Сөз жаратманы

Өзүн-өзү тапкан Шайлообек Дүйшеев
Акын өзү айткандай, анын "адабият айылына" жакындашы бир топ тоскоолдорго учурап, "Дүйшеев болгучакты" эчен азаптарды тартып, өзүн-өзү табышы оңой-олтоң болбоптур. Антип Дүйшеев болгучакты кыйла тоскоолдорго кабылган акындын базар мамилеси келип улут адабияты өз алапайын таба албай турган чакта деле таскагы басаңдабай, жаңырыгы катуу чыгып келатат. Бекеринен ал:
Асыл калкым акын болуш коогалуу,
Акын болуш санжыра да, доо дагы.
Өткөнүңдү табыш үчүн келген соң,
Өлүм да жок, жок анан да соо калуу,- деп сөз жоопкерчилигине өзгөчө маани-мазмун сыйдырып, акындыктын коомдук максат-милдетин ташка тамга баскандай төрт сапка сыйдырып койгон эместир.
Жалпысынан алганда Ш.Дүйшеевдин акындык жолу кыйла эле ийгиликтүү болду десек жарашат, аны буга чейинки жазгандарынын текши баары окурмандардын сүймөнчүгүнө арзып, адабий сыйургалдардан өксү болбой келаткандыгы, баарынан да чыгармачылык эркиндикке кенен-кесир жол ачылган шартта көркөм баалуулуктар жаратуу ыкыбалына туш келгени айгинелеп бере алат. Акыйкатта да мурдагыдай колу-жолун тушаган социалисттик реализмдин кызыл камчысы, жазгандарынын текши баарын кадалып карап отурчу цензураcы жоюлуп, сөз эркиндигинин эшиги кенен ачылган заманга туш келип өзүндөгү чыгармачылык потенциалды толук ачуу мүмкүндүгүнө жетиштин өзү деле билгенге чоң олжо го.
Шайлообек Дүйшеев поэтикалык сейрек, кайталангыс көрүнүшү эсил кайран СССРди чылк каптаган "брежневдик тымыгуу" доорунда жүн план десе жергиликтүү төбөлдөр жоош калктын төшөгүнө чейин сөктүрүп, пахта планды толтуруш үчүн жол улап келаткан кары-жашты текши баарын талааны каптатып кое берген, жүз койдон эки жүздөн "жел козуларды" жамыратып төлдөтүп жаткан чакта калыптанып, "Манас" баш болгон Байдылда Сарногоев жыйынтыктаган поэтикалык салттын нугунда жаралган. Андан мурда да, кеч да эмес, убагында "адабият айылына" келген.
Улут көркөм сөз өнөрүнүн ошондой шарт-жагдайды таланттын талантына тарыхый орчун учурда ыроолоп коймой берешендиги бар. Ш.Дүйшеевдин акындык милдетине ошондон эгемендикке туш келген калкынын ырын ырдап, муңун муңдоо ыкыбалы туш келип, Кыргызбай менен Кыргызгүл баяны, Эштек байкенин бечара абалы буга чейин поэтикалык иликтөөгө алына элек темалардын жаңы өңүтүн ачуу, көркөм дүйнөнүн өзүнчө ачылышын табуу убаракерчилиги алдында турган. Кыргыздын кыйындыгы, боз үйдүн керемети, ак калпактын кооздугу ошол социализм тушунда эле арбын ырга салынчу, мактоо айтылчу, бирок анда кыргыз замандын арыз-арманы, улуттук бечаралыгы, өз жеринде өзү түрткүнчүк болгону козголчу эмес. Ийгиликтерден баш айланган ал заманда улуттук эн-белгилерге көбүрөөк айланчыктагандарга улутчул жарлыгы тагылып, адабий сындын ур-тепкисине алынары турулуу иш эле. Иши кылып, Ш.Дүйшеев поэтикалык феноменинин кыргыз кыртышында көгөрүп-көктөп чыгышы үчүн биртоп объективдүү, субъективдүү мүнөздөгү себеп-шарттар өбөлгө түзгөн. Алардын текши баарын бир-бирден санап, анын акындык өзгөчөлүгүн шарттап турган белгилерди ачып чыгыш ушу тапта аз-аздан жүргүзүлгөнү менен болочокто кенен-кесир иликтенүүгө алынат болуш керек. Сүрөткердин кимдиги мезгил арылаган сайын улам ачылып, катылган сырлары бир четтен суурулуп чыга берет го.
Айтса, ошол "өнүккөн социализм" тушундагы сөз менен иштин ажырымы аңырайып ачылып калган арасат мезгилде кагаз менен каламга күчүн чыгаргандардын катары калың, калам акыны аңдыгандар андан да арбын эле. Топураган ошол сүрмөтоптон суурулуп чыгыш, "жалпы хордон" өз үнүн таап кетиш, жолун чаап алыш түйшүгү түмөн жумуш болчу. Ш.Дүйшеев биринчи ыр жыйнагы аркылуу эле бул дүйнөнү өз алдынча аңдап, бүкүлү кабылдаган, жандуу поэтикалык сүрөт тартууга маш, анан да кыргыз поэтикалык сөздүгүн байытууга кызыкдар акын келгенин далилдей алган. Ким билет заман оошуп, "кечээки көргөн бүгүн жок" аттиң дүйнө болбогондо ал деле көптүн катарында жыл кур эмес бирден-экиден китебин чыгарып социалисттик эрке жазуучулардын катарында жүрө бермек беле?
Бирок да заман оошуп, горбачевдук "кайра куруунун" артынан эгемендиктин эсти эңгиреткен элеп-желеби башталып, адабият, рухий баалуулуктарга караганда кара курсактын камы көпчүлүктү көбүрөөк ойлонтчу заман кирип келбедиби. Ш.Дүйшеевдин акындык таланты мына ушул кезеңде бар көркү менен жаркырап ачылды, өзүндөгү болгон шык-жөндөмү жайылып агып, ырда болсун, кара сөздө болсун, каламы элпек шилтенерин көрсөттү, буга чейинки жараткандары аны ошентип кыргыз адабиятындагы саналуу классиктердин катарынан орун алдыртты.
Орошон таланттын адабиятка келиши, чыгармачылыктын артынан сая түшүп, акындыктын түйшүктүү жолуна биротоло өзүн байлап коюшу биртоп объективдүү-субъективдүү шарт-жагдайларга көз каранды болот. Ш.Дүйшеевдин "Дүйшеев болушу" калк сүймөнчүгүнө арзыган нукуралардын айрымдарынын колу арактан бошобой, калгандары бу жарыкчылыкты чанып кетишкен чакка туш келди. Элдик поэзиянын жайдары илебин назик лирикага жуурулуштурган, бир карасаң Мидин, Райкан, Байдылда түспөлдөнүп кеткен, жакшылап абай салган адамга өзүнө чейинкилердин бир да бирөөнө окшошпогон сөздөн сөз кыноонун, сөз жасоонун, анан да сөздөн элестүү, окуган адамдын эсинде көпкө чейин унутулбай кала турган сүрөт тартуунун кылдат чебери ошентип өзүн курбекер даңаза кылбай, шарданасы жок, унчукпай келип улут адабиятындагы өзүнө гана тиешелүү ордун таап отурган акын.
Алтымыштын акбозуна жетерде Шакең кыйла жылдардан көңүлүнө түнөтүп жүргөн "Эки дөөнүн күрөшүн" жазып дагы бир эрдикке тете иш кылды. Коммунисттик доор тарыхый милдетин өтөп тизгинди кайра капитализмге бошотуп бергенден кийин кыйла кылым, кыйла жылдар топтолгон быкы-чыкыларды, улут турмушунун көркөм адабиятта көп чагылдырылбаган өңүттөрүн кемелине келтирип жазган да Ш.Дүйшеев болду. Улуттун өткөнү менен бүгүнкүсүнө, өзгөчө учурдагысына жаны кейип, ырына караганда ыйын көбүрөөк, улуулугуна караганда пастыгын арбыныраак ырга кошкон акындардын анабашында деле Ш.Дүйшеев турат.
Сөз менен тартылган Шайлообек сүрөттөрү улам жаңы муун окурмандарын таап, кыргыз сөзүнүн кереметин, акындын дүйнө таанымынын кенендигин көрсөтүп, асылдык менен сулуулуктун поэтикалык формасынын мүмкүнчүлүгү чексиз, алмадай баштын ичине батырылган андай ааламды ачып алыш окурман энчисине тийчү жумуш экенин белгилөө менен чекит койсомбу деп турам.
Бекташ ШАМШИЕВ, филология илиминин кандидаты




  sms

куттуктоолор
ЖКМ-01. Кыргыз учурашканда: "Кандай мал-жан аманбы, өзүң күүлүү- күчтүүсүңбү?" деп учурашат эмеспи. Шаке, кандайсың, күүлүү- күчтүүсүңбү? Кошоматтан башканы билбеген карыяларыбыз "дүжүр", кыйкырыктан башканы билбеген жаштарыбыз "кыжыр" болуп турган азыркы заманда элге тирек, арка-жөлөк болуп жүргөн эл акыныбыз Шайлообек Дүйшеев алтымышка чыкты деген кабарды угуп, көптөн бери кубаныч деген эмне, шаң деген эмне экенин унутуп бараткан элибиз кубанып, шаңданып турат.
Шайлообектей алп акыныбыз турганда кыргыз эли өлбөйт, өчпөйт! Шаке, карыба, арыба, миң жашка чык. Кутман курагың кут болсун!
Чоң-Кеминдик иниң Абыкаев Абийрбек

ЖКМ-02. Шаке, асмандаткан, айга-күнгө теңеген мактоолордун сизге кереги жок, мунун баарысы тең мүнөттүк нерселер... Башкысы сиз бекем болуңуз, карапайым мүнөздөн жазбаңыз. Эң негизгиси - сиз азыркы учурда кыргыз поэзиясынын падышасысыз, падыша болсо дайыма жалгыз болушу шарт. Бирок сиздин күчүңүз падышалыкта эмес, сиздин нукура элдик акын болгонуңузда... Сизге узун өмүр, чыгармачылык бакыбаттуулукту каалайбыз, бар болуңуз Эл акыны!
Лейлектик акын Кочкорбай Казакбаев

ЖКМ-03. Чаркештеп ырдын саймасын, / Чала эмес, нак ыр каймагын. / Чабуулдап келдиң алты онго, /Чамгарак ыргып даңканың. / Чарк-чамаң дагы ташысын, / Чаалыкпа, Шаке, бууданым!
Акил Адамалиев

ЖКМ-04. Пайгамбар жашка чыкканда, / Аккан суудай ташыңыз, / Көзгө саяр чоң акын, / Кут болсун 60 жашыңыз. / Алдыда дагы талыкпай, / Курч сатира жазыңыз.
Айзада Көчкөнбаева, Бишкек шаары

ЖКМ-05. Сүйүктүү акыныбыз Шайлообек Дүйшеевди 23-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Мен да дал ушул күнү жарык дүйнөгө келгем. Абдан кубанып жатам. Агай, алтымышты аттап, жетимишти желпип, сексенди секирип, токсонду тоотпой өтүңүз, жүгүрүп жүрүп жүзгө жетиңиз.
Нурзада, Бишкек шаары

ЖКМ-06. Шайлообек агай, сизге желаю длинного өмүра, огромного бакыта, большого таалая, бесконечного кайрата, вечного кубаныча, идите прямо по ой-максату, будьте всегда с аманом и эсеном, не теряйте акыла, пусть рядом будет саламат и пусть жыргал не оставляет вас.
Беловодскиден Айнура Дүйшөбаева

ЖКМ-07. Шайлообек агай, сизден уруксат сурабай туруп, үйүңүздүн дарегин бирөөлөргө берип койдум эле. Алар үйүңүзгө өмүр бою жашайбыз дейт. Аттары: Ден соолук, Береке, Ийгилик.
Чынара Салиева, Кыргыз-Чек айылы

ЖКМ-08. Туулган күнүңүз менен агай! Мен да сизге окшогон жалгыз уулмун, качан жар көчкөнсүп ындыным куруп, жалгыздык башка түшкөндө сиздин ырларыңыз кайрат берип, жашоого болгон үмүтүмдү арттырып келет. Агай, мүмкүн болсо байланышып, болор-болбос ыр саптарым бар, көз жүгүртүп бербейсизби?
Белгисиз жигит

ЖКМ-09. Жалал-Абаддан жакшы акын чыгыш үчүн Шайлоо агайдан тукум алыш керек.
Канышай

ЖКМ-10. Шайлоо агай, "Агымда" иштеп жүргөндө "Макалама тема коюп бериңизчи" - деп сизге көп кирдик. Кеп-кеңешиңизди көп уктук. Ар бир ишиңиз менен сиз бизге үлгү болуп келатасыз. "Азаттыкта" таң эрте келген сизсиз. Гезиттерден баяндама даярдап, аны курч, анан мурчун кошуп туруп элге тартуулап жатасыз. Ардактуу устатым, арыбаңыз, карыбаңыз. Алтымыштан ашсаңыз да, мыкты чыгармаларыңыз дагы алдыда деп ойлойм.
Замира Кожобаева

ЖКМ-11. Шаке, башкасын коюп, шамдагай-күлүктүгүңүздү айтайын. Жөн күндө да, той-топурда да алдыга адам чыгарбайсыз. Жакында эле кайсы бир тойдон алтымышка чыккандарды жарыштырып, генпрокурор Кубатбек Байболов чаңыңызда калган турбайбы. Ушинтип чуркап эле жүрө бериңиз. Ар дайым ден соолукта, узак жашаңыз. Жеңем экөөңүздөр жетелешип, бийиктиктерди багындыра бериңиздер.
Кабыл Макешов

ЖКМ-12. Шайлоо агай, мен сизди "Эне тилин унуткандар" аттуу ырыңыз аркылуу сыртыңыздан билсем, азыр чогуу иштешип жакындан таанышмын. Мен сизди башкача элестеткем. Бирок, сиз өтө жөнөкөй, карапайым, чоң тамгалуу инсан экенсиз. Жеке турмушта да бактылуу адам деп эсептейм. Ошондон улам, үй-бүлөңүз менен таанышкым келет. Тоюңузда тааныштырасызбы? Баса, биздин үй-бүлө тегиз сизди урматтайт. Мага белек кылган китебиңизди окуп жатышат.
Маша Колесникова

ЖКМ-13. Шайлообек агай, туулган күнүңүз кут болсун, эңсеген тилек жуп болсун. Жерибизде тынчтык болуп, дасторконубуз нанга толсун. Кадамыңыз жеңиштүү, кылганыңыз жемиштүү, зоболоңуз зоодой, баркыңыз тоодой болсун. Капсалаңдуу жолдордо Кыдыр Ата колдосун, узун-узун жолдордо Умай Эне коргосун!
Айнагүл Сапарбек кызы

ЖКМ-14. Куда, сизди алтымышка чыкты деп эч ким ойлобойт. Таң эрте гезит базарына келип, менден тутам гезиттерди алып кетип, эң биринчилерден болуп элге жеткиресиз. Бекеринен "Эрте турган адамга Алла таалам берекесин чачат" деп айтылбаса керек. Кудай берерин унутпай, сизди эл акындыгына жеткирди.
Кудасы Турат