Эстутум

Улуу көчтүн карааны үзүлдү
Бул дүйнөнүн башы кайда, кайда аягы? Эч билбейбиз. Билбей жүрүп өтөт экенбиз. Кечээ сахнанын салтанаты болгон, далай кайталангыс образдарды аткарып, калктын купулуна толгон кыргыз театр өнөрүнүн залкар актрисасы Гүлшара Дулатова да дүйнөдөн өттү. Таңгабийке, Толгонай, Сейде, Бернарда Альба, Клея, Фарманбүбү, Чыйырды, Каныкей сыяктуу этаптык образдарды жаратып, Гүлшара Дулатова кыргыз театр тарыхына өчпөс эстелигин куруп кетти. Ал театр дүйнөсүндө күчтүү трагик актриса катары өзгөчө орунда турар эле. Залкар актриса аткаргандай Мустай Каримдин "Ай тутулган түндө" драмасындагы Таңгабийкенин образын, Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолунда" Толгонайдын образын ал бийиктикке жеткиргендей эч ким аткара албас.
Гүлшара Дулатова театр үчүн гана жаралган адам эле. Ал кандай гана роль ойнобосун ар бир ойногон образында эч кимге окшобогон актердук табылгасы байкалып тураар эле. Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" чыгармасы боюнча спектакль коюлуп, Сейденин ролун биринчи составда Бакен Кыдыкеева, экинчи составда Гүлшара Дулатова аткарат. Гүлшара Дулатованын ошондогу актердук табылгасына Бакен Кыдыкеева өзү баа берип, бул ролду ага дублер болуп ойноодон баш тарткан экен.
Эженин ташка тамга баскандай даана, так, тоону титиреткендей кудуретке ээ күчтүү үнү көрүүчүнүн жүрөгүнө жетип, ар сөзү көңүлгө кыт куйгандай орноп калаар эле. Драматург Мар Байжиевдин "Кыз күйөө" спектаклинде Гүлшара Дулатова бир эле учурда Эне, бир эле учурда Сот болуп эки образды бир учурда жараткан. Ошондогу Гүлшара эженин анализдеп айткан ар бир сөзү көрүүчүнү арбап алган эле.
Гүлшара Дулатова сахналык мол тажрыйба менен катар күчтүү билимге ээ болчу. Анткени, ал Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институтту 1953-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Борбордук Азиядагы театралдык мектептин чоң устаты болгон, сүйлөө техникасы боюнча залкар педагог, профессор Лола Ходжаеванын шакирти катарында билим алып, кийин ал сабакты театрдын келечектерине үйрөтүп, театралдык окуу жайда жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда нечендеген шакирттерин тарбиялады.
Кыргыз актерлорунан биринчи "Сахна кеби" аттуу сүйлөө техникасы боюнча окуу китебин жазып, биринчи "профессор" даражасына ээ болгон. Чындыгында Гүлшара Дулатованын үнү кудай берип койгон үн эле. Сахнада кандай жаңырса, кинодо да, кинодубляжда да, радиодо да ал үн айырмаланып тураар эле. Кыргыз радиосунун алтын казынасында ал окуган ондогон чыгармаларды кайра-кайра угуудан тажачу эмеспиз. Кыргызча туура, таза, так сүйлөөнү Гүлшара Дулатовадан үйрөнчүбүз.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы жана Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктардын лауреаты, "Элдер достугу", "Данакер" ордендеринин ээси Гүлшара Дулатованын талантына Кыргызстандын гана эмес Москванын, шериктеш өлкөлөрдүн, Түркиянын көрүүчүлөрү күбө болгон. Москва шаарында өткөн Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын күндөрүндө Мустай Каримдин "Ай тутулган түндө" спектаклине Мустай Карим өзү катышып, "Менин Таңгабийкелеримдин ичинен эң күчтүү Таңгабийке Гүлшара Дулатова" деп баа берген.
Залкар актриса трагедиянын гана чебери эмес, комедияны да ийнине жеткире аткарган мыкты чебер эле. Айталы, өзбек драматургу Саид Ахмеддин "Келиндер козголоңу" комедиясында Гүлшара Дулатова кайнене Фарманбүбүнүн бейнесин кереметтүү кылып, турмуш чындыгындай көргөзүп, көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн ырахатка батырган. Бул спектакль кыргыз телевидениесинен байма-бай көрсөтүлүп, карапайым эл көчөдөн Гүлшара эжени көргөндө кайнене Фарманбүбү кетип бара жатат деп суктана карап калышаар эле.
Залкар актриса эпикалык каармандардын дагы үлгүсү болгон. Мисалга алсак, Жалил Садыковдун "Айкөл Манас", "Манастын уулу Семетей" драмасында Чыйырдынын, "Сейтек" драмасында Каныкейдин бейнелерин аткаруу менен кыргыз аялдарынын наркын, кеменгердик улуу сапаттарын мыкты көргөзгөн. Кийген кийими, шаңкайган ак элечеги өзүнө жарашып, ак сөөктүк сапаттары көрүүчүнү суктантчу...
Гүлшара Дулатованын ар бир жараткан образынын тарыхын айтып олтурсак ал өзүнчө чоң иликтөөнү талап кылат.
Ал эми адам катарында Гүлшара эже бир жаралган өмүрүндө адам деген атты бийик сактап, ак жашап өттү. Жалган айтып жасакерленгенди билбеген, бетке айткан, калыс, пейили Ала-Тоодой бийик да, кенен да, ичи таза, өтө мээримдүү адам эле...
Эки уулуна татыктуу тарбия берип туурунан учурду. Өз уулдарына гана эмес, театрдын жаштарынын баарын өз баласындай көрөөр эле. Керек болсо, сабагын үйүнөн өтүп, энелик акыл-насаатын да аячу эмес...
Эженин дасторкону да дайыма жайылып турчу. Балпайган мүнөзүнө жараша пейили да ошондой кенен эле...
Бүгүнкү күндө Гүлшара Дулатовадан билим алган, тарбия алган инсандар Кыргызстандын дээрлик бардык театрларында эмгектенишип, театрдын жарыгын өчүрбөй, актердук улуу жолду улантып келе жатышат. Ар бир шакиртинин чыгармачылыгында Гүлшара Дулатованын улуу сапаттары мейли сүйлөө техникасынан болобу, мейли образ түзүү чеберчилигинен болобу, көрүнүп, залкар актрисаны элдин эсине салып турат.
Гүлшара эже театрдын гана жаш муунун тарбиялабастан, Кыргыз телерадиосунун алып баруучуларына да окуу борборунда сабак берген. Сабак алган шакирттеринин катарында мен да бар экениме сыймыктанам. Кыргыз радиосуна Гүлшара эже менен көп маектешип, уктурууларды даярдап, көркөм окууларды уюштурганбыз. Мына ошол уктуруулардын биринде Гүлшара эже "Мен театрсыз жашай албайм" деген эле. Өзү айткандай көзү өткөнчө театрдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, бүт өмүрүн театрга арнады.
Сексенге жашы толбой, дагы да акылын айтып, арабызда аман турбай кайтпас сапарга капилеттен кете бергенине каңырыгыбыз түтөп турган чагыбыз. Түбү жыртык бул алакчы дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок экен... Гүлшара эже өзү сахнада Толгонай болуп сырдашкан Жер Эненин кучагынан түбөлүккө жай тапты. Сахналаш өнөктөштөрү Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеевалардын катарына кошулду.
Биз Гүлшара Дулатовадай улуу адамды эч качан унутпайбыз, дайыма жүрөгүбүздө сактайбыз.
Кайрат Иманалиев,
Кыргыз мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты, драматург













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!