html>"Кыргызстан маданияты", 23.02.11 - 22-бет: •


Байтүп дарак
Маараке ээсинин Арча-Бешиктеги куттуу үйүнө барып, уул-кыздары, күйөө балдары, бал тилдүү неберелери менен тааныштык. Биз менен катар даректүү тасма тартабыз деп "Айтыш" киностудиясы да барып калыптыр. Үй бүлө атасын бирибиз сүйлөтүп, бирибиз уул-кыз, күйөө бала, неберелери менен ар кайсы фондо сүрөткө тартып кирдик…
Жакшы адамдын балдары да жакшы экен. Шаарда төрөлүп-өсүшкөнү менен салт-санаа, өзгөчө эне тилге келгенде ата-энени тартышыптыр. Нукура кыргызча сүйлөп ичибизди жылытты. Атанын жөнөкөйлүгү бардык баласында бар экенин байкадык. Алар менен баарлаша келсек, бардыгы эле апасы эмгектенип жаткан мектепти бүтүрүшүптүр.

Ата-энесин сагынып ыйлаган Изат
Нарын шаарында төрөлгөн үйдүн тун кызы учурда үч кыздын энеси. Кичинесинен эле китепке жакын чоңоюптур. Апасынын алдынан чуркап чыгып сураганы да конфет эмес, китеп болуптур. Биринчи класска баргандан эс тартканча бир классташ баласы "Шайлообек Дүйшеев деген акындын кызы" деп мугалимдерине тааныштырганын айтып күлдү. КУУнун филфагын бүтүп, өз мектебине мугалим болуп кайтып келет. Кесиптештери: "өзүбүздүн кызыбыз" деп сүйүнүшүптүр. Алты саат тынбай сүйлөгөн эмгекчил мугалим кыз Нурбек аттуу нарындык жигитке турмушка чыгат. Нарынга адеп барганда ата-энесин сагынып ыйлап алганын азыр күлкү менен эстейт. Назик, Айсулуу, Айшоола аттуу неберелердин кичүүсү таятасына окшоштугун айтты. Кичүү кызы менен азыр декретте, кичине торолуп алса, кайра ишке чыгам дейт.

Үйдө олтурганды жакшы көргөн Жазгүл
Учурда бир уул, бир кыздын энеси Жазгүл үйдүн ортончусу. Ал дагы Нарында, болгондо да үйдө төрөлгөн. "Апам мени төрөтканага жетпей үйдө төрөптүр. Ошондон уламбы, эч жакка чыккым келбей, үйдө отурганды жакшы көрөм" дейт күлүп. Мектептен кийинки билими БГУЭПтин туризм жагы, бирок өз кесиби менен иштебептир. Ишти да, сүйүүсүн да "Шоро" компаниясынан тапкан. Айбек аттуу балага кезигип, Таласка келин болду. Турмушка чыкканча ыр жазчу. "Атамдан көп талантынан ыр жазган жугуптур бир аз. Бирок саптарым кагаз бетине орусча түшчү эле" дейт. Эми калемди таштап, ашкана куралдары менен тамактын түрүн жаратып жатат. Ыр жазганды токтотконунун себебин, тамашасыбы же чыныбы, "сүйүүгө кабылгандан кийин таштадым" деп койду.
Оригиналдуу Адилет
Адилет эки эжесинен кийинки уулдардын улуусу. Азырынча бойдок, буйруса, ушул жыл ичинде, тагырагы күздө Таластын кызына үйлөнөм деп турат. Жаман адаттардан тыш, ичпейт, чекпейт, сөгүнбөйт. Намазга жыгылат. Хоббиси - футбол ойноо. Кесиби - дизайнер, "Жаңы Агым" гезитинде иштейт. Келечектеги планы: дизайнерлик студияны ачуу. Үмүт артканы: карындашы Салтанаттын ыр жазганы, атасынын жакшы көргөн кызы калемди таштабастыр деп тилек кылат. Сыймыктанганы, албетте, ата-энеси. Атадан орунсуз эмес, накыл кеп, энеден ачуу эмес, жылуу сөз угуп чоңойгонун баса белгилейт. "Атам барга көппөйт, жокко чөкпөйт. Жаман менен жаакташпайт, жакалашпайт. Ушунусу менен жагат. Атамдын ушундай сапаттарынын бизде сакталганына ыраазымын" дейт.

Сүрөткө түшкөндөн качкан Салтанат
Кичүү кыздын башка бир туугандарынан айырмасы: орус классты окуп бүтүргөн. 9-класстан кийин эле Финансы техникумуна тапшырган. Сүрөткө түшкөндөн качат, ар кыл сөздөн, көздөн алыс болгонду каалайт. Учурда "Мегакомдо" оператор болуп иштейт. Орус жана англис, албетте, кыргыз тилин жакшы билет. 7-класстан орусча ыр жазып баштаган. Атасы жөнүндө жазган ырын окуп күлүшкөн. Апасы сын айтып койсо, ырга толгон дептерин айрып салып, ыр жазганды токтотуп апасын кабатырланткан бир окуясы айтылды. Сакталып калган бир ыры англис тилине которулган кыргыз поэзиясы жыйнагына киргизилген.

Айылдык болбой калганына өкүнгөн Айболот
Үйдүн кенжеси 8-класста окуйт. "Бишкекте төрөлгөм, атбашылыкмын" деп баса белгиледи. "Шаарда төрөлүп, айылдык болбой калганыма өкүнөм. Шаар ыш, ал эми айылдын абасы таза, тоолору ажайып керемет, адамдары жапакеч. Шаарда пикет, митинг көп. Баарынын сүйлөгөнү саясат. Чынын айтсам, азыркы саясаттан тажадым. Былтыр "Замандаш" партиясын колдоп, велосипедимдин жели чыгып калганча желекти желбиретип жүрдүм. Ал жөнүндө атам да жазбадыбы. Аным келечекте БМВга айланып, ата-энемди чалкалатып Ат-Башыга бат-бат алып барып турам деп кыялданам. Чынында айылга кетким келет. Бирок ата-энем кайда болсо, ошол жакта болом. Аларды багышым керек" деп олуттуу сүйлөп таңкалтырды. Айболотто сөз эле эмес, көп өнөр жатыптыр. Алгач фортепьяного барып, азыр комуз күүлөрүн үйрөнүп жатканын, атасынын көрсөтмөсү менен М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыраарын айтты. Ырдачу жерден ырдап, куудулданчу жерден куудулданып коет экен. Оператор, журналист, ал түгүл ашпозчулукка да кызыгуусу бар. Тамакты жакшы жасаган Айнаш жеңесинен салаттардын түрүн үйрөнөм дегени, "апама эле жардам болот" дегени экен. "Кой сойгонду үйрөнүшүм керек" дейт. Атасынын маараке тоюнун программасына кирип, үйрөнгөн үч күүдөн "Маш ботойду" чертип чыгаарын айтып кубанды. Адабий китептерге кызыгарын, учурда Казак Акматовдун "Архат" романын окуп жатканын кошумчалады. Атасынын жазган китептерин окуюн дейт, бирок ага атасы: "Сен чыныгы турмушту көрмөйүн азыр менин ырларыма түшүнбөйсүң" деп уруксат бербей коюптур. "Ага таарыныч кылган жокмун. Айткан сөзүнө турган, ачык-айрым мүнөзү бар, атактуу акын болсо да жөнөкөйлүгү менен үлгү болуп келаткан атам менен сыймыктанам" дейт Айболот.

Күйөө бала болом деп ойлобогон Нурбек
Күйөө баласы да жөнөкөй экен. "Атамдын жанына чыгыш туура болобу? Мени тимеле койбойсузбу" деп атып араң көндү. "Атактуу акындын кызы экенин кийин билдим" дейт. "Таанып-билгендерден, "Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл" болгон турбайсыңбы" деп, атактуу адамдын кызын атайын шынаарлап жүргөндөй көргөндөр болуптур. "Андай максат түгүл, ушундай үй бүлөнүн кызын алам деген ой кайдан келсин. Сүйлөшүп жүрдүк, баш коштук. Өзүм негизи айылдын карапайым баласымын. Окудум, иштедим. Учурда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына кирип иштеп атам.
3 жашымда атамдан айрылгам. Апам болсом 70 жашка чыкканда көз жумду. 11 бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энебиз мугалим болчу. Алардан жакшы тарбия алдык. Ичимдик, тамекиден жана башка жаман адаттардан оолак болдук. Турмушта да жакшы үй бүлөгө туш болдум. Мени өз баласындай кабыл алышты. Атам акты ак, көктү көк дейт. Жакшы сапаттар көп бул адамда. 7-класста окуп жүргөндө бул инсандын ысмы менен таанышкам. Таң калычтуусу - дал ушул кишинин "Эне тилин унуткандар" аттуу ырын көркөм окугам.
"Кыргызмын дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп.
Кыргызмын дейсиң мага,
Тамекиңдин түтүнүн
Үйлөп туруп,
Кыргызмын дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды
жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын
унуткандар.
Кыргыз эмес кыйшайтып
калпак кийип,
Каада-салтын кыргыздын куруткандар!". Аттарын атабай эле коеюн, далай эле атактуу адамдардын, кыргыз тилчи мугалимдердин үйүндө болдум. "Эне тилин сүйгүлө, билгиле" деп окуучуларды окутканы менен өз балдарында андайды байкаган жокмун. Ал эми бул кишинин үй бүлөсүндө нукура кыргыз жыттанып, сакталган".
Назира СААЛИЕВА