Поэзия

* * *
Эшиктеги бурганакка туш болуп,
Эптеп жетип, томолонуп, муз болуп.
Энекемдин от калаган колуна,
Эрип, көлкүп кетер элем кут болуп.

Үйдөгү отту энем күндө тамызчу,
Үшүгөн суук сопсоо болуп айыкчу.
Көсөө тийген көлөкөлөр тарбаңдап,
Көңдөн чыгып, дубалдарга жабышчу.

Ээн талаанын кыш кайтарып үмүтүн,
Эски тамды биз кайтарып күнү-түн.
Эртели-кеч эрмек кылып жүрчү элек,
Эне-бала бактыбызды бир үзүм.

Туура жолдун асты туташ сай эле,
Туш-тушубуз тунуп турган кар эле.
Тутка кылар атам, агам жок, бирок,
Тутка кылар Манасыбыз бар эле.

Оңду-солду окуур элем күпүлдөп,
От алоолоп, жүрөк улам дүкүлдөп.
"Арбагыңан айланайын!" деп энем,
Алкай берчү, тыңшай берчү бүкүлдөп.

Алда кайда алып учкан, азгырган,
Алка-шалка тердеп, ыйлап, каткыргам.
Жиниккендей "Манас" айтып киргенде,
"Жин тийди" деп энем эптеп жаткырган.

Бир тепкедей жаман тамдын кичине,
Бир сыр бары билинчү эмес кишиге.
Баатырларын коштоп алып күүгүмдө,
Бакай түнөп кетер эле ичине.

Кейпи жүдөө кепе тамдын кичине,
Керемети байкалчу эмес кишиге.
Мааникерин коштоп алып күүгүмдө,
Манас түнөп кетер эле ичине...
23.01. 2011.

* * *
Аң-чөнөктөр ала калбай бүтөлгөн,
Агат аяз адыр, жондон, түзөңдөн.
Ун элеген супурадай ай талаа,
Суук, суук киши тургай, ит өлгөн.

Кеч айылды каптап келет бүтүндөй,
Келин жүрөт жолдон көзү үзүлбөй.
Жылуу түтүн түркүк болуп асманга,
Жылдыздарды кармап турат түшүрбөй.

Чыйыр жолдор чыга качып чийинден,
Чычырканак чыдай албай ийилген.
Өйүз-бүйүз өөдөлөнүп, чор кайнап,
Өзөн-сайлар өпкө тонун кийинген.

Эзет шамал эки өңүрүн этектин,
Эңкейиштен жыты келет тезектин.
Кымтыланып кыштак турат, жанында
Кыроо басып кирпиктерин эшектин.

От жаланып уйдун кызыл тилиндей,
Жаккан мешке түшө калат билинбей.
Жатат бул кыш ак чуудасын чубалтып,
Ат-Башыга таштап кеткен Сибирдей!..
18.01.2011

* * *
Агы дагы, кары дагы ак, таза,
Ак бүткөндүн баарысынан таптаза.
Аска-зоосун аяз менен чайкаган,
Ат-Башынын кышы кыштан башкача.

Чокулары алда кайдан көрүнүп,
Чоорун тартса бороон болуп төгүлүп.
Ат-Башынын ала буурул дайрасы,
Агып жатат аргамжыдай өрүлүп.

Миң-миң жылдан кайтып келген бир кези,
Миң кечине бергис, бергис бир кечи.
Адыр-түздө ызгаар минип алкынып,
Айды чапчып агып турат чилдеси.

Коктулардын колу-буту тушалган,
Колтугунан күн алыстап, жукарган.
Коркконунан кире качып от үйгө,
"Коркконунан карагайлар узарган".

Ток ургандай урат бир күч таманга,
Тозоң салып, топон салып кар анда.
Тоолорунда, токоюнда жатат кыш,
Топозго окшоп төшүн тосуп шамалга.
19.01. 2011

КЫРГЫЗ КЫШЫ
Кылымы бар чач, кирпигин ак чалган,
Кылыгы бар кар сапырып дагдайган.
Кызыл бороон, кара түтөк, шыргалаң,
Кыргыз кышын көрдүң беле Ак-Сайдан?

Куушуп учкан кузгун да жок, карга жок,
Кудай... Кудай... Жалгыз Кудай - жанган от.
Кучагына кулак угуп, көз жеткис,
Куунап аккан мындай кышка айла жок.

Орус кышы күү-шаа түшүп ташыбайт,
Орус кышы Күн тутулса жашыбайт.
Опол тоодой миң ызгаары биригип,
Ойноп турган бир суугуна татыбайт.

Күйүккөндө күндүк жолдон күрсүнүп,
Күүлөнгөндө күрткү болуп түртүлүп.
Күкүктөнүп ызгаар агат бир гана,
Күн Чыгыштан Күн Батышка бүркүлүп.

Жээликкенде жер табалбай сыйгандай,
Жел да тоңуп, желип-жортор кыр калбай.
Жээгин бербей мелт-калт болуп жатат кыш,
Жер шарынын кышын мында жыйгандай!..
24.01. 2011

КЫЗ
Сүйлөгөндө сүйүп калар,
Сүйкүмдүү бир сөзү бар.
Калың журту карап калар
Карагаттай көзү бар.
Көпөлөктөй учуп күйгөн,
Көпөлөктөй кыз эле.
Кыраңдагы кечип гүлдү
Кыя жолго кетип жүрдү.
Секидеги секин тамда
Сезип таңды, сезип түндү.
Дөңгө чыгып узатты ал
Дөңгөлөнгөн жылдарды.
Булут ыйлап булак-булак
Буудай бышып ыргалды.
Күз - жалбырак күйүп келди
Дарактардан күбүлүп.
Жүзү албырып чуркай берди
Жүзүм терип сүйүнүп.
Кыш келгенде кыз кымсынып,
Жаз келгенде жайнады.
Жарк дей түштү жашыл кийип,
Жаштыгынын майрамы.
Бир нерсени сезип туйду
Билик болуп үлпүлдөп.
Эс-акылын эзип турду
Эт жүрөгү түрсүлдөп.
Суктануунун жанды өртү
Сулууланды, тиктеди.
Айперинин алгыр көзү
Алда-кимди издеди.
Жаңырыктап жандүйнөсү
Жаады сезим диркиреп.
Көңүл туйлап кош алмасы
Көкүрөк тээп тирсийет.
Курагынан от төгүлүп,
Кучагына Күн кысып.
Боюн желге тосуп берип,
Бойго жетип турду кыз!..
1973-жыл

* * *
Сени көздөй учуп чыкты тамгалар:
"Сүйөм, сүйөм, сүйөм" деген сүйлөмдү.
Дептериме жазып алып, кайра анан,
Дептеримдей тытуудамын дүйнөмдү.

Коңгуроонун үнү толуп турат зал,
"Сүйөм, сүйөм, сүйөм" деген сыяктуу.
Чыксамбы же чыкпасамбы класстан,
Кыздар неге калемимди сурашты?

Ким-бирөөлөр шыбырашты, күлүштү,
Балдарды көр далдасында теректин.
Күлсө күлсүн, бүт баарысы билишсин.
Сүйөрүм чын, мен күнөөкөр эмесмин.

Биринчилер үйлөрүнө тарашкан,
Узап барат таштап ызы-чууларын.
Эмнегедир кетип калып сабактан,
Ээн жерде келет, келет ыйлагым.

Бантигиң гүл... Сөзү угулат агайдын,
Жалбырактар үзүлүүдө өмүрдөн.
Бантигиң гүл, бантигиң гүл... Караймын,
Бактын ичи- кош из жатат төгүлгөн...
1972-жыл

* * *
Жакшы кабар жарышаар үйгө тынбай,
"Жалган, жалган, үмүт ал, эстебегин.
"Жаңылыш" деп айтып кой "жамгыр тура",
Жамгыр кечип бараткан эсте мени.

Андагыдай ажайып күз төгүлбөс,
Кайталанбас наристе кызыл кечтер.
Кызыл кечтер кылактап түшкө кирбес,
Калам мында кайгысыз, калам кетпей.

Көздөрүңдү алыстык унуттураар,
Сылабасмын чачыңды көңүл коюп.
Сагыныч да, санаа да буюктураар,
Калам мында кайрадан өмүр бою.

Ишеничтер кат алып учпайт, учпайт,
Кеме кетсе деңизден. Келет кеме.
Калам мында, быякта куштар кыштайт,
Кушча жокпу, кайрылып келет дебе.
1974-жыл
* * *
Кандай кылам көздөрүңдү мен эми,
Кантип алдайм, бейтынч, назик сезимди?
Бул бир аптап алоолонткон денени,
Бул бир азиз чакырыктай сезилди.

Укпай койбой сөздөрүңдү жанагы,
Күлүңдөсөң күндө көрүп түшүмөн.
Жашыра албай сагынчымды аялуу,
Жалын чачып күйөмүн го ичимен.

Кайда барып окуйм соңку жазганды,
Азгын ойду айтам кимге шыбырап?
Алдыртадан аян берип жаткан бу-
Азабы көп ырахаттай туюлат.

Бир кайгыга таштап, таштап денени,
Бир кайгыга келет жайнап төгүлгүм.
Кандай кылам көздөрүңдү мен эми,
Кантип тыям азоо, бейжай көңүлдү?..
1972-жыл

Таң
Кылаңгыр нурга жык толуп,
Булуттар булайт үлбүрөп.
Атка окшойт бул таң нык тоюп,
Акырда турган үргүлөп.

Жылгалар аздан агарып,
"жылт" этет тоого төнүп жол.
Арчалар жерди таянып,
Адырлар чубайт өгүз жон.

Жээгинде мелт-калт шыкалып,
Жең болуп жерде агат сай.
Чала уйку көздөй кызарып,
Чарчаган чычырканактар.

Жашыл төр, жалбыз төгүлгөн
Бел, бейит көзгө жай жылат.
Жылкылар келет кайкыдан
Туяктар көктө шаңгырап.

Жашыл там, бешик ыргалган,
Ээр токум, жалгыз сарай тур.
Ашкана, керме кир жайган,
Аш үстөл, жаайт таранчы…

Күз
Жакага шашып күз жели,
Жай тартып үйлөр мүштөгүн.
Жалбырттап күйгөн аптаптын,
Жалбырак болуп түшкөнү.

Угулат, күндөр шуудурап,
Уй тоскон дөңдөн чуу жылат.
Булаңгыр баскан талаада,
Буластап барат буурул ат.

Узун түн, кыска куюшкан,
Убакыт жазды унуткан.
Чакырып кышка жаткансып,
Чагылган учпайт булуттан.

Самандай аңыз сарала,
Сай бойлоп аккан араба.
Сапары бүтпөс жүрөктөн,
Сагыныч келет санаага.

Чөл окшоп өңдөн кыярган,
Чөмөлө салган кыраңдар.
Чөп тарткан жолдо күз жатат
Чөккөн төө мисал туралбай…

Шайлообек Дүйшеев