Ким айтса да жакшы айткан...
Каныбек Иманалиев:
"Ш.Дүйшеевдин чыгармалары улуттук сезимди козгоп, ар намысыңа келтирип, пастыктан - бийиктикке, арамдыктан - аруулукка, маңкуртчулуктан - манасчылыкка, бөлүнүүдөн - биримдикке үндөп турат".

Жолдошбек Зарлыкбеков:
"Шайлообек Дүйшеевдин чөнтөгүндө көп жыл жашадым. Ал мени барбаган жерге алпарды, иштебеген жерге иштетти, жебеген тамагымды жедирди, ичпеген арагымды ичирди. Азыр өзү дулдул болуп алып, чөнтөгүнө салмак тургай, жанына жакын жуутар түрү жок".

Анатай Өмүрканов:
"Талант даарыгандардын көпчүлүгү томпойдой талантын тоодой деп ойлоп алып, "Мени тааныбайсыңбы?" деп көрүнгөндү жакалап жүргөнү канча?! Шайлообек андай эмес. Өзүнүн карманган, тутунган, эч кимге жагынбаган эне сүтү, ата каны менен кошо келген позициясында жашап келет".

Нуралы Капаров:
"...Шайлообек желедей желбиреген, жибектей шуудураган, каакымдай үлбүрөгөн назик акын".
"...Шайлообек ичсе түбүнө түшүрө ичет, тартса түбүнө түшүрө тартат, жазса жетер жерине жеткире жазат. Ал бир да ишти чала жасаган жан эмес".

Рамис Рыскулов:
"Омор, Сүйөркул, Шайлообектер өзүнчө эле хан болуп жатып калышты. Ошондуктан мени көбүнчө рядовой журналист, шылуун акындар жандап калышты".
"Акчага негизи мен такмын, азыр 37-38 жыл мурунку алган карыздарымды тизмелеп берип жатам. Шайлообек ал тизменин эң акырында турат".

Алым Токтомушев:
"Негизи Шаке тууралуу айта турган болсок, ал өтө сейрек жаралган талант. Кара сөздө болобу, поэзияда болобу -ал бир сайрап турган булбул".
Бейшебай Усубалиев:
- Шакеге айтарым, ичпей калгандан жазбай калган жаман.

Султан РАЕВ:
"Шаке башка бирөөгө окшобогон кайталангыс (эксклюзивдүү) акын, кыргыз поэзиясындагы өзгөчө көрүнүш, өзгөчө феномен. Анын поэзиясындагы салттуулук менен модерн, нукура көөнө ой менен авангарддык дух, купуялык менен лирикалуулук, мазмун менен форма мезгил тутумунун күрөө тамырын чагылдырып келет".




Урматтуу окурмандар!
Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдык тоюна арналып чыгарылган "Жаңы Кыргызстан маданияты" гезитинин атайын саны гезиттин ээликтеши, "Дордой" Ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун колдоосу менен жарык көрдү. "Жаңы Кыргызстан маданияты" гезитин кимдер чыгарат, багыты, максаты кандай деген суроолорго жоопту гезиттин келээрки санынан аласыздар.

Гезит редакциясы