html>"Кыргызстан маданияты", 23.02.11 - 24-бет: •


  Адабий парад

Сын казат
(Сынчылардын сын майданынан репортаж)
Асаналиев агабыздын ооматы келип,
Калканын калдайтып,
Далысын далдайтып,
Найзасын сайып турган.
Абдыкадыр Садыковдун
Үзөңгүдөн буттары тайып турган.
Салижан тызылдатып чагып турган,
Аты окко учуп,
Аңгектин так кырынан
Артыкбаев жараатын таңып турган.
Тынып ичтен тымпыган калыбында
Т.Аскаров каштарын кагып турган.
Камбар аке кутурган бука минип,
Кайра-кайра добулбас кагып турган.
Эсенгулов Шакинди тээп түшүп,
Эркебаев канатын жайып турган.
Канаттары кайрылып баратканын
К.Даутов калтырбай майып кылган.
Байгазиев саяк да… катышпастан
Канторуна бекинип калып турган.
Осмонакун ободон жерге түшпөй,
Калык тумтак мукурап байып турган.

Ал ансайын
Сын казат тереңдеген,
Байжигитов келген жок, "келем" деген,
Асылбек жүр акшактай эленбеген,
Матиев жүр улактай кедеңдеген,
Эсенбек жүр эси ооп элеңдеген.

Абдылдажан,
Садыктын аккан сайда,
Башы кетип баратат сереңдеген…

Эркин Касымовго
Операдагылар ырды,
Он жылда бир жаңыртат деген чынбы?
"Фигаро там,
Фигаро тут..." деп жүрүп,
Байкуш "Фигарону" жалгыз кылып алдыңыз,
Жылыга ырдай берип,
Жылдыз кылып алдыңыз.
Кымызга көндүрүп акыры,
Кыргыз кылып алдыңыз.
А бирок,
Кыргыз арияларын неге чандыңыз?


Жапаркул Алыбаев менен Биримкул Алыбаевге
Кандай кылсак бу?
Заманды кайра куруп жатышат,
Биз да кайра курсакпы?
Адабиятка М. Алыбаев жетпей турганда,
Ж.Алыбаев менен Б.Алыбаевди бириктирип,
Бир Алыбаев кылсакпы?

Эрөөл
Осмонакундун чынысынын четинде
С.Акматбекова, Мукашева, Карагулова
Розалардын илээшип чачы жүрөт.

К.Асаналиевдин кагаз жакма мешинде
Прозалардын тарсылдап ташы күйөт.

К.Артыкбаевдин кылычынын түшүнө
К.Даутовдун "башы" кирет.

Абакиров Барктабастын түшүнө
"Нарын правдасы",
Козу-позу, анан Алыкулдун
Ээр токумчан аты кирет.

Кыр.драмда - кыргын-сүргүн,
"Кыямат", "Атанын тагдыры", "Ажырашуу",
Сценада "Тагдырдын өгөй балдарын" жетелеп
Бакы жүрөт…

Алик Акималиевге
Же "карс" этип жаңгак чагар тиши жок.
Же элчилеп акча табаар иши жок.
Желип-жортуп жашап жүрчү ыр жазып,
Жепирейген жер тамында киши жок.

Күнү болбой тыңыган же жылыган,
Жүрсө дагы жалын дуулдап ырынан.
Чыгып турат Рубцовдун китеби,
Үтүк көрсө үркүп турган шымынан.

Алты тыйын болбосо да өзүндө,
Азыткысы бийлеп турчу төшүндө.
Ат башындай алтыны бар немече,
Аялы иштеп, жатуучу эле өзү үйдө.

Андыктан го, кызык нерсе таза көп,
Айтыш кыйын ката эмес же ката деп.
Балакеттин балдары да башкача,
Чуркап турчу: "Алик апа, апа-а?" деп.

Арак достор өрүлүктөп кирчү эле,
Аялы анын завод ишин сүйчү эле.
"Атакелеп" балдар тосуп апасын,
"Апакелеп" Аликти ээрчип жүрчү эле.

Жаман жазбайт, жакшы жазат жазарын,
Жагалдантып элет жыттуу казалын.
Аттиң бирок жок кылчудай дүйнөдөн
Ичкиликтин берип келет сазайын.

"Барматуха" ичип алган күндөрдө,
Байрон болуп батпай турат сүйлөмгө.
Көйнөк кийип декабрда жеңи жок,
Көнгөн, көнгөн ноктосу жок жүргөнгө.

Оңду-солду оодарылды иш таппай,
Оңдоосунан омурулган тиш каптай.
Кафелерден түтөп чыга калганда
"Дыр" беришчү орус, кыргыз ит каппай.

Керимбайдын кези болсо келтек жеп,
Кетмек небак о дүйнөгө телтектеп.
Кадырлаштар кармап жүрөт акын деп,
Катыны анын кармап жүрөт эркек деп.


Орозбек Айтымбетовго
"Арашанга" жатып алып,
Апкелгенин катып алып.
Анда-санда атып алып,
Акыры адабияттан жолум болот деп,
Адабияттан болбосо,
"Арашанга" эстелигимди коет деп,
Гипер чачтуу кызык кирип түшүнө,
Гитар черткен мышык кирип түшүнө,
Ары басат Орозбек,
Бери басат Орозбек…

Сагын Акматбековага
"Жамгыр" жааган сайын
Жакшы чыкты ырларың,
Анан "Алыскы талаалар" жөнүндө ырдадың.
Армансыз пенде жок го чиркин,
"Айлуу дөңгө" жатып алып да ыйладың,
Акырыныда,
"Терезенин жарыгына" термелеп,
"Өткөн жылдын жалбырагын" жыйнадың.
Күүгүмгө карабай "ишембилик" кылып,
"Күз ырларын" тырмоо менен тырмадың.

Эргүүсү келбей жалдырап,
Кыздар поэзиясынын курсагы ачып,
Турду эле жолдо жалдырап.
Ырас болбодубу анан,
Кышты-кыштай,
Жеп чыкты жалаң жалбырак.
Азыр жакындап бара калсаң ык санап,
Жакшы деген кыздарыбыздын баары эле,
"Өткөн жылдын жалбырагы" жыттанат.

Сөзү Шайлообек Дүйшеевдики,
Сүрөтү Абдусалам Абдрахмановдуку