html>"Кыргызстан маданияты", 23.02.11 - 19-бет: •


  Дос жөнүндө сөз

* * *
Шакем өзүнүн кайгылуу, өкүттүү чындыгына караганда, өңгөнүн кайгы менен өкүтүн бат кабыл алат. Өзөгүнө түшкөн ал кайгы менен өкүт өчү бар оорудай жанын жай алдырбай кыйнап, акыр-аягында аркырап-шаркырап "кармаган колду калакайлатып" жалын чачып "күйгүзгөн" кыпкызыл ырга айланып чыгат.
Кандай гана полемика, талаш-тартыш маселе болбосун Салижан Жигитовдун оппонентинен жеңилгенин көргөнүм жок. Билимдүү, чечен, чынчыл Салижан агадан көптөр жалтайлап турчу. "Кың" десе баса калмай кыраандыгы да бар эле. Ошол мен билимдүү, чечен, чынчыл, кыраан деп жүргөн Салижан Жигитов агам дагы бир билимдүү, чынчыл, чечен, кыраан агабыз Ишенбай Абдуразаковдон эки-үч ирет аягына чейин "кармаша албай", жалтайлай түшкөнүнө күбө болгом. Жалтайлагыдай деле маселе эмес эле, кызыл-чеке түшүп аягына чейин талашса, балким, өзүнүн чындыгын далилдеп коет беле, бирок, Салижан аке сөздү ырбатпай дароо токтотуп, бөлөк сөзгө өтүп кеткен. Ишенбай ага сыртынан жоош, токтоо көрүнгөнү менен чала-чарпыт түшүнүгүң бар маселе боюнча талашка түшсөң, оңбогондой кырс киши. Сөзүңдү кыя чабат. Акыл-эс, билим, тажрыйба жагынан экөө бирдей эле даражада сыяктанат, болду-болбоду Салижан ага Ишенбай аганын кырс кыялынан жалтайласа керек деп көпкө чейин өз ичимен ушундай бүтүм чыгарып жүрдүм. Бир күнү иш кабинетимде олтурсам Салижан ага адатынча жаркылдап кирип келип калды. Аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп, сөздүн ыгы келе калганда көңүлүмдө жүргөн суроомду узатсам:
- Ээ, Нуралы, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, Ишенбайдын башы бүтүн адам. Ишенбай алгандай билимди биз өчөйүп өз жерибизден чыгалбай жүрүп алалган жокпуз. Ишенбайдай англис, япон тилин билбесек, Япония сыяктуу өнүккөн капиталисттик мамлекетте он беш жыл жашабасак, Арбатов сыяктуу академиктер менен, Хонда сыяктуу миллиардерлер менен маңдай-тескей олтуруп баарлашпасак, аныкындай билим-тажрыйба бизде жок болуп жатпайбы. Каймагынан ажыраган көк сүттү ичкенсип советтик цензуранын чыпкасынан өткөн орус тилиндеги китептерди окудук, бардыгы жаап-жышырылган социалисттик түзүлүштөгү мамлекетте жашадык. Кайсы бир жөөт диссиденттердин каңырыш сөздөрү аркылуу угуп жүргөн чет тилдеги баалуу китептерди, илимий эмгектерди Ишекем бурмаланган, бычып-тонолгон орус тилинде эмес, түп нускада - англис, япон тилинде эбак эле окуп алган. Маселени мыкты билген кишиден чала билген киши чарылдап талаша бергени уят. Мен Ишекемдин түп нускадан алган билимин, дүйнөнүн тең жарымын өз көзү менен көрүп, өз жон териси менен сезип кыдырып, жашап келген турмуштук тажрыйбасы мол адам катары сыйлайм, - деп, түштүктүк досторум айткандай, агынан жарылып айткан эле.
Бул эки агамды эскерип жаткан себебим, акын Шайлообек Дүйшеев менен илимпоз Искендер Жумабаев жазуучу Салижан Жигитов менен коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдуразаков сыяктуу бирин-бири толуктаган, сыйлаган, кадырлашкан достор эле. Шакем Искендердин акылга толгон, билимге шыкалган чоң башын сыйлап, маданияттуу жүрүм-турумун, тарбиясын өтө жогору бааласа, Искендер Жумабаев Шакемдин кирген суудай улам бир жагына оонап аккан, кол менен оңдоп-түзөлбөгөн жапайы талантын сыйлачу. Хандан, бектен кайра тартпаган кайран Шакем Искендердин "кылычына" далай жолу катуу урунуп токтогонуна эчен ирет күбө болдум.
Бирок Шакемдин Салижан акеден айырмасы, ал канчалык Искендерден жалтайлап, жазганып, акыл-насаатын угуп сыйлаганы менен такай тилин угуп, көзүн караганды каалачу эмес. Дегеле ал ким бирөөгө кулдук уруп, баш ийгенди жек көрөр эле. Кээде Искендер сыяктуу ичинен ак санашкан адамдарга да муштумдай түйүлгөн ички каршылыгы болоор эле. Ар дайым урунбай-беринбей түз жүргөндөн тажаган Шакем:
"Жаман көрүп ичкенди, гений көрүп Искенди…" деп мага, мен аркылуу Искендерге сөздүн каймана маанисинде тийишкен ыр саптарын да жазар эле.
Нуралы Капаров




Казат АКМАТОВ, Кыргыз эл жазуучусу:
"Шакем сыйлык берет го деп ойлопмун"
- Былтыр, 12-декабрда, так Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө акындар арасында өтүүчү Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп калды. Ага чейин Шайлообек Дүйшеев үйгө беш-алты жолу чалып, "Сиз сөзсүз келишиңиз керек" деген. Эртең деген күнү: "Сыйлыкты унуткан жоксузбу?" деп дагы эскертти. "Ой, байболгур, аттарын атасаң боло, сыйлык ээси ким?" десем, "Келсеңиз көрөсүз" деп табышмактатып айтпай койду. Ал сыйлык жөнүндө аялыма айтсам, ал дароо эле акчасын сурады. "100 миң сом экен" десем, "Кокуй бар" деди. "Бу Шакем жөн жүрчү эмес эле, Кудай атып сыйлыкты мага берип салдыбы?.. Бирок мен прозаикмин да, мага кандай тиешеси бар?" деп, кирпик какпай ойлонуп, түн уйкудан калып таң атырдым. Анан айтылган дарекке баратсам, "Келатасызбы?" деп дагы чалды. Ого бетер жүрөгүм опколжуп кетти. Баргандан кийин сыйлык ээлери - Анатай Өмүрканов менен Кыялбек Урманбетов экенин билип жатпаймынбы…


Келдибек НИЯЗОВ, куудул:
"Шакем түн ичинде китептерин ыргытам деп..."
- Оу-у, Шакем Райкан, Мидин, Байдылдадай капилет таамай жооптун устасы, чымчып сүйлөгөн тапандын тапаны да. Филармонияда чогуу иштеген жети жылда куудулдугуна, мээнеткечтигине, азыркысын ананкыга калтырбаган, ызы-чуу дебей иштей берген дулдулдугуна нечен таң бергем. Анысын байкаган Асанкул Шаршенов да: "Бул биздин киши эмес, бөлөк планетадан келген. Муну тезинен текшертиш керек" деп атпайбы... Чогурашып, кыраан-каткы болуп Шакебиздин кабинетинен эле чыкчу эмеспиз. Күлкүбүз директирдин бөлмөсүнө чейин угулса керек, ал "эмне болуп атасыңар?" деп чуркап келип калчу... Ошондой күндөрдүн биринде 1993-жылы, Ноорузда Москвада иштеп, окуп жаткан кыргыздардын чакыруусу менен жөнөп калдык. Мейманканага жетип, эки-үчтөн бөлүнүшө келгенде Шакем экөөбүз бир болуп калдык. Эки бөлмөлүү номердин киреберишиндеги койкада бирөө уктап жатыптыр. Колдонгон майда-бараты түгөл импорт. Андайда Шакемдин тили жөн турабы! "Келдибек, эртең менен самын, паста, щеткабызды алып чыкпай эле кой. Мына мунун буюмдарын пайдаланабыз. Бул жерде кыргыздын сабиз, пиязын соодалап акча таап жатат да" дейт. Эртең менен ойгонсок ал жок экен. Анын самын, пастасынан бир аздан колдондук. Жуунуп-таранып олтурганда келип калды. Меймандос жаныбыз дасторкон жазып, алып баргандарыбыздын баарын ортого коюп, аны чакырдык. Чоо-жай сураштырсак, улуту корей, соодагер эмес эле, Кыргызстандын каратэ боюнча башкы машыктыруучусу болуп чыкпадыбы... "Кокуй, буюм-тайымына тийишип тамаша кылбаганыбыз ажеп болгон турбайбы. Болбосо бир удар менен бизди жалпайта чапмак экен" деп күлдүк.
Бир курдай экөөбүз борборубуздагы кабаттуу үйлөрдүн биринде бир подъездде жашадык. Меники эки бөлмөлүү, аныкы бир бөлмөлүү. Бир күнү мен көчө турган болуп калдым. "Качан көчөсүңөр?" деп аңдыгандардын катары арбып, а мен Шакемди жакынсынтып кеңеш айттым: "Эч кимге билгизбей түн жамынып көчүп кетейин. Ордума сиз көчүп алыңыз" деп. Ал дароо макул болду. Эл кызуу уйкуда жатканда көчүрүшүп, Жолдошбек Зарлыкбеков менен Кыялбек Урманбетов көмөккө келген. Китептерин кирпичтей кылып көтөрүп түшүп келаткан Шакемдин алдынан аңдыгандардын бирөөсү чыгып, "Буларды каякка алып баратасыз?" деп сурап, чый-пыйымды чыгарды. А Шакем: "Бир бөлмөгө китептер эмес, өзүбүз батпай кеттик. Күндүз ыргытсам, "Шайлообек жинди болгонбу?" сыяктуу ар кандай сөздөр тарап кетеби деп, түн ичинде ыргытайын деп баратам" деп атпайбы камырабай...

Бейшебай Усубалиев, жазуучу:
Түнкү таң же өлүм неге сулуу көрүнөт?
...Биз анда чоң трактор катуу өтүп кетсе, анын үнүнөн кулап кетчүдөй болуп араң турган, узун имаратта иштечүбүз. Жумакан Тынымсеитова эже төркү, мен оозгу бөлмөдө отурчумун. Ал эшикке кирип-чыкканда, эмне кылып жатат дегенсип, мага көзүнүн кыйыгын салып өтөр эле. Кээде редакциядагылар жер түгөнүп калгансып, толгон жерден менин жаман үстөлүмдүн жанында адабият жөнүндө кызуу маек курушчу. Акыры келип мага токтошчу.
- Бейшебайдан акын чыкпайт, - дечү эже ойлуу да, ишенимдүү да. - Бейшебайдын мүнөзү таптакыр бөлөк, акындардыкына деле бир окшобойт. Бейшебайдан мыкты журналист же жазуучу чыгар, бирок акын...- Башын чайкап койчу.
Бул мага катуу тийчү. Арданчумун. Анда мен өңгөгө билбейм, өзүмө жаккан жалындуу ырларды жазчумун. Эженин сөзү катуу тийсе да, жаза берчүмүн. А эже эч ким жокто, өзүмө дагы айтчу. Азыр да кулагыма жаңырып турат:
- Бейшебай, айланайын, сенден акын чыкпайт. Сенин кыялың таптакыр бөлөк. Мына, акындарды карачы...
"Кайсы кыялды айтып жатат? Кыялыңдын бул жерде эмне кереги бар?" - деп ойлочумун. Бирок эжеге үн катчу эмесмин. Ал бир аз жанымда турчу да, жооп күткөндөн чарчагандай, төркү бөлмөгө акырын кирип кетер эле...
А мен жаза берчүмүн. Бирок бирөө да чыккан жок. Баары жарабай калды. Жок, бирөө жарады окшойт. "Нарын правдасында" 8-мартка карата ырга конкурс жарыяланып, менин да эне жөнүндөгү бир ырым чыккан. Эми ойлосом, редакциядагылар ырымды өзүбүздүн балабыздыкы деп "жаратышса" керек...
Кийин-кийин - бир жагынан, илим доктору болуп, экинчи жагынан, аңгеме, повесттерим удаама-удаа жарыяланып жаткан учурда менин Дүйшеевден эмнем кем деп, кайрадан ыр жазып көрдүм. Чыкпай койду.
Ошондо эженин назик жүрөгүн эстедим...
Эже мени "ийлегени" менен, башкаларды көкөлөтүп турчу. Деги эле эже дайыма артын кылчак-кылчак карап, негедир тынчсызданып жүрөр эле. Өзүнөн кийин келаткан муундар жөнүндө толкунданып да, тынчсызданып да кеп кылып жатканын көп эле уктум. Бир-экөө өзгөчө эсимде калыптыр. Роза Карагулова жөнүндө бөтөнчө бир сүймөнчүк менен айтчу. Кат жазышып турушса да керек эле. Айтып-айтып келип, акырында муңайым:
- Күйөөсү ичет окшойт...- деп койчу акырын.
Анан бул жарыкчылыкта өзү эле калгандай, эч нерсеге көңүл бурбай, алдындагы эки баракка тигилчү. Сыягы, ал Роза эжеден келген кат болсо керек...
- Ат-Башыдан бир бала өсүп келатат. Жетим экен. Ырлары тим эле укмуш!.. - деп эже барбалаңдап сүйүнүп жатканын бир жолу кулагым чалып калды. Эже дагы эле айтып-айтып келди да, бир маалда тык токтоп. - Кийин ичип кетпесе экен...- деп койду ойлуу.
Чын эле, ошол "укмуш" укмуш экен - көп өтпөй эле мурдун барбайтып Шайлообек Дүйшеев деген бир жылдыз жанып чыкты...
Айтпадымбы, бейрасмий "жыйындар" көбүнчө менин жаман үстөлүмдүн жанында өтчү. Кээде редакциядагы эже курлуу эркек-аялдар өздөрүнчө эле кужуңдашып, бир маалда эле сырдуу күлүп калышчу. Мен түшүнчү эмесмин, каттар менен иштей берчүмүн. Менин байкай койгон эже ыңгайсыздана:
- Бейшебай, эшикке чыга турасыңбы...-дечү.
Мен чыгып кетчүмүн. "Мени неге чыгарып ийишти?"-деп ойлоп коёр элем өзүмчө.
"Агым" 2010-жыл, 7-май.
(Кыскартылып алынды)


Апас САРПАШЕВ,
"Градиент" фирмасынын кызматкери:
"Шакемдин ырын мага сатып…"
- Шакебиз Алик Акималиевге арнап ыр жазыптыр. Ал ырдын ортосунда мындай деген 4 куплет сабы бар:
"Арак достор өрүлүктөп кирчү эле,
Аялы анын завод ишин сүйчү эле.
"Атакелеп" балдар
тосуп апасын,
"Апакелеп" Аликти ээрчип жүрчү эле".

Аягын минтип бүтүрүптүр:
"Керимбайдын кези болсо келтек жеп,
Кетмек небак о дүйнөгө телтектеп.
Кадырлаштар кармап жүрөт акын деп,
Катыны анын кармап жүрөт эркек деп".

Аны окуп алып аябай күлдүм. Бир күнү кабинетиме Алик Акималиев келип калды. "Сиз жөнүндө Шакем сонун ыр жазыптыр" десем, "жакшы экен" деп кубанганы менен кабары жок экен. Окуп берсем, кызарып-татарып жаман болду. Унчукпай чыгып кеткен. Бир күнү баягы ырды ак баракка бастырып, жасалгалап алып келиптир. Анан мага: "Сиз жактырган ырды алып келдим, сатып алыңыз" деп атпайбы. Аликемдин амалына таң калганым менен уялганымдан сатып алгам.