Маареке алдындагы сөз

Теңир колдогон талант
Көпчүлүк Шайлообектин өзүн жакшы билгени менен өмүр баянын жакшы билбейт. Адегенде бираз өмүр баянынан баяндап берейин.
Ат-Башы менен Нарын районунун чектеш жериндеги ээн талаада жолчулардын ак тамында туулуп, үч жашында атасы Дүйшөдөн ажырап, күйөөдөн жаш калган жесир энеси кайын журт которуп, карыган чоң энесинин колунда калып, ата-бабасы жердеген Ат-Башынын Ача-Кайыңдысында борбуюн жаңыдан көтөрүп келе жатканда өлүмгө жетпегир чоң энеси болор-болбос оорудан мүрт кетип, балык жон жапалак тамда бала Шайлообек жалгыз калып, эне ордуна эне болууга даяр эжеси, ата ордуна ата болууга даяр жездеси келип көчүрүп кетип, атайлап айтпаса да анда-санда аңдоосуз айтылып кетчү жетим деген ат менен жээндеринин арасында чоңоюп, орто мектепти орто жоон баалар менен аяктап, чөнтөгүндө акчасы, жогорку окуу жайында жөлөп-таяр көздөй таанышы болбогондон кийин окуйт элем деп өйдө-төмөн чапкылап убара болбой өзү окуп-чокуган мектебине пионер вожатый кызматына орношуп, жетим өсүп жетилет дегендей, өз мээнети менен тапкан эмгек маянасынын чыпчыргасын коротпой энедей болгон жашаялмет эжесине жаңыдан алып келе баштаганда, мектеп деректиринин кой-ай деген акылына көнбөй, "аскерге барганда айдоочунун документи менен барсаң, эки жыл машина айдап жыргап жүрөт экенсиң" деген өзү теңдүү топураган жаш балдардын азгырыгына кирип, иштеп жаткан ишин таштап, Нарын шаарына айдоочунун курсуна кире качып, жаштайынан жата калып жалаң "Манас" окуп, "Манаска" чыланган мээси темир-тезектин атын кабыл алалбай, атын кабыл алса, затына түшүнө албай кыйналып, өмүрүндө бир чо-оң окуу жайын таштай качкандай чоң эрдик менен таштай качып, Нарындан Ат-Башыга жетээр-жетмексен болуп келатканда, аскер комиссариаты астынан тосуп чыгып, эки жылга аскер кызматына жөнөтүп жиберет. Өмүрүндө андагы Фрунзе, азыркы Бишкекти көрө элек эр Шакең түз эле Москвага, Москванын алдындагы Наро-Фоминск шаарынын согуштук ракет аскер бөлүгүнө түшөт. Арасында бир дагы түрк тилдүү азаматы жок, жалаң славян улутундагы аскерлердин курчоосунда кызмат өтөйт. Айрым жазуучу агаларыбыздай кежеңдеп кер сүйлөбөй, улуусу жумшаса да учуп-күйүп чуркап, кичүүсү жумшаса да учуп-күйүп чуркап, эптеп таяк жебей он эки мүчөм аман-соо элиме жетсем экен деген тилек менен элпек кызмат өтөп жатканына көнүп алган орустар: "Дуйшеев, дуй!" дегенде орустун аткан ракетасына жеткирбей дуулдап, "дуй!" болуп жөнөп калчумун деп купшуңдап, куудулданып эскергени эсимде. Силерге калп, мага чын, эки жыл жалаң сары өрүктөй эзилген чылк орустун арасында аскердик кызматын өтөп жүрүп, бир дагы орустун кулуну менен жайыл-төгүл мамиле түзбөй, сүйлөшпөй жүрүп, эки жылдык аскерден эки ооз орусча сөз үйрөнбөй келгенин билген пенделер аз.
Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин колунда диплому болбосо да (ал заманда бул маселеге өтө катуу маани берилээр эле), от алаар жерин таппай канында ойноктоп турган жапайы талантын байкоос алган райондук гезиттин баш редактору корректорлук кызматка алат. Дипломдуу кабарчыларга караганда дипломсуз Шайлообек Дүйшеев макаланы мыкты жазгандыктан бат эле кабарчылык кызматка көтөрүлөт.
Райондук гезитте жанын таштап чымын-куюн болуп иштеп жүрүп кабарчылык карчыты бекип, калеми төшөлүп калган кезде областтык "Нарын правдасы" гезитине кабарчылык кызматка чакыртылат. Ал жакта да ак кызматын өтөйт. Жаш курагы жыйырма алтыга ооп калганда жогорку окуу жайынан билим алуу маселесин олуттуу ойлоно баштайт. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө тапшырат. Шайлообек Дүйшеев өзүнүн жупуну, карапайым, элпек, эмгекчил, жапакеч мүнөзү менен чогуу окуган курсташтарына да, окуткан мугалимдерине да жагып, группанын старостасы болуп шайланат. Анын абройлуу старосталык кызматы беш жыл бою бир да сабактан суралбай баа алганга мүмкүнчүлүк түзүп, Шакем жогорку окуу жайында жакшы же жаман окуганы бөлөк-бөтөн кишиге эле эмес, бирге окуган группалаштарына да бүгүнкү күнгө чейин белгисиз...
Шакем жогорку окуу жайын аяктагандан кийин "бир чаласы калгансып" кайрадан "Нарын правдасында" иштеди. Андан соң Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда адабий бөлүм башчы, "Ала-Тоо" журналында адабий кызматкер, "Кыргызстан маданияты", "Асаба", "Агым" гезиттеринде катардагы кабарчы, "Чабалекей доор" гезитинде бакыйган баш редактор болуп олтурду. Азыркы учурда "Азаттык" радиосун сайратып турган кези.
...Шакем кеч окуду, кеч үйлөндү. Ал отуз сегиз жашына чейин анда-санда гана ыр жазганы болбосо, адабият майданында активдүү иштеген жок. Ошол анда-санда жазган ырлары чогулуп олтуруп, "Аптап" деген жупкадай жука ыр китебине айланып, адабият күйөрмандары арасынан зор аброй тапкан. Шайлообек аз жазса да саз жазат, көп жазса да саз жазат. Бала болуп башыма жүн чыкканы Шайлообектин начар жазган ырын окуй элекмин. Эң эле начар деген ыры ортозаар акындын мыкты деген ырынын деңгээлинен ашса ашат, асты кем калбайт.
...Шайлообектин чыныгы чыгармачылык деми 38 жашында, тагыраак айтканда, 1988-жылдын февраль айынын экинчи жарымында "Кайдыгерлик" деген ыры менен ачылды. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Шайлообек ондогон публицистикалык, лирикалык ырларды, поэмаларды токуду, кошокторду кошту, "Манас" өңдүү дастандарды жаратты, аз эмес мыкты сапар очерктерин жазды. Жыйырма эки жылдын аралыгында ал бардык жанрларда үзүрлүү эмгектенди.
...Илгери Калыгул, Арстанбек өңдүү олуя акындардын ылакап, макал, нуска ырлары эл оозуна кирип кеткендей, Шайлообектин ырлары, нуска саптары эл оозуна көзүнүн тирүүсүндө кирди…
...Шайлообек чыныгы сөз зергери. Кыргыз сөздөрүн Шайлообектей кылдат урунган акындар аз. Жыйырманчы кылымдын залкар таланты, залкар окумуштуусу, залкар сөз чебери Салижан Жигитов: "Шайлообектин сөздү алтындай иргеп, кыштай кынаганы мага чындап эле жагат" деп далай ирет тамшанып айтканын өз кулагым менен уккам.
...Шайлообекке күрөк карматсаң каржалып койбой каза берет, калем карматсаң канча күн, канча түн өткөнүн сезбей жаза берет.
...Шайлообек эркиндикти сүйгөн намыскөй акын. Анын чыгармачылыгына көмөк көрсөткөн байлар, ар кандай наам-сыйлыктар, кызмат тартуулаган чоңдор жана саясатчылар жасаган жакшылыгына жараша кол бала, эшик ырчы кылып алам деген астырт аракети болсо жаңылышат. Ал эч качан бирөөнүн короосуна камалып колдон жем жегенге, башына нокто салдырып жетекте жүргөнгө көнбөгөн акын. Кадырлашкан менен кадырлашат, сыйлашкан менен сыйлашат. Эгерде кимдир бирөө анын эркиндигин кысмакка алып, анын талантын өзүнө баш ийдиргенге аракет жасаган болсо, алдына алтын так койсо айра чаап, күмүш так койсо күлгө чаап, артын карабай басып кетээр эрдиги бар.
...Ал бир жерге ирим болуп ирибеген, тосмо жерге торсубаган, ботко жерге борсубаган, тоо суусундай шар аккан акын. Жаңыланып, жаңырып турганды сүйөт. Кашаага камалганды, рамкага бекигенди жегиндей көрөт. Үстүндө булут, астында шамал арылдап учкан айдарым талаа менен ээн-эркин арыш керип, куйрук-жалын жайылтып чуркаган тулпардай даң салып жашаганды сүйгөн акын.
...Шайлообек кекчил акын. Чыгармачылыкка жана ыйманына камчы чапкан адамды арадан кырк жыл өтсө да кубалап жүрүп, жылан чаккандан, жылкы тепкенден жаман таш-талканын чыгарып, өчүн алат...
...Шайлообек сүйүүгө жутаган акын. Калдайган башын, барбайган мурдун, суйдаң чачын, жапалдаш боюн чанып, кыз сүйгөн эмес, жан-дүйнөсүнүн таза экенин түшүнүп, бирок, жүдөө тумагы менен модадан эбак чыккан ат үркчүдөй калдыраган плащын карап "Шайлообек жакшы эле жигит, бирок"… деп ар себебин ортомчу ар кимден ар кандай айттырып, кыз сүйсө да, түз сүйгөн эмес. Шайлообек ичинен күйүп, ичинен сүйгөн. Сүйгөндө да сулуунун сулуусун сүйгөн. Андагы педагог, азыркы президент Роза Отунбаеваны студенттик скамейкадан жан кишиге билгизбей кылыйып карап, сугун артып сүйгөн. Кара чачын карэ кылып кырктырып, ак кофтасын желбиретип, кара юбкасын буралтып, бутундагы бийчилердикиндей жалпак така ак туфлийи менен жер баспай эле жел менен учуп бараткандай сезилген Роза ханум Шайлообекке курсташ болбой мугалим болуп калган тагдырына катуу таарынып, сыртынан билгизбесе да, ичинен каңырыгы түтөп катуу күйгөн. Жанагы муңайым-муңдуу сүйүү ырларынын көбүн ушул Роза сулууга, калганын өмүрлүк жары Зейнеге арнаган.
..."Шайлообек Дүйшеевдин мүнөзү жаш баладай, ал өмүр бою бала боюнча калат" деп Мелис Карыбеков туура байкап, туура жазган. Анын мүнөзү чынында эле жаш баладай. Бирөөнүн шыкагына, чагымына көп алданат. Ишенчээк. Кээде душманына ишенип досун согот, кээде бөтөн кишинин тилине кирип тууганын сөгөт. Бирок мүнөзүн билгендер ага таарынбайт. Балага да киши таарынчу беле…
...Шайлообек желедей желбиреген, жибектей шуудураган, каакымдай үлбүрөгөн назик акын.
...Шайлообектин талантын оргутуп, көңүлүн эргитип турган чоң касиет - ыр даарыган касиет.
...Шайлообек ичсе түбүнө түшүрө ичет, тартса түбүнө түшүрө тартат, жазса жетер жерине жеткире жазат. Ал бир да ишти чала жасаган жан эмес.
...Шайлообек көп кырдуу талант, уникалдуу акын. Ал Саякбайдай манасчы, Осмонкулдай дастанчы, Ысмайылдай жамакчы, Ысактай кошокчу, Жоомарттай өткүр, Мидиндей лирик, Байдылдадай тапан, Сооронбайдай тыкан, Райкандай төкмө, Алыкулдай муңдуу, Сагындай сырдуу, Ашымдай зергер, Салижандай таамай, Жалилдей өжөр, Рамистей тентек, Сүйүнбайдай жөнтөк, Турардай чынчыл, Жолондой эр көкүрөк, Токтогулдай нуска, Пушкиндей сүрөткер акын…
Нуралы КАПАРОВ