html>"Кыргызстан маданияты", 23.02.11 - 20-бет: •


Сулайман Мамбеталиев, устат-журналист:
"Шайлообек анда
жаш калем"
Шайлообек Дүйшеев окууну жаңыдан бүтүп келип иштеген "Нарын правдасы" гезитинин ошол кездеги редакторунун биринчи орунбасары, учурда Теңир- Тоодо ардактуу эс алууда жүргөн Сулайман Мамбеталиевге кайрылдык.

- Сулайман агай, Шайлообек Дүйшеев окууну бүткөндөн кийин "Нарын правдасында" иштеген турбайбы, ошол жылдар тууралуу айтып берсеңиз?
- Убакыттын учкан куштай өтүп жатканын карабайсыңбы, кызым. Ал убакта мен "Нарын правдасы" гезитинин редакторунун биринчи орун басары болуп иштечүмүн. Андан бери пенсияга чыкканыма 23 жыл болуп кетти. Шайлообек иштеген ал убакка 30 жылга чамалап калды го.
Айланайын кызым, адегенде эле Шайлообекке менин куттуктоомду жазып ала барчы. Өмүрү узун болсун, жалпы эл- журтка кылган татыктуу кызматына, бул жакта туруп, биз бөтөнчө сыймыктанып жатабыз. Али жаш, жаза турганы, жарата турганы дагы алдыда. Өркөнү өссүн баланын!
"Нарын правдасынан" калем кармап баштагандардын бир тобу ийгиликтүү иштеп жатышат: Шайлообек Дүйшеев, Бейшебай Усубалиев, Темиркан Токтобаев, Турганбек Шайыков, Рахым Асылбаев… дагы бир далай балдарым бар.
Ал убакта элетте журналисттер жетишпей, анча-мынча чымыны бар балдардан тандап, жогорку окуу жайына жолдомо менен жөнөтүп турчубуз. Алардын кээ бири кайрылып иштегени келишчү, кээ бири ошо бойдон борбордо калып калышчу. Ошондой убактын биринде борбордон сары чийкил журналист жигит иштегени келди. Ал Шайлообек экен. Мурда бизден практикадан өтүп, гезитте ырлары жарык көрүп, биртике көзгө көрүнүп калган болучу. Ыр жазып, ырларынын келечеги бар экени байкалчу. Практикага келгендеги кезинин эсимде калганы Тогуз-Торого командировкага барам десе, редактор Абакиров "практикант үчүн кайдагы командировка?" деп какмалап койсо керек, ызаланып алыптыр, ошондо "чоңдор ошенте берет" деп жооткотуп, сооротуп койгонум эсимде.
- Жаш калем кезинде кандай иштечү эле, ал кездердеги макалаларынан эсиңизде калганы барбы?
- Сөздү жок жерден тапкан, куудул сүйлөгөн жигит болучу. Шайлообектин "Редактор Мусаев" деген чыгармасында ошол кездеги биздин редакциянын турмушу таасын сүрөттөлүп жазылып атпайбы. Редакторубуздун ошол партиянын күчү күч болуп турган кездердеги редакциянын кызматкерлерин областтын кара жумуштарына чыгарттырбай койгону, областтын чоңдоруна татыктуу жооп бере алгандыгы, айтор а кездеги элеттик редакциядагы турмушту ушундай бир кемелине келтирип сүрөттөп жазып бербедиби. "Мамбеталиев Сулайман биринчи орун басар болучу. Бир караганда атактуу киноактер Леоновго түспөлдөшө түшкөн, акылдуу киши эле, иччү эмес" деп жазып атпайбы Шайлообек. Ошо ичпеген мени Мусаев "ошо ичпейм, ичпейм деп коюп эле шампан көргөзсөң эле шампалаңдап түбүнө түшүп кетчү эле" деп айтып элди күлдүргөнүн да кыстарып койгонун окудуңарбы? Дүйшөнбай Мусаев жана биздин "Нарын правдасы" гезити ошентип "көңүлдүү" иштечүбүз. Шайлообектин ал жазгандарын окуп, ошол кездеги жылдар эске түшүп, "Мусаев да эр экен, биз да эр экенбиз" деп, моокумубуз канып эстеп, жыргап калабыз.
- Шайлообек байке менен жолугушуп турасызбы?
- Кез- кезде болсо да жолугушуп калабыз. Жазгандарынан дайынын угуп, ырларын окуп, "Азаттыктан" үнүн угуп турабыз.
Менин атыман журналисттер үчүн уюштурулган сыйлык бар, Кыргызстан журналисттер союзу менен кеңешип, ал сыйлыкты мыктыларга ыйгарып турабыз. 3-4 жыл мурун сыйлыкты Журналисттер союзу менен кеңешкенден кийин, Шайлообек Дүйшеевге ыйгарылган. Ошондо "Азаттыкка" өзүм кошо барып сыйлыкты сыймык менен тапшырган болчумун.
- Шайлообек Дүйшеев "Редактор Мусаев" деген сыяктуу сизге арнап да чыгарма жаздыбы?
- Мага "Сулайман тегин ат эмес" деген ырын арнаган. Ошол ырдан окуп берип коеюн:

"Малынып бирөө жалганга,
Маасысын сатып сандалга.
"Манасы" тургай бул күндө,
Макала чыкпай калганда
Макел дөө сезген далайлар,
Маң болду батып арманга.

Калтаартты жашын, карысын,
Канжолдо даңкан салышың.
Касиет бар да каныңда,
Катуулап чыкты дабышың.
Калдайган Теңир Тоонун сиз,
Калемге кайрап намысын.

Сураксыз жаткан таш эмес,
"Сугатсыз" жаткан мас эмес,
Сурагы бузук заманда
Сумсайып калган аз эмес.
Суу башы болсун деп койгон
Сулайман тегин ат эмес.

Келип тур, байке эсебиң,
Кеменгер жан деп сеземин.
Кээ бир чал жүрсө миналбай
Кепичи менен эшегин.
Келишкен китеп чыгарып
Кекирип турган кезегиң.

Сексендин таппай эсебин,
Селейип сүйрөп этегин.
Сенделип бүгүн далайлар,
Серпалбай жатса тезегин.
"Селт" этип койбой сен байке,
Секирип жүргөн кезегиң…

Ушинтип ыр чыгарып, замредактор абышканы кубанткан деп кошуп жазып кой, кызым.
- Сизге да рахмат.
Маектешкен
Айгүл Бакеева




Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ, акын, журналист:
"Шакем прокурордун
мурдуна шагыл "тыкканда"…
- Жайдын күнү эле. "Асабанын" он кишиси Ошто жүргөнбүз. Окурмандар менен жолугушуулар укмуш эле болду. Тытмалаган студенттер арасында автограф бергенден өткөн авторитет болобу! Бир жума жүрдүк. Шейшембидеги санда "Төбөгө төкчү битумду жолго төшөп жатышат" деген сын макалам жарыяланыптыр. Окуп, чыккан турбайбы деп тим болуп койгом.
Ал макаланы даярдоодо битумдун 32 түрү, шагылдын 6 түрү болорун билип, нагыз маалыматтарга таянып жазган элем. Макала көлөмдүү эле. Жеп-ичип жиберишиптир. Чатырга төгүлө турган битумдун баасы жолго төгүлө турганынан алда канча арзан экен. Аны Өзбекстандан жүздөгөн цистерналап ташып келишип, чатырга төгүлчүнү жолго төгүп, ортодогу жүз миң сомдор солго солонуп кетип жатканын, анын күбөсү Горький көчөсүнө төккөн битум жарым жылга жетпей көөп чыгып жарылып-жарылып калганын айткам.
Шайлообек Дүйшеев "Асабанын" редакторунун биринчи орун басарлыгында олтурчу. Материалыңды кесип ыргытканга келгенде Шакемдин болот калеми жону калың каман сөздү жонунан тилип, мизилдетип коет эле. Шакем кыйшак-куйшак жазган кол тамгаларды же орфографиялык катасы бар жазмаларды окуганда орангутандай эле бети-башын тырыштырып калат. Өзүнүн кол жазмасы ийменчээк кыздыкынан бетер сулуу, катасыз.
Ошентип, Шакем, иш милдетине байланыштуу менин кара паста менен жазган макаламды окуп чыгып, ойлонуп туруп, этегине көк паста менен: "ылайлуу карашагыл төгүлгөн көчөдө кара "Волгада" чалкалап кетип баратып шаар прокурору эңкейип терезесин ылдыйлаткан экен, каршы катардан зуулдап бараткан машинеден ыргыган майлуу кара шагыл таш мурдуна тыгылып калыптыр" деп кошуп салыптыр. Анысын байкаган эмесмин. Шаар прокурору деген бул - оп тартып турган ажыдаар да, "кың" десең жутуп коет.
Оштон шапата менен түшүп келсек, Эрнис очкисин улам оңдоп "мына прокурордон представление" деп желмогуздай бир тилим кагазды көрсөттү. Шакем ошол эле замат үрккөн аттай жалт берип, жыгылып кала жаздады. "Эмне претензия экен?" десем, ал "прокурор мурдунан чыкканча тоюптур, макалаңдын этеги ошентип жатат, далилдегиле, болбосо каматам деп атат",- деди Эрнис.
Шаардык прокуратура редакциядан 20 эле метр аркы көчөдө. "Сен бар, мен бар" болуп бир топко ыйкы-тыйкы түшүп, акыры Шакем экөөбүз бармай болдук. Бардык. Тар кабылдама экен. Коңкаргадай улам тынбай кирип-чыккан прокурорлорду тумшук буруп карап олтурабыз. Эгеримде мындай издевательствону көргөн эмесмин. Бир жарым саат олтургандан кийин "бош эмесмин, эртең ушул маалда келишсин" деп катчы кызынан айттырып, макаланын түп нускасын алып келгиле дептир. "Даана балээге кабылганбыз го, Шаке" десем, "Мелис киришпей атпайбы, өз кылыгыңарды өзүңөр тарткыла деп, ал прокурорго бир сөз айтса эле бүтөт" деп өзүн да, мени да жооткотту.
Эртеси дагы чакырык болду. Жөн калчудай эмеспиз. Келесиң деп кол койдуртуп кетти чабаганчы. Ээрчишип дагы бардык. Дагы тар кабылдамада улам кирип-чыгып аткандарды коңкаргадай болуп карап коюп олтурдук эле. "Кирсин!" деген буйрук келди. Шаар прокурорунун кабинети узун экен. Шакем эшик тараптан атып эле жөнөдү. Барып эле значогу жаркыраган прокурорду "басып" жыгылды. Бек кучактап, тиги жулунса да кое бербей туткакташа кетишти: "эми бир тууган ага-ини болот турбайбызбы" деп. "Сен Ат-Башыдан, мен Нарын облусунун Нарын районунун Үчнурасынан болсом, анан каяктан ага-ини болот экенбиз. Токтот. Отургула!" деди прокурор. Олтурдук. "Кана макаланын түп нускасы?" деди. "Менчик гезит болгондуктан түп нускалар сакталбайт" деп Шакем кашкайта айтты. Оригиналды кечээ эле айрып урнага ыргытып жиберген болчу. Жайдын ысыгында Чеховдун каармандарынан бетер кара костюмчан жигит турган кабинетке "чакыр, Баланчаевди" деди. Баланчаев келгенче үндөшпөй олтурдук. Ал жигит камакка жооптуу башкарма начальниги экен. Макаланын автору катары үч күн камакка отура турган болуп калдым. Баланчаев машинкесине менин камак дарегимди толтуруп чыгып, кол койдуртту. Прокурор менен Шакем кабинетте калган. Эмне тилге келишти, билбейм. "Эмдиги жумада гезиттин биринчи бетине опровержение бермей болдук" деп Шакем кудуңдап чыкты. Мени бошотуп, редакцияга баратып Шакем: "кандай актанабыз ыя, мурдуна май шагыл тыгылган эмес деп жазабызбы?" деп коет билмексен болуп. Ансыз да ыза жутуп турган элем: "андан да катуу, көркөм жазабыз" деп жаалданып койдум.
Кийинки жумада прокурор опровержениенин түп нускасын окуп, эки-үч жерине оңдоо киргизиптир. "Юстициянын генералы, өз кесиби боюнча коомдун жана атуулдардын алдында бараандуу баркы бар…" дегенди кыпчыптыр. Калганы шагыл көрсөк көзүбүз кашайсын дегенчелик актаманы жарыялап бердик. Кийин прокурор гезиттен окуп, "жеген тетиги битум заводдун деректири, аны каматып койсом, силерге кагаз сойлотуп жиберген турбайбы. Жесе, ал жеди, түрмөгө түшөт, а причем здесь менин мурдум?" деп дагы бир күйүнүп алды. Коомдук пикир деген шумдук да. Өзүнүн эле теңтуштары "Асабадан" окудук, мурдуңан чыкканча жеген турбайсыңбы" дешип шыкактап коюшуптур. Ошону менен ошо болду. Тазаматак кутулуп кеттик!
Ошондон жарым жыл өтпөй ошол прокурор эс алып жаткан жеринде кайтыш болду деген кабар уктук. Шакем чочуп кетип, анан мага акырын шыбырап коет: "Бизге тийишпей жүрүшсүн да…"