html>
Дос жөнүндө сөз * * * Шакемди жөнөкөй дей берген менен, ал жөнөкөй болчу жерде гана жөнөкөй, көпчүлүк учурда көптөрдүн акылы жете бербеген татаал адам. Ал жанындагы адамды алдыртан байкап, жомок айтсаң да, ушак айтсаң да, калп айтсаң да "ооба", "чын" деп баарына макул болгон байкуштай башын ийкеп жүрө берет. Ошентип жанындагы адамдын жакшы жагын да, жаман жагын да көңүлүнүн түпкүрүнө жыя берип, качан гана агынан карасы көбөйүп баратканда акыркы чыдамы түгөнүп, топ жарылгандай, тоо жарылгандай жарылат. Жумшак, назик, жөнөкөй сүйлөгөн Шайлообек тили заар, ташбоор, кекчил Шайлообекке айланат. Тик карагыс түрү менен да, тызылдатып чаккан тили менен да талкалап, терисин тескери сыйрып ташка жаят. Ал адеп көргөн кишисин жактырбайт. Жанына жакын жуутпай, алыстап, сактанып турат. Качан гана ал кишинин бир гана жакшы жерин жактырып калса, бүттү, көңүлү сүт менен жуугандай агарып, шилекей алышкан кыйышпас доско айланат. Бир карасаң ал улуу-кичүүнүн көңүлүн калтырбаган элпек, кичипейил, сыйчыл. Кандай иш тапшырба, өзүн да, өзгөнү да кыйнабай, таза, так, бышык бүтүрөт. Качан, кандай убакта жолукпа, сергек, сезимтал, жеңил. Жанда жок боорукер, жумшак, назик. Кара көңүлү кармаганда, теңирден тескери тежик, ташбоор, тоңмоюн. Жалгыз, жетим өскөн Шакем кез-кез жанда жок өзүмчүл. Көмкөрүлүп кетсең да, көмүлүп калсаң да карабайт. Улуу-кичүүнүн, дос-туугандын ортосунда эч жерде жазылбаган "милдеттер" болорун, кайгыда болобу, кубанычта болобу, туугандык, бир туугандык сезим бири-бирине жан тарткан күчтүү сезим экенин ал качан гана үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болгондо гана өз жон териси менен туя баштады көрүнөт. Ошондо да "бар, өзүң бүтүрүп ал" деп мулжуңдап болбойт. Чоң үй-бүлөнүн маселеси Шаке үчүн дагы эле чоң табышмак бойдон калууда. "Нуке, өзүм ата тарбиясын көрбөгөндөн кийин, балдарыма да ата тарбиясын бере албай жаткандай туюлам" деп айрым учурларда даттанып калмайы да бар. Ал бирөөгө жакшылык кылса, жакшылык кылдым деп догун артпайт, эсептебейт. Ал бирөөнүн жакшылыгын көрсө, өзүн карыздар сезбейт, эстебейт. Жаманчылык кылган кишисин мактап, жакшылык кылган кишисин боктоп жибермейи бар. Ал өткөн-кеткен тарыхын өлүү дүйнөдөй өз башына жыйнап жүрө бербей, өрттөп, талкалап, тазалап, жаңылап, жаңыртып турат. "Баягычы…" десең, "ии, кайсы эле, ошобу" деп эсине жара чыккансып араң эстейт. Ал өзүн-өзү чүнчүтпөй, кордобой, соттобой, катачылыгы менен кемчилигин эстебей, капкачан тарап кеткен кайгы менен санаасын кайрып артка жыйнабай, башын сергек, жүрөгүн жеңил алып жүрөт. Андагы дагы бир улуу касиет - чындыкты сүйөт. Чындык үчүн чыркырап отко да, сууга да түшөт. Анын бул улуу касиети бардык кемчиликтерин жууп, тазалап турат. Ал ушундай жөнөкөй жана татаал адам. Турмуш менен тагдыр аны кенедейинен ташбилекке салып ийлеп отуруп ушундай оң-тетири мүнөз менен жаратты. Ошондуктан ал таланттуу акын, кызыктуу адам. Менин байкашымда, Шакем бирөөгө кошомат айтпай, артынан ээрчибей, өзүнүн оюн бербей, мулжуңдап моюн толгоп турса, бери тартпай ары тартып, алыс-жакынды төшкө түртүп турган сайын иши алдыга жылат, аброю артат. Ал кантип көбүштү да билет. Бирөөлөр акчасына, дагы бирөөлөр кызматына, жөлөк-таягына, тааныштарына таянып көпсө, Шакем талант-жөндөмүнө таянып көбөт. Шакем көпсө тоодон ойго түшүп, төөдөн жерге түшүп көбөт. Кургуйга түшүп кулай турган жерден да, сулк түшүп сулай турган жерден да көбөт. Бир аз көөп, турмуш менен карсылдашып "сүзүшкөн" сайын мыкты чыгармаларды жазат. Аны көптүргөн да талант, сактаган да талант. Ырыскысы да, бакты-таалайы да талант! Анын кадыры да, даңкы да талант! Анын бар байлыгы - талант! * * * Мындан бир аз жылдар илгери казактын эле эмес, эсил СССРдин эстрада жылдызы Роза Рымбаева Бишкекке концерт коюп келип, көңүлү сүйүппү же ара-чолодо кыргыздардын жүрөгүн жылытайын дегенби, айтор, али өзү толук өздөштүрө элек кыргыздын мыкты обондуу ырларын ырдап жаздырган экен. Ал ырларды мен кийин-кийин кыргыз радиосунун берүүсүнөн уктум. Чыныгы мастер деп, чыныгы үн деп ошону айт. Кыргыз ырларынын канатына канат кошулуп, куйругуна куйрук улангандай эле чоң таасир калтырды. Айрыкча Ашыралы Айталиевдин "Нарындан жазган салам каты" калкылдап бийик учуп, кучагын кең дүйнөгө жайып жибергендей эле жаңырыптыр. Атаңгөрү, казак кызы деп кур намыс кылбай, кыргыздын классикалык мыкты обондуу ырларын Роза Рымбаеванын аткаруусунда жанагы ар ким уурдай качып жанын койбой жаткан алтыныбыздын бир сындырымын берсек да жаздырып алсак, мыкты иш болбойт беле деген ойго кеттим. Болбосо, өзүбүздүн Болот Миңжылкиевдин аткаруусундагы кыргыз, орус композиторлорунун жана элдик обондуу ырларына кулак төшөп угуп көр. Эмне деген керемет үн, эмне деген керемет обон! Тилекке каршы, үнүнүн кооздугу жана уккулуктуулугу менен ("нежный бас" дешчү экен) дүйнөнү дүңгүрөткөн Болот Миңжылкиев кыргыздын аз сандагы обондуу ырларын гана аткарып калтырганы бүгүнкү күндө Керим Турапов сыяктуу ортозаар ырчылардын көзүн карап олтурган кыргыз музыка сүйүүчүлөрүнүн арманы аттын башындай экенин кантип айтпай кое алабыз. Болот Миңжылкиевге окшогон зор талант кыргыз элинен жүз жылда бир чыгабы, миң жылда бир чыгабы, аны бир жараткан өзү билбесе, эч ким билбейт. Көп элден көп талант, аз элден аз талант чыгат. Көп элдин таланты өз милдетин аткарат, аз элдин талантына көп милдет жүктөлөт. - Кыргыздар жогорку окуу жайында студенттерди ойдогудай окута албай жатканда эчен өмүрүмдү ал жакта, энциклопедия чыгаралбай шорлогон кыргыздарды шорунан арылтайын деп нечен жылдарым бул жакта өттү. Кыргыздарым колго илинер котормо которо албай олтурганда котормодо, натыйжалуу илим изилдей албай жатканда илимде, ыр жазалбай жатканда поэзияда, роман, повесть жазалбай жатканда кара сөздө, эми мынтип баарың чогулуп келип карапайым эле кара макала жазалбай жатканыңарда шорум шорподой кайнап бул жерде макала жазып олтурбаймынбы, - деп Салижан Жигитов агабыз тамаша-чынын аралаштырып каткырып күлүп айткандай, биз аз эле таланттуу адамдары бар аз сандагы элбиз, аныбыз аз келгенсип Чыңгыз Айтматов, Салижан Жигитов, Шайлообек Дүйшеев сыяктуу таланттуу адамдарыбыздын мойнуна минип алган жалкоо элбиз. Жараткандан бак айтып, өзүбүз жалкоо болгонубуз менен таланттуу адамдарыбыз эмгекчил. Аларды ташка да салабыз, отко да салабыз. Аларды кандай ишке салба - колунан баары келет. Ошондой орошон таланттарыбыздын бири - Шайлообек Дүйшеев. Өкмөтпү же талантты сыйлаган ыймандуу бир байбы, ар кайсы жумушка каржалтпай стипендия төлөп берсе, беш бөлмө үйүндө түйшөлүп жатып алып эмгиче кандай гана шедевр ырларды жазып берет эле. Антиш кайда?! Азыркынын байларынын бири жана тыңчыкма редактору Мелис Эшимканов иним дулдул талант Шайлообектин жону жооругуча, бели очорулуп ооругуча кандай гана каткалаң иштерге салбады. Заманында аркырап, баркырап, ыркырап, чыркырап турган "Асабаны", "Агымды" чыгартты. Анысы аз келгенсип белине "Пайшамбасын" байлап берип, көзү көр калың сүйүүнүн, жүнү булайган эски төшөктүн арасына эмне болсоң ошол бол деп түртүп жиберди эле, таланттуу кишиге айла жок экен, ал "төшөк маданиятынын" да тишин чагып, маңызын эзип жашыруун ат менен мыкты макалаларды жазды эле, карчыты кеткен карыялардан тартып кыл мурут жигиттерге чейин кыткылыктап кызыгып окушуп, бөгөттө калгандарга бала бөлөтүшүп, төрөттөн калгандарды бала төрөтүшүп, очор-бачар болуп эле жатып калдык. Төрөлгөн балдар азыркы илим-билимдин жетишкендиктеринин негизинде сапаттуу төрөлүшүп, "Пайшамбада" иштеген "киндик аталарындай" мекенчил чыгышып, жакында болуп өткөн революцияда жок дегенде таш алып бергенге жараган мыкты жарандардан болуп өсүп жаткандарын далилдешти. С. Турдумалиев аттуу дагы бир бизнесмен-акын "Чабалекей-доор" деген гезит чыгартты эле, чаар чымчык чабалекейи аз күндүн аралыгында эле канаты калдайган бүркүткө айланып, жем чокубай эт чокуйм деп шаңшыганда, жембаштыгын сүйрөгөн С. Турдумалиев эт экен деп өзүмдү чокуп коюшпасын деп "Чабалекей-доор" гезитинин журтунан жоонун журтунан качкандай таштай качты. Андан соң Түгөлбай Казаковдун "Алас" гезитинде иштеп, аны гезиттердин "Манасына" айлантты. Ара-чолодо, атың өчкүр, атын так эстебей жатам, "Жетиген" беле, "Жетимен" беле, айтор, дагы бир адабий журнал чыгарганга катышып, ал милдетин да мыкты аткарды. Манжамды ачып-жуумп санап жатканым - бул заманда иштеген иштери. Ал эми СССРдин заманында "Нарын правдасы", филармония, "Ала-Тоо" журналы, "Кыргызстан маданияты" гезити тарыхтын бүктөмүндө калды. Бүгүнкү күндө жаагы жай албаган "Азаттыкты" сайратып жатат. Шакем нан таап жеш үчүн, үй-бүлөсүн багыш үчүн кай жакта, кандай иште иштебесин, кара макаладан тартып адабий-көркөм жанрда кандай чыгармаларды жазбасын мээнеткеч дунгандын талаасындай отоосу жок кулпунтуп гүлдөтүп келди. Кара жерге кара чөп сепсе гүлгө айланды, каксоо жерге казык какса капталынан бүчүр чыгып, бүргө айланды. Жана, жогортодо Роза Рымбаева менен Болот Миңжылкиевдин аткарган ырлары бөлөкчө жаңырат деп мен бул эки залкар талантты бекер жерден эскерген жокмун. Мен Шайлообек Дүйшеевдин "аткаруусундагы" же вариантындагы "Эки дөөнүн күрөшү" аттуу "Манас" дастаны таптакыр бөлөкчө түс, боек алып, дүйнөнү дүң түшүрүп жаңыча "жаңырганын" айткым келип эскердим… * * * Той болобу, жыйын болобу сөз сүйлөгөнгө келгенде баарыбыз Шайлообектин далысына жашынып жашадык. Баарыбыздын атыбыздан айтылчу куттуктоо сөзү болобу, көңүл айтуу сөзү болобу же жөн-жай каалоо-тилек сөзү болобу - шаа мүйүз Шакеме түртө салаар элек. Кулак тушуна эңкейип баш тамгасын эле айтып койсок, калганын камчы салдырбай өзү улап кетчү. Кичине-чоң, маанилүү-маанисиз окуя болобу - Шакеме баары бир, кичинесин чоңойтуп, маанисизин маанилеп, бабына келтирип сүйлөйт. Жөн сүйлөбөй жарпыңды жазып күлдүрүп, купшуңдап куудулданып сүйлөйт. Өтө чебер, кылдат, этият, таза, так, таамай сүйлөйт. Тикендүү жерге тилдирбей, ийнелүү жерге илдирбей сүйлөйт. Ал канчалык кооздоп, куудулданып, кубулуп сүйлөбөсүн - чындыктан тайбай сүйлөйт. Калпты жининдей көрөт. Ал канчалык асмандатып, фантазиялап, апыртып, көбүртүп-жабыртып сүйлөбөсүн же жазбасын түбүн реалдуу турмушка байлайт. Ал өзүнүн чындыгы үчүн өлүп-талып күрөшкөн өжөр адам. Түз барып туура эмес деп бетке айтсаң, тынбай тызылдатып чаккан уу тилин агытат. Шакемдин тилиндей уу тил жылаанда да, ажыдаарда да жок. Анын чаккан тилине чыдай албай чыңырган досторубуз: "Шаке, ушундан көрө бир жолу чаап жиберчи, эс алып калайын!" деп башын, бети-мурдун, жаагын тосуп "жалбарчу". Күч менен көндүрөм деген кишини жек көрөт. Ар жак, бер жагына чыгып жай айтсаң, жоошутуп-муютуп айтсаң, жибитип айтсаң, жашытып айтсаң жайма-жай көңүл менен жакшы көнөт. Анан ал өзүнүн чындык деп жүргөн чындыгынан акырындап баш тартып, сенин чындыгыңа оойт. Терең кирип алгандан кийин сенин чындыгыңды ал өзүнүн чындыгындай тик туруп жан дили менен калкалап, коргоп олтуруп, ал чындыкка дагы биртоп чыргоо чындыкты кошуп, түп-орду менен өзгөртүп, өзүнүн чындыгына айлантып алат. Ал чындык аттууну ушундай жакшы көрөт, чырылдатып ыйлатып таштап кеткен, карабай кеткен чындыкты баладай багып алат, куулуп, тентип-темселеп, арып-ачып жүргөн чындыкты асырап алат. Ал тоодон, таштан, түздөн, адамдардын арасынан "жылт" эткен кенедей чындык көрсө "жетелеп" кетет. Ал өмүр бою чындык жыйнаган адам. Өзү ким бирөөнүн маңдайына аның андай, мунуң мындай деп оңойлук менен бетке чаап сүйлөбөйт. Бир аз кызып алганда ошентиши мүмкүн. Соо кезинде антпейт. Ар жак, бер жагыңа чыгып акырын алдап сүйлөйт. Тамырыңды тартып, көңүлүңдү таап сүйлөйт. Жок деп жооп айталбай, акырындап анын чындыгына баш ийип бересиң. Бирок, анын чындыгын тартып ала албайсың. Ал өзүнүн байлыгын алдырса алдырар, эч качан чындыгын алдырбайт. Алы жеткендерди мурунтуктап алганга маш. Өңгөнүн ойнун ойнотпой, оюн ойлотпой, өзүнө биротоло эле буруп алат. Анын айтканын айтып, кылганын кылып, жасаганын жасап, көлөкөсүндөй сүйрөлүп ээрчип жүрүшүң керек. Андай учурда сенин чындыгың чындыкка жатпай, анын чындыгы өкүм сүрөт. Эр болсоң чыпкадай жыш чындыгынан сызылып чыгып көр, капкандай жаагы катуу чындыгынан качып көр. Жолун таап чыксаң чыгасың, качсаң качасың. Бирок анда дос эмес, душманга айланасың. Шакем кайсы жерде иштебесин чындыктын торун жайып, бир топ досторун, өң тааныштарын "туткундап" алат. Анын чындыгы тар кийимдей бутуңду өйкөбөйт, белиңди кыспайт, далыңды, тизеңди кармабайт. Чоюлчу жерден чоюлуп, жыйрылчу жерден жыйрылат. Ошондуктан анын чындыгынан көптөр качпай, канатына канат, бутагына бутак болуп жүрө берет. Шакем да ошол чындыгынын "туткунунда" жүргөндөр менен өзүн күчтүү сезет. Шакем ар бир иште адал болууга тырышат. Чынында ал бардык жагынан адал адам. Атүгүл ал көптөр арам деп эсептеген арак, тамекини да адалдап алган чындыгы бар. Эгерде ал өзү адалдап алган чындыгына өзү ишенбесе, арагыңды ичмек эмес, тамекиңди тартмак эмес. Шакемдин көзү, мээси, колу-буту сыяктуу эле, жүрөгү да чынчыл жүрөк. Ал бардык чындыкты жүрөгү менен кабыл алат. Ошол чындык же ыр болуп жүрөгүнөн чыгат, же ый болуп көзүнөн агат. Шайлообек үчүн чоочун чындык жок. Көзү көргөн, кулагы уккан чындыктын баары анын чындыгы. |