчиктей берип, качып, төш таянды. Мурдагы кейпин, токтоолугун таптакыр жоготкон Хасан шамдагайлык менен жанымдан чуркап өттү. Чоочун жигиттин качып жөнөгөнүнүн себеби бар экен. Ал Хасандын колундагы куралды көрүп калыптыр. Төш таяна берген тигини жандата бир аткан Хасан: - Бери түш, бейажал өлгүң келбейби?! Түш бери! - деди. Көз жазгырышка мүмкүн эмес болучу. Чындап дагы кача турган болсо, оңой гана тоголото атмак. Жолдун бир жак четинде светтери өчүрүлбөгөн ЗИЛ-31 токтоп турат. Жигит чочулай караган калыбында төштөн түштү. Жаш болсо да, чөмпөйтүп курсак салып алыптыр. Кичине чуркап койгонго демигип, өпкөсү ийин кагат. - Канча балаң бар? - Бешөө, байке... Ата-энем кары эле... - Жашагың келсе, "тилиңди тишиңе катып" жүр, бизди көргөн жоксуң. Эгер бир нерсе болсо ЗИЛиңдин номери аркылуу жерден чукуп да болсун табабыз. Жөнөгүн тез! - Айланайын байке, ырахмат! ...Айнектери тешилгени менен, калган тетиктери соо калган мерседесте кайтып келе жаттык. Денем калтырайт. Оюм туман... Булар менен иштешүү коркунучтуу. Катаалдык менен күн кечиришет. Бекер аралашыптырмын. Анын үстүнө бала болуп башыма жүн чыкканы өлгөн кишини көргөн эмесмин. Арткы орундуктагы шоопурдун узатасынан жаткан денесине көз кыйыгымды жибердим... - Акбардын иши, - деди Хасан түнөргөн калыбынан жазбай. - Ким болот? - Өчөшкөн бирөө... Башка сүйлөгүсү келбей түнөрдү. - Сөөктү эмне кылабыз? - Таштоого болбойт. Көп жыл чогуу иштешкенбиз. Чөнтөгүнөн сотовоюн алып чыкты да, белгисиз бирөөгө жагдайды туюк түшүндүрдү. Аны менен жолугушар жерди белгилеген соң, мага кайрылды: - Гонарарың - 3 миң доллар. Эки ай убакыт бар. Ага чейин Анатолий Ким сени жеке машыктырат. Сапернигиң жөнүндөгү видеокассета анын колунда. Мыкты ыкмаларына жараша коргонуучу ыкмаларды үйрөтөт. Алсыз жагын анализдейт. Түшүнүктүүбү? - Түшүндүм... - Бүгүнкү окуя тууралуу эстебе. Төш таяна бергенибиз абийир болуптур, болбосо экөөбүздүн тең денебиз калбыр болуп, Серенин катарында жатмакпыз. - Сереңиз ким? - Шоопурумду айтам... Серенин башына жаңылган октун изи, кабинага чачылган мээси көз алдыма тартыла түшөрү менен, денем дагы бир ирет дүркүрөп алды. Үрөй учурган өлүм коркунучу жандап өткөн колоттон суурулуп, борбордук трассага жакындадык. Бизди эки жалтылдаган иномаркалар күтүп туруптур. Алардын бирине мени отургузган Хасан рулдагы жигитке: - Айткан жатаканасына жеткирип, тез кайт! - деди да, мага кайрылды, -Сени "Балбандан" табабыз... ххх - Медитация менен машыгасыңбы? - деди тренерим Анатолий Ким анын чакан кабинетине кирип, дивандан орун алган соң. - Жок... Дубал беттери дүйнө жүзүндөгү белгилүү спортсмендердин сүрөттөрүнө жык толгон. Гитин Фунакоси, Морихэи Уэсиба, Эд Паркер, Брюс Лилер башкалардан айырмаланып турду. Чыгыштын мушташ өнөрүнүн негиздөөчүлөрү менен мастерлери тууралуу көп окудум. - Мен теория түрүндө билем. Индиядан байыркы Кытайга жайылган соң, түк тажабай медитация жасоо кытайлыктарды болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жеткирген. Кытайча организмдин энергиялуу борборун - "дан-тян" дейт, эгер аны медитациялык ыкма менен башкарууга үйрөнсөң, эң жогорку мастерликтин дарбазасы ачык деп эсептей бер. - Өзүңүз медитацияга эмне үчүн көңүл бурган жоксуз? - Шарт болбоду, себеби көнүгүү шум, ызы-чуусу жок, тыптынч жерде өткөрүлүшү керек. Биз жети-сегиз киши эки бөлмөлүү квартирада жашоочубуз. Бош бөлмө жок. Бирөө телевизор көрөт, экинчиси телефон менен сүйлөшөт, кичинеси ыйлайт... Бирок, сага берер кеңешим -медитацияга сөзсүз көңүл бур, анткени сен перспективасы бар баласың... - Рахмат, аракет кылайын. - Сопернигиң Жи Шандын рингдеги мушташын көрдүм. Тхэквандо - буттун техникасын кеңири пайдалануучу кармашуу өнөрү. Бут менен жакшы иштейт экен. Дзион, эмпи, хангэтуу каталарын эффективдүү пайдаланат. Шамалдай шуулдаган, жеңил спортсмен экен, бирок урганынын да, тепкенинин да жыйынтыгы натыйжа бербеди. Упай менен гана утту. Бишкектин биринчилигин жеңип алгандагы мушташың менен салыштырып көрдүм. Сенде артыкчылык көп... - Мени ким тартып алды эле? - Хасан суранганынан, мен заказ бергемин. - Экөөнү тең көрсөм болобу? - Албетте. Эртең кечки саат алтыларда үйүмө өт. Ме, дарек-дайным толук жазылган, - деп визиткасын сунду. - Жи Шан менен беттешсе болобу? - Болот. Сенин кабырга сындырган соккуларыңа туш келсе барбы! Анда Жи Шан шамдай шарт өчөт... Денең темирдей катуу, кээ бир ударларды чымын чакканчалык көрбөйсүң. Жи Шандын бутасы - баш. Сен бетиңди абдан мыкты коргойсуң, демек корко турган жөнүң жок. - Сиз да барасызбы? - Хе-хе... Машыктыруучусу жок боец болмок беле? Албетте, барам. Кыскасы, Хасан убада берип жүрөт, көрөбүз. Чындыгында Хасан - азамат! Билбегени жок. Кыргызстанда кикбоксинг, каратэ боюнча эл аралык мелдештерди биринчилерден болуп уюштурган. Ага чейин көмүскө жерлерде, жашыруун подвалдарда машыгып, ачыкка чыгуудан тайсалдап жүрчүбүз. Билесиң бардыгына чек койгон заман эмес беле... Кара кимоно кийген Морихэи Уэсибанын сүрөтүн кызыга карап калдым. - Ал - Уэсиба, айкидонун негиздөөчүсү. - Китептен окугамын. - Айкидо - коргонуунун искусствосун үйрөтөт. Сен, Жоробек, Стивен Сигал деген киноактөрду билсең керек? - Ооба, билем. - Ал Уэсибанын окуучусу болот. Таңкалыштуусу Уэсиба окуучуларын аярлыкка чакырып, эң айласыз жагдайга кабылган учурда гана чабуулга өтүүгө үйрөткөн. Ал эми Сигал кинодо тез чабуулга өтүп, орой техникаларды пайдаланат, кол, бут сындырмай сыяктуу эпизоддор өтө көп. Натыйжада, экран аркылуу айкидого көпчүлүктүн тетири ой-пикирин жаратып таштады. Чындыгында айкидо коргонуунун эң мыкты ыкмаларын үйрөткөн, кары-жаш бирдей машыкса боло турган спорттун түрү. - Айкидону дүйнөгө Сигал реклама кылды дешкендерге кандай карайсыз? - Анысы туура, танууга болбойт, бирок, мен айкидонун негизги максатын көрүүчүлөргө түшүндүрүлүшүн каалар элем. Айкидо ден-соолукту чыңдайт. Мисалы, Уэсиба 80ге чыккан. Жашында көп ооруган. Көрдүңбү спорттун күчүн? Сексенге чыкканда да окуучуларына каалаган учурда келип, кол сала берүүсүн өтүнгөн, бирок бири дагы сөөмөйүн тийгизүүгө үлгүрбөй ыргыган... - Эрктүү киши турбайбы. - Кыскасы, бүгүн чарчадык. Сен эртең үйгө келишти унутпа. Кассеталарды көрөбүз, талдайбыз. - Сөзсүз барам! Тренерим кыйчылдаган сары жигулиси менен жатаканага жеткирип койду. Мени жакшы жаңылык күтүп туруптур. Таежем, Мадина экөө келген экен. Нурбектин эрте кете бергени жакшы болуптур, меймандарды чай менен сыйлап жатыптыр. - Карачы, дагы кечигип, азып-тозуп, арыктап! - деди таежем мени өбүш үчүн эңкейип жатып, - Таштачы тренировкаңды, ботом. Бул кебете-кешпириңди эжем көрсө менин кактабай канымды алат!.. Таежем жөн, куру кол келбептир - бир койдун этинин жарымын бышырып, жарымын чийки алып келген экен. Ага - төшөк, шейшеп, тапочка, саат, шыпыргы, термос, идиш-аяк сыяктууларды кошуптур. Бөлмөбүз байый түштү. Мадина аларды орду-ордуна жайгаштырып, бөлмө ичин иреттегенге үлгүрүптүр. Ичимден кубанып турдум. Аял кишинин колу тийген жер жаркырай түшөт эмеспи. Эт жеш үчүн чогулган группалаш балдар бир укмуштай жасанып келген Мадинага суктанышып, ачкан ооздорун жабалбай калышты. ххх Лейтенант Обозкановдон келген Абыл деген жигит экөөбүз ээрчише басып, жатакананын балконуна чыктык. Бул жер тынч, караңгы, бирөө жарымы көрбөйт... Кабат үйлөр терезелеринен кыдырата жарык чачып, тынч океанда жай сүзүп бараткан чоң кемеге окшойт. Кеч күздүн маалы бүтүп, кыштын алгачкы айы аяктап калса дагы, эмнегедир сампарлап кар жаай элек... - Кандайсың, Хасан кабарлашып жатабы? - Кабарлашмак турсун бир иномарканы чогуу жардырдык... Ал элейе карап калды да, оозундагы тамекисин колунан ала койду. - Токточу, сен алар менен разборкаларга катыша баштадыңбы? - Катышпаган чарам кайсы? Коопсуздугумду коргогон кишилер корголоп үйлөрүндө отурса, айла жок, тигилердин бас деген жагына басып, тур деген жагына туруп жатам... - Туура... Биз үч-төрт күндөн бери бир рецидивистти колго түшүрөбүз деп жүрүп сенден кабар ала албадык. Анын үстүнө бензинди ченеп берет, кылмыш, - кекиртегин мууздап көрсөттү, - колкодон. Миңгендери желжетпес иномаркалар, качса - кутулушат. Айтмакчы, иномарканы каерден жардырдыңар? - Төө-Ашууга бараткан капчыгайдан. - Демек, "Фиат" силер колдуу болгон турбайбы? - Маркасын ажырата албадым, иши кылып чет өлкөнүн машинасы болчу... - "Фиат"... Эки кишинин сөөгү бар экен. Бир автомат, бир тапанча чыкты... Силер кантип аман калдыңар? - Биз төш жөлөнө берип, "Фанта" ичиш үчүн корум таштардын арасына отура кеттик эле, ошол учурда бурчтан "Фиат" чыга калды да, автомат менен атып өттү. Биздин "мерседес" артка бурулуп жаткан. Хасан граната ыргытты... Ошол учурда төмөндөн: - Жар-кы-ын! - деген эркектин жоон үнү угулду. - Жа-аркы-ын!... Абыл экөбүз үндөбөй калдык. Тигил Жаркынына келген жигитке эч ким жооп берген жок. - Хасандын колунда сумкасы бар беле? - Жок эле... - Гранатаны кайдан алып чыкты? - Чөнтөгүнөн... Пистолети да жүрөт, глушители ме |