html>"Кыргызстан маданияты", 23.02.11 - 21-бет: •


Шакемдин жылдыз белгиси - балык
Балык белгиси алдында туулгандардын арасында акын-жазуучулар, композиторлор, ырчылар арбын. Дүйнөгө таанымал композиторлор Россини, Шопен, Вивальди, Штраус, Гендель, Римский-Корсаков, сүрөтчү Микеланджело, жазуучу Виктор Гюго, акын-жазуучу Салижан Жигитов ушул белгинин алдында туулган. Шайлообек Дүйшеев да балык белгисинин алдында жарык дүйнөгө келген.


Балыктын терс кайрыгы
Чоң астрологдордун бири Эвантелина аттуу айым "Сиздин балык болуп калгандыгыңыз бир тең, дениңизде эки балык болуп калгандыгы дагы бир тең. Ал балыктын бири агым менен, экинчиси агымга каршы сүзөт. Ушунусу менен балык белгисиндегилер бир караганда карапайым көрүнгөнү менен зодиак белгисиндеги татаал типтерге кирет" деп айтканы бар. Аларды төңкөрүшчүл, мистика менен романтикага жык толгон Нептун башкарып турат. Зодиактагы эң акыркы белги болгондуктанбы, балыктар өздөрүнө камкордукту акыркы орунга коюшат.
Эгер алардын күчтүү сезими оң жагына бурулса, жаратман боло алышат да, терс жагына бурулса, кыйраткыч болуп кетишет.
Мажүрүм талга окшоп шамал кайда бурса, салбыраган шактарын ошол жакка жайып жибермей жактары да бар.Ишенчээк. Бирөөлөргө азгырылып, табиятына туура келбеген кадамдарды да жасап жибериши ыктымал дешет астрологдор. "Балык" Нуралы Капаровдун "балык" Шайлообек Дүйшеев жөнүндө жазган макалаларындагы берген мүнөздөмөлөрү астрологдордун айткандарына бап келгенсип турат.


Кастары кимдер?
Касташкан кишилери эле кайдыгерлер көрүнөт. Ачык чыккан кастарын эч ким деле көрбөптүр. Бир гана акын Алик Акималиев "менин тишимди, декабрда көйнөкчөн жүргөнүмдү Шакем эле көрүптүрбү, мындан ары аны менен касташам" деп жүргөн дешет. Бирок ал деле кас болуп жыргатпай, Шакемдин жымыңдаган жылуу жүзү менен кудуңдаган кейпин көрүп, акыры дос болуп тынат го деген түкшүмөл бар.


"Кыдыр" болуп кездешкендер
Шайлообек Дүйшеев өзүнүн акындык тагдырында оң таасирин тийгизген ага, ини, досторун өзгөчө жылуу маанай менен сөз кылып, "алар менин ак жолумду ачкан Кыдырларым" деп келет. "Кыдыр" санаган ага, ини, достору: акын Жумакан Тынымсеитова, эл акыны Сүйүнбай Эралиев, эл жазуучусу Асанбек Стамов, саясатчы Болот Шернияз, адабиятчы Эсенбай Нурушев, акын Нуралы Капаров, илимпоз Искендер Жумабаев, адабиятчы Каныбек Эдилбаев…
Акын Жумакан Тынымсеитова жаш калем Шайлообектин акындык талантын биринчилерден болуп байкап, областтык гезиттин бетинде тушоосун кескен. Эл акыны Сүйүнбай Эралиев Шайлообектин тунгуч китебине ак батасын берген. Эл жазуучусу Асанбек Стамов Нарындан Фрунзе шаарына көчүп келип, чыныгы чыгармачылык чөйрө - Т.Сатылганов атындагы филармонияга адабий бөлүмүнүн башчысы болуп олтурганга себепчи болгон. Ал эми "Каныбек Эдилбаевдин, Болот Шернияздын, Эсенбай Нурушевдин, Нуралы Капаровдун, Искендер Жумабаевдин мага жасаган жакшылыктарын айтып түгөтө албайм" деп эскерет Шайлообек Дүйшеев.


Түтүнсүз тогуз жыл
CCCР жылына чыгарган 365 млрд даана тамекинин канчасы Шакебиздин "курмандыгы" болгонун ким билет, бирок тамекинин сазайын жакшы эле берип, 35 жыл көк түтүндү булатыптыр. Советтик делген "Прима", "Астра", "Полет", "Дымок", "Памир", "Ява", "Столичные", "Космос, "Союз-Аполлон", "Лайка", "Беломорканал", "Казбек," Кубанын жыттуу, болгардын барктуу тамекилери (маселен, Ту-134, Родопи, Опал), 70-80-жылдары мода болгон Marlboro, Kent, Camel, Salem, биздин "Комуз", "Ала-Арча", "Кыргызстан"... Ошентип эки таноосу менен жалгыз оозунан кенедей Кыргызстан эмес, калдайган Казакстанды толук чүмкөп калгыдай түтүндү үйлөп бүткөндөн кийин, тамеки тартканды токтотконуна тогуз жыл толуптур.


Алтымыш ашуу
Шаке чыгармачылыкка шашылбай келди. 25 жашында жогорку окуу жайында окуду, 30 жашында окууну аяктады, 35 жашында алгачкы ыр жыйнагы жарыкка чыкты. Адабий дүйнөгө кеч, 38 жашында аралашканы менен, кийинки жыйырма эки жылда жемиштүү иштеп, алда канча алдыда келаткан активдүү акын-жазуучуларды артка таштап, дулдул акын аталды.
Италиялык залкар композитор Верди 82 жашында "Аида" аттуу эң мыкты сүйүү операсын жазган. Шаке деле алтымыш жашында он сегиздеги жигиттин жүрөгүндөй жүрөгүнөн сүйүү лирикасы төгүлүп турган кези.


Асан, Хасан Каскадроп...
Псевдонимди эгемендик келгенде Эшимканов көп колдонду. Болгондо да атактуу кишилердин атын. Мисалы, Т.Касымалиев, Т.Ишемкулов деп. Аны Шакем да тастыктайт. "Тилектеш Ишемкуловбу?" деп ызы-чуу болуп жатып калышат, "ой, ал башка Ишемкулов" деп түшүндүрөбүз. "Мелис -Жолдошбек Зарлыкбековдун Ж.Асанов деген жашыруун атын да көп колдонду" дейт.
Шаке Хасан, Асан Каскадроп аттуу псевдонимдери болгонун мойнуна алды. Хасанды - Акаев кезинде, Асанды - Бакиев кезинде пайдаланган. "Хасан -Акаевге, Асан- Бакиевге таарынып, Татарстан тарапка кеткен " дейт тамашалап.


Сотка көтөрөбү?
"Жетимен" журналында иштеп жүргөндө биринчи жолу сотканы колго кармаган. Аны Болот Шерниязов белек кылып, кандай колдонушту шоопуру үйрөтүптүр. Ошентсе да, алигүнчө алганды, чалганды, анан саатка койгонду гана жакшы билет. Биринчисин уурдатып ийгенден кийин, үч сотка алмаштырат. Уул-кыздары заманбапка жараша алып беребиз десе, "Эптеп эле иштеп, Зейне экөөбүз сүйлөшүп турганга жараса болду" деп болбой, эң төмөнкү маркадагы сотканы көтөрүп жүрөт.


Андагы атыр жыт
Атырды кыздарга кат жазгандан бери себине баштаган. Айткандай, атырдан атыр тандабайт. Атырды азыр деле себинет. Алгач атырды алаканына куюп туруп, башынан ылдый шыбанып жүрсө, азыр ченеми менен куюнганды үйрөнгөн.


"Келесоосу" келдиби...
Филармонияга жаңы келгенде бардыгы Шакемдин кийимине карап тосуп алышыптыр. Анын таланты кийминде эмес, башында экенин билгенден баштап баалап калышкан. Өзү да ал убакты жылмаюу менен эскерет. "Филармониянын белдүү кызматкерлеринин катарына илинип калганда Асанкул Шаршеновдон: " Жаңы келгенде мени кандай деп ойлодуңуз эле?" деп сурасам, ал: "Таланттуу деп көп эле адамды алып келишти. Эң келесоосун эми алып келген экен деп ойлогом" деген. Анан кантет? Батинкем майрыйып, шымым үтүктөлбөй, үрпөйүп турсам, ошондой деп ойлойт да" деди.


Жумушка кантип орношкон?
"Азаттыкка" досу Эсенбай Нурушев алып барган. Босогосун аттаганда дубалды карап алып компьютер басып олтургандар көзүнө кошок кошкон аялдардай болуп көрүнүптүр. Аларга эки жолу салам айтса, алик алышпай коюшат, таарынып үйүнө кетип калат. Арадан он күн өткөндөн кийин, Эсенбай досу алар кулактарына наушник салып алып укпай калгандарын түшүндүрүп бергенден кийин барган. Башында компьютер басканды билбей, материалдарын монтаждап, сайтка жайгаштыруудан кыйналса, азыр аларды жаңы келген жаштарга үйрөтүп калган кези...


Сотка жөнүндө жомок
Сотканы биринчи жолу Жолдошбек Зарлыкбековдун колунан көргөндүгүн айтат. "Ал бардык нерсени биринчилерден болуп сүйүнчүлөгөндү, койкоңдогонду жакшы көрөт эмеспи. "Агымда" жүргөндө сотка көтөрүп калды. Шыңгыраса эле "аллоолоп" коридорго чыгып кетет. Артынан кызыгып карасак, бирөө менен сүйлөшүп жаткандай болот. Сурасак, "Муну силер билбейсиңер. Муну цивилизованный адамдар көтөрөт" деп, же тыңгылыктуу көрсөтпөйт, же карматпайт. Бир күнү күркөдөн Жолдошбек көтөрүп жүргөн сотканы көрүп калдык. Олуттуу эмес эле, оюнчук сотка экенин ошондо билбедикпи..."


Салмагын сурасаңыз...
Бою - 1 м 64 см. Салмагы - 80 кг. Дайыма бир калыпта жүргөнгө аракет кылгандыгын айтат. "Ак суудан" ичип жүргөндө арыктап кеткем, азыр салмак кошо баштадым" дейт. Бут кийимден 40-размер киет. Кийим тандаганды азыркыга чейин билбейт. Жубайы эмнени алып берсе, ошону киет.


Самсактын "кесепети"
Шакебиздин 35 жашында тун китеби чыгып, 38 жашында СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынды. Чыгармачыл арышынын арбышына кошунасы Самсак Станалиевдин "кесепети" тийиптир. Кеч болобу, түн болобу, таңбы, Самсактын мансардынын жарыгы дегеле өчпөгөнүн Зейне эже көп байкайт. Анан эле "Эл тигинтип тыным албай иштеп жатса, сен уктап жатасың" деп, Шакебиздин кулагынын кужурун ала баштайт. Бала кыял Шакебиз эл ушинтип иштейт турбайбы деп катуу киришип, ошол күндөн ушул күнгө чыгармачылыкта тыным деген эмне экенин билбей келет. Азыр ал окумдуу акын-жазуучулардын катарында.90-жылдарда жарык көргөн "Кайдыгерлик" аттуу китеби 50 миң (!) нуска менен жарык көрүп, бир айга жетпеген убакытта сатылып кеткен.


Иш графиги
Шайлообек Дүйшеев аз уктап, көп иштейт. Эрте жатса да, кеч жатса да таңкы саат 4.00дө турат. Эртең менен тамактанбайт, көнүгүү кылбайт. "Азаттык" радиосунун "Басылмалар баяндамасы" бөлүмүндө беш жылдан бери эмгектенет. Иши таңкы саат 4.30да башталат. Шейшемби, шаршемби, бейшемби күндөрү "Вечерний Бишкек" гезит базарына саат 5.00гө барып, саясий гезиттерди алып, "Азаттыкка" келип, даярданып, гезит кабарларын 7.30да эфирге алып чыгат. Калган-катканын толугу менен сайтка чыгарат. Кызыгы - эл ишке келип жаткан кезде, ал үйүнө кайтат. Үйүнө барган учурда балдары жаңы ойгонуп, жубайы чай кайнатып жүргөн учуру болоорун айтып күлөт.


Ишиндеги көз боемочулук
Иш тажрыйбасы аздыгынан ишинде "көз боемочулукка" барган. Ал "Азаттыктагы" алгачкы тапшырмасы - "Мугалимдер жөнүндө" даярдоо болгон. "Темселеп кайда, кайсы мугалимге бармак элем" деп өзүнүн жубайы Зейне айымды алып келип, маектешип, эфирге чыгарып ийет. Анысы билинип калып, планеркада катуу талкууга алынып, жетекчиден эскертүү алат. Тууган-урук, жакындарын жакын жолотпоо жобосун ошондо билет.


Мурундар мозаикасы
"Балыктардын" кишинин кебете-кешпирин сүрөттөөгө маш экени табият берген тартуу. Шакем да кыргыз азил-тамашаларын мурундардын мозаикасы менен байытты. Николай Гоголго окшоп Шаке сатиранын да катыгын берди . "Төрөзидиум мурундар", "Жумушчу мурундар", "Сынчы мурундар", "Чоң казат", "А биз болсок" … аттуу "мурундар" циклинде кыргыз мурундардын түрлөрүн мисалга тарткан.
"Оң жагында Түкөмдүн дүңкүк мурду,
Сол жагында Аалынын түркүк мурду.
Олуялар жана да чалыялар,
Ортосунда Чыкемдин бүркүт мурду"…


"Мындайдын "Менюсу"
Шакебизден сураганга оңтойсузданып, акын-жазуучулар чөйрөсүн билгендерге собол салсак: "Мындайдын "менюсу": жайы - кымыз, кышы - бозо, жакага түшкөндө киричме, анан арак-шараптын бүт түркүмү" дейт. Бүт түркүмү делгени, "Русская водка", "Московская водка", "Пшеничная", "Янтарь", "Медовая", "Экстра", "Кагор", "Кара-Балта", "Юбилейная", "Вермут", "Портвейн"... Арагы менен да, шарабы менен да былтыр таптакыр коштошуптур. Ичели дегендерге: "Манас" орденин тагынгандар ичпейт", анын үстүнө президент Роза Отунбаева "ичпе!" дегендей таризде колумду катуу кысканда, карышкан колум үч күндөн кийин араң жазылды" деп каткырып калат...


Даярдагандар Айжан Айтышева, Салима ЖАКШЫЛЫК кызы