Экөө

Кыргыз эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
жубайы Зейне КАЛЫЕВА менен.
1979-жылы баш кошкон. Эки уул, үч кыз, беш неберелүү.

- Агай, үч багытта маектешсекпи деп турам. Биринчиси - киндик кан тамган жериңиз, балалык кез. Экинчиси - студент курагыңыз, сүйүүңүз... Үчүнчүсү - үй бүлөңүз жана дагы башка тууралуу...
- Мен кыргызга Боогачы менен Казыбекти берген, керемет тоолордун арасындагы Ат-Башыдан болом. Ошол жерден туулуп-өстүм. Токойлуу дарыяга арта салынган көпүрө бар. Көпүрөгө жетип-жетпей, күнбатышка кетип бараткан поездден калып калган вагонго окшогон беш-алты үй азыр деле турат. "ДЭУнун тамдары" деп аталган ошол сары-кызыл үйлөрдүн бири биздики болучу. Ата-энем жол кызматындагы кишилер эле... Атамдан үч жашымда калып, апам төркүнүнө кетип, мен чоң энем менен калдым. Чоң энем экөөбүздүн турмушубузду "Карагайчы кемпир" деген автобиографиялык поэмамда жазгам. Ээси эки-үч айлап жайлоого малы менен чыгып кеткен ээн калган сарайды кайтарчубуз. "Жакшы кайтардыңар, ишеничке кирдиңер" деп кийин бизди бир топ жыл ошол сарайдын бурчундагы кепе тамда жашап калганга да уруксат беришкен. Тоолордун түгөнгөн жериндеги ошол сарай менен мен окууга барып келчү мектептин ортосу алты чакырымдай эле. Сабагымдан күүгүмдө тарап, сайды кечип өтүп, тоо этегиндеги күйгөн оттон көзүмдү албай, боюм менен тең өскөн арпа аңыздын жалгыз аяк жолуна түшүп алып, дикилдеген бойдон жөнөөр элем. Жолдун бир учунда - энем, бир учунда - мектеп турчу. Күнүгө ушул. Күнүгө ушинтип, айылдан алты чакырым алыстан жанган мышык көзүндөй отко шашар элем. От - энемдики, энем болсо биз кайтарган сарайдын кайтар деген кагазы жок кароолу болучу. Жер, тоо, адам аттарын ошол энемден үйрөндүм. Ал мени бийик жонго алып чыгып, айыл-кыштактар менен жылга-жыбыттардын, адыр-түздөр менен аккан суулардын аттарын, аларды кимдер жердеп, кимдер багып келгендигин жобурап айтып отураар эле...
Энем экөөбүз жепирейген жалпак үйдө (агезде чатыр үйлөр чанда гана болчу) жашадык. Жамгыр жааганда болгон идиштин баарын, жада калса чыныларды тамчынын алдына тосуп, улам кургак жерге которулуп, муздак тамчынын ырын тыңшап уктап кетер элем... Бирин-экин эчкибиз бар эле, кийин уйлуу болдук. Энем ошондо болгону 13 рубль пенсия алчу. Ошол акча жесир кемпир менен жетим баланын жашоосуна кенен жетчү...
- Тентек, шок бала белеңиз?
- Жок, ичимден кайнап турганым менен сыртымдан чөптүн арасында жаткан ташка окшоп аябай жоош элем. Көрүнгөн тепсеп кете берчү. 6-7-класска чейин былк эткен жокмун. Кийин чаар пальточон чоочун нарындык кыз классыбызга келди да, мени алаканына салып алып сонуркап кармалады. Ташым ошондо ээриди. Оюн дегенде энемди унутуп, чымчыктар менен дос болчумун деп кызыл эт балапандарын уясынан чубап, мышык көрсөм эле муунткум келип, кууп жөнөмөй өнөрлөрүм ошол кызды көрүп өрт өчкөндөй басылды. Ошол кыздын алаканы тийгенден кийин бүткөн боюм дуулдап, өмүрү от чыгарбаган мен жалбырттап күйө баштабадымбы.
- Анан ага кантип сүйүүңүздү билдирдиңиз жана азыр аны эстейсизби?
- Ал кезде кат жазмай мода. Ар бир айылда каттардын үлгүлөрү бар. Биз өзүбүздөн улуулардан каттын ошондой үлгүлөрүн сурап алчубуз. Ар бир каттын маселен "Булбулдан Кызыл гүлгө" деген өңдүү аталыштары болор эле. Биз адегенде чоң балдардын катын ташып жүрдүк. Ташып баратып жолдон ачып окуп да алчубуз. Ал кезде сүйүү таза эле. Тазалыгын ушундан бил, мен ошол чолок чаар пальто кийген кыздын аппак кардын үстү менен жылып бараткан көлөкөсүнө өзүмдүн көлөкөм тийип кеткенине бактылуу болуп кетер элем. Балдар да, кыздар да акактай таза эле. Биз сүйгөндө жамандык ойлобой сүйчүбүз. Азыркылар адегенде жамандык ойлоп алып, анан сүйүп атышпайбы. Бир ирет кызга кызыл сыя менен кат жаздык. Сыяны мен энемдин жүн боегон боегунан сууга эзип жасадым. Ошондогу сүйгөн кызыма жазган катымдын мынабу сабы эсимде: "Бул катты сыя эмес, жүрөгүмдүн каны деп бил". Чындап эле каным менен жазып аткандай жазган элем. "Ошол кыз азыр кандай болду экен? Аны күйөөсү мен сүйгөндөй сүйүп, баркына жете алды бекен?" деп ойлойм.
- Сабактан кандай элеңиз?
- Анча эмес элем. 1-класстын жарымынан араң "р" деген тамгага тилим келип, 3-класстан шабыратып окуганга жарап калганда, кошуна үйлөр чакыртып, такай "Манас" окутуп угуп жүрүштү. Энем экөөбүз анда айылдагы тууганыбыздын жетим үйүнө көчүп келгенбиз. Үйдө үчөөбүз - энем, мен, анан кара чырак. Мен боортоктоп жатып алып, батманга Манас менен Коңурбайдын сайышкан сүрөтүн тартып, энем ийигин ийрип, анда-санда Кудайга, анан мага жалынып олтурчу. Чырагыбыз өчпөй көпкө күйдү. Анан ошол чырактын жарыгы электр жарыгына алмашкан жылы энемден ажырадым.
- Эмнеге шыктуу элеңиз?
- Сүрөткө аябай кызыкчумун, ырга дагы. Ыр-хор кружогунан калбай жүрүп, бир ирет элдин алдына ырдап чыккам. Кийин "Тракторчу кызга" деген ырды безилдетип ырдаган Турсунбүбүгө мандолина чертип коштоп жүрдүм. Куюндай чуркачу элем. Жүз метрге чуркоодон райондун чемпиону боло жаздап токтогом. Ошон үчүн студент кезде милийсанын итине жеткирбей качып жүрбөймбү.
- Ал кандайча болду эле?
- Биз Турусбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жерине жакын газонго мандаш токунуп алып вино ичкени жатканбыз. Стипендия алган күн болучу. Жаңыдан эле куюштуруп көтөрөлү деп атканда, так маңдайыбызга мотоциклчен милийса, килейген овчаркасы менен келип токтоп, бизди көздөй түшө баштады. Филфактын жатаканасын көздөй зыр эле койдум. Милийса өзүнүн жетпесин билген соң, итин кое берди. Ошондо күлүктүгүмдү көрдүм. Немис овчаркасы чаңымда калды. Ошентип, жатакананын оозуна он кадам калганда бир жак туфлийимдин боосу үзүлүп кетип, жаза басып, чалынып жыгылдым. Милийсанын ити ошондо жетти…
- ЖОЖдо кеч окуган турбайсызбы?
- Көпкө дейре күлүм додо болгон жок. Мектепте пионер вожатый, бетонщик, грузчик, корректор болуп иштеп жүрүп армияга кеттим. Армиядан келгенден кийин курулушка кирдим. Ат-Башынын чабандарына сарай салып иштедим. Карасам, мени менен окуган классташтарым жогорку окуу жайларын бүтүрүп келе баштады. Ичим ошондо тызылдап, кетмен, күрөктү ыргыттым да, КМУга келип документ тапшырдым. Ошондо 25теги жигит элем.
- "Стипендиясы түгөнгүчө кыздарга белек-бечкек, шоколад да сатып бермей ченеми жок берешендиги бар эле..." деп курсташтарыңыз айтып калат. Мындай марттыгыңыз менен жатаканадагы далай кыздарды жыргаткан турбайсызбы?
- Мен тубаса оорукчан, майып, балдакчан кыздарды аяп турар элем. Ошолордун көңүлүн алгым келчү. Бий же башка бир шаан-шөкөттөрдө балдар алардан "мимо" кетип, качан болсо жалгыз калышар эле. Ошондо жүрөгүм тилинип кетчү. Бир шылтоосун таап, мамилешип, сүйлөшсөм, жан дүйнөсүн түшүнсөм дечүмүн. Стипендия тийген күндөрү пиво, кээде вино иче койчубуз. Анан баягы балдакчан же балдагы жок аксаган кыздар эске түшчү. Мен, анан Искендер Жумабаев (азыр филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кызматкери) курсташымды ээрчитип алып, өзүм вино көтөрүп, ага килейген шоколадды же күлөк конфеттерди көтөртүп алып, кыздарга кирип барар элек. Андан да эргигенде эмне береримди билбей, билегимдеги саатымды чечип белек кылып ийчүмүн. Эртеси баягы саатымды эстеп, "кайра алыш керек. Кыздар балдардын саатын эмне кылмак эле. Өзүм бара албай турам, сен барып сурап келчи..." деп балдарды жиберип, саатты кайра алдырчумун. "Стройотрядга" барганда, ал кезде таңсык товарга айланган жапон жоолугун бир кызга сатып берген кызык күндөр да болгон.
- Улуу, кичүү дебей, жада калса "хулиган" балдар менен да жакшы мамиледе болчу. Ал "хулигандар" сизди "Шакелеп" сыйлап, жылаңбаш башыңызга нечен ирет коен тумак кийгизген учурлары да көп болгон турбайбы...
- Ооба, филфакта Абылай хандын доорундай бир доорум өттү. Кышында тумак эле эмес, тыш кийимден кыйналган учурлар болгон. Айылдашым Мады тартуулаган суур тумакты бир жортуулда "чаптырып" жиберип, жылаңбаш кирип-чыгып жүргөнүмдө бизден эки-үч курс өйдө окуган Абай көрүп калып кейиди. Жатаканадагы өткүр жигиттердин башы эле. Кайсы убакта окуурун билбейм, айтор, кечкисин жатаканага сүрмө топ жигиттери менен кызуу келчү. Жакпай калган жигиттердин шыйрагын бирден чакчу. Абай келатканда светтер өчүп, чайнектер дымып, эшиктер илинчү. Кудай бетин салбасын, ал учурда биз да кызыл винонун кызыгындабыз. Абай жатакананын аркы башын жапырып келатканда, жатакананын берки башынан виного тойгон биз жартаңдап чыга калчубуз. Адатта андай учурда Абайдын алдын тоскон пенделер "соо" калчу эмес. Бирок, эмнегедир ал мени көргөндө: "Шаке, как дела?" деп, орус тайпасында окуган эме орусча сүйлөп кучактап калчу. Мен да аны чын дилимден жакшы көрөр элем, мен да кучактап: "Баары нормально" дечүмүн. Жолуккан кишинин канын ичип ийчүдөй болгон сүрдүү Абай мени көргөндө гана эричү. Анда мен атагы чыккан акын да, атаман "хулиган" да эмес элем. Болгону анда мен Абай сыяктуу винону анда-санда сүйүп ичкен, ичкенден кийин жалтаңдабай, түз басып, эркекче саламдашкан жигит элем. №5 жатакананы титиреткен Абай башкалардан чоң муштуму менен акча, вино жана башкаларды өндүргөн болсо, эки кыш катары менен мага коен тумак кийгизип, кара вино сунуп сыйлап турганы кантип эстен чыксын. Бирөөлөрдүн ичкени бутуна түшсө, меники түз эле тилиме чыгар эле. Жакпаган кишини тызылдатып чагып ийчүмүн. Жөн эле чакпай, сараңдарды, кууларды, арамзаларды чакчумун. Мушташа кетсек, алым жетпеген дөөдөй жигиттерге да тилим тийчү. Мына ошондой учурларда Абай сыяктуу "авторитет" досторум керекке жарачу.
Негизи мен адамдарды улуу-кичүү, жаман-жакшы деп бөлчү эмесмин. Кимиси менен болсо да чын дилим менен мамилешкенге аракеттенчүмүн.
- Өмүрлүк жарыңыздын жашы сизден кичүү болгону менен курсу жогору болгон турбайбы..?
- Зейне менден эки курс мурда бүткөн. Мен экинчи курста окуп жүргөндө филфактын бардык курсун Токтогулга чөпкө алып кетти. Курсум жаш болгону менен "жашы улуу" деп мени эки жүз балага завхоз шайлап алышты. Күндө эртең менен машина келет, аны менен райборбордун дүкөнүнөн, кампасынан азык-түлүк ташыйм. Алты кыз ашпозчу, баары Зейненин курсташтары. Жаркылдаган, шаңкылдаган акылдуу кыздар эле. Зейнени жакшы көрүшкөндүктөн "козу" деп коюшчу. Байкасам козудай болуп жайнаган, өтө ыйманы таза, аябай эстүү кыз экен. Ошол касиеттүү Кетмен-Төбөдөн жеңеңе көзүм түштү да, Иван Крылов деген орус тамсилчиси бар эмеспи, ошонун сюжетине кирип, бир күнү ашканага суу ичкени келгенде: "Эй, козу! Мен сени жегим келип атат",- дедим...
Мен эле эмес чөпкө барган улан-кыздар "сүйүү романына" батышып, ошол чөптөн бири-бири менен таанышып, "кыздуу" болгон жигиттер кечкурун мага келип: "Биз кызыбызга жолугушууга баратабыз, бизге кант берип турчу..." деп калганда, мен каптагы канттан уучтап-уучтап алып берсем, чөнтөктөрүнө салып алып сүйүнгөн боюнча сүйгөндөрүнө чуркап кетишчү... Ошол мен берген канттар канчаларды табыштырып таттуу кылды болду экен? Кийин көбү чөптөн тапкан кыздарына баш кошту. Көбү "ажырашып" кетишти.
- Ошондо да ыр жазчу белеңиз?
- Балким, менин эң сонун ырларым ошол Токтогулда жазылдыбы деп ойлойм. Кийин андай ырды токтогулдук акындардын бири да жазалган жок. Күн төгүлүп кете жаздаган чатырлардын көлөкөсүндө узун-туурабыздан жатып алып жаштык, сүйүү лирикаларын жаздык. Силердин редакторуңар Нуралы да ырларын ошондо жаза баштаган. Анан жазып бүтүп, бирибизге бирибиз окуп берчүбүз. Дептердин актай барагындай, сыр жашырбаган, тунук, таза күндөр, өмүрдүн эң сонун учуру ошол жерде калды...
- Жубайыңызды ала качып алган турбайсызбы?
- Зейне окуусун бүтүп алып өзүнүн туулуп-өскөн жери Жумгалына - Чаекке кетип, ошол жакта иштеп жүрдү. Биз кат аркылуу кабарлашып турдук. Анан бир күнү кат алсам: "Комсомолдун областтык конференциясына делегат болуп кетип атам, баланча күнү Нарында болом" деп жазыптыр. Кычыраган кыштын 27-декабры болучу. Анча-мынчага маани бербеген ыкшоо жаным, ошондо кудай жалгап чечкиндүү кириштим. Зейнени кимдир бирөөлөр жүрөгүмдөн алып кетчүдөй сезилип туруп алды. Бир ырымда: "Сибирдин жаман кышы бар" деп жазгандай, сен Нарын болсоң, мен акын болом деп, буулуккан тейде тумаксыз, жылаңбаш уруп кирип бардым да, жеңеңди ошол жердеги классташ баламдын кызыл Жигулисине салып алып Ат-Башыны ашырып кеткем. Эртеси, Зейне менен келген бир автобус чаектик "кайын журттарым" ызы-чуу түшүп, анан угушканбы, күйөө баланыкына кууп барчубуз деп Ат-Башыга айдатып, Ат-Башы ал кезде "погранзона" болуп, жалаң орус чегарачылары кайтарчу. Паспортунда "ПЗ" (погранзона") деген өзгөчө белгиси бар адамдар эле өтпөсө, чоочун чымчык да өтө алчу эмес. Ошентип аларды өткөрбөй коюп, кайра артка кетишиптир. Анда мен 5-курста окучумун.
- Эженин да чымыны бар эле дешет. Азыр да калем кармайбы?
- Жеңеңдин курсташтары: "Сен бир акындын убалына калдың" деп тамашалап калышат. Чын эле ыр жаза калчу экен. Аңгемелери болсо мен кыздарга кат жазып жүргөндө "Пионер" гезитине тынбай чыгып жүрүптүр. Азыр шаардын № 64 мектеп-гимназиясында тилчи мугалим. Жарыбаган айлыгы, жабалактаган түйшүгү бар. "Иштебей эле койчу, ден соолугуңду карап, үйдө олтурчу" десем, такыр болбойт. Жедеп балдарга көнүп бүтүптүр. Үйдөн мектебин жакшы көрөт.
- Турмушта эмне ката кетирдим деп ойлойсуз?
- Эгер өмүрүмдү кайра баштасам, эч ойлонбой сүрөт тартып кетер элем. Акын болуп, ыр жазып калганымды эң чоң катам да, балким эң чоң бактым да деп ойлойм. Жазылган ырларымды карап алып боорум ооруйт. Аяйм. Алар бүгүн мен бар үчүн эле көрүнгөндөн кагуу жебей тирүү тургансып сезилип кетет. Байкуштарым ай, мен силерди жаратпай эле койсом болмок окшойт, мен кеткенден кийин эмне күндү көрөр экенсиңер дейм.
- Балдарыңыз сиздин китептериңизди окуйбу?
- Азыркы жаштар мага китепсиз мукабага окшоп кетет. Такыр башка муун келатат. Булар же кыргызды чындап киши кылат же таптакыр жок кылып бүтөт. Бүгүн көркөм китеп бетин ачпаган муун турат маңдайыбызда. Биз атасынын жазгандарын окубайт деп Айтматовдун, Аалынын балдарына сын такчубуз. Ошол тагдыр эми биздин башыбызга келди.
- Акындын жакшы деген чыгармалары жашында жазылат дегенге кандай карайсыз?
- Ал ар бир акындын өзүнө байланыштуу. Мисалы, Уолт Уитмен эң мыкты ырларын карып калганда жазган. Тагор менен атактуу композитор Верди да мыкты чыгармаларын карыя чагында жазышкан. Ошонун сыңарындай менин да эң мыкты чыгармаларым али алдыда…
- Комузду жакшы чертип, жакшы ырдайт деп уктук го...
- Ара-чолодо кармап, кээ бир обондорду чертип койгон учурлар болгон. Артынан сая түшкөнүм жок. Үйрөнгөнгө моюн жар бербей, жалкоолук кылдым.
- Кайда барып эс алганды жакшы көрөсүз?
- Мен эч качан пландап эс алган жан эмесмин. Мен иштеп жүрүп эс алам, от жагып атып эс алам. Ат туруп алып уктап, бир жак бутуна салмагын артып алып эс алгандай, бир иштен экинчи ишке өткөндө эс алам. Ишенсең, "Азаттыкта" иштеген 5 жылдан бери бир да жолу эс алууга чыга элекмин. Мен курсагын дардайтып көлдө, атайы саамал ичип, ичин өткөрүп төрдө жаткандарды түк түшүнө албайм. Бир жерде бир саатка жакын өмүрү токтоп, күтүп, чыдап көргөн жан эмесмин. Жанын бапестеп, өмүрүн жасалма жол менен узарткысы келип, кышында шыргалаңга түшүп "морж" болуп, жайкысын ысык сууга түшүп "борщ" болгондорго кирбейм. Отпускеси жок, экскурсиясы жок, кара таман карапайым кыргыз катары, басып, иштеп жүрүп эс алам.
- Мааракеңизге каратабы, айтор, артыкчылыгыңыз көп айтылууда. Кемчил жагыңызды өзүңүздөн уксак…
- Албетте, кемчиликсиз адам болбойт. Туталанып, тез ачууланам. Өзгөчө жеке турмушумда болду. Туура эместигин айтып мага чабуулга өтүшкөндө мойнума алчумун. Бирок, ал күнү эмес, эртеси. Мына азыр да капысынан суроо бердиң, жооп берүүдөмүн. Бирок эртең мындан да күчтүү болмок.
- Чыгармачыл адамда дос да, кас да көп болот эмеспи. Турмушта кас көп күттүңүзбү же доспу?
- Дос көп күттүм, азыр да көп. Эч ким менен касташкан жокмун. Балким, атаандаш болгондур…
- Устат, шакирт болдубу?
- Менден улуу акындардын баарынын ырлары мен үчүн устакана болду. Мен Кыргызстандын мыкты деген акындарынын бардыгынын жакшы жактарын алдым. Эң биринчи ак батасын берген Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев болгон. Кичинекей китебиме жылуу сөзүн айтып, батасын берген. Ал эми шакиртти билбейм. Убагында мени туурап, мага таасирленгендер болгон.
- Эмнеден коркосуз?
- Сууда сүзгөндөн, самолётко түшкөндөн корком. Учуп бараткан самолётту көрсөм түшүп кетпесе экен деп карап турам.
- Тамшанып жеген тамагыңыз жана сүйүп ичкен суусундугуңуз?
- Тамак тандабаганым менен беш бармакты баарынан жакшы көрөм. Ал эми суусундуктан Табылды досумдун максымы менен "Саяк" кымызы жагат.
- Жакшы көргөн макалыңыз?
- "Чөлдө кайыкты араба көтөрсө, көлдө арабаны кайык көтөрөт".

Агайыбыз менен жогорку кептин көбүн 2006-жылы эле сүйлөшкөнбүз. "Бишкек таймс" гезитинин 2-июндагы санына чыккан. Ортодо беш жыл агыптыр, эмне өзгөрдү дедик, берилбей калган суроолорду узаттык. Бир топ эле алымча-кошумча сыйды ичине. "Зейнеге тиешелүүсүн өзүнөн сурап-билип алгыла" деди. "Ал" аттуу китебине Шакебиз: "Биздин үй бүлөнү, ага кошуп мени да өмүрлөшүм Зейне сүйрөп келатат. Кайда сүйрөп келатат, билбейм. Бирок ушунча жыл, колумдан кагаз-калемимди түшүрбөй, барымды бапыратып, жогумду жоктотпой сүйрөп келаткандан кийин кайда сүйрөп келатса да кам санабай, сүйрөгөн жагын көздөй унчукпай кетип баратам. Ишенген кишиң болсо ушинтип, сүйрөмөк тургай көтөрүп алса да, унчукпай, кайгысыз, санаасыз кете берет экенсиң. Анын үстүнө акынга аял болуш бир чети куурал болсо, бир чети жыргал. Аны акындардын аялдарынын баары жакшы билет…" деп жазган экен, акындан көргөн жыргалы канча, кууралы канча деп, борборубуздагы № 64 мектеп-гимназияда кыргыз тили жана адабияттан сабак берген Зейне эжеге жолуктук…
- Зейне эже, өмүрлүк жарыңыздын туулган күнү 23-февралга туш келиптир. Кош келген майрамды кандай белгилечү элеңер?
- Агайыңар туулган күндөргө көп маани бербейт. Биз үчүн анын даярдалган дасторконго отуруп бергени маанилүү. Көндүм салтты кармап, колдон келишинче белгилеп келдик. Бу жолкусу мамлекеттик деңгээлде өткөнү турат. Албетте, толкунданып жатабыз. "Мен эмне кылайын?" десем, "Сен билбейсиң, аны уюштуруу тобу билет" деп коет. Учурдан пайдаланып уюштуруу тобуна ырахматымды айтып кетейинчи. Дагы бир кубанычтуу нерсе - "Кыргызстан маданияты" гезитинин кайрадан жанданып жатканы. Бул ат мага өтө жакын, кулагыма жакшы угулат. Себеби, биздин сүйүктүү гезитибиз болчу. Анын үстүнө жаш кезде анда корректор болуп иштеп, не бир атактуу адамдарды көрүп калганыма кубанам. Андыктан чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Жакшылыктын жарчысы болгула!
- 8-март да жакындап калды. Жолдошуңуз бул күндү унутпаса керек?
- Бул күндү унутпаганы чын, бирок өмүрү гүл алып бербеди. "Ме, каалаганыңды сатып ал" деп колума акча карматып коет. Чынында агайыңар мага эмес, өзүнө кийим тандаганды билбейт. Аны да мен тандап берем. Мүнөзүнө токтолсом, өтө жумшак. Ошондон уламбы, айтор "Агымдын" кыздары "Пластилин" деп коюшчу экен. Балдарын да катуу кармаган жок, оюна койду. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдарыбыз жакшы чыкты. Байкеңердин дагы бир артыкчылыгы: элдин жакшылыгына абдан сүйүнөт. Көрө албастык, ичи тардык деген жок анда. Ушундай атак-даңкка жетсе да, бала кезиндеги жөнөкөйлүгү менен калды. Башкалардан да ушундай сапатты издейт.
- Акындын жубайы болуш кыйын бекен?
- Албетте, кыйын. Чыгармачыл адам башкача болот. Алардын кабак-кашы менен эсептешишиң керек.
- "Сен бир акындын убалына калдың" деген турбайбы курсташтарыңыз. Ыр жазбай калганыңыздын себебин билсек болобу?
- Ыр жазбай калганымдын башкы себеби жалкоолугум го дейм. Умтулуу аракеттери менде аз болду окшойт. Сурап калгандарга: "Болгон чымынымды Шакеге кошуп бердим" деп коем. Чынында ырды турмушка чыкканча жаздым. Дептерге түшүрүп койгон аңгемелерим да бар. Азыр аны окуучуларга окуп берүүдөмүн. Талдоого да берип койгом, талдашууда.
- Андай чымындар балдарыңыздарда байкалбадыбы?
- Балдарыбыздын баарына эле анча-мынча жукса керек. Кыздарыбыз Жазгүл, Салтанат орусча ыр жазып жүрүп, кийин таштап коюшту. Атабыздын куудулдук жагы кичүү уулубуз Айболотто бар. Ал өзү да: "Апа, классташтарыма куудул болуп, аларды күлдүрүп атам" деп калат. Атасы бир учурда кармагандай, ал дагы комузга ынак. Күү үйрөнгөнү Нурак Абдрахмановго барууда. Сабак алып жатканына аз эле болсо да, сахнага чыгам деп жулкунуп атат. Эч нерседен тартынбайт. Ал эми Адилет менен Изат өтө токтоо. Өздөрүн олуттуу кармайт.
- Агай баласаак беле?
- Тун кызыбыз төрөлгөндө Шайлообек эле эмес, бардыгы "Дүйшеевдер бирге көбөйдү" деп сүйүнүшкөн. Ал бой жетип, турмушка чыгып жатканда атасы аябай жаман болгон… Балдардын баарын жакшы көрдү, бирок бир да жолу колуна көтөргөн да, жетелеп эч жакка алып барган да жок. Ишке кетип, кайра кайтканда: "Ымыркай кандай?" деп гана койчу. Азыр неберелерине үзүлүп түшөт, аларды жетелеп алып барбаган жери калган жок.
- "Келиндин келгендегиси эстен кетпейт" дешет…
- Ал ырас. Ала качып келгенде арык, үлпүлдөгөн кыз элем. Кайын эжемдин кайын энеси бар экен. Мени көрүп алып:"Муну итирейтип кайдан таап келдиң? Алдуу-күчтүү кыздардан алсаң, там салып алмаксыңар. Бул кийиз да күбүй албайт го. Баягынын эле кызын ал десе…" деп, аябай наалыганы эсимден кетпейт. Андан дагы кызыгы: агайыңардын атынан араң атагам. Анткени, менден үч жаш улуу болгондуктан "байке" дечүмүн.
- Тапкан апасы менен катташканын, ал кишинин 80 жашында дүйнө салганын агай "Ал" китебине жазыптыр. Көрүшкөн учурларына күбө болдуңуз беле?
- Алгач китептин аталышын түшүндүрө кетейинчи. "Ал" деп жазылганы менен, толугу "Шам ал" деп аталат. Байкасаңар, үстүндө шамдын сүрөтү, алдында "Ал" деген жазуу. Бул өзүнүн идеясы, эки маани камтылган бул жерде. Биринчиси - кадимки эле шамал; экинчиси - ушул китептен жүрөгүңдөн, көңүлүңдөн шам ал.
Ал эми апабызга келсек, беш айыл ары жайгашкан айылга турмушка чыгыптыр. Бир топ чакырым алыстыкты жөө аралап барышчу экен. Чоң энеси көз жумгандан кийин катташпай калыптыр. Пограничныйда курсташтары бар болчу. Ошолор менен барып калганда, амандашканы апасына кирсе керек. Ошондон кийин барбаптыр. Апасы да издебептир. Сыягы көр тириликтен колу бошобосо керек. Анын үстүнө жаш эрмек болгон экен. Беш балалуу жылкычы, бай кишиге турмушка чыгыптыр. Андан кийин алты бала төрөптүр… Баса, мен келин болуп келгенде кабар беришсе келиптир. Жеңесин ээрчитип келип мага жоолук салып кеткен. Кийин келбей калды. Анан мен: "Шайлоо, баралы, кийин өкүнүп калба! Ал киши карыды…" дей бердим. Чыгынып, эки кайын эжемди ээрчитип алып бардык. Биз барганда чалынын кыркын өткөргөндөрүнө аз эле убакыт болуптур. Биз уккан жок элек… Кийин биз там алганда уул-кызын ээрчитип бир келип кетти. Кайын эжемдерге жылына барган сайын амандашканы барып турдук. Жакшы киши эле. Басса-турса эле айланып, кагылып батасын берип турчу. Шайлоо өзү да: "мага акындык шык кимден, кайдан келди деп иликтеп көрсөм, апамдан келиптир" деп жазбадыбы. Апабыз жамакчы, жок дегенди билбеген, шайыр, ачык-айрым, чымыны бар адам болчу.
- Энелеш бир туугандары менен катташасыздарбы?
- Аябай деле эмес, өтө сыйбыз. Чоочун деген чоочун экен. Шайлоо "апа" дегени менен мойнуна артылган жок. Ал кишиге: "Балаңызды эстейсизби, сагынасызбы?" десек, "Чоочун болуп калыппыз. Көп деле эстебейм, бирок ооруп калса, эмчегим сыздап сезем. Бекеринен "эненин ак сүтү" деп айтылбаса керек" деп калчу жарыктык киши…
Маектешкен
Назира СААЛИЕВА