Дос жөнүндө сөз

* * *
Көптөр Шакемди жөнөкөй деп билишет. Чынында эле ошондой. Ичкен ичимдиги, тарткан тамекиси, жүргөн жүрүмү, турган туруму, кийген кийими, жасаган мамилеси, сүйлөгөн сөзү жөнөкөй. Шакемдин жөнөкөйлүгү ушунда - жыйырма жети жашына чейин кайсы размердеги кийим киерин билчү эмес экен. Колуна тийгенин, жонун жапканын, бутуна батканын кийип жүрө бериптир. Үчүнчү курска көчкөн жылы жайкы каникулда Шакем студенттик курулуш отрядына кошулуп, Орусиянын Ярославль шаарында иштеп, капчыгы толо акча таап, жылыга эле кышкысын жука костюмчан калган Шакемдин чыкылдаган кыш чилдеси көңүлүнө көк таштай тийсе керек, ушул тапкан акчама быйыл бир жакшы пальто сатып алайын деп алдына өтө катуу максат коюп, ичпей-жебей, коротпой, андагы Фрунзе, азыркы Бишкектин кийим саткан дүкөндөрүнүн бирин койбой түрө кыдырып, пальто таппай көпкө убара болду. Ал заманда акча болсо товар жок, товар болсо акча жок, чынында эле тартыш эле. Бирок, Эрик Асаналиев сыяктуу эне-атасы интеллигент, төрт мезгилде төрт башка которуп кычырап кийим кийген курсташтарыбыз да жок эмес эле. Аларга теңелиш кайда?! Эптеп жүрүп эрте жазда алган "Чолпондун" (атыңан айланайын "Чолпонум"! Затыңдан айланайын "Чолпонум!" Ушундай аталыштагы бут кийим фабрикасы болор эле) туфлийин кийип алып, жамгырлуу жаздын нөшөрүн кечип, аптаптуу жайды аралап, тумандуу күздү узатып, бороонду кышта кар малтап, кайрадан жамгырлуу жазга жеткиче жыл бою эс албаган "Чолпондун" туфлийинин таш таманы кат-катынан ажырап, апкыты очорулуп, №5 студенттик жатакананын маңдайындагы акыр-чикир салчу челегине "эми жакшы бар, досум" деп кош колдоп коштошуп ыргытаар элек. Жеке бут кийим эле эмес, башка кийимдерибиз деле түгөйү жок жалкы, жалаңкат, бир түрдүү болор эле. ВЛКСМ, 1-Май, Октябрдын 40 жылдыгы кийим тигүү фабрикаларынан тигилип чыккан карапайым көйнөк-кече, костюм-шым жыл бою жонубуздан түшчү эмес. Жамгырлуу жаздан аптаптуу жайга өткөндө костюмун чечип ыргытып, көйнөк-шымчан калчубуз. Күз келгенде кайрадан костюмубузду кийгенибизде, жай бою күн жеген шымыбыз эскирип, көлөкөдө илинип турган костюмубуз жаңы сыяктанып жарашпай, анан бат эле кыш келип, "жаңы" костюмубузду эски пальтобуз үстүнөн жаап калып, шым менен костюмду бири-биринен ажыратып жетим кылбай, жупташтырып кийип кетчүбүз.
Ошентип Шакем пальто таппай кыштын кап ортосуна кирип барды. Жанагы жакшынакай кийим кийген курсташтарыбыз жайкы кийимди кышта, кышкы кийимди жайда камдаган камбыл эргулдар экен. Алар жергиликтүү фабрикалардын тиккен кийимдерин жанына жакын жуутпай, чоң-чоң универмагдардан, базарлардан тааныш күтүп, жалаң чет элдик кийимдерди ошол жактан алышарын оо кийин-кийин билдик. Шакем экөөбүзгө эмне шам, же колубузда такай акча болбосо, же кийимдин жакшы-жаманын так ажыратып тааныбасак…
Бир күнү сабактан жатаканага кеч келсем барбалаңдап сүйүнүп алган Шакем баягы издеген пальтомду бүгүн таптым деп ойда төгүлүп-чачылып жууп жатыптыр. Өзүм пальтолуу болгондой мен да катуу сүйүндүм. Анткени өткөн кышта Шакем башында тумагы, жонунда пальтосу жок калып, менин жаман пальтом менен жаман тумагымды экөөбүз алмак-салмак кийип, кыштан эптеп аман-эсен чыкканбыз. Шакем кийинип кетсе мен жылаңач калып, мен кийинип кетсем Шакем жылаңач калган күндөр аяктап, менин пальтомдун кучагынан Шакем өзүнчө "түтүн булатып", өзүнүн пальтосунун кучагына өтүп жатканына кантип сүйүнбөй коебуз.
"Кана, Шаке, жаңы пальтоңду кие салчы, көрөйүн" десем эле, шамдагай Шакем жаңы пальтосун кие салганда, катуу сүйүнгөндөн койкоңдоп турган колу, кыска мойну, тыным билбей тыбырап турган буту көк тумандын ичине кирип кеткендей көрүнбөй, жаңы алган пальтосунун койнуна көмүлүп "чөгүп" кетсе болобу. Калп айтпасам, заманыбыздын опол тоодой залкар акыны Турар Кожомбердиевди көөмп калгыдай размердеги пальто сатып алыптыр.
"Шаке, мунуң бир аз чоңураак го" десем, "жок-жок, чапчак эле" деп ары басса ары чайпалып, бери басса бери чайпалып, боз үйдүн ордундай жер шыпырган чоң пальтосун чак деп мулжуңдап моюн бербей, эчен ай табылбай жүрүп табылган немени окууну бүтөр бүткүчө жонунан түшүрбөй, эсесин чыгарып жеңинен колу, этегинен буту чыкпай, сүйрөлтүп кийип жүрүп жыртты.
Шакем таптакыр эле жарашыксыз кийинчү деген ойдон да алысмын. Ат-Башыда редакцияда кабарчы, Фрунзеде айыл чарба заводунда жумушчу болуп иштеп жүргөндө сатып алган, бир аз эскире түшкөн жакшынакай көйнөктөрү, костюм-шымдары, галстуктары болор эле. Таза жуунуп, сакал-мурутун алып, чачын жарашыктуу тарап, галстук тагынып чыкыйып кийинип алганда, жөн күндөрү шампалаңдап жүргөн жөнөкөй Шакемден из калбай, интеллигент Шакеге айланып чыга келчү. Андай жарашыктуу кийимди жөн кийбей, атыр куюнуп кийгенди жакшы көрөр эле. Атыр десе Шакем жантыгынан жата калма жайы бар эле. Кай жакка кирбесин, кай жакта болбосун, терезенин кырбусунда, шкафтын текчесинде, шифонердин үстүндө турган атыр анын көзүнө биринчи урунчу. Ал атыр аялдыкы болобу, эркектики болобу, ажыратып тактабай, айлантып карабай, үй ээсине билгизбей, терезе жакты, дубал жакты карамыш болуп атырга акырын жакын барып, ыгы келе калганда моментин кетирбей шып ала коюп, алакандын отуна толтура куя салып, төбөсүнөн мойнуна чейин шыбанып жиберер эле. Ээси жок атырды көргөндө көздөрү кымыңдап, таноолору дердеңдей түшчү. Ал бир жакка мейманчылап барып келгенде чөнтөгүнөн акча да, алтын да, арак да чыкпай, жарымы бөксө атыр чыгар эле.
"Ыя, Шаке, атырды колуңа суу куйгандай эле толтуруп куюп шыбанат экенсиң. Эмне мынча атырды жакшы көрөсүң?" деп суроо салсам, "Нуке, шаардын көчөлөрүнөн айрым кишилер жаныңан жандай чаап өткөндө, артынан атырдын "бур-р" эткен жыты калат го, ошондой жытты жакшы көрөм. Мен да ким бирөөлөрдүн жанынан жандай чаап өткөндө, артыман "бур-р" эткен атырдын буруксуган жыты калышын тилек кылам" деп жооп берген жагдайы бар. Шакемдин башка мүдөөсү кечигип аткарылса да, бул мүдөөсү тез-тез аткарылып тургандыктан, ал каяка качып кетпесин, буйтап кетпесин, жанагы артынан аргамжыдай чубалжыган "бур-р" эткен атырынын жытынын артынан кууп жүрүп таап алар элек.
* * *
Биз окуп жүргөн жылдары эңкейип кетмен чаппаган, ийин жыгач менен ийрелеңдеп суу көтөрбөгөн, пахта тербеген, картошка жыйнабаган, тамеки тизбеген, кир жуубаган, уй саабаган, чөп чаппаган, ат минбеген, огород сугарбаган, отко бышпаган, күнгө күйбөгөн, жалаң витаминдүү жакшынакай тамак жеп, жарашыктуу кийинип, спорт менен машыккан, ыр-бий менен дасыккан, айдай жүзүндө тагы жок, айып коер жагы жок шаарлашкан орус группасынын көлөкөдө өскөн көркөм мүчө кыздары көзүбүзгө сулуу көрүнчү. Орусчаны ойдогудай сүйлөй албаган "бечелдигибизден", жупуну кийимибизден, жүдөө кейпибизден улам аудиторияларда, скверлерде, кафе-ресторандарда, бий аянттарында биз аларга жолой алчу эмеспиз. Чөп чаап, чөңөр басып көрбөгөн ал кыздардын "ажалы" айыл чарба жумушу эле. Асфальт көчөлөрдө тык-тык басып, чыкчырылып теңсинбей, өрүлбөгөн чачын шамалга жайып, модалуу кийинген ал кыздар айыл чарба жумушуна - жапайы табияттын койнуна келгенде эрининдеги эндиги ээрип, көзүндөгү боегу өчүп, тик өскөн тырмагы сынып, беш маал бетмай "жеген" бети кесилип, күркүрөп аккан суудан, мал тоскон чуудан, чимирилген куюндан, сойлогон жылаандан, мөөрөгөн уйдан, кишенеген аттан, чартылдаган чагылгандан, көнөктөп жааган жамгырдан коркуп эч нерседен коркпогон эр көкүрөк айылдык жигиттердин колтугуна кире качып, денесине денесин жанаштырып тура калганда, демейде ороңдогон сөз оозунан куураган жалбырактай күбүлүп түшүп, эки көз үнсүз сүйлөшүп, эки кол үнсүз кармашып, сүйүүнүн өртү өзү эле жанып чыгаар эле…
Бир жылы жайкы айыл чарба жумушуна экинчи, үчүнчү, төртүнчү курстун орус, кыргыз, журналистика бөлүмүнүн студенттери чогуу барышат. А мен болсо адатымча айыл чарба жумушунан баш тартып, айылга кеткем. Күркүрөгөн күздө алар айыл чарба жумушунан, мен айылдан келсем, курсташтарым баштагыдан эр жетип, кең Фрунзе шаарынын чыныгы ээси боло түшкөндөй сезилди мага. Биринчи-экинчи курстан бирөөнүн жеринде жүргөнсүп бүжүрөп баскан курсташтарым бирден сулуу кызды жетелеп, скверлерде, театрларда, кинотеатрларда жүрүшөт. Айыл чарба жумушуна барганда баягы асмандап баскан орус группасынын сулуулары өзүнөн өзү колго түшүп, Болот Аселди, Бейшенбек орус кызы Наташаны, Суусарбек Бурулду, Эрик бирди эле эмес, эки-үчөөнү ээрчитип, айтор, аяштардын көптүгүнөн баш адашат. Күжүлдөгөн курсташтарымдын эки сөзүнүн бир сөзү эле кыздар. Сүйлөшкөн кызы жок кезде эле күзгүнүн астынан кетпей сыланып турчу Суусарбегим бир жолу жалгыз күзгүнү таптакыр жеке өзү ээлеп, тикенектей тикирейген кайраттуу кара чачын антеннадай тик тургузуп, канжардын мизиндей түз үтүктөлгөн кара шымын жамбашына жабыштыра кийип, кара жылтыр туфлийин кайра-кайра кара баркыт чүпүрөгү менен сүрүп, Бурул келер тарапка оң капталынан бурулуп, тынчы кетип, тыбырчылап күтүп турса, Ат-Башыдан алты сөз орусча билбей келген Бейшенбек Наташа сулууга жолугардын алдында кадимки К.Юдахиндин "Орусча-кыргызча сөздүгүн" оң-тетири оодарып ачып, жалаң сүйүү терминдерин жаттап ээси ооп отурса, көп кыз менен таанышып алган кыл мурут көркөм жигит Эрик кимисин тандап, кимиси менен басарын билбей, сүйүүдөн башы айланып, башын мыкчып олтурса, демейде кыз менен иши жок барбагай мурун Шакебиз да тымызын кымыңдап, ким бирөөнү издегенсийт…
Шуулдаган мүнөзүнө, кебете-кешпирине ишенген өрт жигиттер орус группасынын кыздарынын арасында күйөөлөп-чабагандап жүргөндө, "Алыбек алына жараша" дегендей, андайда жигин чыгарбай жыла баскан Шакем алысты көздөбөй, айдай сулууну эңсебей, кыргыз группасынын эле жогорку курсунда окуган, чөптө иштеген студенттерге ашпозчулук кызматын аткарып жаткан одурайган эле бир карапайым сулууну илип алыптыр. "Шакем жандап басар кыздуу болду" деген кабарды укканда өзүм "кыздуу" болгондой сүйүнгөн жаным дардалаңдап жетип келип, "ал ким эле?" десем, оозун кулпулап койгонсуп унчукпайт. Айт десем айтпайт, көрсөт десем көрсөтпөйт. Ошентип асылышып жатып, оо көптө барып "катардан калбайын деп мен да бирөө менен тааныштым эле" деп каткан сырын мойнуна алды. "Аты ким?" десем, "аты да эркектикине окшоп Асанбүбү" деп жер карап уялып коет. Ээн жерде эң эле сулуу көрүнгөн Асанбүбү шаарга келгенде кадимки эле карапайым кызга айланып, калың кыздын арасына төнүп кеттиби, айтор, Шакемдин сулууну көргөндө дикилдеп чуркаган назик жүрөгү "былк" этип бир эстеп да, бир издеп да койбой, көрүнөр-көрүнбөс болуп жылтырап тутанып келе жаткан сүйүүсү чоң сүйүүнүн астындагы кичинекей репетициядай бат эле үлпүлдөп барып өчүп калды.
Кийин да далай-далай сулууларды Шакем сыртынан "заочный" көз салып сүйдү. Бирок, бирине да батынып бара алган жок. "Жок" деген жооп укса жоголуп кетчүдөй коркту өзүнөн. Сыртынан тосуп алып, ичинен узатып жүргөн кыздардын ким бирөөсү турмушка чыгып кеткенин укса же кайсы бир жигитти колтуктап кетип бара жатканын көрсө, кадимкидей көңүлү аңтарылып, ичи ачышып, бул дүйнөдөгү сүйүүдөн бактысыз калган жалгыз адамдай жетимсирей түшүп, күйүтүнө чыдабай, күчүн кызыл винодон чыгарар эле. Ичип-ичип, ичи өрттөнүп кызый түшкөндө "ээ, Нуке, эмнени айтасың, Нарында бир врач ага-жеңем бар. Ошол жеңемдин бир сиңдиси бар экен… "Шайлообек, сага менин ошол эле сиңдим ылайык. Мен сага ошол сиңдимди тааныштырайын, сен ошону эле алып ал" деп айткан" деп Шакем сүйүүдөн көңүлү калган күндөрү өзү али тааныша элек, көрө элек жеңесинин алыстагы сиңдисинин кыялындагы элеси менен кадимкидей огожо-тирек кылып жашап, көңүлдөгү сүйүү өртүн ошону менен өчүрөр эле. Көңүлү жай күндөрү ал тааныша элек "сүйгөнүн" унутуп калчу. Курсубуз жогорулап, курсташ жигиттер университеттин моймол көз сулууларына чет-четинен шатырата үйлөнө баштаганда, туш-тарабынан селдей каптаган үйлөнүү тойлору жай жаткан Шакемдин да шаштысын алып, тааныша элек сүйгөнүн тез-тез эстегенге мажбурлай баштады. "Карманаарга тал жок, үйлөнөөргө кыз жок" Шакем өзгөчө катар-катар келген үйлөнүү тойлорунан кызымтал болуп чыкканында "бүттү, Нуке, баягы жеңемдин сиңдисине эле үйлөнмөй болдум. Мен ошондой деп чечтим" деп так кесе жооп бере баштады. Беш жыл бою ал көрүнбөгөн сулуу Шакемдин демине дем, үмүтүнө үмүт кошуп коштоп келди. Шакем да ал сулууну эстегенде сүйлөшкөн кызы бар жигиттей компоюп сыр алдырбай басаар эле.
Турмуштун кызыгын кара! Сүйүүнүн ырахатын көрүп, ылазатын татып, мен деген шуудур көйнөк, кара көз, кара каш сулууларды колунан жетелеп, Фрунзенин айлуу түнүндө, жылдыздуу асманында таң атырган, жигиттин гүлү деп аталган курсташтарым, калемдештерим, замандаштарым сүйүү жөнүндө жүрөктү эзген, сезимди козгогон ырларды жазалбай, кызгалдактуу талааларда кубалашып ойноп-күлүп, жаштыктын сүйүүгө мас кумарлуу күндөрүн узатпаган, көңүлү сүйгөн сулуулардын бирине арзый албай, көрө элек, тааныша элек бир сулуунун кылаңгыр элесин ээрчиген, кыялы менен сүйүшүп, кыялы менен жашаган Шакем төмөндөгүдөй гениалдуу сүйүү ырларын жазганына азыр да акылым жетпей, башым маң.