Дос жөнүндө сөз

* * *
Тоо арасы али жылуу. Толукшуган ай асманда көгүлтүр күмүш нурун төгүп, Тянь-Шань тоолорунун кат-кат жылгалары сүрдүү карарып, көктөн төмөн карай туш тарапка тарам-тарам сойлогон жондору гана ай нуруна агарып чагылышып, түн каракчысынын койнуна тула боюн жазып жиберип, дүйнө мемиреп үргүлөп жаткан жондуу жолборстой бейкут. Тээ төмөндө, куркурап тик түшкөн шагылдуу коктунун таманында, ай нурунун кылаңгыр жарыгына үрүл-бүрүл агарган чөпчүлөрдүн ак тамынын жана таар чатырынын эки четиндеги коройгон шыргыйга илинген электр лампочкаларынын желип-жорткон желге чайпалган жарыгынын алдында топтошкон караңдаган караандардын "дүр" этип жарылган күлкүлөрү, кыйкырык-сүрөөндөрү жана кажы-кужу үндөрү түн бакырга көөшүгөн орто жайлоонун тынчтыгын бузуп турду.
Ал түнү да адаттагыдай поэзия кечесин уюштурдук. "Ыр жазат экен" деген гана сөздү эшиткендери болбосо, жаңы кошулган Шайлообектин кандай акын экенинен менден башкалардын кабары жок. Мен да эч кимге "лам" деп унчукпадым. Күндүзгү күтүүсүз "күч сынашта" өзүм күбө болгон Шайлообектин акындык кудуретин курсташ акындарга каршы жашыруун бомба катары көңүлүмдүн тереңине сактадым. Атаандашып ыр окуганга көнүп алган курсташ кыз-жигиттер адаттагыдай эле кезек талашып дабырап ыр окуп киришти. Күйөрмандарыбыз - сыртынан сыр билгизбеген прозачылар, кызыл көз драматургдар, чычайган сынчылар, капталын жеп калп каткырган кара макалачы журналисттер. Күрү-күү, ызы-чуу, кол чабуулар… Акындардын дүргүгөн каны башына тээп, эргиген көңүлдөрү элирип, "кандуу кармаш" катуу кызып калган кезде, оюн шартын бузуп, Шайлообекти ортого алып чыгып, дагы бир жолу аты-жөнүн дааналап тааныштырып, бул курсташыбыз да ыр жазат экен, арабызга жаңыдан кошулуп жаткан курсташыбызды конок катарында сыйлап, ыр кезегин Шакеге берели дегенимде, алдыда кандай окуя болорун боолголобой дарбыган курсташтарым жер тепкилеп дуулдап макул экенин билдирип, колдоп кетти. Ушул жашка чыккыча белгисиз болуп жүргөн бул акынмын деген неме канчалык деңгээлде ыр жазып кыйратат болду экен деген ойдо болгондор да жок эмес эле. Сыртынан сыпаа турганы менен баятан бери төрт аягы тыбырап, ичинен шакардай кайнаган Шакемдин үстүнкү ээрди адатынча таранчынын канатындай дирилдеп, ыр окуганда чабалекей чам-чум айткансыган чыйылдаган ичке үнү көмөкөйүнөн куйругун так үзүп чыга албай буулуп, кардыгып, канча бир мезгилге чейин үлпүлдөгөн назик, сулуу ыр саптарын жибек жипти чайнап үзүп олтуруп оңолгон кийим тиккен кол машинедей оо көптө барып шыр кетти. Жүрө-жүрө жөнүгүп, бара-бара кызыган Шаке илип алма ичке үнү менен куш жүнүндөй кулпунган назик ырларын биринен сала бирин окуганда, уй мүйүз тартып ийрилип турган курсташтар демин ичине алып арбалып угушуп, ырдын акыркы сабы аяктаганда бир тынымга дымып калышып, анан эстерине келгендей дуу жарылышты. Шакылдатып кол чаап, дүпүрөтүп жер тээп, дагылап суранып жатышты. Барбагай мурун, калдагай баш Шакенин бир заматта жылдызы жанып, ажары ачылды. Эр болсоң Шакемен кийин демейде кезек талашып дабыраган акындарыбызга ыр окутуп ал. "Жо-жок…" дешип ар кайсы бурчка караанын жашырышып, карышкыр тийген койдой туш-тушка чачырап качышты! Ошентип тиш каккан, тажрыйбалуу, таланттуу, "мыкаачы-террорист" акын Шайлообек Дүйшеев 1975-жылы сентябрь айында Тянь-Шань районунун Оттук айылынын орто жайлоосунда "Кыз", "Кеме кетсе деңизден, келет кеме", "Кичик үйдө кичинекей жаз болот", "Ау десе аяз ооздон төгүлүп", "Жакшы кабар жарышаар үйгө тынбай" аттуу миллион мегатонна күчү бар поэзия бомбасын жарганда, "Айылыма", "Апама", "Эжеме", "Мугалимиме", "Ак халатчан врачка" деген тестиер темадагы ырлар менен алектенип жүргөн жыйырмадан ашуун акын курсташымды боо түшүрүп бир түндө "кырып", арасында сербейип Шайлообектин өзүн кошкондо үч жарым акын аман калдык. Үч жарым дегеним, өзүн оозеки юморист жана жазма акын катары эсептеп жүргөн дагы бир таланттуу акын курсташыбызга Шакемдин ырларынын таасири ураган шамалындай уу-дуу түшүрүп катуу тийген экен, жарымы кыйрап, жарымы аман калыптыр. Кийин деле ошол "поэзия майданында" алган "оор жаракатынан" таза сакайып кете албай, талантынын соо калган жери козголгондо сонун ырларды жазып, талантынын "союл тийген" жерлери козголгондо соолуган "пырларды" жазып, өйдө-төмөн, урунма-беринме, ойкума-кайкыма акынга айланды.
Келери менен эле топтошкон акындарды тобу менен жыга чаап, мөрөйдү утуп чыккан адам адегенде башкаларды акын санабай, андан соң акын эместерди адам санабай, көптөрдү көзгө илбей көөп кетмей жайыбыз бар эмеспи. Шакем анткен жок. Жердигинде жөнөкөй жигит экен. Арабызга кандай жөнөкөй Шаке болуп агып кирсе, ошондой жөнөкөй Шаке болуп агып чыкты.
* * *
Шакемдин достон да, иштен да, чыгармачылыктан да сапары шыдыр, жолу ачык. Мисалы, артында каралашып турар көздөй адамы жок Шакем беш жыл ичинде эч кимден материалдык жардам албай, кудайдын парманы менен кийимден да, тамактан да өксүбөй, багар-көрөрү бар курсташтардан кем калбай, тең катар жашады. Стипендиянын эсебинен жашады деп айтайын десем ал кезде Шакем азыркыдай сарамжал Шаке эмес эле. Кырк беш сом стипендиясын үч-төрт күндүн аралыгында айдап отко салып, сокур тыйыны жок калчу. Эми эмне кылам, кантип оокат кылам деп кейичү да эмес. Башты өйдө көтөрүп, карандай суу менен калса да кабагым-кашым дебей кайраттуу жашаар эле. Кайсы бир жылдары кышкы чилдеде чыкылдап катуу суук түшүп, барбагай мурун, суйдаң чач Шакем тумаксыз жылаңбаш калып, стипендиянын акыркы сары чолок сомуна вино ичип, кызуу келе жатса, алдынан университеттин атыккан бандити Абай чыгып (ал экөө кез-кез вино ичише калмай жайы бар эле), Абай Шакемди бек кучактап бетинен өөп, Шакем да Абайды бек кучактап бетинен өөп, ал-жай сурашып туруп калса, чыкылдаган кыш чилдеде жылаңбаш турган Шакеме бандит Абайдын чындап боору ооруп, же бир жактан чаап келатканбы же таап келатканбы, ким билсин, таар баштыгынан жылтылдаган жапжаңы үч коен тумакты сууруп чыгып, бирин башына кийгизип, калган экөөнү эки колуна карматып, бирин жоготсоң бирин киесиң деп, койнундагы виносун сууруп чыгып, "эми, кийитиң кут болсун" деп тартуу кылган тумактарын жууп бергени эсимде. Шакем ушундай жолдуу жигит эле, ал кантип кийинип-ичинип жүргөнүн кез-кез сыртынан көз салып жүргөн биз эле эмес, өзү да түшүнбөй калчу.
Менде ар дайым тыйын болор эле. Агаларым-эжелерим жардам берчү, өзүм да стипендиядан өксүгөнүм жок. Шакем экөөбүз чогуу басып, чогуу тамактанып, моюндаш жашадык. Ошончо жыл аралыгында менден карыз акча сураганы эсимде жок. Кез-кез вино иччүбүз. Менин вино иче албаганым аны кадимкидей катуу кейишке салчу. Канаты жайылып кызуу турган Шакемдин жүр деген жагына жүрбөй, бас деген жагына баспай, тескерисинче, аны кооптуу жерлерден коомайланып токтотконум, жоболоң салып жиберчү жерлерге жолотпой жол тосконумду соосунда жактырганы менен кызуусунда кадимкидей жаман көрчү. Эгер мен винону Шаке менен тең ичишсем бири-бирибизди "артка тартпай" "алдыга" сүрөгөн мындан да мыкты достордон болорубузду түшүнчүмүн. Бирок антиш колуман келчү эмес. "Айланайын Нуке, ал, алып жибер. Менин бир врач ага-жеңем бар, кез-кез вино ичип жүргүлө деп акыл айтат. Вино, биринчиден, кан болот, экинчиден, ичтеги микробдорду өлтүрөт экен. Кана, көзүңдү жум. Стакандагы винону вино эмес эле чай же суу деп элестет да, тартып жибер" деп стаканды колума карматат. Мен Шакем айткандай стакандагы винону вино эмес эле суу деп элестетип ээрдиме жакындатып алып келгенде эле винонун жүрөктү айланткан кыйгыл-таттуу илеби каңылжарды уруп өткөндө "ө-өк!" деп көзүмөн жаш чыккыча окшуйм. Досум Шаке менин бул жоругума түк түшүнө албай, башын чайкап, "аны антип ичпейт, минтип ичет" деп колумдагы стаканды алып шамдагайлык менен тамчы калтырбай тартып жиберет. Шакем винону тер чачып, жайылып-жазылып жактырып ичээр эле.
"Кана, Нуке, дагы бир жолу кайталап көрөлү" деп кырдуу стаканга винону мелт-калт куюп, кайрадан мага сунат. Баягы сөздөрүн кайталап айтат. Мен көзүмдү жуумп, стаканды оозума жакындатып келатып эле "ө-өк!" дейм. Шакем канчалык чын дилинен аракет жасабасын менден аны менен чогуу басып-туруп вино ичишер дос чыкпай койду. Ошонун айынан экөөбүз дос катары кээде ажырашып, кээде табышып да жүрдүк…
* * *
Мен анчейин узак эмес өмүрүмдө камыр-жумур мамилешкен көп деле дос күткөн жокмун. Бир жандуу деп коебу, ошол бир жандуумун. Эгер мен ким бирөө менен достошсом, мурдунун тыноо какканынан тартып, желбүүрдөй желпинген кирпигинин бир талынын "тырс" этип "сынып" түшкөнүнө чейин сезип, жана досумдун проблемасы досумдуку гана болбостон, менин да проблемама айланганда ал адам менин чыныгы досум деп эсептечүмүн. Ар бир клеткабызга чейин арам ой калтырбай эзип достошкон досторумдун бири Шайлообек Дүйшеев эле. Кийин Шайлообек экөөбүздүн моюндашкан жаштыгыбыз менен достугубуз тигишинен ажыраган кийимдей түбүнө чейин токтоо билбей ыдырап отуруп, көп жылы экөөбүз эки башка сапарда, эки башка түшүнүктө жүрдүк. Тымызын элдешпес жоодой таарынышкан учурубуз да болду. Бирок ал кандай "достук" кылса да, "иттик" кылса да, мен аны жүрөгүм менен жаман көрө албай койдум. Мен аны дос катары да, акын катары да абдан жакшы көрөрүмдү, анын "достугун" да, "иттигин" да өңгө жандан өзгөчө жакшы билип, бир жолду баспай, бир ийинди казбай калганыбызда жакшы түшүндүм. Узак жыл жолукпасак да, сыр чечишип баарлашпасак да, мен анын өзү менен жолуккандай, сүйлөшкөндөй чыгармаларынан окуп-билип жүрдүм. Кайсы жерин чындап эле катыра жазганын, кайсы жерин калп эле кайкытып өтүп жатканын тамырын кармагандай таасын туюп турчумун. Өзүн жактырбасам да, чыгармаларын жактырып, өзүн жаман көрсөм да, чыгармаларын жакшы көрүп, Шакем менен аргамжыдай чубалжыган "заочный" достугум үзүлгөн жок.
Акыркы жыйырма эки жылда чыгармачылыкта Шайлообектей үзүрлүү эмгектенген жана эмгектенип эле тим болбой чыгармадан чыгармага өскөн, жанрдан жанрга көчкөн Шайлообектей кыргыз акыны аз экенине саресеп салып, чыгармачылыкта тийип-качып иштеп жүргөн жөн-жай мен эмес, чыгармачылыкка таптакыр баш-отун сайган, активдүү иштеген, Шайлообек менен чогуу басып, чогуу ичип достошуп жүргөн калемдеш-замандаштары анын кайсы бир чыгармасы окурман журтун "дүң" түшүрүп жарык көрүп жатканда же өзү айткандай шампан ичип шампалаңдаган Шакем кайсы бир юбилейин белгилеп жатканда чыгармачылыгы жана өмүр жолу туурасында ич күйдүлүк кылбай, тарыбай, арамданбай, түштүктүк досторум айтмакчы, агынан жарылган, чын дилинен сүйлөгөн бир кенедей жетим макала окуй албай ичимен баш чайкап, таң калып жүргөнүмдө "Агым" гезитине жарык көргөн Шакемдин "Эки дөөнүн күрөшү" аттуу "Манас" эпосунун курамына кирген мыкты жазма дастаны каканактап араң турган жандүйнөмдү жанар тоо атылгандай күтүүсүз жарды…
* * *
Курсубуз жогорулап, курсташтар үйлөнүп удаама-удаа өтүп жаткан үйлөнүү тою Шакемдин беймарал жаткан карт жүрөгү менен тымызын тымып жаткан намысын козгобой койгон жок. Адатынча Шакем сыр билгизбей, курстун шаа мүйүз аксакалы, старостасы катары курсташтардын калың тобун жетектеп тойлорго барып, жакшы олтуруп, жакшы сүйлөп, жакшы ичип жүргөнсүдү. Бирок, жүрөгүнүн тереңинде кимден чыгарып жиберерин билбеген бир арман ары-бери уйгу-туйгу түшүрүп турганын сезчүмүн. Бөтөнчө уйгу-туйгу түшүргөн ал арман өзүнөн көп кичүү курсташтары же жердеш инилери үйлөнгөндө байкала калчу. Кичүүлөрдүн тоюна барарда алдын ала кызыл винодон кыдырата тизип коюп ичип, өзү эле ичпей, жанындагы жакшы ичкичтер менен мага окшогон чала ичкичтерди кошо тое ичирип, той башталаарына аз калганда асманың менен жериңди бирдей тепсеп, дуулдап кирип барчу…
Шакем орчундуу эки маселенин ортосунда ооналактап от-жалын болуп күйүп турду. Үйлөнбөйүн десе, жаш курагы өөдөлөп баратат, үйлөнөйүн десе, биринчиден, көздөгөн кызы, экинчиден, материалдык шарты жок…
Шакем деле жакшы костюмун жонуна жамынып, татынакай галустугун мойнуна тагынып, жыттуу атырынан жаба куюнуп, жакшынакай кыздарды жандап басканды кыялында жакшы көрөр эле. Бирок, ал сүйүү маселесине келгенде жанда жок коркок, уялчаак, тартынчаак, эби-сыны жок эптеген жан эле. Жөн-жай турмушта купшуңдаган куудул мүнөзү таптакыр жоголуп, жалдырама тийгенсип жайбаракат басып, кылыйган көз кыйыгы менен алдыртан үмүттүү карап, буудай куурган тили бүйлөсүнөн бери өтпөй буулуп калчу...